п»ї
  Укук

Качкын Булатов:
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."
Эгемен жылдарынан бери эки доорду, эки бийликти башыбыздан өткөрдүк. Жашоо жакшы жагына бурулат дегенибиз менен биринчисинен да экинчисинде куугунтук көбөйүп, баш көтөргөндүн аңдыганы өлүм менен түрмө болуп келди. Качкын Булатов да чындык деп жүрүп, бийликтен болушунча кордук көрүп, укугу канча ирет тебеленди. Айтып отурса өзүнчө эле жоокерчилик заманындагы коркунучтуу жомок. Бизден кийинки муундар Кыргызстандагы адам укугун уруп ойнобогон төбөлдөрү тууралуу, Качкын агайдай чындык үчүн чымындай жанын далай ирет чыркыратып, акыйкат издеп азапка баткандар тууралуу тарых беттеринен гана окуп, а өздөрү мындай мыкаачы доорго туш келишпесе экен. Укук коргойм деп өзүнүн укугу кордолгон укук коргоочулардын акыркысы Качкын агай болсун. Мындан ары чындык ар дайым жадырап турсунчу...

- Качкын агай, жөнөкөй айдоочудан чындыктын таламын талашкан укук коргоочуга айланууңуз тууралуу айтып берсеңиз?
- Бардык нерсе 2000 - жылы "Эр айдоочу" аттуу адам укугун коргоо коомдук бирикмесин ачуу менен башталды. Бул бирикмени түптөөмө ошол кездеги "Кара Кече" көмүр кенинде мыйзамсыз иштердин көбөйүүсү негиз болгон. Көрүп, күбө болуп жүргөн мыйзамсыз аракеттерге жөн карап тура албадым. Анан эле ошол кездеги Жумгал районунун акими, азыр раматылык болуп кетти, мени каматканга аракет кыла баштады. Мен Бишкекти көздөй качып келип, "Вечерний Бишкек" гезитине ал тууралуу макала чыгардым. Ошондон кийин Башкы прокуратура мага багытталган кылмыш ишин жабууга аргасыз болду. Бирок мен токтоно албай калгам, изилдөөмдү андан ары улантып отуруп, бир жыл ичинде көмүр ишиндеги ар кандай мыйзамсыз аракеттер жөнүндө өтө көп маалымат жыйнадым. Алар ар кайсы гезиттерге 47 жолу жазылып чыкты. Бул жерде Турдакун Усубалиевдин да катышуусу бар болчу, Кара Кече боюнча төрага эле. "Ак улак" деген Кара Кечеге тиешелүү акционердик коомдун 1500 орундуу пансионаты бар болчу, үйлөрү, техникалары бар эле. Ошолордун баары тең 2001 - жылы башка колго өтүп кетти. Эч бир тыйын төлөнбөй туруп, сырттан келген Гурьевич сыяктуу бирөөгө өтүп кетти. Анан ошолордун баарын жазып, бетин ачсам кайра мени куугунтуктап башташты. Көрсө ал жерди көзөмөлдөп турган эң жогорку жетекчиси Майрам Акаева экен. Ошентип, Акаевдик бийлик менен айыгышкан кармашуумдун азаптуу учурлары башталды.
- Сиз кармашып аткандарда толук бийлик бар болчу, жамандыкты эстеп корккон жоксузбу?
- Коркунуч болгон жок, анткени акыйкаттын артында эл турат. Мен чындыкты элге жеткирдим, чындыктын элге жетиши революциялардын болушун шарттады. Ушул окуялардан кийин укук коргоочуга айландым. Ага чейин "дальнебойщик" болуп, Россияга Камаз айдап, турмушум жетиштүү, ишим жүрүп, итим чөп жеп калган эле. Укук коргоочуга айлануу менен маңдай терим менен кашыктап чогулткан мал - мүлкүмдү жоготтум. Бирок ага кейибейм, өлүү дүйнө табылат, эң негизгиси мекениңде адилет, акыйкат башкаруу болсун. 2003 - жылы Аксы окуясы чыкты. Азимбек Бекназаровду колдоп Кочкордо эл жыйып, митинг өткөрдүм. Ошол учурда республика боюнча эки гана район көтөрүлүп чыккан Бекназаровду колдоп. Бири Аксы болсо, экинчиси Кочкор. Төрт жолу митинг өткөрдүм. Анан Акаевдик бийлик менден "зыян" көп болоорун түшүндү көрүнөт, офисте иштеп отурган жериме спецназдарды, Нарын облусунун милициянын начальнигинин орун басары полковник Нарынбек Молдоисаевди жөнөтүшүптүр. 