п»ї
  Асылзат

Дарика Жалгасынова
"Бийикте желбиресин Кыргыз Руху!"
Бул инсан жөнүндө айта берсек сөз жетпестей сезилет. Үч баланын мээримдүү энеси гана эмес, күйөрмандарынын сүйүктүү ырчысы, сахнанын көркү. Эжейибиздин сахнада жарым кылымдан ашуун тажрыйбасы бар, буга жеткени да, жетпегени да бар эмеспи. Булбулдай таңшып жүрөгүнөн чыккан кереметтүү, мукам ырлары ар бир угуучусунун моокумун кандырат. Ырдын кереметине үндүн кереметин кошуп таңшыган эже менен чер жазыша маек куруп, анын аяр сүйлөп, жылуу маанай тартуулаган асылзаадалыгына баа берип отурдум.


- Атактуулар биз көргөндөй эле бийик бойдон жаралып калган сымал сезилет, маегибизди сиздин балалык кезиңизден баштасак?
- Мен 1941-жылы бул жарык дүйнөгө келгем, төрөлгөн жылым согуш жылдарынын башталышына тең келди. Беш жашка чыкканда согуш аяктап, Жеңишке ээ болдук. Балалыгымды ачарчылык, жетишпестик коштоду. 1942-жылы атам согушка кетип, тилекке каршы кайра кайткан жок. Ошентип ал жылдардагы көптөгөн атасыз калган үй-бүлөлөрдүн санына кошулдук. Раматылык апам сегиз бала төрөгөн, бирок, алты бир тууганыбыздан айрылып, эжем экөөбүз гана калдык. Апам ар дайым биз деп жүрүп жашады. Согушта тамак-аш жетпей, ачка калган учурлар көп болгон. 95 жашынын акыркы күнүнө чейин атамды күтүп, көз жумду.
Ал эми балалыгым жөнүндө айта кетсем, башыбыздан кыйын күндөр өттү. Чымгентте жети жылдык мектепти окуп, Таластагы орто он жылдык мектепти аяктадым. Өмүр жолумду туура болушуна, музыка сабагынан берген мугалимим түрткү болду. Ал агай мени сен ырдашың керек. Сенин үнүң жакшы дечү. Ошентип мектепти аяктаган соң, музыкалык окуу жайды окууну чечтим.
- Мектепти бүткөн соң, жашооңузда кандай чоң өзгөрүүлөр болду?
- 1957-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, окуп баштадым. Классикалык музыкага үнүм топ келишкенин өзүм да билбептирмин. Үчүнчү курсту аяктап, экзамен берип жаткан учурда Москвадагы П.И.Чуйковский атындагы консерваториядан комиссия келип катышып калды. Мен Моцарттын "Свадьба Фигаро" аттуу операсынан Керубинонун ариясын, жана казак композитору Брусиловскийдин "Кызжибек" ариясын аткарып бердим. Комиссиянын мүчөлөрү абдан таң калышып, түз эле консерваторияга жолдомо беришти. Ошентип узун, бийик максатымды көздөй жол алдым.
- Ал эми Москвада кандай кызык нерселерге туш болдуңуз?
- Шарт боюнча консерваториянын эки жылдык даярдоо курсунан кийин гана биринчи негизги курсуна кабыл алышат экен. Бирок мен, музыкалык-окуу жайдан алган вокалдык даярдыгым менен "жакшы" деген баа алып, 1-негизги курсуна кабыл алындым. Мен эч качан Москвада консерваторияда окуйм деп кыялданган дагы эмесмин. Мен үчүн бул чоң бакыт, койнума батпас сүйүнүч болду. Себеби, Москва консерваториясын аяктаган миңдеген студенттери чыгаан адамдардан, педагог-профессорлор, экинчилери дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчы, үчүнчүлөрү композитор, музыканттардан болушту. Кыскасы ал жакты бүткөн студенттер искусствонун төрүнөн орун алат. Бул консерваторияда биздин атагы чыккан искусствонун өкүлдөрү А. Аманбаев, М. Абдраев, А. Тулеев, А. Жумакматов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, М. Бегалиев, М. Ахунбаев, К. Сартбаева, А. Жаныбеков жана көптөгөн башка атактуулар бул окуу жайды аякташты. Мен үчүн консерватория кеңири музыкалык билимди гана эмес мага искусствонун чыныгы кубанычын да тартуулады десем болот. Консерваториядан алган билимимди ушул күнгө чейин колдонуп, бүгүнкү күнгө чейин ырдап келатам. Бүткүл элиме, угуучуларыма тартуулап келдим десем да жарашчудай.
- Демек жандилиңиз менен искусство дүйнөсүнө чөгүп, махабаттын торуна да түшүпсүз…
