Кыргыз гезиттер архиви

  Башат

33 роза же мамлекеттин фундаменти мектептен башталат
Академик Жеңишбек Тентиев агайдын баардык ийгиликтин башаты мектептеги мыкты фундамент дегенин угуп алып чын эле баардык нерсенин башаты, ачкычы мектепте экенине ынандым. Эгерде менде кандайдыр бир жакшы сапаттардын, жакшы ийгиликтердин, жакшы билимдин изи бар болсо анда мен ал үчүн ата-энемден кийин эле окуган мектебиме, окуткан мугалимдериме милдеттүүмүн. Ушуга ылайык 25-май акыркы коңгуроонун алдында мектепти бүткөнүбүздүн 20 жылдык юбилейин утурлап мектебим жана мугалимдерим жөнүндө жазууну туура көрдүм. Ал мектеп Токтогул районуна караштуу Торкен орто мектеби. Азыр аты башка, бирок, менин сезимимде ушундай аталыш менен калган. Бактым бар экен, мен мыкты мектепте, мыкты мугалимдердин колунан билим алдым. Ал мугалимдеримдин айрымдары жөнүндө сөз кылмакчымын.

33 роза (Биринчи мугалимим Канчайым эжеге)
Биздин алгачкы фундаментибизди курган биринчи мугалимибиз Канчайым эже жөнөкөй эле эже эмес, район сыймыктанган күчтүү мугалим, Эл агартуунун отличниги. Комиссия келатат дегенде район Канчайым эжедей мугалимдерди бетине кармай бергендиктен биздин класста ачык сабак деген көп өтчү. Канчайым эжени эстегенде эле ачык сабактар эсиме түшөт. Канчайым эженин чыгармачылыктуулугун ушундан билиңиз 3-классты бүтүрүп 4-класска көчөрдө эжей биз менен коштошуш үчүн бир кучак роза гүлүн көтөрүп келиптир. Класста 33 окуучу бар элек. Көрсө эжей көтөрүп келген бир кучак роза гүлү 33 даана экен. Ал гүлдүн бирден даанасын ар бирибизди бирден доскага чыгарып алып, ар бирибиз жөнүндө 5-10 минуттан сүйлөп, кандай окуганыбызды, кандай кыял-жорук көргөзгөнүбүздү эскерип, бизден кандай адам чыгышы мүмкүн экенине чейин айтып, ак жол каалап узаткан эле.
Айтматов өстүргөн дарак (химия мугалими Сагын агайга)
Сагын агай биздин мектепке аз жыл иштеди, бирок, саз иштеди. Ал биздин мектептин эле эмес, райондун күчтүү химиги болгондуктан ал кайсыл мектепте иштесе, ошол мектептин окуучулары олимпиадада алдыңкы орунду алышчу. Бакыт буйруп, Сагын агай биздин мектепте иштеп калып, анын даярдоосу менен мен да учурунда райондук олимпиадада биринчи орунду алгам. Бирок, ошого карабастан Сагын агайдын башкы касиети мыкты химик мугалим экендигинде эмес, ар тараптуу өнүккөн инсан экендигинде болуучу. Агай ар бир окуучунун ДОСу, жакын кеңешчиси боло алган мыкты педогог, жакшынакай ырларды жазган талант, дүйнөгө болгон көз карашы ар тараптуу адам. Анын ар тараптуулугунун арты менен мектепте "Что? Где? Когда?" телеберүүсүнүн негизинен алынган "Эмне? Качан? Кайда?" конкурсу өткөрүлгөн. Бул конкурс интеллекти өстүргөн мыкты иш чара болуучу. Анан да агай Айтматовду өзгөчө барктаар эле. Чыңгыз Айтматовдун мектеп программасынан сырткаркы "Кылым карытар бир күн", "Кыямат" романдарын агайдын колунан алып окугам. Агайдын мүнөзүнөн да бирде мугалим Дүйшөндүн, бирде Танабайдын, бирде Эдигейдин, бирде Даниярдын касиеттери чагылып туруучу.
