п»ї
  Саясат

"Валя, Валек, иди сюда"
7-апрелдеги курман болгондордун туугандарынан турган "Мекен шейиттери" коому АКШ, Белоруссия, Россия элчиликтеринин алдына барып Бакиевди кайтарып берүүнү суранып жүрүшкөндөрү белгилүү. Бул боюнча Россия элчилигинин алдына барган коомдун нааразычылык акциясына элчи өзү чыкпай маалкатып, элдин нааразычылык катын элчиликтин кызматкери алып ичкери кирип кеткен. Бакиевдин учурунда бул элчи Валентин Власовду Максим менен Ширшов "Валя, Валек, иди сюда" деп шылдыңдап чакырса да, бир топко барып калган жашына карабастан жаш балача чуркап барышчу дешет. Эми минтип эшиктин алдына Эл барса тоготпогону кандай? Же элчи үчүн сөзсүз эле Максимдин таягы менен Ширшовдун акчасы керекпи? Россия бизге ушул кыйын учурда чоң колдоо көрсөтүп, арка-бел болуп берүүдө. Мындай мамилеси үчүн Россияга анын жетекчилери Дмитрий Медведев менен Владимир Путинге миң рахмат. Бирок, бизге элчи кылып эл үнүн укпай өз кара жанын гана ойлогондон башкага жарабай калган эчкинин жашындай жашы калган абышканы эмес, жаш энергиялуу, мыкты дипломатты жөнөтсө жакшы болмок. АКШ деле бийлик алмашканда өз элчилерин алмаштырат. Россия да Бакиевге жарашкан Власов абышканы алмаштырып койсо болот эле.


Кадыржан Батыров өз байлыгы үчүн өзбек элин ала жатпасын
Жалал-Абаддагы тополоңдо элдин нааразычылыгынын бири Кадыржан Батыровго каршы болду. Муну Кадыржан Батыров өзбек элине каршы колдонууга аракеттенип, өзүн өзбек элинин лидери катары көрсөткүсү келди. Бирок, ушул кылыгы менен ал өзбек элинин душманы экенин, өзбек элине күйбөгөн кайырдин экенин көрсөтүп койду. Эгер ал өзбек элин сүйсө, сыйласа, мен үчүн менин күнөөм үчүн өзбектер жапа чегип калбасын демек. Эл Кадыржан Батыровго өзбек болгону үчүн каршы чыккан жок, анын байлыгына таянып, көпкөнү, карапайым элди басмырлаганы үчүн каршы чыкты. Мындай нааразычылык К.Батыровго каршы мурда деле болуп келген. Мына Бишкекте деле Эл Максим Бакиевдин, Данияр Үсөновдун үйүн талкалап кетишти. Эмне Данияр Үсөнов өзбек беле же түрк беле? Эл анын улутуна карап эмес, көпкөнүнө, элдин жашоо абалын түшүнбөгөн дардестигине жини келип ушул жорукту жасашты. Дагы жакшы, канча жылдан бери эриш-аркак жашап келген элде Батыровго салыштырмалуу эс-акыл бар экен, тутанган отту андан ары үйлөгүлөрү келбей отурушат. Мындан аз эле мурун Ошто да өзбек баланы кыргыз уруп коюптур деп от тутанып барып токтогон. Кыргыз менен кыргыз деле мушташат, өзбек менен өзбек деле мушташат, кайра табышат, аны андан ары улантуунун кереги жок. Мына жакында эле болбогон бир ушундай өзбек-кыргыз мушташынан Ала-Букада чоң жаңжал чыгып кете жаздады эле эртеси эле Ала-Букада жер титирөө болду. Демек, мындай жорук Кудайга да жакпайт.