- Ооба, өмүрлүк жолдошумду да ошол консерваторияда окуп жүрүп таптым. Жайлообек экөөбүз чогуу окучубуз. Башынан эле ал мени өзүнө ички байлыгы менен тартып турчу. Анын жөнөкөйлүгү бирок ошол эле мезгилде ички дүйнөсүнүн байлыгы эч бирөөнү кайдыгер калтырчу эмес. Анын мага кылган мамилеси мени ушундай бийиктетип, желбиретчү эле. Экинчи курста окуп жүргөндө экөөбүз баш коштук. 1966-жылы "Москва консерваториясынын" толук курсун аяктап, опералык жана камералык ырчы деген адистикке ээ болдук. Жайлообек экөөбүз профессионал ырчылардын катарына кошулдук. Мекенибизге кайтып келдик. Борборубуздагы А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрына солист болуп эмгектене баштадык. Жайлообек экөөбүз жаштыктын бактылуу күндөрүнө чөмүлдүк. Бактылуу жашадык, жакшылыкты да жамандыкты да тең көтөрдүк. Үч баланын ата-энеси болдук. Ал эми бүгүнкү күндө Жайлообек каза болгонуна 12 жылдын жүзү болду.
- Исскуствонун оор көшөгөсүнө сиздин салымыңыз абдан зор экендиги талашсыз. Дүйнө жүзүнүн кандай кооз жерлерине барууга үлгүрдүңүз?
- Союз убагында бизге абдан чоң көңүл бурулчу. Кайсы гана жерге барган жокпуз… Чоң-чоң мааракелердин баарына тең катышчумун. Кайсы жерде чоң маараке болсо баардык жагына тең катышчумун. Чет өлкөлөргө да бардым, Германия, Венгрия, Исландия, Прибалтика республикаларына, Швецияга, Японияга, Кытайга, Түркияга. Коңшу мамлекеттерди да бир сыйра кыдырдым. Беш жүзгө тете ырлар жазылды... Көптөгөн ар кандай чыгармаларды сахнага алып чыктым. Бир нече партияларды да аткардым. Театрда 12 жыл эмгектенип, көптөгөн кыргыз композиторлордун операларындагы жан дүйнөсү таза, акпейил, татынакай кыргыз кыздарынын образын жараттым.
- Убагында сиздин талантыңызга Нурсултан Назарбаев да суктанып жүргөн деген сөз тараган, ошол жөнүндө кеп кылсак?
- Өкмөттүк концерттерде көп ырдачумун. Ошондой концерттердин биринде казак композитору Илья Жакановдун "Жамийланын ыры" аттуу чыгармасын аткаргам. Ал концертте Нурсултан Абишович да отуруптур. Мен казак тилинде Жамийланы аткарганымды абдан жактырып калганын билем. Кийин Казакстандын эгемендүүлүгүнө эки жыл толгондо, атайын чакыруу менен бардым. Алматага гастролго барганда мага "Казак Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген кайраткери" деген наамын ыйгарышкан.
- Тагдырдын ачуусун да, таттуусун да татып, башыңыздан көп нерсе өттү, ушул жашка келип, эмнеге сүйүнөсүз, эмнеге өкүнөсүз?
- Мына эмдиги жылы буюрса жетимишке чыгам. Артта канчалаган жылдар калды, ар бир жылдын ичинде көптөгөн жакшы күндөр да кыйын күндөр да өттү. Жалгыздыгым дайым өзүмө сезилип турчу. Бирок, миңдеген күйөрмандарым, кыргыз элим бар экенине, кыргыздын кызы экениме сүйүнөм. "Өткөнгө өкүнбөйт", деп коёт эмеспи. Башымдан өткөн өмүрүмө өкүнбөйм, эң негизги жолумду таптым.
Өкүнгөнүм бүгүнкү күн… Маданиятка мурдагыдай көңүл бурулбай калгандыгы. Саясатта болуп жаткан өзгөрүүлөр маданиятка дагы өзүнүн таасирин берип жатат. Бирок таланттар бизде көп, мен маданият тармагынын жакшы жакка өнүгүшүнө толугу менен ишенем.
- Бүгүнкү күндө ырчылардын ичинде көңүлүңүздү толтурган кимдир-бирөө барбы?
- Мына жакында эле Роза Аманованын жеке концерти болуп өттү. Ушул кыз менин көңүлүмдү толтуруп турат. Кыргызымдын Роза Амановадай чыгаан кызы бар экенине сүйүнөм. Анын төрт күнгө созулган концерти мага жакшы таасир бердиби же аябай толкундап кеткенимденби Розага арнап ыр да жазганга үлгүрдүм..
Розага ыр десте
Бул талантка сереп салып карасак,
Маданият майданында баратат.
Дастандарга жан киргизген айымды,
Кандай даңктап, кандай айтсак жарашат.
Роза кыз! Кандай көркөм сын-сыпатың!
Сахнанын гүлү экен бүт турпатың.
Булуттан сүзүп чыккан айга окшоду,
Ийилип салам берген салтанатың.

