Кыргыз гезиттер архиви

  Тегирмен

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР

7-апрелде жараат алган төрт жаран Россияга жөнөтүлдү
7-апрель күнү аянтта атылган октон жараат алган төрт адам 19-май күнү Москвага дарылануу үчүн жиберилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалым кылды. Алынган маалыматка караганда жараат алган К.Муканбеталиев, А.Молдобаев, Д.Аширалиев жана Т.Кашкарбековдор А.Вишневский атындагы аскер-клиникалык госпиталына жаткырылды. Ал эми ушул эле күнү оор жараат алып ушул тапта Москва шаарында дарыланып жаткан Бедил Чаргыновдун айтымында ал Москва шаарынын №23 шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Беделге бүгүнкү күнгө чейин 5 операция жасалды. Орус өкмөтүнүн саламаттык сактоо департаменти менен ушул тапта дагы оор жаракат алган 5 оорулууну Москвага жиберүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


Быйыл канча турист келет?
"Алыскы чет мамлекеттен Кыргызстанды көрүүгө кызыктар болгон туристтердин 80 пайызы быйыл Кыргызстанга келүүдөн баш тартты", деп билдирет туристтерди тейлөөчү компаниянын башчысы Данияр Казаков. Анын айтымында өлкөдө болуп жаткан абалга карабай келе турган туристтер бул авиа билеттерди сатып алган туристтер. Мындай жагдайга туш келген туристтер чыгашага учурабаш үчүн гана келип жатышат, дейт Казаков. Ал эми 2010-жылдын июль айларында баштала турчу сезондун экинчи этабына кайрыла турган болсок, чет өлкөлүк турфирмалардын алдын ала орун ээлөөсү (брондоо) азырынча баштала элек. Бирок, экинчи сезондун башталышы менен туристтер божомолдонгон план боюнча келет деп кесе айтуу азырынча эрте. Туристтердин баш тартуу себеби биринчиден өлкөдө болуп жаткан саясий абалга байланыштуу болууда. Д.Казаковдун айтымында 28-майга белгиленген Ысык-Көлдүн жээгинде боло турчу эл аралык туристтик жарманке дагы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу болбой калуу коркунучунда турат. Бул жерде "Жарманкеге кимдер келет?", деген суроо туулууда. Коңшу мамлекеттердин туроператорлору катышууга кызыкдар экендигин билдиришсе, алыскы чет мамлекеттик туроператорлордун келүү-келбеси арсар бойдон калууда, деп тынчсызданат Казаков.


Казактар 5чи, кыргыздар 6чы болду
Кыргыз балбандары 14-16-май күндөрү Индияда өткөн Азия чемпионатында жалпы командалык эсеп боюнча 6чы орунду ээлешти. Бул тууралуу грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусуна караганда бул мелдешке Ирандын, Индиянын, Япониянын, Түштүк жана Түндүк Корея жана башка Азия мамлекеттеринин эң мыкты деген күрөшчүлөрү күч сынашкан. Жалпы жонунан чемпионатка 16 команда катышкан. Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча 1 орундан 5чи орунга чейинки ийгиликти Корея, Кытай, Индия, Иран жана Казакстандык күрөшчүлөр камсыз кылышкан. Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү Каныбек Жолчубеков (55кг.га чейин), Азиз Бейшалиев (60кг.га чейин), Арсений Фуфачев (66кг.га чейин), Темирлан Салават уулу (74кг.га чейин), Жанарбек Кенжеев (84кг.га чейин), Азамат Эркинбаев (96кг.га чейин) жана Мурат Рамоновдор (120кг.га чейин) коргошкон.
Чемпионатта коло медалге Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеевдер ээ болушту.


Кыргызстандык режиссерлор биринчи орунга татыды
Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Шакендин жылдыздары" аттуу эл аралык сынакта кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын "Алмаз" аттуу тасмасы "Жаш кино" номинациясы боюнча биринчи орунду алса, Алижан Насыровдун "Түнөк" тасмасы "Студенттик кино" номинациясында биринчиликти камсыз кылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аттуу топко шилтеме берүү менен кабарлады.


Чаекте өзүн өзү өрттөгүсү келген адамдын талабы соттон чечилди
Жумгал районуна караштуу Чаек айлынын тургуну Эраж Кумарбеков буга чейин 24-майда өзүн-өзү өрттөө акциясына бара тургандыгын билдирген. Анын себеби, ал АзияУниверсалБанкынын Мин-Куш филиалынан насыя алып, жыйынтыгында үйсүз калган. Ал банк кызматкерлери документти туура толтурган эмес, насыянын бир бөлүгүн "шапка" катары банктын ал кездеги кызматкери алган деп сотко кайрылып келген. 19-майда Жумгал райондук сотунун төрагасы Жыргалбек Өмүрзаков аталган банктан доогердин пайдасына 357 миң 602 сом өндүрүп берүү боюнча чечим чыгарды. Бул кабарды "Азаттык" радиосуна Эраж Кумарбеков өзү билдирди. Аталган банктын Жумгалдагы жаңы жетекчиси Касиет Исламов өз кезегинде сот эч бир күбөлөрдү чакырбаганын, Э.Кумарбековдун пайызды туура эмес эсептеп чечим чыгарды деп белгилеп, райондук соттун чечимин талашып, облустук сотко кайрыла тургандыгын билдирди.