Максим жана Жаныш:
"Москва Түлеевди тандайт"
Азыр мобилдик телефондорду тыңшоо катуу күч алды. Атайын кызматтардын мындай тыңшоолоруна Максим менен Жаныш да чалдыккан. Экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп туруу мүмкүн эмес. Сөздөрүнүн жармы эле орустардын "х" менен "б"дан башталган сөгүнгөн уят сөздөрүнө толгон. Мазмуну да шумдук. Алардын сүйлөшкөнү боюнча 500 эле адам анын ичинен 10 сүйлөөчү адам менен төңкөрүш жасап койсо болот имиш. Ага чейин күндө бир тополоң чыгарып, элди дагы тажатып туруу керек. Шайлоодо Кулов, Сариев, Атамбаев аттанат, үчөө тең чүйлүк болгондуктан электораты Чүйдөн өтпөйт дешиптир. Баарынан дагы таң калыштуусу кыргызча сүйлөй албаган Максим кыргыздын уруусун мыкты билет окшойт, жогорку үчөөнү "экөө солто, бирөө кытай" деп жатат. Анан дагы ага-ини Бакиевдер орустар эми Убактылуу өкмөт менен барбайт, аларга парламенттик республиканын кереги жок, аларга башкарууга ыңгайлуу болгон бир адам эле керек. Ошого Түлеевди түртүш керек. Түлеев Москвага дагы жагыш керек. "Нормальный парень" Түлеев менен сүйлөшүшү мүмкүн дешет алар.
Камчы Ташиев менен Акмат Келдибековду дагы түртүүнү пландап жатышыптыр. "Ал акмактар сиз (Жанышты айтат) Жалалабатта кезиңизде эле келбей, жашынып жатып алышпадыбы, эми өкүнүп жатышат" -дейт Максим. "Акмат менен Камчыга айтыш керек, силерди эми түндүктүктөр эч качан бийликке жолотпойт, бала-чакаңарга чейин түндүктүктөрдүн эшегин багып каласыңар" деп күпүлдөгөн Максим жыргап каткырып да алды. Ошентсе да экөөнүн сүйлөшкөнүнөн баягыдай эле Жаныш Акмат менен Камчыга ставка коюп, Максим Түлеевге ставка коюп жатканын байкоого болот.
Бул телефондук сүйлөшүүдө Максим Европада экени, Жаныш Тажикстанда экени билинет. А түгүл телефон байланышынын начар болуп жатканына нааразы болгон Европадагы Максимге Жаныш "эми тажиктерди билесиң да" деп тажик телекомуникациясын жамандай да кетти.

Кыргызстандын туусу улам түшүрө бергидей оюнчук эмес
Токтайым Үмөталиева деген кыйкыргыч кечээ жакында эле пресс конференсия берди. Мурда жанына бир-эки киши алып алчы эле, бул жолу бир да киши таппай койду окшойт, жалгыз пресс конференция берди. Айта турган сөзү Жалал-Абаддагы каза болгон эки адам үчүн Кыргызстан аза күтүп, туусун түшүрүш керек дейт. Кудайды караса боло, улам эле түшүрө бергидей Кыргызстандын туусу оюнчук бекен. Акүйдүн алдындагы курман болгондор менен Жалал-Абаддагы курман болгондордун айырмасы бар. Жалал-Абадда каза болгондор Эл тополоңунан улам кокусунан жазыксыз курман болгондор, жаракат алгандар. А түгүл жаракат алгандардын арасында бакиевдин акчасына алданып митинге чыккандар да болушу мүмкүн. Ал эми Акүйдө курман болгондор максаттуу түрдө окко каршы аттанып, Кыргызстандагы тирандык бийликти кулаткан баатырлар. Эгер биз жер талашып курман болгондор, морадерлук кылып курман болгондор, эл арасына тополоң салам деп курман болгондор үчүн деле туубузду түшүрө берсек, туудан тамтык калабы?
Эгер Токтайым анчалык курман болгондорго жаны кейип жатса, туу түшүрткөндү коюп, элди ынтымакка чакырып, карапайым эл мындан ары тополоңдо жазыксыз курман болуп кетпесин дебейби?