Ууландырдың ашык кылып адамдарды,
Бүгүн сени самабаган адам барбы?!
Чиркин ай! Кандай талант асылзаада,
Бир жигиттин бактысына жаралганбы?!

Алдыбызда ырдан бүткөн жол турат.
Ошол жолдо салттуу ыр-күү кулпурат.
Жандуу созгон добушунан Розанын,
Сахна ичи аңкып турду буркурап.

Комуз сага, сен комузга жарашып,
Карысы да, жашы дагы баары ашык.
"Маш ботойду" маш жеткире черткенде,
Карап турду канча көздөр талашып!

Бууркандап толкуп-ташып Нарындай,
Өзөгүнөн өрт көрүнөт жалындай.
Катар саат дастандарды тынбастан,
Комуз менен коштоп жатты жаңылбай,

Комузчу, обончу да, аткаруучу,
Илимпоз, чоң кызматкер, башкаруучу
Омоктуу ойлоруңду ишке ашыр,
Бийикте желбиресин Кыргыз Руху!,

Ыр дүйнөнүн салттуу сырын ача бер!
Көркөм мурас казынасын каза бер.
Улам жаңы кадам, таштап алдыга,
Түйшүктүү иш байсалдуу жол баса бер!

Өлүм, өмүр, арман, сүйүү махабат,
Аны угуунун өзү кандай ырахат.
Албан түстүү дастандарды ырдаган,
Уникалдуу өнөрүңө ырахмат!!!


Маектешкен
Мальвина УМЕТБЕКОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза эже
2-бет
Тегирмен
3-бет
"Валя, Валек, иди сюда"
4-бет
Партократтардын "Акыркы Могиканы"
5-бет
Качкын Булатов:
"Өлбөдүм эле, канча адам көрбөй кеткен жазга жеттим..."

6-бет
Акыйкат республикалык партиясынын 1-курултайы болду
7-бет
Келишим дагы адам тагдырын чечеби?
8-бет
Бакиевдин заманын эстегендердин мээси жок,
7-апрелди эстебегендердин жүрөгү жок
Азизбектен азил кеп

9-бет
УРМАТ БАРКТАБАСОВ
10-бет
Дарика Жалгасынова
"Бийикте желбиресин Кыргыз Руху!"

11-бет
33 роза
же мамлекеттин фундаменти мектептен башталат

12-бет
САЙПАНА
13-бет
Эл башчы кылаң болсо - эл ичи ылаң болот…
14-бет
Дил кайрыгы
Алгалай бер, эмгегиңден кылым карытып!

15-бет
Мыйзам
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева:
Завучка кармалып калгам











??.??