Кыргыз гезиттери



  Күзгү

Бакиевден мурун Сыдыковдун үй-бүлөлүк бийлиги башталган
Бакиев бийлиги кулаганда чет өлкөгө коркуп качып кеткен Үсөн Сыдыков кайрадан келмек болуптур. Келгенде да мурдагы бийликтеги арам иштери боюнча отчет берүү үчүн эмес, коомдук ишмер катары келет имиш. Коомдук ишмер катары койкоюп отуруп калуу үчүн эл алдында жүзүң жарык болуш керек. Үсөн Сыдыковдун эл алдында канчалык жүзү жарык, караңгы экенин билүү анчалык деле кыйын эмес. Анын карт бөрү катары качанкы окуяларын, Ош окуясын, Дан азыктагы даап айтууга мүмкүн болбогон "ишмердигине" токтолбой кечээ эле мындан 4-5 жыл мурунку элге белгилүү болгон окуяларын кайрадан көз алдыбызга чубуртуп көрөлүчү.

Үсөн Сыдыков бийликке Акаевдин ордуна Кыргызстанды тоноо үчүн келгенби?
Үсөн Сыдыков 24-марттагы революциядан кийин бийликке келген алгачкы эле жылдарында коррупциялык иш-аракеттерин баштайт. Буга каршы болгон революциялашы Роза Отунбаева "бул эмне кылганыңыз" деп сураса, Үсөн Сыдыков: "Акаевдер 14 жыл Кыргызстанды каалашынча жеп тоношту. Эми биз келдик, биз алсак болбойбу?" деп жооп бергенин учурунда гезиттер жазышкан эле. Көрсө, Үсөн Сыдыковдун 24-март революциясындагы башкы максаты Акаевди кетирип, Кыргызстанды гүлдөтүп, өнүктүрүш эмес, алар сыяктуу эле аны тоноп баюу болгон экен.

Бакиевден мурун Сыдыковдун үй-бүлөлүк бийлиги башталган
Бийликти тартып алгандан кийин баюу максатын Үсөн Сыдыков Бакиевдин учурунда колунан келишинче ишке ашырып жатты. Бакиевдин алгачкы жылдарында Бакиевдерден мурун Үсөн Сыдыковдун туугандары популярдуу боло баштаган. Баласы Бакыт Сыдыковду Тойгонбаев майкандаган майлуу жер аэропортко отургузуп, кудасы Салядин Айдаровду Акаевдин учурунда "кошелоктор" гана отуруучу бажыкананын башына алып келген. Күйөө баласы Нургазы Айдаров андан да "кара" иш менен алектенип, Афганистан-Кыргызстан-Батыш жолунда башкы фигура катары айтыла баштаган.

Акүйдүн конок тосор кожоюну
Арааны ачылган бул аталыктын жанында Бакиев бир бүжүрөгөн бечара болуучу. Үсөн Сыдыковдун дирижерлук кызматынын күчүн ушундан билиңиз ал кездеги башкы эки чоң бийликтин башында турган Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев менен президент Курманбек Бакиевдин айтылуу тирешинде ушул Үсөн Сыдыков башкы фигуранын ролун ойноп, Ак үйдөгү кеңешмеде Өмүрбек Текебаев чыгып кетмейин Курманбек Бакиев кеңешме залына кирбейт деп кадимки эле "Анипа чыкмайын бул үйгө Калипа кирбейт, экөө бир дасторконго отурбайт" дегендей колхозбайлык таарынычты Акүйгө чейин алып кирип, өзүн Акүйдүн кожоюну сезчү. Айтканындай эле залдан бир эшик менен Текебаев чыгып кетери менен Бакиев башка эшик менен залга кирип келген.

Кан төгүлүүгө жеткирген мүлк талаштар
Бакиевдин алгачкы башкаруу жылдарында Үсөн Сыдыковдун менчик мүлктү тартып алуу боюнча алдына киши салдырбаганы ар кандай мүлк талаш чырларында Үсөн Сыдыковдун кулагы көрүнүп турары жаңылык болбой калган. Бир эле мисал Баямандын Кара-Суу базарын талашууда Үсөн Сыдыковдун бандит балдары менен ажаан аялдарынан турган топ кандай аракет кылганы жалпыга маалым. Бул чырдын аягы акыры Баямандын өлүмү менен аяктады.