Жандуу мугалим жана терең мугалим (кыргыз тил адабияты боюнча мугалимдерим Тынымбек агай менен Жамбылбек агайга)
Тынымбек агай бизге 4-класстан 7-класска чейин окутса, Жамбылбек агай жогорку класстарда окутту. Тынымбек агай сабакты абдан жандуу, көргөзмөлүү өткөн, өзү да актердук чеберчилиги бар шайыр адам эле. Кийин университете окуп жүргөнүмдө да агайдын курсташы Абдыкерим агай бизге сабак берип калып: "охо, Тынымбек экөөбүз драмкружоктун жылдыздары болчубуз" деп эскерген эле. Ал эми Жамбылбек агай олуттуу, терең ой жүгүрткөн агай болду. Ошого жараша жогорку класстарда окутту. Кенже класс болгондо, балким, агайдын терең ой жүгүртүүсүн түшүнбөй калат белек, ким билет? Агайдын китепканасынан мен ошол кезде жаңы чыккан Исай Калашниковдун "Каар заманынын" эки томдугун алып окуп, мектепте окуган бул китеп азыркыга чейин эң сүйүктүү китебим бойдон калды. Анан да таң калыштуусу Жамбылбек агай университетти сырттан окуган экен. Көрсө, дээринде бар адам ар кандай шартта билим алууга жөндөмдүү болот окшобойбу.
Тургеневдин каарманы (орус тил жана орус адабияты мугалими Зина эжеге)
Тургеневдин каармандарындай сезимтал, табышмактуу, сулуу Зина эжейибиз бизге Пушкин, Тургенев, Толстойдун алтын казынасынын ачкычын карматкан. Зина эженин учурунда орус адабиятына кызыкканыбыз ушунчалык, мурда кыска ырларды араң жаттап жүрсөк, Зина эжейдин учурунда айрымдарыбыз "Евгений Онегиндин" көлөмдүү сюжетин жаттап чыкканбыз. Орусча эмес, кыргызча поэма жаттоо кыйынга турган айылдык кыргыз мектеби үчүн албетте, бул чоң жаңылык болгон.
Түштүк кыздары гүлдөй үлбүрөк (математика мугалими Зульфия эжеге)
Зульфия эженин чыгармачылык менен сабак өткөнүнүн натыйжасында эжей менен атаандашмак түгүл Пифогордун теоремасына альтернативалуу теорема ойлоп чыкмак болуп убараланганым эсимде. Зульфия эже мыкты мугалим эле эмес, суктанарлык аялзаты эле. Мектебибиздеги эң күчтүү математика мугалими, айылдашыбыз Жолчу агайдын жубайы болгон Зульфия эжеге айылдыктар ыраазы болушуп: "биздин Жолчу түштүктүн эң мыкты кызын келин кылып берди" деп калгандарын кулагым чалганы бар. Ырасында эле билимдүү, маданияттуу, сылык, кичипейил, ыйманы ысык татынакай жубайы бар Жолчу агай бактылуу болсо керек. Зульфия эжеден улам түштүктүн кыздары эже сымал гүлдөй үлбүрөк болсо керек деген жылуу ой калган.
Ом, Ньютон, Архимед, Паскаль закондору (физика мугалими Алымкан эжеге)
Арадан бир топ жыл өткөн соң бара-бара мектеп программасын унутуп баратам. Кесибим башка болгондуктан өзгөчө математика, физика, химия өңдүү сабактарды билбей калат экенсиң. Ошого карабастан ушу бүгүн да Ом, Ньютон, Архимед, Паскаль закондорун жатка билип, аларды жазган макалаларымда пайдаланып жүрөм. Бул менин тапкычтыгым эмес, Алымкан эженин бул закондорду мээмден кетпес кылып орнотуп койгонунда.
Англис тилинен 5 мугалимибиз бар эле (Бүбүсара эжеге)
Университете окуп жүргөндө чет тил сабагына келгенде башталгыч группа, улантуучу группа болуп бөлүнүп калдык. Башталгыч группа тамга таанудан баштап окушат экен. Көрсө, кээ бир студенттер мектепте чет тилин окушпаптыр. Бүт республика бир окуу программасы менен окуйт деген мен үчүн бул таң калыштуу болгон. Курсташтарым муну: "программа бир болгону менен чет тил мугалимибиз жок болчу, болсо да, ал башка айылга күйөөгө тийип, же айылга чыдабай кетип калчу" деп түшүндүрүшсө, бири кетсе экинчиси көбүрөөк саат алып иштей бербейби десем, - бир эле мугалим болсо кимиси окутмак эле, чет тил деген эмгек сабагы же география эмес да башка мугалим окуткудай", - дешсе таң калгам. Себеби, биздин мектепте бир эмес беш англис тили мугалими боло турган. Сабакты да класс менен окубай он кишиден группа болуп бөлүнүп, атайын лингафон техникасы жабдылган кабинетте окуучубуз. Англис мугалимдери эч жакка кетпегени беш мугалимдин үчөө айлыбызга келин боло турган. Англис тили мугалимдерине тандап үйлөнгөн биздин айылдаштар азамат экен. Ал эми бизди окуткан Бүбүсара эже турмушка чыга элек болсо да, башка айылдын кызы болсо да эч жакка кетпей жыйырма жылдай биздин мектепте иштеди. А түгүл башка айылга ала качып кеткенде да күйөөсүн айлыбызга алып келип алган эле. Ошентип Бүбүсара эже Торкен мектебинен кетпей, кайра ал мектепти Аскараалы агай деген химик мугалим менен толуктады.
