п»ї
  Насаат

Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…
"Эл үчүн Адамкерчилик оттон да суудан да кымбат зарыл нерсе. Адамдын от менен суудан өлгөнүн көрдүм, зили адамкерчиликтен өлгөнүн кезиктирбедим"
(Конфуций -кытай ойчулу)


"Талаштан -тактык жаралат" дегендей кеп; бул жолку эки аксакалдын-кеменгер менен даанышмандын маегин элге угузуубуз эп.
… - Илээндилик түбүбүзгө жетмей болду. Дененин каери ооруса - жаның ошерде" -дейт го. Жан-дененин жалпы сакчысы, көзөмөлчүсү, -деп кеп баштап калды дейт кеменгер карыя бактын саябанындагы сый үстүндө олтурган даанышманды көздөп.
- Бар болуңуз. Кулак сизде?..
- Зирек адам илээндилик кылбайт: денди да, жанды да кыйнабайт, табыпка же догдурга кайрылат. Жабыр тарткан жерди тынчытат, айыктырат.
Илең-салаң болуп, оордуну тоотпой жүргөндөр: "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" болгонго дейре барат…
"…Миңген машинеңдин бир жери бузулса, анын корун-запастык бөлүгүн жаңыдан салбаса оңолбойт. Анысы кандай, мамлекетти, өлкөнү бир денедей, механизмдей сезсек, анда мотору -эл башы бузук болсо, аны да жаңысы менен алмаштыруу зарыл да?" демекчи болду көсөм. Бирок антүүнү ылайык таппады.
- Айтайын дегеним, ушул сымал, эл башчылыгына шайланган адам эгер ал: "ээрге олтурганда эле көчүгү кыйшык" болсо…
- Охо- о?.. -деп таңдана күрсүндү сөз кыябын баамдаган кексе Адам.
- Эмне үчүн ал "күнөөкөр" аталгыча элдин күтүүсү керек? Бир инсан үчүн бүтүндөй улут, өлкө беш, он, он беш, дагы канча жыл азап чегүүгө тийиш. Салт, нарк, мыйзам, адамкерчилик жобосу бул көрүнүшкө кандай мамиледе? "Эс алганча -эрмек" катары бабыраша отурганга кандай дейсиз?
- Опо-о, көсөмүм. Мейли. Суроо берилбесе болмок. Берилген соң аны бейжооп томсортпос болбостур…
"Ишеним -кудай мөөрү!" Адам-адам азгырыгы: алдансаң -азабыңды тартууң абзел, арзысаң -убайына бөлөнөөрүң, бычым…
Алдын ала "сактанганды-кудай сактайт", сүрмөтоп шарданына кошуямагың-тозулганың… Андыктан… тээ башта жаңылбоо, ишти мурда бүтүрүү абзел эле да таксыр.
- Түшүндүм.
- Эзелки түркүк аталар карманган нарк-насилдер, бийлик күтүмдөр, асылзадалыктар тоому тууралуу сөз козгосок эле азыркылардын азат бойлору тик турушуп:
"Артка кетебизби?" -дешчү болушту бизди акылынан ажыраган -алжыган абышка эсебинде. Буга мамилеңиз кандай?
- "Табылга -эскирбес камылга " бул бир.
Жомокто минтип айтылат:
"… баратып ал жолдун үч айрымына кез келди. Биринде: "Барса келбес", экинчисинде: "Узак, бирок кыска", үчүнчүсүндө: "кыска, бирок узак жол" деген жазуу турат. Биздикилер, азыркы "акылкөйлөр" ушул жомоктогу үчүнчү-кыска жолго элди баштап, "жарыштан" озуп бараткандай…
Адашуу: "кысканын узактыгы!" Келечексиздиги. А балким кырылып, жоюлуп кетүүгө дуушарлантар жол. Артка кайтуудан "арданып" ыплас "таштандылуу сормо сазга" -ааламдашуу азгырыгына сорулуу, улут, мамлекет жоюлуу кырсыгына кабылуу "ардакпы?.."
