Кыргыз гезиттер архиви

  Аян

Улуттук символикалар сыры
Кыргыз-элинин оор абалдан чыгуунун жана кыргыз мамлекетинин келечекте түбөлүктүү, ар тараптан өсүп-өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарына жетүү үчүн эң негизги аракеттердин бирин мамлекетибиздин башкы булагыбыз, жүзүбүз болгон "Желек", "Герб", "Гимн" үч символикабызды алмаштыруу бүгүнкү кырдаалда зарыл деп эсептейм. Жашоонун агымы эң негизги үч нерседен, мисалы: материяда Күн, Жер , Айсыз жерде жашоо болбойт. Аба-суу-азыксыз адам затта жашоо болбойт. Желек, Герб, Гимнсиз баласыз үй-бүлө болбогон сыяктуу. Биз өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонубузга - 20 жыл болсо да, өз дээңгелибизге карата өсүп-өнүгүп кете албай турганыбызга ушул символдордун түздөн-түз таасири бар деп эсептейм.

"Алладан эмнени сурасан,
Алла берерин унутпайт" - дейт. Жерге эмнени сепсең - ошону аласын дегендей. Менин желекке болгон көз карашым бардык жан-жаныбарга, болгон жанга жашоо берген күндүн бетин, түндүк деген түшүнүк менен кайгы кылып, бизге жашоонун кереги жок дегендей жаап салганбыз. Четиндеги нурлар "Нур"- дун образын бербей эле, жалынды туюндурат. Себеби нур түз түшөт. Демек, түндүгү күйүп жаткан мамлекетти түшүндүрөт.
Башыбыздан кечирип жаткан окуяларга, эгемендүүлүктү алгандан бери, шайлап алган ажоолорубуздун түндүгү күйүп, түндүксүз чет мамлекеттерге качып кеткендери бекеринен болбосо керек. Дүйнөлүк эксперттер акыркы 50- жылда жок болчу мамлекеттерге Кыргызстанды киргизип коюшкандары да байланыштуу. Кыргыз эли азыр эки жолу инфаркт алган адамдай. Үчүнчү жолу мындан да оор болорун бардык кыргыз эли акылы менен туюп, жүрөгү менен сезип турган учуру.

"Кемчиликсиз адам болбойт,
Үмүтсүз жан болбойт" - дегендей, кетирген кемчиликтерибизди моюнга алып, тазалап жаңылануубуз зарыл. Күндүн бетин бир түндүктүн ээлеп турганы, Кыргызстанда жашоонун, бийликтин, байлыктын бир үй-бүлөлүк башкарууга өтүүсүнүн себеби да ушундан чыгар.

Экинчи символубуз Герб - алсак.
"Башкы көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат" - дегендей, куштун буттары жерде конуп турганында. Куш бийик учуп жана бийик аскалардын чокусуна конот. Куш бул адамдын, кыргыз элинин образын берет. Эки канаты менен тоону көтөрүп тургандай - демек кыргыз эли эки колу менен тоодой жүктү көтөрүп келе жаткандай түшүнүктү берет. Даныбыз образдын четинде калгандыгы ж.б.
Үчүнчү символикабыз Гимн акыркы кездерде эл арасында көп талаш-тартышты жаратууда. Кыргыз элинин эң байыркы элдерден экенин дүйнө жүзү таанып билип турган заманда, өз тилибизге маани бербей кайдыгерлик мамиле менен төмөндөгүдөй саптарды жаратканыбызды келечекте урпактарыбыз кечирбейт деп ойлойм.
Байыртадан бүткөн кыргыз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине - деген саптардагы "Досторуна даяр дилин берүүгө" дегендин ордуна жардам десе деле болмок. Ар бир мамлекет өз эгемендүүлүгүн сактайм десе улуттук тилин, дилин, салт-санаасын, маданиятын өзүндө ыйык сактоо деп ойлойм. Адамдар арасында эмес канаттуулар, жан-жаныбарлар деги эле бардык жаратылыштагы кубулуштар өздөрүнүн тилин, туусун, формасын өзгөртпөгөнүн кылымдардан кылымга сакталып келе жатканын сабак ал деп Алланын жаратканы чыгар.
Тил жарасы жан бузат,
Ок жарасы ден бузат - деп ата-бабаларыбыз бекеринен эскерткен эмес чыгар.
Азыркы убакта башка улуттардан өзгөчө өз атасын "папа" деп сүйлөп, өз апасына "мама" деп малча маараган азыркы замандын киргиздери четинен чыгат. " Бейкуттукту алып келет кыргыз элине - деген сапта - "Бейкут" кутсуз - деген түшүнүк.
Мисалы: Бейиш - ишсиз,
Беймаал - маалсыз,
Бейжай - жайсыз,
Бейкапар - капарсыз,
Бейкүнөө - күнөөсүз ж.б.
Толгон - токой кыргыз тилин жокко чыгарабызбы?
Бейкуттукту - деген сөздү Кут - ырыcкы - деп алмаштырса деле болмок . Айлана чөйрөсүнө жараша сүйлөп калган инсандын катарын оңдоо, түстөө бүгүнкү өнүккөн замандын талабы. Демек эң башкы жүзүбүз болгон "Желек", "Герб", "Гимн" - ушул абалда турганда - биз адамдардан, ажоолордон эмнени күтө алабыз? Ким айта алат кийинки ажо бул жолго түшпөйт деп?
Балык - башынан сасыйт дегендей адамзаты өзүбүз биринчи Алладан жакшы, бийик, түз жолду сурап алышыбыз керек. Алла - таалам кыргыз элине бейиштин төрүндөй болгон жерди, дүйнөдө көлөмү жагынан эч бир эпос тең келбеген Манас эпосубуз турганда эмне үчүн жогоркудай түшүнүк берген күчтөрдү символ кылышыбыз керек. Бүгүнкү күнгө кыргыз элинин түбөлүктүүлүгүн, байыркы элдерден экенин даңазалаган патриоттугун эске алган менин көз карашымдагы желек.
Желектин негизги өңү көк болгону байыртадан кыргыз эли көккө сыйынып, "Көкө Теңир" - деп келген. Көк бул түбөлүктүүлүк, чексиздик, бардык жаратканды кармап турган ( күндү, айды, жерди, жылдыздарды, планеталарды ж.б.) энергия. Манас атабыз жоого аттанганда "Көкө Теңирим колдо" - деп аттанган. Тоонун бийиктиги көк, суунун тереңдиги көк, асмандын чексиздиги көк ж.б.


