Кыргыз гезиттер архиви

"Акыйкат үчүн" кыймылынан "Акыйкат" партиясына
Бир кезде чачылып кеткен оппозициянын башын кошуп чоң күчкө айландырган Аликбек Жекшенкулов кайрадан чоң саясий күчкө айлануу үчүн сапарга чыкты. Мурдагы "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери азыр "Акыйкат" аттуу партия ачып, акыйкат үчүн күрөшкөн мекенчил уул-кыздарды топтоодо.
"Биз - Кыргызстандын мекенчилдерибиз. Биз Кыргызстандын бирдиктүү элин түзгөн ар улуттун, аймактын жана кесиптин өкүлдөрүбүз. Биз үчүн мекенчилдик - бул жаңы прогрессивдүү коом менен мамлекетти жаратуу жана аны куруу. Республикабыздын жарандарынын жаркын жашоосу үчүн сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө эмгектенүү. Биздин көз караш - "кооз" сөздөрдүн эмес, иштин мекенчилдиги",- дешет "акыйкатчылар".

Мелис Турганбаев ИИМдин орун басары болуп дайындалды
Мурунку ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев "Азаттыкка" Мелис Турганбаевди министрликте убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев келип тааныштырганын билдирди. Анын айтымында, М. Турганбаевге алдыдагы референдум жана шайлоолорго чейин өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу милдети коюлду. М. Турганбаев буга чейин да ИИМдин орун басары болуп иштеген. Ө. Суваналиев, М. Турганбаевдин коомдук башталышта жардамчысы болуп иштей баштаганын билдирди. Мындан мурдараак Суваналиев убактылуу өкмөттү сындап келгенин, бирок мыйзамдуулуктун жана стабилдүүлүктүн бузулушуна жол бербей турганын, азыркы бийликте тургандарды колдоп, тартип орнотууга көмөктөшөрүн айтып билдирүү жасаган.

Кыргыз-казак чегарасы ачыла элек
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Өткөн жумада Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Темир Сариев 11-майда чек ара ачыларын билдирген. Казакстан менен чектешкен чек арада жайгашкан "Ак жол" бекетинде 300дөн ашуун адам чек арадан өтө албай, бул маселени чечпеген Убактылуу өкмөткө нааразы болушууда. Убактылуу өкмөт болсо кыргыз-казак чек арасын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришүүдө. "Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдырасулованын айтымында, чек ара дале болсо жабык, чектөөлөр мурдагы бойдон сакталууда. Казак тарап 11-майда чек ара ачылат деген кыргыз бийлигинин гана сөзү экенин, ачуу боюнча аларга маалымат түшпөгөнүн айтышкан. Убактылуу өкмөттүн каржы жагын тейлеген орун басары Темир Сариев 8-майда маалымат жыйын өткөрүп, 11-майда кыргыз-казак чек арасы ачыларын кабарлаган болчу.

Декретти аткаруу - Академиянын милдети
"Кыргыз руху" газетасына (30.04.2010) "Азыр академияда шайлоо өткөрчү учурбу?" деген темада Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлөрү М.Кидибаев жана С.Мусаевдин макаласы жарык көрдү. Макаланын авторлору Улуттук илимдер академиясында жакында боло турган академиктер менен корреспондент-мүчөлөрдү шайлоону жана Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууну токтотууну сунуш кылышат да, Уставдын жана жобонун негизинде иштеп жаткан академиянын президенти, академик Ш.Ж.Жоробекованы сындоого аракеттенишет.
Убактылуу Өкмөт өзүнүн чыгарган биринчи декретинде эле республиканын масштабында ар бир мекеме өз алдында турган милдеттерди, иш-чараларды жоопкерчилик менен токтолбостон иш жүзүнө ашыра берүүсүн баса белгилеп, активдүү болууга чакырган эле. Ар бир мекеме бул иштерди аткарбаса, тескерисинче ишке тоскоол, жолтоо болуп, ишти үзгүлтүккө учуратуу катары таанылсын деген ойду билдиришкен.
Убактылуу Өкмөттүн декретинин жана академиянын Уставынын негизинде академиянын президенти Ш.Жоробекова илимий мекеменин ишин ырааттуу, үзгүлтүксүз алып барып жатат. Академиктерди, корреспондент-мүчөлөрдү шайлоону үзгүлтүккө учуратпай өткөрүүгө Убактылуу Өкмөт официалдуу түрдө уруксат берип жатса - президент Ш.Жоробекованын аткарышы мыйзам ченемдүү эмеспи. Убактылуу Өкмөттүн чечимин аткаруу - академиянын жоопкерчилигин көрсөтөт.
Ал эми шайлоого жана мамлекеттик сыйлыкка катышкан талапкерлер бир макаланын негизинде өздөрүнүн талапкерлигин алып коё албайт жана бир макаланын автору же топтун өкүлдөрү шайлоого жана сыйлык ыйгарууга тоскоол боло албайт.