"Алга кетип адашкыча, арткы сапарың жарашсын," "Ашыкпаган араба менен коёндон озуптур". Мына накыл-акыл! Эзелкилер калтырган, эскирбес мурастар.
Эзелки кыргыз кыйытып айткан, маанисине тамберерлик сыйынтып, чекиликти биротоло тыйылтып айткан. Көөн сындырбай жандатып айткан, жандатса да биротоло каңдатып айткан!... Жымсалдап айткан, жымсалдатса да маанисинде - "кыл чайнап" айткан!... Булар -көөнөрбөс дастан! Ушул артка кеткендикпи, ыя?
- Акыл таап жатышыппы азыркылар байыркылардан ашкан?...
- Баракелде, ай! -десеңизчи…
- "Адам өзү ажалдуу болсо да, түбөлүк өлбөс нерселерди жаратат" -деген накыл бар. Түбөлүк -алга озгондук. Кыргыздын боз үйүн алалы. Бир көлүккө жүк болор нерсе болгону. Чай кайнамча убакытта тигилип бүтөт каалаган журтка. Кышта жылуу, жайда салкын. Курулуштагы таң каларлык табылга! Түпкү аталар мурасы. Канчалаган кылымдар кайрысын ургандай кырылды. Бүтүн дүйнө элин таңдаткан, тамшанткан кыргыздын боз үйүнөн озгон курулушту таба алдыбы адам акылы? Боз үй тигип жайлоо-кыштоолордо жашоо -артта калгандыкпы? Алга озгондукпу?!. Тануу ордуна -таануу, моюнга алуу, сыймыктануу, эзелки менен келечекти тогоштуруудан да табылга табуу, жылдыздай жануу, асылзадалыктарга иликтөө салуу калкты муңайтпай багуу ордуна… азыркылардан кыйласы…
- Амалкөйлүк, митайымдык, көпчүлүктү алдоо, арбоо, сулуу тору аттай жагалдануу, "тил эмизүү" менен бийлик ээлөө жагын (жайытын) өздөштөрүштү… "Баштоочу болсо, коштоочу болот" деген кыргыздын олуялык макалынын мани-маңызын тетири бурушуп пайдалананышты: жалаң "күн тийген жердин күкүктөрүнөн" команда курашты көпчүлүктүн "тузу ургурлардан"… "баскан изин кетмендеп салар" жугуштуу жосун-жоруктуу ыплас табияттуулардан… чындыкты чычайта айтчулардын көздөрүн тымызын "тазалаттыруучулардан!..."
… Акыры: "эл-сел болуп чыкты". Байналминал шыпыргысы Ак үйдү кошо шыпырып таштоо шилтемине… көздөрү жеткенде (!..) алптык Күч касиет -кудурети кай тарапта экенин туюмдары сезгенде (!..) "Эл каарданса -Кыямат-кайымга айланат!!!" деңгээлине жеткен (!!!) кездерде… Ай-Аалам коюну тарып кеткенде… Жыйган Арам дүйнөң арачага (…) түшалбайт тура "эптээрге!!!"
- Мына, аалам алар сабат! -деди данышман аксакал кыбаасы кангандай көз нуру жайнап, -айтканыңызда калет жок. "Эл ишениминен алданса-каарданат," "эл ач болсо-бийликке өч болот!" "Лөөлүдөн (цыгандан) хан чыкса -өз элин тонойт…" -Ушундай, ушундай эзелки олуялык накылдар менен "эсептешпейт" "алга кеткендик" -Кемчонтойлукка жеткендик!...
- Ха-ха-ха-а! -Аргасыздан күлөсүң. Мындай күлкүдөн-ыйлаган артык, оув!...
Эл башчысы оң болсо, эл бактысы зор болот
Ушул мыйзам ченемди эмгектеген баладан, өмгөктөгөн карыга дейре билет. Кудайдан элдин тилеген тилеги да, көксөгөн максаты да ушул гана. Көп эмес. Орчундуу. Актыкка, адилеттикке да жалганат!..
"Башчысы-кылаң, болсо,эл ичи ылаң болот". Буга баардыгынын көзү жетти. Өттү. Кетти.
Азыркы милдет кайсы?
"Жарыш бар жерде -табыш бар" -делинет кыргыз олуячылыгында. Анда акыл жарыштыруу анын асылынын убайына эл-жерин бөлөө керек. Бул зарылдык!