Сен Абай болбогондо Абайдын сүрөтүсүңбү?
Кыргыздын "алма сабагынан алыс түшпөйт"-деген кыргыздын макалы таамай айтылгандыгына дагы бир жолу күбө болуп отурам. Үсөн Сыдыковдун абийири айрандай ачылып, колго түшкөндө жанагы анын орун басары Абай Алымкулов "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы Үсөн Сыдыков менен байланышы жок. Ал саясий кеңешке айтпай туруп, ушундай кадамга барган"-деп "Акипресс" маалымат агенттигине берген расмий маалыматын угуп төбө чачым тик турду.
Ой жок дегенде бети кызарып койсо боло же бети өзүнүн кийген батинкесинин таманы болуп калганбы? Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн мен Үсөн Сыдыковдун сүйлөшүүлөрүн сыналгыдан жана Интернет сайттардан берген маалыматы боюнча "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясы менен байланышын тастыктап берейин.
"Алоо, Мен Айнура" деп Масалиевдин КТРге түз эфирден сүйлөөрүн тактап, ошол эле мезгилде Үсөн Сыдыков берип жиберген акчанын депутаттарга чай берип жатканын айтып, кылжыңдап күлгөн Жогорку Кеңештин экс-депутаты ("Акжол" партиясынан барган) Айнура Кенжебаева (Үсөн Сыдыковдун балдызы) Жалал-Абаддан телефон чалып, "Алоо Үсөн аке бул мен Абдуманап"-деген "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Жалал-Абад областы боюнча координатору Абдуманап Эргешов.
Ү.Сыдыков менен дагы бир телефондук сүйлөшүү учурунда "Мен Абаймын, Баткен областын эмне кылайын, Камал сизге телефон чала албай жатыптыр"-деген эргул "Акипресс" маалымат агенттигинен партия менен анын лидеринин байланышы жок деп карандай калпты айткан Абай Алымкулов. Ал эми Камал деп жатканы Бакиевдин учурунда Баткен областынын архивинин директору, "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын Баткен областы боюнча төрагасы Камалдин Ахмедов деген адам. Үсөн Сыдыков "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын областык төрагаларына буйрук берип, телефон аркылуу бийликти күч менен алгыла -деп жатканы, анын аткаруучулары партиянын төрагалары болсо, жогоруда аты аталган партия менен Ү.Сыдыковдун кантип байланышы болбойт?
Абай Алымкулов өзү дагы Баткен тууралуу Үсөн Сыдыков менен сүйлөшүп жатканын кантип жалганга чыгарат?
"Кыз … энесин коркутат" дегендей, биринчи болуп пресс-конференция бере койсом, эл ишенет деп жатабы?
Мени таң калтырганы Абайдын пресс-конференциясы болду. Абай маалымат берээрден мурда алды-артыңды карасаң боло. Эл сен кимсиң, Үсөн Сыдыков менен сенин дагы байланышың жокпу? Баткен проблемаларын телефондон сайрап жаткан сенби же башка Абайбы-деген суроого эмне деп жооп бересиң? Башка билсе да сени, сенин телефондогу үнүңдү сени тааныган адам катары мен тааныдым. Сен пресс конференция бергенди коюп жигит болсоң, өз күнөөңдү мойнуңа алып, органдын алдына барбайсыңбы же коркок болсоң, үйүңдө жашынып жатпайсыңбы, кантип уялбай калп айтып атасың? Сен Абай болбогондо эмне Абайдын сүрөтүсүңбү?

Адилет ӨМҮРКУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза эже
2-бет
Тегирмен
3-бет
"Валя, Валек, иди сюда"
4-бет
Партократтардын "Акыркы Могиканы"
5-бет
Качкын Булатов:
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."

6-бет
Акыйкат республикалык партиясынын 1-курултайы болду
7-бет
Келишим дагы адам тагдырын чечеби?
8-бет
Бакиевдин заманын эстегендердин мээси жок,
7-апрелди эстебегендердин жүрөгү жок
Азизбектен азил кеп

9-бет
УРМАТ БАРКТАБАСОВ
10-бет
Дарика Жалгасынова
"Бийикте желбиресин Кыргыз Руху!"

11-бет
33 роза
же мамлекеттин фундаменти мектептен башталат

12-бет
САЙПАНА
13-бет
Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…
14-бет
Дил кайрыгы
Алгалай бер, эмгегиңден кылым карытып!

15-бет
Мыйзам
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева:
Завучка кармалып калгам











??.??