"Рысбекти спикер кылам" деген
Үсөн Сыдыковдун дагы бир чоң интригаларынын бири Рысбек Акматбаевге байланыштуу. Рысбек Акматбаевдин депутат болушуна кам көргөн Үсөн Сыдыков эгер Рысбек Акматбаев депутат болуп шайланса, аны спикер кылуу убадасын берген дешет. Ал үчүн Рысбек Акматбаевдин Куловду жоготушуна да жардам бермек болуптур. Өзү Кулов менен Акүйдө бирге отуруп алып, тигил жактан Рысбекке жардам берем дегени эки жүздүүлүктүн чеги эмей эмне? Анын мындай интригасы акыры Рысбектин башын алып тынды.

ОБОНдун автору
Кыргыз салтында, наркында жок аялдардын ажаан болуу трагедиясына да түздөн түз Үсөн Сыдыковдун тиешеси бар экени жашыруун эмес. Ыраматылык Дооронбек Садырбаев атын койгон ОБОН (озверелие бабы особого назначение) отяддары малекеттин ар кандай чыр чатактарында ОМОНдордон ашык кызмат өтөгөнү, бул бара-бара илдетке айланып, адегенде түштүктүн аялдары деген гана түшүнүк менен кирген ОБОН отряддары түндүккө да ылаңдай жайылып, ОБОН отряддарынын Ысык-Көлдө жумуртка менен куралданган түрлөрү чыккан. Эзелтен Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Томирис, Курманжан даткадай даңазалуу аялзаттары менен даңкталган кыргыз элине бул ажаан аялдар оңбогондой бетке чиркөө жорукту баштап кетишти. Аялдын этегине жашынган өнөрдү баштап кеткен Үсөн Сыдыковду башка кечирсе да кыргыздын тарыхы кечирбейт.

Кайтып келүү максаты
Көрдүңзбү, окурман. Бул кылыктар Үсөн Сыдыковдун бизге белгилүү болгон жоруктарынын чети гана. Ал эми ортосунан Кудай сактасын. Ушундай ылайга баткан киши анан Кыргызстанга келип таптаза кишидей отуруп калышы мүмкүнбү. А чындыгында Үсөн Сыдыковдун кайтып келишинин максаты коомдук ишмер деп сыртынан шөкөттөлгөнү менен ичинде башка экен. Революциядан кийинки тополоңдо Бакиев, Данияр Үсөновдор сыяктуу эле Үсөн Сыдыковдун да бир топ мүлктөрү чачылып, кашары, мал-салы тонолуп кеткен имиш. Ошолордун калган катканын шыпырып тазалап, өлүү дүйнөсүнүн көйгөйү менен келатат дешет. Анан да чет өлкөдө качып жүргөн кээ бир чиновниктерибиз да менин дагы чүпүрөк-чапырактарымды ала кел дегендей аманат кылышкан экен. Эми Үсөн Сыдыков Кыргызстанды жеп ичкендердин чүпүрөк-сапырактарын (дүйнө-мүлкүн, фирмаларын, магазиндерин, кашарларын) көчө шыпыргычка окшоп чогулта баштайт окшойт.