- Кимдер?
- Жалпы калк түгөл.
- Эмне үчүн? Баардык эл акылмандан турбайт да?...
- "Жакшылардын" айткандары келбей, жамандын дөөрүгөнү келиптир" деген ылакап күн бүгүнгө дейре жашап келет кыргыз калк деминин илебинде. Анысы кандай жалпы жамырай киришсе, анык "Жакшыны көргөн, жаманды бөлгөн -Акылмандуулук" чыгат . (Бул жагын ичкен ашындай, кийген бөркүндөй көр).
- "Даанышман: акыбет күтпөй, иш бүтүрөт, даңк (мансап) күсөбөй - эрдик жасайт!" -деген кыргыз макалы туру заңгырап асман тиреген зоокадай калыбын жазбай… Демек, даанышмандыкка кайрылуу -бүгүнкү күндүн ыйык парызы.
- Даанышмандык -сейректик. Элибизде, улутубузда барбы ошондой инсандар?
- Бар. Болгондо да сейрек учурар тандалма инсан-жандар!...
- Кимдер?
- Бул суроону шашылып берип жибердиңиз. Мен оюмду айтып бүтө электе…
- Кечиргейсиз. Айыбым моюнумда!.. Оюуңузду жоруптаңыз?...
- Шашыш-шайтандын иши. Азгырыгы. Ал тургай акылдын өзү азгырык! Акыл табияты: "Алып кел! Байлап кел! Таап кел! Өрттө! Жанч! Ас!... Көзүн тазала!... Күлүн көккө сапырып сал!...Багынт! … Соолт! Үнүн өчүр!... Өзөгүн суут!.." -деген сыяктууга жарактуу учкул курал!!! Тез жыйынтык чыгарат. Акыл-табышкерлик шимүүрү!... Акыл-чабуулчул чабарман! Тапканынан жыйынтык-кортундусун акылмандуулук чыгарат.
Акылмандык жөнү башка: миң бир жолу ойлонуп, миң бир жолу толгонуп, себептин жөнүнө жетип, тетик туюм чайкар, ак, сак жыйынтыкка келер тереңдик, бийиктик олуялыгы. Ырас, бул чекке жеткендер сейрек. Сейрек чекке жеткендер, алардын кудуретин сезе түшүнгөндөр да чектелүү гана инсандар болот. Анык Акылманды, Даанышманды, көрөгөч- Көсөмдү, Кеменгерди, чыныгы Чыгаанды көрө, сезе, туя, таасын тандай, талдай, жактай, аларга ыктай албагандык урматына жетпегендик, катардагы адам катары нарктагандык -бери болгондо эле элди ырыскысынан айрыгандык, кудай каарына кабылгандык!.. Келечектин тамырын кыйгандык!.. (Эстеңиз Джордано Брунонун өрттөлүп өлтүрүлүш себебин… "Өзүң билбе билгендин тилин алба" деген калмак каргышынын жашап келатыш себебин?.. ж.б.у.с.т.ж. сабак-сабаттар түбөлүк осуяттар жүйөөлөрүн… Керемет!!!)
- Кечиргейсиз, акылманым. Күнөөм мойнумда. Сөз жүйөөсү келе калды. Курсак кайнап баратат. Айтпасам жарылып кетчүдөймүн.
- И-и, айт? Жарылба. Сени жарып жиберчи нерсе курсагыңда былжып, "жылымчы… жактан чыккыча" оозуңдан добушка айланып, бук чыгарганын жөн … Айт?
- "Жаштарыбыз ичимдикке, арам оокатка берилип келишти… Дейдиге айланышты… кандай жол менен болсо да байуу, мааруу көздөрүнөн учууда, көкүрөгүн тейлөөдө, бул максат үчүн алардын "эки көзү төрт" дили-дити өрт!...
Улутмандык, патриотизм -эл жердин Ар-намысы деген сезим калбай калды жалпы мээкурт (маңкурт) болгондордой?!.."
Кыйлалар ушундай көңүл чөгөрлүк ойдо эле. Көрсө андай эмес тура: балдарыбыз, жаштарыбыз -Шер Манастын анык тукумдары экендигин көз көрүнөө далилдешти го көзгө атар кыл мергендердин окторунан да жалтанышпай!.. Учур бышканда!..
