Сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза эже

Роза Отунбаева учурдагы кырдаалга байланыштуу эки жылга Кыргызстандын президенти болгону калды. Анын талапкерлиги июндагы референдумда эл тарабынан бекитилүүгө коюлат. Өлкөдө кырдаал татаалдаганда "президент болом, шайлоого барам" деген жигиттерибиз кооптоно түштү окшойт, бул оор жүктү Роза эженин мойнуна илүүгө шашышты. Бир чети колдон келбеген соң, "кыйратам" деп элдин убалына калбай Роза эжеге тизгинди кармата беришкени туура болду. Себеби, учурдагы саясатчылардын эң эле тажрыйбалуусу, эмоцияга алдырбаган адекваттуусу, бардыгына тегиз карай турган калысы да Роза Исаковна экен. Ал Атамбаевге да, Текебаевге да, Сариевге да, Бекназаровго да, Исаковго да бирдей калыс мамиле жасап келет. Тышкы саясатта да АКШга ыктап же Атамбаевге окшоп, "проросийский саясатчымын" деп балп эттирген жок. Казакстан менен Өзбекстандын өпкөлөгөн зордукчул саясатына да туруштук берип келатат. Ал кыска мөөнөттөгү мамлекет башчылык учурунда өзүн көрсөтө алды. Албетте, биз аны апендинин кызындай мактагандан алыспыз. Бирок, учурдагы татаал кырдаалда оор жүктү моюнга алуу баатырдык. Курманжан датка да бир кезде кыргыздарды падышалык Россиянын кыргынынан сакташ үчүн баласын курмандыкка чалып туруп, эл жүгүн көтөрүп берген. Жөнөкөй жай турмушта эл тарабынан шайланып эл башчылыкка келген эмес. Жөнөкөй жай турмушта кыргыздар аялга тизгин карматпайт. "Байтал туйлап байге албайт", "алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык" деп кур намыска алдырышат. Ал эми кыйын кырдаалда согушчан эркектер эмес, боорукер энелер көбүрөөк пайдалуу. Андыктан, Роза эже, белди бекем бууп, ушул кыйын кырдаалдан элиңизди чыгарууга чечкиндүү кадам таштаңыз. Жаныңызда Өмүрбек Текебаевдей, Исмаил Исаковдой, Эмил Каптагаевдей, ар бир сөзүн салмактап сүйлөп, такшалып калган азаматтар бар. Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаровго окшогон эрдиги бар эси жоктордун эрдигин пайдаланып, эси жок жоруктарын оңго салып алыш да сиздин колуңузда. Аликбек Жекшенкуловго окшогон агрессиядан оолак, дипломат азаматтарды душман көрүү да уят иш. Сиз мыкты болсоңуз Аликбек Жекшенкулов эмес, Урмат Барктабасовдой уулдардын тилегин да элдин пайдасына иштете аласыз. Ал ишти мурунку бийликтей "мен сага эркиндик берем, сен бул ишти аткарасың" деп соодалашпай, кыйын кырдаалда кыргызды бирге көтөрөлү дегендей ынандыруу жолу менен алып кете алар калыс жетекчи болот деп ойлойбуз.
Эмесе, сапарыңыз байсалдуу болсун, Роза эже!




  Телефондук сүйлөшүү

"Крах! Крах! Майрам бүттү"...
Жаныш: Да это дура (Отунбаеваны айтып жатат) в Минобороне сидит.
Максим: Да, мы 500 "ебонатов" (бир кезде кыргыздарды "быдло", "бараны" деген Максим эми ушул терминди ойлоп тааптыр) наймем, по две-три штуки заплатим, и столько же пообещаем. Пусть хотя бы 10 из них будут говорящими, дальше дело техники. Главное чтобы белый дом захватили. Ну а потом скажем "Крах! Крах! Майрам бүттү на..уй!"
Жаныш: Русские звонили. Я им предложил встретится на территории казахов или узбеков.
Максим: Вы чё, давайте встречайтесь, русские же любят людей в погонах (смеётся) которые водки пьют. Ну таких как вы с характером "пох..зма"





PDF формат