150дөй киши келишти жалпысы болуп. Орун басарым да жанымда болчу, экөөбүздү тепкилеп айдап жөнөштү. Эмнеге антип атышкандарын айтышкан жок, дегендери эле: "Комитетти жап, Аксыны эмнеге колдойсуң, бузукусуң", деген сөздөр. Офистин ичинде болгон нерселердин баарын ыргытып, тытып тамтыгын чыгарып, орун басарым Жумабаев Калымбек экөөбүздү прокуратурага алып барышты. Прокурор, милициянын начальниги, анан жанагы Нарынбек Молдоисаев, аким Айтпаев Тариэл уюштурушкан экен бул ишти. Жалган күбөлөрдү таап чыгышты, чагымда оңор эмес акча коротушту. Прокурор "Сенин соодаң бүттү, камаласың, мөөнөтүңдү аяктап чыксаң деле кайра камала бересиң. Калган өмүрүңдү абакта өткөрүп беребиз. Сени Кочкорго жашатпайбыз", деди. Өмүралиев Адис деген прокурор болчу. Таң калып эле калдым. Сотко алып барышты, соттун өзүнчө процесси болот эмеспи, а ал мени карап туруп "хы" деп жыртайып алып "Муну камаш керек турбайбы", деп эле 15 суткага камап ташташты. Эч нерсе сурап - эткен да жок. Эки подполковник ортого алып тепкилей башташты. Тепкилеп бүтүп камерага алып киришет, кайра чыгарышып тепкилешет, кайра камерага киргизип коюшат. Үч күн такыр уктатышкан жок, төртүнчү күнү булар жаман ой ойлошту. 15 суткада кыйылбайт, кыйыла турган болсо тепкиден кийин эле жансоога сурамак дешти көрүнөт. "Жүр, Чаекке барып келели конокко", деп калышты. "Ай, мен түрмөдө жаткан кылмышкер болсом, 15 суткага кесилсем, анан кайдагы конок?" дедим Молдоисаевге. "Боло берет байке, болду эми кутулдуң", деп койду. Машина келди, баарыбыз отуруп жөнөп калдык. Конок дешкендери сауна экен. Чаектин милициясынын начальниги фамилиясын эстей албай турам, аты Байыш болчу, ал да кошулду, начальниктин орунбасары Конокбаев Болот деген, бул өзүмдүн тууганым, азыр Кочкордун начальник милициясы. Анан барып булардын максатын түшүнө баштадым. Буларга менин түбүмө жетип, моюнума көп жылды илүүгө шылтоо керек болуп атса керек. Кечээ эле тепкилешип аткандар менен саунага кирип, тердеп жуунуп отурам. Арак беришти, ичпедим. Бир кезде мейманканага алып киришти. 16 жаштагы кичинекей кыз отурат. Тигилер: "Байке, бул кыз сизге", дешти. Жүрөгүм түшүп калды. Болбогонума көнчүдөй түрлөрү жок, "ушул кыз менен чогуу болосуң", дешип күчтөгөнү жүрүшөт. Зордуктаган деген статья аябай керек болуп атканын түшүндүм, бычакты ала калып, каруума тостум, азыр кызды алып кетпесеңер тамырымды кескилеп салам деп. Сөгүп - сагышып, башка - көзгө ургулашып, Кочкорго алып келип камерага киргизип салышты. Ойлогон ойлору ордунан чыкпай калганына ызаланышты көрүнөт. Камерага хлор сээп, суудан чачып, кийимдеримдин баарын чечип алышты. Хлордон көз ачышып, сууга жатканымдан улам ооруй баштадым. Жатпай тик тура бергенден да бут талыйт экен, айла жок суу жерге жатасың. Ысытмам көтөрүлүп, онтоп жаттым. Эч кимиси доктурга көрсөтүүгө аракет жасашпады. Аларга менин өлүмүм гана керек эле. Кызым юрист, Фридом Хауз аркылуу ООНго кат жазыптыр, андагы укук коргоочулардын башкы укук коргоочусу Акаевке "Булатов Качкынды тезинен түрмөдөн чыгаргыла" деген кайрылуу жасаптыр. Ошону менен 13 сутка дегенде түн ичинде мени ооруканага алып жөнөштү. Эмне болгонун түшүнбөй таң калып эле бараттым. Кочкордун ооруканасына алып келишип, качып кетпесин