Кыргыз гезиттер архиви

  кадам

Акыйкат республикалык партиясынын 1-курултайы болду
18-майда Кыргыз опера балет театрында "Акыйкат" республикалык партиясынын I-курултайы болуп өттү. Өлкөбүздүн 7- дубанынан чакырылган делегаттар Бакиевдин басмачылык режиминен карапайм калк кыйналып кеткенин айтып, бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Курултай башталганда, "Ата Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын орун басары Эркин Алымбеков келип катышты.


Ө.Ч.Текебаев курултайда "Акыйкат" республикалык партияга ак жол каалап, партиянын лидери Аликбек Жекшенкулов бүгүнкү күндөгү саясий лидерлердин арасында аброю жогору таза инсан экендигин, 2007-жылы Аликбек Жекшенкулов экөө бирге Бириккен Элдик Кыймылдын (БЕК) концепциясын иштеп чыккандыктарын айтып: "Бүгүнкү күндө мен убактылуу Өкмөттө иштеп жатам, а Аликбек Жекшенкуловичтин жумушу жок. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз дайыма биргебиз, экөөбүз биринчилерден болуп, мамлекетте тамыр жайып кеткен коррупцияга жана Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы күрөшү, Кыргыз мамлекетинин жер- кен байлыктарын келечек муундарга сактап калуу сыяктуу көйгөйлөр камтылган атайын концепция иштеп чыкканбыз. Мен Аликбек Жекшенкулов башында турган "Акыйкат" республикалык партиясынын бүгүнкү биринчи курултайы менен куттуктайлы. Силердин тилеген максатыңар орундап, ишиңер ийгиликтүү болсун"-деди.
Жарыш сөзгө чыккан 73 партиянын мүчөлөрү, мамлекетте тынчтык орноп, укуктук талаага түшсө деген каалоо-тилектерин айтышты. Ошол эле мезгилде, партиянын мүчөлөрү Ө.Текебаевге кайрылып, эмне себептен, партиянын лидери Аликбек Жекшенкуловдун соту бүгүнкү күнгө чейин созулуп жатканын сурашты.
Таластан келген "Акыйкат" республикалык партиясынын мүчөсү Зарыл Айдарбекова: "Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы чыккан Аликбек Жекшенкуловду ак жеринен камакка алып, УККнын түрмөсүнө 6 ай камады. Ошондой эле саясий куугунтук менен Исмаил Исаков дагы камалган. 7-апрелден кийин Исмаил Исаковду актап жибердиңер дагы 12-апрелде Бишкек шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган А.Жекшенкуловду бүгүнкү күнгө чейин созуп келесиңер. Эгерде, ал убактылуу Өкмөттүн курамында иштөөдөн баш тартса, сот Жекшенкуловдун ишин карабаш керекпи. 7-апрелден кийин биринчи кезекте Жекшенкулов менен Исаковду акташ керек болчу. Эгерде убактылуу бийлик коркуп, ушул жол менен Аликбек Жекшенкуловду кармап турууну пландаган болсо, алар Бакиевден кандай айрымасы бар-деген суроо пайда болот. Өмүрбек Чиркешович, убактылуу Өкмөткө партиянын мүчөлөрүнүн суранычын айта барыңызды өтүнөбүз. Ошол эле Бишкек шаардык сотунан актап берүү үчүн чара колдонууңарды суранабыз"-деген өтүнүч айтты.
Мындай суранычтар ондоп саналгандыктан, партиянын бир мүчөсүнүн айтканын гана берүүгө туура келди.
Эң кызыгы, Акыйкат республикалык партиясына 900 адам чакырылган болсо, 2000ден ашык чакыруу билети жок келген адамдар Кыргыз опера балет театрына батпай, курултайда туруп калгандар болду.
Курултай бүткөндөн кийин, делегаттар 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгон балдардын арбагына куран окутуп тарап кетишти.


Урматтуу Мекендештер!
Ардактуу санаалаштарым!