Көккө түшүрүлгөн белги - бул кыргыз - азык - тамгасы. Кыргыз элинин эл тамгасы ушул тамгалар аркылуу кыргыз эли эң алгачкы мамлекет болгондугу, кыргыз жалпы адамзаттык цивилизациянын кенчтерине бай экендигин илимдин негизинде дүйнөлүк окумуштуулар В.В.Бартольд, Родлов, Аристов, Малов ж.б. изилдеп келген.
Бул символду философиялык жактан талдап көрсөк.
Ааламдан түшкөн "нур", "кут", "азык", "ырыскы" ж.б. түшүнүк берет.
Демек, кыргыз элинин жерде адам заты пайда болгондон бери келе жаткан тарыхы бар экенин далилдейт.
Аалам - Манастын музыкасы деп окумуштуулар аныктама берген.
Айың - менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй - деп Манасты сүрөттөөдө - кыргыз элинин жан дүйнөсү, руху, ааламдан түшкөн "нур" - экенин туюнтат.
Эзелтеден эң касиеттүү, ыйманы ыйык, жаны Алладан бүткөн кыргыз элине эч арамдыкка жол жок экенин билдирет.
Демек, бул символ азык - тамга аркылуу Манас - бабабыздын элесин, патриоттуулугун, улуулугун, көркөмдүү, көлөм жагынан чексиздигин, кыргыз элинин тарыхынын тамырынын тереңдигин руханий күчүн, энергиясын, ааламдан түшкөн нур, кут, ырыскы, билим түбөлүктүүлүктү алабыз.
Ааламда сансыз жылдыздардын ичинен 20 жылдыз эң жарык жылдызга кирет.
Кыргыз элинин картасындагы 7 област бекеринен болуп турган жок.
Аалам - Манастын музыкасы - революцияга чейин Ч. Валиханов, Радлов, Алмаши деген окумуштуулар аныктап кеткен.
Манас эпосу - кыргыз элинин тарыхын гана эмес анын турмушун, жашоо тиричилигинин түрдүү жагын, этникалык курамын, чарбасын, күндөлүк тиричилигин, адамдын оң - терс сапаттарын, айлана-чөйрөгө, жаратылышка болгон көз карашын, диндик түшүнүгүн астрономиялык, географиялык ж.б. тилин кеңири чагылдырган эпос.
Үч сөздүн аныктыгын бир тамгадан турганынан түшүнсөк болот. Манасыбызды, желегибизди коргоп, сактап калышыбыз ар бир кыргыз элинин милдети.
Кыргыз элинин идеологиясы катары өсүп-өнүгүүбүз зарыл.
1. Эл - журттун ажырагыс ички биримдиги жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги.
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.
3. Улуттук ар - намыс жана атуулдук ар - намыс.
4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр, билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулуу.
5. Гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк.
6. Табигат менен таттуу мамиледе болуу.
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана көздүн карегиндей сактоо.
Улуу жети атабыздын осуятын ыйык сактап, батасын алуу.
"Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт".
Ааламдан жети атабыздын батасын алып турган образ.
"Өлүү - тойбой, тирүү тойбойт".
"Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок бак болбойт".
"Тамыры жок бак болбойт, даны жок - өсүмдүк өспөйт".ж.б.
Кыргыз ата-бабабыздын накыл сөздөрүн ыйык тутсак. Тарыхыбызды терең билип, сыйлап, баалай билсек.
Бактын тамырын азыктандыргандай, тарыхыбызды азыктандырып аяр мамиле жасасак - кыргыз эли өсүп - өнүгөт деп терең ишенем.
Гүлжамал Расылканова