КР Улуттук илимдер Академиясынын
басма сөз кызматы




"Бюджеттен К.Бакиевге самолет алганга 204 млн. сом бөлүнгөн экен"
2010-жылдын бюджетинде 204 млн. сом президент Курманбек Бакиевге самолет алганга бөлүнгөн, деп маалымдайт каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев. Анын айтуусуна караганда ошол акча толугу менен кайра мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.





Максим Бакиевге Интерпол дагы издөө салды
Качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевге эл аралык издөө салынды. Интерполдун расмий сайтында Максим Бакиевге издөө салгандыгын тастыктаган атайын бет ачылды. Ал жерде Максимдин сүрөтү, туулган жери тууралуу маалыматтар берилген. М. Бакиев убагында Кыргызстандын бүтүндөй финансылык секторун өз колуна алып, сырттан келген гранттарды каалагандай бөлүштүрүп, ири көлөмдөгү финансылык махинацияларды жасады деген айыптар тагылууда. Ушул тапта Максимди Латвияда жашырынып жатат деген кептер коом ичин аралап жүрөт. 7-апрелдин алдында М.Бакиевге тиешеси бар делген "АзияУниверсалБанк", "Манас" банктары аркылуу 200 миллион доллардан ашуун каражатты өлкөдөн чыгарып кетишкен.




7-апрелде курман болгон 7 адам "Айкөл Манас" медалы менен сыйланды
6-7-апрелде Ак үй алдындагы кагылышууда курман болгон жети адамга Элдик революцияда кыргыз элинин жаркын келечегин коргоп, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Коомдук Манас академиясы "Айкөл Манас" медалы менен сыйлады. Алар: Саламатбек Ашыралиев, Жылдызбек Огонбаев, Күмүшбек Сейдасанов, Эмил Айылчиев, Урмат Базарбеков, Дастан Үсөн уулу жана Бекболсун Сатыбалдиев. Аталган маркумдардын жакындарына сыйлыктар 6-майда тапшырылган.

"Рухпресс"




Белорус Республикасынын президенти, анын атын атагым жок. Ал:
- Кыргыз жергесинде ала турган эч нерсеси жок, Бакиев эмнесин уурдайт эле деген сөзүнө.

Сүйлөгүн же сөзгө келгин, билип сен,
Сөз айтасың кыргызымды күйүккөн.
Адам сымал бир канкордун айынан,
Кыргыз ана, бир абалда жиниккен.

Ак орус деп кыргыз атайт элиңди,
Акка баалап, акка арнап сезимди.
Бирок элде дагы сендей бар белем,
Эл баш имиш аңдап сүйлө кебиңди!

Кечиргиң деп, кетирдим деп кебиңди ал,
Кежир сөзгө кейий турган жөнүм бар.
Теңир-Тоону кыргыз атам мекендеп,
Турганы чын турак кылып көңүл шар.

Турак бекем аны менен мен баймын,
Ал жагынан болбойт дагы бир кайгым.
Ала турган учук да жок дептирсиң,
Болсо керек, бар максатың "булгаймын".

Арам ойго акыл калчап жатамын,
Атыңды да келбей турат атагым.
Айтканыңа акылы бар ишенбес,
Билген билээр бул сөзүңдүн чатагын.

Уурдабаса, жеп-ичпесе Бакиев,
Жүрөт беле капталыңда жашынып.
Конок эмес кокуй болду ойлосоң,
Эки көзү төрт көз болду акыйып.

Да акыйаар, акыйчу күн алдыда,
Мейлиң акый, бут кучакта жалдыра.
Кылган жорук эч кечиргис, эч качан,
Канча ый-муң алып келди калкына?

Жете сормок экенсиң го түгүнө,
Байлык жетти Бакиевдин түбүнө.
Бул чындыкты көрүп турат бүт кыргыз,
Ала-Тоо да карап турат тигине!!!

Элдин каары, элдин ыйы, ок болот,
Көр эле эмес, акыр түбү жок болот.
Бу да болсо сенден калган бир сабак,
Абийир калчап жакшыларды жоктомок.

Тенти Орокчиев