- Э, көсөмүм, мунуң туура. Бирок…
- Айтыңыз, таксыр?
- "Төшөктүн тардыгы-тардык,
Көңүлдүн тардыгы-кордук" - болбос бекен? Түпөйүл болор коогалар али алдыда турбаса болгону так талаштын айынан… Мансап көксөөдөн улам… Анткенимдин жөнү мында: "Ар кимдин көкүрөгү өзүнчө падыша" -деген макал бар да элде… "Жемди көргөн кыргый -торду көрбөйт" болбогой эле…
- Коюңузчу таксыр. Эл турганда, калдайган калың калк турганда, акыл-эси жайында, ордунда акылман-кеменгерлер барында… бул жолкусунда…
- Ап баракелде! "Айтылбай турган сөз эле, айтылат эми өзү эле." Эли туруп -элсиз, көсөмү туруп -көсөмсүз, кеменгери туруп - кеменгерсиз, даанышманы туруп -даанышмансыз, элдин пири туруп-пирсиз алдын-ала эле бычым жасалып каргыш-илкиштен, эл касиет -кудуретинен, пиринен да, убалынан да, жазганбай… "Шайланбай-шайланып, жактырылбай-жактырылып," алышсачы бул жолу деле?..
- Жаны жеттиге кашайып, ар-намысы чыйралып, биротоло чыгынып, каны кайнап, акыл-эси кароолдо туруп калган калк -Өлүм менен Амалды да тоотпос деңгээлге жеттиккен аң-сезимдүү Күч, Көшөрүм сели - кыргыз эли, эми…
- Жакшы айттың! Бирок…
- Дагы эмне балакеттин башын чыгарганы турасыз?... Кечиргейсиз, одоно айтылып кетти окшойт жан кашайып тургандыктан…
- "Ачуу-арас, акыл-дос:акылыңа акыл кош" -делинет го. Аксымдык дурус нерсеге алып барбайт. Албууттанып алгандык -эс-туюмун ачууга жеңдиргендик!... Ушул абал турду үстүбүздө кылыч үйрүп!.. Аңдып!.. Кыл мергенин кытмыр камдап… Акылдан адаштырар- Амалкөйлүк түркүмү!..
Демек, ачууга алдырбоо абзел.
"Акыйкат-тынчтык кербени", "Ынтымаксыз эл жетим", "Ынтымак-мүрөк суусундай, чыр-чатак-жылан уусундай!" -деген байыркылардан осуяттары бет маңдайыбызда алоолоп жанып турганы жөн.
Болбосо:
А) Тирүү-өлүктөр (ачарбактар) "шайланганын" көрдүк. "Калп менен көйрөңдүк-тирүүдө өлгөндүк", "Наадандык -тирүүлүк өлүмү" ж.б.у.с. асылзада олуя осуяттар менен эсептешүүгө чама-чаркыбыз жетпеди… Натыйжасы тигиндей болуп тынды!..
Б) Өтө (өлө) жамандарды "шайладык"Эл-эгедерлигине.
"Өтө жаман-өзүн мактайт, баш жаман-баласын мактайт, аяккы жаман аялын мактайт". "Бирдин катасы-миңдин азасы" - болуп, бүтүндөй калк аза күтүүгө аргасыздандык кара кийип, кан жутуп!.. "Пайда! Пайда!" -дей берсең, башың калаар (ээн) сайда…" - Бул да түркүк аталардан келаткан тирүү осуят эле го, ыя, кокуй, карангүн!..)
В) "Жүйөөлүү сөз-жүлүнгө тийет" дейт кыргыз. Антсе да айталы: "Тилинен-бал, дилинен-уу тамат", "Тозок менен тооруган - бейиш менен алдайт", "Жакшы максат бүтүн кылат, жаман (арамза) максат (бүтүндү) күкүм кылат", (кылып тынат…) "Бакача чардаган - жыланча арбайт", "Акча сүйлөп турган жерде Адилеттик ыйлап турат", "Айткан-айыптуу, айтпаган-күйүттүү: айттырбай (таңданар) иш бүтүргөн -Арстан (эл башыга татык) айтканды аткарган - адам (эл катары…), көрсөткөндү (да эптей албаган) бүтүрбөгөн - Эшек", "Ачкачылык көчөгө (тентитип) чыгарат, калпычылык (эл-журтка батырбай) үйүңө камайт". (Кайсы бетиң менен элге аралашмаксың жалжактап…)