деп эки милицияга кайтартып коюшту. Мен качмак тургай дене - боюм алоолонуп, дем жетпей, баса да албай калгам. Үйдөгүлөр Бишкектеги оппозицияга билдирүү жасап, аракет кылышып атышып, мени бул жакка алып келишип, кардиологияда капельницада жаттым. Ошондо аким Айтпаев Тариэл капкара туфли кийип, галстук тагынып келип алып "Көрдүңбү кандай абалга келип калдың? Мамлекеттин укуругу узун, мамлекеттик машинага каршы турам десең ушинтип оңой эле тебелеп кетет", деп тээ өйдөтөн сүйлөйт. Мен да кур калбай: "Келме кезек, терме тезек. Түбөлүк ушул бойдон тура бермек белең, сенин да, Акаевдин да күнү бүтөт", деп жооп бердим. Ошондон кийин Кочкордун жолу мен үчүн жабылды.
- Үй - бүлөңүзчү?
- Алар Кочкордо калышты. Аларга эч ким тийишкен жок ал убакта. Мен бул жакта укук коргоочу болуп жүрдүм. 2005 - жылы февралда парламенттик шайлоо болуп калды. Кочкордо Усубалиев менен Жапаров атаандаш болуп атышкан. Саясий чечкиндүү кадам таштоону чечтим. Ушинтип коркуп жүрө бермек белем? Кочкорго барып, Жапаровго колдоо көрсөтө баштадым. Анткени, Акаевдин көрсөтмөсү менен Усубалиев депутат болуш керек эле. Ошондуктан үгүттүн баары, уюштуруу ишинин негизи күчүнүн баары ага багытталып аткан. Аңгыча эле соттон Акылбек Жапаров менен Бейшен Болотбековдун талапкердигин алып ташташты. Ошону менен жол тосуу, эл көтөрүлүп чыгуу башталды. Эл баарын көрүп, баарын байкап турат. Элден өткөн көсөм, элден өткөн билимдүү барбы, кочкорлуктар бирдиктүү туруп, 15000 киши "баарына каршы" ташташып, Усубалиевди да өткөрбөй коюшту. Анда да бийлик көңүл бурбай койгондо Ош, Жалал - Абад, Талас көтөрүлө баштады. Анан 24 - март келип, көпчүлүктүн көмөгү менен Акүй Акаевден бошонду.
- Кубандыңыздар?
- Кубанбай анан. Жөн эле душманыбызды жеңгендей, оор жүктөн жеңилдеп эрээркегенимди айтпа. Анан эле Акылбек Жапаровдун иниси Нурлан деген, ал убакта шаардын салык инспекциясынын начальниги болуп калган, Кочкорго барып аким шайлап келели деп калды. Биз барган күнү тынч болчу, мен үйгө кеттим, эртеси келсем Жапаровдун ата - энеси турган үйдүн дарбазасын ок тешкен, терезелери талкаланган. Көрсө, Байтереков Курманбек деген бандасы менен келип талкалап кетиптир. Төрт граждандык кийинген милициялар экен, жарадар, кабыргалары сынган, баштары жарылган. Укук коргоочу катары мага айтышты, барып доктурга направление алып кел, ооруканага жатып дарыланышсын деп. Макул деп милицияга алып барып кагаздарын даярдап, ооруканага барып направление алып жүрсөм, көрсө начальник милициялар чыккынчылык кылып Байтерековго иштеп атышыптыр да. Мени "нейтрализовать" эткилери келген экен. Акылбек Жапаровдун агасынын аялы айтып калды: "Качкын, күйөөмдөн сарсанаа болуп атам, акимиат жакка барып келе коелучу", деп. Макул деп баратсам эле Байтерековдун эки баласы, эки бир тууган иниси тапанча менен жүрүшүптүр. Биздин машинаны токтотконунан, атып жибереби деп коркуп буйтап элдин арасына барсак, эл дагы тапанчалуу адамдан коркот экен. Анын үстүнө ошол убакта Жапаровдун кишилери аз, Байтерековду жактоочулар көп эле. Менин колумду толгоп, машинага салып алып кетишти. Үйүнө алып барышып, эки баласы, эки иниси дагы тааныбаган балдар болуп аябай тепкилешти. Эсим ооп калса улам суу алып келип чачышып, эсиме келтиришет да кайра тепкилеп башташат. Бети - башым тулуптай көөп чыкты. Канча убакытка созулду