Мен "Акыйкат" Республикалык Партиясынын биринчи уюштуруу съездин Сиздер менен биргеликте ачып жатканыма абдан кубанычтамын. Ошондой эле, бүгүнкү Сиздердин жаркын маанайыңыздарды көрүп туруп, биздин бул кадамдар байсалдуу болооруна чын дилимден ишенип турам.
Ооба, бүгүн Кыргызстанда саясий-социалдык, маданий, экономикалык жагдай албетте, көңүлгө толоорлук эмес жана асыресе кооптуу. Бирок, бизге аны талдап, талкуулап отуруунун кажети жок деп эсептейм. Анын келип чыгыш негиздери баарыбызга белгилүү. Андыктан убакытты коротпой, алгалап, партиянын максаты, көтөрө турган жүгү, аткара турган иштери тууралуу кеп кылсак.
Биз, сиздер менен биргелешип, "Акыйкат" Республикалык партиясынын тушоосун кесип отурабыз. Демек, бүгүн тушоо кесүү алдында партия өз багытын аныктап алышы керек. *Акыйкат*- деп атаганыбыздын себеби, акыйкаттык деген - кыргыздын улуу сөзү, асыл мурасы, адеп-ахлагынын эң жогорку үлгү-сапаттарынын бири. Акыйкаттуулук - ыйык Куран менен Тоораттаа жазылган адамзат ыйманынын туу чокусу. Акыйкаттулук - демократиялык асылдыктардын да башында турат. Акыйкаты бар өлкө, демек, эркиндиги менен азаттыгы колуна тийген, калкы ыймандуу жана ынтымактуу дегенди билдирет. Акыйкаттуулук бар жерде ыйман уялайт. Ыйман уялаган жерде ынтымак-ырашкерлик сайран курат. Булар бирин-бири толуктаган баа жеткис ыйык түшүнүктөр жана куттуу жашоонун өзөгү болуп саналат. "Акыйкат" партиясын "Республикалык" деп атаганыбыздын себеби - биздин партия жеке бир адамдын идеясынын тегерегинде ой топтогондордон эмес,бир идеяга жалпы бириккендердин партиясы. Анткени, биздин мамлекет - көп улуттун мекени. Андыктан, бизде эч кандай аймагына, улутуна, уруусуна же турмушуна карап айырмалоо деген жок. Биз Республикада жашаган жалпы жарандардын, ошондой эле алардын ар биринин таламы үчүн күрөшө турган партиябыз. Кары-жаш, эркек-аял, билимдүү-билимсиз, тажрыйбалуу-тажрыйбасыз деген түшүнүктөргө биздин партияда орун жок. Биз ушул чогулушта көп улуттун өкүлдөрү, жашыбыз, карыбыз, ар кандай кесиптин ээлери, баарыбыз акыйкат коомду курууга ар кимибиз өз салымыбызды,колубуздан келген мүнкүнчүлүгүбүзгө жараша кошолу деп отурабыз. "Акыйкат" Республикалык партиясынын дагы бир басым жасай турган белгиси-биз, ыймандуу жана акыйкат жашап жана иштеген таза инсандардын уюмубуз. Керт башынын кызыкчылыгын көздөп, же бийлиги менен байлыгы бар бир топтун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылгандарга, карапайым калктын акысын жеп, эмгегин эске албагандарга бизде орун жок. Тазалык менен акыйкаттыкты, ыйман менен ынсапты адегенде өзүбүз тутунушубуз керек. Биз өзүбүздүн чынчылдыгыбыз, ачык-айрым ишибиз, тазалыгыбыз жана мекенчилдигибиз менен коомду алга сүрөп, башка атаандаш күчтөрдүн көзүн ачышыбыз абзел.
Эми партиянын иш багыты же программасы тууралуу. Cиздердин колунуздарда турган партиянын китепчесинде баяндалгандай, биз албетте, саясий партия катары коомчулуктун кызыкчылыгын коргоого алабыз. Андыктан, алдыда боло турган саясий күрөштөргө, шайлоолорго мыйзамдуу кадам менен даярданабыз жана катышабыз. Ошол шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коомдук иштерге биз төмөнкүдөй программа менен чыгабыз.