"Ачыккандан каныккан жаман", "Баштаганды билбеген - жолду бузат, башкарганды билбеген - элди бузат", "Теңчилик - жоголор, темингендер (күнкарамалар) оңолор", "Элиңди жаман көрсөң - элге кантип батасың, жериңди жаман көрсөң - көргө (уялбай) кантип жатасың?.." "Басыгын бузган ат аксайт, алкыман (нысабын) бузган эр аксайт". "Элдин башы көпүрө болсо, хан (президент) аттабасын (тоотпой басып өтүүгө укугу жок, ал-ыйык), хандын башы көпүрө болсо - эл аттасын" (кечип коюуга, жоюуга укуктуу! )
… Эзелки ата-бабаларыбыздын керээз-мурастарынын чети оюлгуз кенчтери эмнелерди каңкуулап туру? Ушулардан дайын-дареги барлар, аларды тоотпос мамиле жасашса - осуят ыйык делинет, ыйыктыкты аттагандар, эзели эки болбойт, кырсыкка кабылбай койбойт!!! "А кырсык жалгыздан келбейт, эгиздеп төлдөйт!" дейт… Бүтүндөй калкын кудай тараптан таратылар Ырыскыдан ажыратар мүшкүл баштарына түшпөгөй эле ошол түркөйлөрдүн азабынан улам…
- О-о, таксыр. Коюңузчу заманабызды куурубай. Андан көрө болор, оңолор: атак-даңкы ааламга таркап оболоор, байыркыдан бүгүнгө тоголушар нарктуу жоболор жөнүндө кеп урганыңыз оң болор? "Жакшы тилек - жарым ырыс" дейт. "Пенденин оозунан чыккан тилек - кудайдын кулагында" делинет. Не кылуубуз абзел бу учурда?
- Кыргыздын үч кыл комузун (чертмегин) алалы. Чебер чертмекчинин колунда үч кылдын "тил безенген сайрамы" кереметтин-керемети: болбогонду-болтурат, толбогонду-толтурат. Ыйлабасты-ыйлаттырат, сыйлабасты-сыйлаттырат, жыргабасты-жыргаттырат! Сүйбөстү-сүйдүртөт, күйбөстү-күйдүртөт! Күлбөстү-күлдүртөт! Билбести-билдиртет! Илбести-илдиртет! Бул жашоо жайытында, коюнунда нелер бар экенинин баарынан кабар берет.
Жыргалынын да, кууралынын да даамын таттырып чыгат. Аалам коюнун кымыздай чайкаттырат!... Байкалбасты-байкаттырат! Чайпалбасты-чайкалтат! Көшүлбөстү-көшүлтөт! Чечилбести-чечилтет. Деми жокту -демдентет! Ич дүйнөңдү шердентет!.. Кумарсызга-кумар күттүрөт! Шык жандантат!!! Бейүмүттү-үмүттөндүрөт.
- Баракелде! Муну менен эмнени айтмаксыз?

(Уландысы кийинки санда)


Жакып Медетов,
Жазуучу, 72 жаштагы карыя





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза эже
2-бет
Тегирмен
3-бет
"Валя, Валек, иди сюда"
4-бет
Партократтардын "Акыркы Могиканы"
5-бет
Качкын Булатов:
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."

6-бет
Акыйкат республикалык партиясынын 1-курултайы болду
7-бет
Келишим дагы адам тагдырын чечеби?
8-бет
Бакиевдин заманын эстегендердин мээси жок,
7-апрелди эстебегендердин жүрөгү жок
Азизбектен азил кеп

9-бет
УРМАТ БАРКТАБАСОВ
10-бет
Дарика Жалгасынова
"Бийикте желбиресин Кыргыз Руху!"

11-бет
33 роза
же мамлекеттин фундаменти мектептен башталат

12-бет
САЙПАНА
13-бет
Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…
14-бет
Дил кайрыгы
Алгалай бер, эмгегиңден кылым карытып!

15-бет
Мыйзам
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева:
Завучка кармалып калгам











??.??