Жума МАМБЕТОВ




Саясатчынын жүзү…
Мамлекетте баш аламан болгону, кээ бир атуулдарыбызга жага бербей, чырагына май тамып, дагы баш аламан болсо деген ниетте, тымызын үйүндө жатып алып, ар кандай спектаклдерди коё коюп, жыйынтыгын күтүп жаткандарды четинен табасың.
Алардын катарына элге, жерге батпаган мурунку президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковду алсак болот. Үсөн Сыдыков мурдатан эле эки оюнду ойноп, кимиси күчтүрөөк болсо, ошого ыктап кетмей амалы күчтүү айлакер саясатчылардын катарына кирчү. Бүгүнкү күндө Аламедин районундагы Кашка-Суу айылында жайгашкан дачасына жатып алып, аксакалдарды өзүнчө, жаштарды өзүнчө чакырып алып, өзүнүн саясатын жүргүзүп жатканын угуп калдык. Аны менен эле тим болбостон, убактылуу бийликтин курамындагы Исмаил Исаков менен Азимбек Бекназаровдун телефонун тешип жатат деп угуп калдык.
Учурда, бийлик алмашып, И.Исаков коргоо министрлик кызматка келгени, телефон чалып, партиялаш боло баштаптыр. Сыдыковго кызмат же жакындан жардам берем туфлийимди жала десе уялбай эле жата калып жалап деле коёру аны жакындан билгендерге белгилүү. Бул адам канчалаган адамды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, акырында билмексенге салып ийнин куушуруп басып кеткендигин Кыргызстандын 90% эли жакшы билет болушу керек. Ушуга байланыштуу бул кишинин бир кездеги партиялашы катары өзүм күбө болгон айрым жоруктары жөнүндө айтып коюуну туура көрдүм.
2009-жылдын башында Исмаил Исаков мамлекеттин коопсуздук комитетинин катчысы болуп иштеп турганда Токтогул районуна барып, ГЭСтеги суунун тартыштыгы жана электр энергиясындагы көйгөй кайдан келип чыккандыгы, Ноокат окуясында бийлик тараптан акылга сыйбаган мыйзамсыздыктарга жол берилгендигин иликтеп келип, коопсуздук кеңешинде доклад кылат. Албетте, жеген жеминен ким эле айрылгысы келсин. К.Бакиев коопсуздук кеңешинин катчысы И.Исаковдун бул иштерге аралашпай өз ишиңди кыл дегендей сын-пикирин айтат.
Тескерисинче, бул иш коопсуздук кеңешинин түздөн-түз иши экендигин айтып, жыйынды таштап чыгып кетет. Ошол мезгилде, Үсөн Сыдыков И.Исаковго келип, туура эмес иш кылгандыгын, андай нерселерге көздү жуумп, президенттен кечирим суроону талап кылат.
Мына ушул мезгилде, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилованы качкын президенттин кичүү уулу Максим телефон аркылуу коркутуп-үркүткөндө ал арызын жазып, атайын барып Исаков менен жолугуп, баарын айтып берет.
Мындай ыплас адамдар менен узакка иштей албасына көзү жеткен Исмаил Исаков арызын жазып, кызматтан кетип калат.
Мүмкүнчүлүктү колдон келишинче пайдалангасы келген "серый кординал" Бакиевге барып, Исаковду чөгөлөтүп андан кечирим суратам деп сөз берет. Ошол эле мезгилде, генералга барып, "сен мындан кийин оппозициядагылар менен иш алып барсаң жакшы болот эле. Бакиев менен иштөөгө такыр эле болбой калды", деп Бакиевдин мыйзамсыз иштерди кылып жатканын айтып, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын курултайын өткөрө коюп, аны партиянын башкы катчылыгына(генсекке) шайлайт.
Исмаил Исаков Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясаты туура эместигин, мамлекетти бир туугандары, балдары менен саналуу адамдар гана башкарып жаткандыгын гезиттерге берип, журналисттер менен пресс-конференцияларды өткөрдү.
Генералдын мындай кадамынан коркуп кеткен Үсөн Сыдыков үкасы менен сүйлөшүп алып, партиялаштарына жыйын куруп, "бул партия менин партиям, керек болсо силер дагы меникисиңер. Бардыгы мен каалагандай болот. Кааласаңар иштегиле, каалабагандарга эшик тигине" деп күпүлдөп, баягы "белый пущистый" болгон Сыдыков чакчырылып, Исаковго кыр көрсөтө баштайт. Себеби, ушундай мезгилди гана күтүп турган Үсөке "сен мен айтканды кылбасаң мен дагы кошулуп кетем" - деп коркутуп, 7-микрорайондон "Бета сторес" компаниясына жер бөлдүрүп алганга жана "Манас" Эл аралык аэропортунда иштеп жаткан баласынын ордун сактап калууга жетишип, генералдын ордуна "серый сержант" Адахан Мадумаровду алып келүүнү сүйлөшөт дагы, ал үкасынан жеген жемди актоо үчүн Исмаил Исаковду партиядан кетирүүгө жан далбастай баштайт.
Жыйында, партия жеке менчик эмес, ал элдики экендигин жана Сыдыковдун партиясы "Агрардык жана эмгек" партиясы экендигин, бул партияны Досбол Нур уулу экөө түзгөнүн И.Исаков айтып, жыйында катуу айтышып кетишет. Исмаил генерал кечиримдүү болгондуктан, ошол жерден Сыдыковго каршы чыккан партиялаштарына өзүнүн акыл-насаатын айтып, токтотот.
Ал эми, Сыдыков бул мезгилде өзүнө жакын адамдарды чогултуп, "Акипресс" маалымат агенттигине "партиянын көздөгөн максатына көз караштары туура келбеген жана партияны жамынып, туура эмес саясат жүргүзгөн адамдар партиялык тизмеден чыгарылат"-деген маалыматты берет.
Көп өтпөй 2009-жылдын 3-майында Ош шаарына түштүк регионундагы Сыдыковдун менчик партиясынын 11-курултайы өтөт.
Курултайга келген партиянын мүчөлөрү "Исмаил Исаковду эмнеге партиядан чыгарып жатасыңар. Эмне үчүн сиз Бакиевде, ал оппозицияда" деген суроолоруна Исмаил Исаков партияны жамынып алып, Бакиевге каршы иштеп жатканын айтат. Ошондо алайлыктар: "Чындык үчүн өлүмгө тике караган генералды сиз айыл өкмөтүнүн башчылыгына арзыбаган Бакиев менен алмаштырганыңызга жол болсун. Сиздей болгон эки жүздүү бийликтин кулдары менен биз партиялаш болбойбуз. Партиядан бизди чийип кой"-деп курултайды таштап чыгып кетишет.
Мындайды күтпөгөн "серый кординал" кара көк болуп, "мен айттым генералга Бакиевден кечирим сура, мен сага чегара кызматын алып берейин десем болбойт. Мен эмне Бакиевди бийликке алып келип алып, кетип калмак белем, кетсе генерал кетет. Мындайлар болуп келген боло берет"-деп буркулдады.
8-майда Бишкекте болгон партиянын курултайында Исаковду партиядан чыгарганын, ага кошуп, Баткен, Чүй областарынын кординаторлорун Исаков менен байланышы бар деп партиядан чыгарат.
Жыйынтыгында, партия экиге бөлүнүп, "Серый кардиналдын" жанында өзүнө окшогон 1000 ге жакын адамдар калбаса, калгандары И.Исаков кеткенден кийин партиядан акырын чыгып кетишкен.
Адилет Өмүркулов,
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын экс-мүчөсү