Адегенде жалпы улуттук мүдөө же идеология багытында - Кыргызстан өзүнүн аймагында жашаган жалпы элдин мамлекети. Биздин элде уруусуна, улутуна, аймагына же динине карап бөлүнүүгө жол берилбейт. Жалпы элдин максаты - теңчиликте, акыйкаттык менен калыстыкта өркүндөп-өнүгүү. Байыртадан кылым карытып келеаткан дилибизди, тилибизди, динибизди сактоо. Маданий мурастарыбызды, учур талабына шайкеш, элдин чарбачылыгын бүлүнтпөстөн, тескерисинче, элдин биримдиги менен ынтымагын арттырган нарк-насилибизди сактап калуу. "Акыйкат" Республикалык партиясынын идеологиялык багытынын өзөгү- Кыргызстандын коопсуздугу менен көз карандысыздыгын бекемдөө менен эл аралык кадыр-баркын жогорулатуу.
Башкаруу системасы боюнча - "Акыйкат" Республикалык партиясы президенттик-парламенттик тең салмакташкан башкаруу системасын жактайбыз. 20 жылдык тажрыйбадан улам Кыргызстанга президенттик башкаруу жарабастыгын, андай башкаруу бийлик менен байлыктын азгырыгына байланган ашынган хан бийлигине алып келээрин көрдүк. Ошондуктан, президенттин-парламенттин, бири-бири менен бирдей укукка ээ жана милдеттери дагы теңделген, жоопкерчилиги менен иш аракети дал келген башкарууну орнотуубуз кажет. Кландык башкаруудан партократиялык башкарууга эмес, "уурдабай жана сатпай турган, туугандашуу менен паракорчулукка жол бербеген", ар бир иши элдин көзөмөлүндө болгон башкарууга жетүүнү максат кылабыз. Ошондой эле бийлик өз кызыкчылыгы үчүн элди пайдаланбастан, эл жакшы жашоо үчүн бийликти пайдаланыш керек деген принципти карманабыз. Мамлекеттик башкаруу системасынын күчтүү болушу-жаштарга көз каранды. Эгер биз чет жерлерде жана Республикабызда окуп жаткан таза, билимдүү жаштарды ишке тартсак, аларга өз мүнкүнчүлүктөрүн эл алдында ачып беришине шарт түзүп берсек, бардыгы жаныланган адал нукта башталат деген ойдобуз.
Мамлекеттик органдарга келсек, бизде чыныгы кесипкөй, калыс адамдар кызматтан четтетилип, бийликке көз каранды, паракорчулукка чырмалган, мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыгы жогору турган адамдар чечүүчү ролду ойноп калганын тана албайбыз. Ошондуктан, бардык системага өз тармагынын чыныгы адиси болгон таза, эл үчүн күйгөн, мекенчил адамдарды алып келишибиз керек. Мындан тышкары жаш кадрларды жердештик же паракорчулук жол менен эмес, ачык-айкын татыктуу сынактар аркылуу кабыл алынуу менен, алардын мамлекеттик мекемелерде жигердүү иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, алга сүрөгөн шарттарды камсыз кылсак, туура болоор эле. Жарандарды адамгерчилигине, ыйманына, руханиятына карап ишке тартууну уюштурабыз. Жеке таламдарын баарынан жогору койгондор өлкө үчүн эч качан адал иштеп бербесин коомчулукка ачыктайбыз. Ошону адалдоо менен гана коомду тазалай алабыз. Кадр өстүрүү жана тандоо саясат болмоюнча, мамлекекеттик органдардын иши алдыга жылбайт!