Директор (Зейнеп эжеге)
Студент кезимде кээ бир медаль менен бүтүп келген курсташтарым начар окушуп, күчтүү балдарыбыз жөнөкөй аттестат менен бүткөн учурлар кездешти. Ошондо алардан сурасам, "директорубуз пара алып, чоңдун кыздарына медаль берип коюшкан. Пара бере албагандар жакшы окуса да медаль алышкан жок" дешкенде буга дагы таң калгам. Себеби, биздин мектептен үч кыз эч парасыз эле медаль менен бүткөнбүз. Үчөөбүз тең чоңу жок эле карапайым үй-бүлөдөн элек. Директор бизди карапайым үй-бүлөдөн деп басынтмак түгүл мен директорубузду райондук чогулушта сындап сүйлөп, басынтып алгам. Ошондо да Зейнеп эже таарынып, кек сактабастан: "Айзада, мен чын эле начар директор болгондурмун, бирок, ошону райондук чогулушта эмес, өзүмө айтсаң болмок экен. Ошончо мектептин директорлорунун арасында аябай сындым, сен ойлонуп көрчү, мен чын эле ошончо акыркы адаммынбы, эч жакшы сапатым жокпу?" деп чакырып алып акырын эле айткан эле. Ал сөзү менин мектепти медаль менен бүтүшүмө таасир да берген эмес. Азыр эми ойлонсом Зейнеп эже акыркы адам түгүл, эң эле мыкты адам, мыкты жетекчи, мыкты мугалим болгон экен. Жолдошу жаш кезинде эле каза болуп, жалаң эркектерди тарбиялаган эже мыкты эне да болгон экен. Баратканов Бакыт, Баратканов, Канат, Баратканов Жайдаш деген балдар биздин мектептин мыкты окуган, таланттуу, мектептин жүгүн көтөргөн балдар эмес беле. Эркек эмес кыз баланы тарбиялаш кыйын. Эжей болсо балдарын татыктуу тарбиялап, жалгыз бой эне болгонуна карабай, мыкты мугалим гана болбостон директорлукка чейин көтөрүлгөнүн карабайсызбы. Ал убакта директор деген азыркыдай пара менен эле дайындала койчу эмес. Зейнеп эжейдин жаңы жылдык карнавалдарда Көпөй агай менен чимириле бийлегени эле эмнеге татыйт?. Экөө бал бийин бийлегенде баарысы бийлерин токтотуп карап турушчу. 50 жашка барган эжей менен агай эмес, жаш кыздар андай бийлей албаса керек эле.
Жыйынтык сөз
Айылга барып, чет тил мугалими Сүйүн эжеге жолугуп калдым. Эжей "силердин убак абдан жоопкерчиликтүү эле. Силерге сабак бергенден биз сүрдөчүбүз. Эртең сабак болот дегенде, сындап, билимибизден шектенип, уят болуп калбайлы деп түнү менен сабакка даярданчу элек" десе таң калдым. Сүйүн эже өз сабагын мыкты билген эле мугалим болуучу. Аны бизден сүрдөйт деп оюма да келбептир. Көрсө, ал убакта мугалимдер өздөрү өтө жоопкерчиликтүү болушкан окшобойбу. Алардын өз ишине ушундай жоопкерчиликтүү мамиле кылганынын натыйжасында канча мыкты адамдар өсүп чыкты. Бир карасаң мугалимдер эч нерсе өндүрбөгөн, мамлекеттин экономикасына тиешеси жоктой сезилет. А чындыгында мугалимдер мамлекетти өнүктүрө турган чоң күч. Алар чийки продукция өндүрбөгөн менен тирүү адамдарды, кадрларды окутуп жана тарбиялашат. Эгер биздин мамлекетте бир кездеги биздин мугалимдердей күчтүү жана абийирдүү мугалимдер көп болсо, биз мыкты кадрлардан камсыз болмокпуз. Демек, мамлекетти курабыз, реформалайбыз десек, үйдү чатырынан, чиновниктерден баштабай, фундаментинен мектептерден баштасак чын эле бизде чоң өзгөрүү болмок.
Айзада Абазова