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Кечээ Бакиевдин өзүн кууп чыккан Ош эли эртең бакиевчилерди да кубалайт
2-бет
"Акыйкат үчүн" кыймылынан "Акыйкат" партиясына
3-бет
Улуттук символикалар сыры
4-бет
Аргасыз алыста жүргөн азаматыбызга бут тоспойлу
5-бет
Политика
6-бет
Бакиевден мурун Сыдыковдун үй-бүлөлүк бийлиги башталган
7-бет
ИИМ Академиясынын начальниги Алмаз Базарбаев:
"Түз жүргөн адам милицияны жаман көрбөйт"

8-бет
Революция и проблемы безопасности
9-бет
Мирбек Иманбеков:
Көңүл калуу көп болот
- Биринчи жолу адамдан көңүлүң калганы эсиңде барбы?

10-бет
Талант Давлетбаев:
"Жарым саат кечиккенде мен дагы
Ата-Бейитке коюлмак экенмин"

11-бет
"Кресло, талашкандан көрө чегараны ачышсын"
12-бет
Беш бармакта: беш саясатчы
13-бет
Мы требуем СПРАВЕДЛИВОСТИ
14-бет
Адабият
15-бет
КАЙРЫЛУУ - СУНУШ
16-бет
Маанай





Яндекс.Метрика