билбейм. Байтереков менен аялы ажылдашып сүйлөп атышканы кулагыма бир илинди. Бир кезде жеткиргиле деди, Байтерековдун иниси, төрт бала арматура менен куралданышып, бирөөндө тапанча да бар экен, мени үйгө жеткирип ташташты. Бир иниси милиция болчу, чини эмне экенин билбейм, ошол айтып калды: "Сен айтып бар, Жапаровдун инилеринин бирин атабыз, көп болсо жыйырма жыл берет, эки жылдан кийин куткарып алабыз. Азыр билесиз сот кандай иштей тургандыгын, бирөөбүз кылмышты моюнубузга алып, эки жылдай отурсак отуруп коебуз, бирок Жапаровдордун бирөөсү өлөт", деп. Мен алардын айтканын айттым да, Бишкекке такси жалдап келип республикалык ооруканага кайра жаттым. Ошонун негизинде сол көзүм көрбөй калды, майыпмын, тиштеримдин баары талкаланды. Бутум да, жүрөгүм да оорукчан. Ооруканадан чыгып, Байтерековду сотко берейин десем эле аным аким болуп калыптыр Кочкорго. Көрсө ал Үсөн Сыдыковго 4 миллион сом берип, аким болуптур. Аны акимге шайлашкандардын ичинде Дастан Сарыгулов, Мирослав Ниязовдор да бар эле. Эми булар азыр убактылуу өкмөттүн кадр саясатын сынга алып атышат. Адамда уят деген болуш керек да.
- Элдин төңкөрүштүн негизинде жаңы бийликтин орношун адам укугун урматтаган жакшы жашоонун жышаанасындай кабыл алып, кубансаңыз керек?
- Сүйүнгөнбүз, арабызда бир гана киши Бегиш Ааматов: "Ууруну алып келип койдуңар, не жыргайсыңар? Кыргыз куурайт, кан төгүлөт", деген. Кудая тообо, оозуна сала бергендей айтыптыр. Ага анда ишенмек кайда? Бакиев кыргызды кулпуртуп жиберчүдөй ишеним менен өрөпкүгөнбүз да. Бакиевдин бийликке келишине жардам бергендердин бири А. Масалиев болгон. Моюнга алыш керек, аны убагында баарыбыз колдогонбуз.
- Ооруканадан чыкканыңыздан кийин Кочкорго барып, жашырын - жамынбай кенен басып калдыңызбы?
- Ооруканадан чыккандан кийин, тиштерим жок, эмне кылаарымды билбейм. Дастан Сарыгуловго кирдим жардам сурап. Ооруканада жатканымда уктум, Дастан Сарыгулов 24 - мартта Акүйдү алып жатканда жарадар болгондорго жардам берип атыптыр деп. Менин суранычымды угаары менен секирди: "Ой, Качкын каяктагы акча, жок акча", деп. Үсөн Сыдыковдон сура дегенинен, анысына бардым. Ал айтты: "Ой, сен кызыктай экенсиң, 3000 сом кайдан болсун менде, азыр революцонерден көп неме жок", деп. Эмне кылсам деп, анан Роза Отунбаевага да бир кирип көрөйүн деп, ал жакка бурулдум. Роза Исаковна жакшы кабыл алды. Абалымды айтсам дароо эле 3000 сом санап берди. Ошол жакшылыгын унутпайм, ар дайым рахмат айтып жүрөм.









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза эже
2-бет
Тегирмен
3-бет
"Валя, Валек, иди сюда"
4-бет
Партократтардын "Акыркы Могиканы"
5-бет
Качкын Булатов:
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."

6-бет
Акыйкат республикалык партиясынын 1-курултайы болду
7-бет
Келишим дагы адам тагдырын чечеби?
8-бет
Бакиевдин заманын эстегендердин мээси жок,
7-апрелди эстебегендердин жүрөгү жок
Азизбектен азил кеп

9-бет
УРМАТ БАРКТАБАСОВ
10-бет
Дарика Жалгасынова
"Бийикте желбиресин Кыргыз Руху!"

11-бет
33 роза
же мамлекеттин фундаменти мектептен башталат

12-бет
САЙПАНА
13-бет
Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…
14-бет
Дил кайрыгы
Алгалай бер, эмгегиңден кылым карытып!

15-бет
Мыйзам
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева:
Завучка кармалып калгам











??.??