Тышкы саясат жагынан - убактылуу пайда көрүү үчүн эки жакка жүгүрүп, "эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлөт" болбой , кош стандартуулугу жок ачык, түз мамиле жасоого өтүшүбүз керек. Ошондуктан, бул маселеде прагматикалык кадамдарга аракет жасап, эл аралык аренада өз кадырыбызды сактообуз зарыл. Тышкы саясат -бул ички саясаттын уландысы. Эгер бизде туруктуулук болсо, жарандык коомдун жигерденип, экономика менен каржыда, адам укуктарында калыстык орун алса, сырттан да бизге болгон кызыгуу сөзсүз артаары талашсыз. Кыргызстандын тагдырын анын жарандары гана чече алат. Кыргызстандын өз алдынчалыгына, коопсуздугу менен экономикалык өнүгүүсүнө бут тоспой, колдоого алгандар гана бизге шериктеш экендиги айдан ачык. Тышкы саясатта биз, мигранттарыбыздын кайсыл гана өлкөдө иштеп жүрбөсүн, мыйзамдуу эмгектенүүсүнө шарт түзөбүз.
Экономика тармагында - биздин партия орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик каражаттарды айыл жергесине, ири инвестицияларды - баалуу кен байлыктарды өндүрүү, гидроэнергетика, коммуникациялык системаларга тартуу максатын көздөйбүз. Айылды өнүктүрүү аркылуу гана айыл чарбасын өнүктүре алабыз. Айыл чарбасын өнүктүрүү демек, орто жана чакан ишкерликти жылдыруу. Мамлекет агрардык секторду жеңилдетилген насыя жардамдар менен өнүктүрүп орто жана чакан ишкерликти чиновниктердин жана кылмыштуулардын басым-кысымынан коргоо милдетин так аткарышы керек. Каржы-насыя, кызмат көрсөтүү жана туризм тармагын өнүктүрүүгө чечкиндүү кадамдарды жасап, агрардык секторду жаңы багытта баштоону колго алабыз. Ошону менен биз өлкөнү азык-түлүк коопсуздугун камсыздайбыз жана продукциябызды сыртка алып чыгууга шарт түзө алабыз. Булардын бардыгын ишке ашырылышына негиз катары каржы жана салык саясатынын ачыктыгын коомчулуктун акыйкат көзөмөлүндө болушу зарылдыгын жакшы билебиз. Калктын социалдык камсыздандырылышы менен баа саясатында монополиянын болбошуна жетишип, көмүскө экономиканы ачыктоону талап кылабыз. Инновациялык жана жогорку технологиялык негизди чыңдап, эл аралык тажрыйба менен иш жүргүзүүчү кадрларды ишке тартабыз. Кыргызстанда экономикалык өнүгүүсүнө толук шарт бар. Ал үчүн бир гана "Элдин эмгегин жебе, каражатты туура багытта, жумша жана анын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө ал" деген принципти карманабыз.
Менчик маселесине абдан чоң маани берүү менен ага кылдат мамиле жасайбыз. Мамлекетте жашап жаткан жарандардын кимисинин болбосун, менчигинин түрүнө карабай мыйзам менен бекем корголушун камсыз кылабыз. Эч ким бирөөнүн менчигин басып алууга же мамлекеттин менчигине кол салууга акысы жок. Мамлекеттик ири стратегиялык мааниси бар обьектилер, ишканалар мамлекеттик көзөмөлдө болууга тийиш. Тоолор, суулар, жайлоолор, Ысык-Көл, Арсланбап, Сары-Челек сыяктуу жаратылышы кооз жана жаратылыш байлыктарына бай аймактар элдин менчигинде болушун мамлекет көзөмөлгө алышы керек. Ошондой эле, элдин менчиги болуп эсептелген аймактарга жалпы калктын убактылуу пайдаланышына эч ким тоскоол болбоого тийиш.
Урматтуу партиялаштар!
Мен бул жерде "Акыйкат" Республикалык партиясынын программасынын кыскача гана негизги чен-өлчөмдөрүнө гана токтолуп өттүм. Программа толугу менен сиздердин колунуздардагы китепчеге жарыяланган. Мындан тышкары, бул долбоорго сиздердин дагы омоктуу ой-пикириңиздер менен орчундуу сунуштарыңыздарды эске алып, дагы толуктаарыбызга ишенем.
Жыпара Жээналиева