"Рухпресс"





  Белди бекем тарт, кыргыз милициясы!

Сен сексендеги кемпир эмессиң
Өлкөбүздөгү татаал кырдаалга бир чети милициянын белинин бошоп калганы себеп болууда. Кээ бир милиционерлер ачык эле "милициясыз жашап көрүшсүнчү кыйын болсо" деп керооздонушууда. Өткөндө бир милициянын чоң эле начальниги ушундай интервью берип, "7 миң сом айлык үчүн өмүрүн тобокелге салууга" болобу, милициянын айлыгын 15 миң сомго көтөрүп беришсин" дейт. 7 миң сом албетте, өмүргө турбайт, бирок, Бакиевдин коррупцияланган заманында, элдин мүлкүнүн баарын бир үй-бүлөгө тартып алып, казынаны какшатып койгон шартта 7 миң сом айлык көп. Мындай айлыкты Кыргызстандын тешик бюджети көтөрө албайт болуучу. Мындай айлыкты Жаныш Бакиев, Молдомуса Конгантиевге окшогон кылмыштуу элементтер менен аралашкан желдеттер криминалдын чөнтөгүнөн алып да төлөп бериши мүмкүн.
Учурунда башкы милиционер Молдомуса Конгантиев менен башкы кылмышкер Камчы Көлбаев доспу деген суроону да кабыргасынан койгонбуз. Конгантиев эч жооп бере алган эмес. Себеби Молдомуса Конгантиев баштаган "Көк бөрү" федерациясы, президенттин кубогу менен Камчы Көлбаевдин атасы "Көлбай ата" кубогун эриш аркак өткөрүп, криминал менен тизгиндешип улак тартып жүрүшкөн. Азыр да ушунун кесепети тийүүдө. 7 миң сом алган милиция эмес 2 миң сом алган медиктер, негизинен аялдар бүгүн күнү-түнү менен иштеп, октон жаракат алгандар менен кошо өлүп, кошо тирилип, өлүм менен өмүрдүн ортосунда чабалактап жүрүшөт. Ал эми милициянын "азаматтары" айлыгыбызды 15 миңге көтөрүп бер деп пикетке чыгып, саботаждык кылып, кээде чыккынчылык да кылып Роза Отунбаеванын төр амалын түгөтүүдө. Акыры уят деген болуш керек да урматту милициянын "азаматтары". Силерди деген жигит дейт, сексендеги кемпир эмессиңер, оозуңарды ачып кайыр сурагыдай. 7-апрелде стресс алдык, эки курсантыбыздан айрылдык деп шалдырап отурууга убакыт жок. 89 азаматынан айрылган карапайым эл деле депрессия болуп чөгүп кеткен жок.
Милиционер болууну тандаганда силер, ушундай оор кырдаалга туш болушубуз мүмкүн, керек болсо, өмүрүбүз да ар дайым коркунучта болот деп туруп, аң-сезимдүү түрдө бул кесипти тандайсыңар. Же эмне "документиңди көрсөт" деп шылтоолоп жөнөкөй жарандардын чөнтөгүн кагып, "шабашка" кылыш үчүн эле бул кесипти тандадыңар беле? Эгер андай эмес болсо, өлкөбүз ушундай оор кырдаалда турганда акчабыз аз дегенди, депрессиядабыз деп шөлпөйгөндү, саботаждык кылганды, бир кезде криминалдын чөнтөгү менен байыган бакиевдерден акча үмүт кылганды токтотпойсуңарбы? Элди коргобойсуңарбы? Эл силердин душманыңар эмес, агаңар, иниңер, ата-энеңер эмеспи. Эл дагы 7-апрелде силерди "милицияда эмне күнөө, биздин эле бир туугандар, агалар, инилер" деп, жаалданган эси жоктордун ур токмогунан калкалап калган. Эгерде калкалап калбаса, бүгүн милициядан эки эмес 87 киши жайрап жатмак. Бакиев өзү мактанды "мен милицияга өзгөчө карачумун, үй курдурткам, айлыктарын көбөйткөм" деп азыр деле "силер унчукпай эле койгулачы, милициясыз эле өнүгүп кетишкенин көрөлү" деп көкүтүп жатышат дейт. Эгер Бакиев милицияга чын эле көңүл бурган болсо, кылмышкерлерге каршы күрөштү күчөтүп, милициянын кадырын көтөрүп анан алардын социалдык шартын түзүп бермек.
Ал эми кылмышкерлерге каршы күрөшпөй, аларды каалашынча тайраңдатып, сайрандатып коюп, ал кызматы үчүн кылмышкерлерден акча алып туруп, анны милицияга айлык кылып таратып берсе, анда милициянын кимге кереги бар? Албетте, милициянын ичинде да октон, чоктон коркпой, өмүрүн тобокелге салып, укук сакчылыгында жүргөн, милиционерлик кесипти аңсезимдүү түрдө тандаган азаматтар бар. Бирок, алар депрессияга чөккөн шөлпөйматтардын, криминал менен аралашып кеткен карга-кузгундардын арасында көп көрүнбөй калууда. Демек, милицияга бүгүн баарынан биринчи тазалануу керек!

Айзада Абазова