Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Маанай

Айко:
"Жаштын тилегин берет"
Башат
Үй - бүлөдө эки бир тууганбыз. Улуу байкем учурда студент. Атам менен апам эртеден кечке жумушта болушкандыктан кичинемден өз алдымча болууга көнүгүп чоңойдум. Ата - энем мектептен келгенден кийин үйдө бош отурбасын деп хеореографияга беришкен. Кийинчерек вокалга бара баштадым. Атам жаш кезинде кайсы бир ансамблде комуз чертчү экен. Кээде үйдө комуз чертип, аккардеон ойноп ырдап калат. Балким, менин ыр жандуулугумдун учугу атамда жаткандыр. Айтор, чыгармачыл чөйрөгө болгон кызыгуум ойгонду.
Жандүйнө азыгы
5- класста окуп жүргөн кезимде "Айчүрөк" эстрада театры кастинг жарыялаганын угуп, мүмкүнчүлүктөрүмдү сынап көрүү максатында катышкан элем. Менде атактуулукка болгон умтулуу, эңсөө болгон эмес. Азыр деле сахнанын босогосун аттап, ыр дүйнөсүнө боор тарта баштаган кезимде дагы белгилүү болоюн деп умтулбайм. Мен үчүн эң негизгиси көкүрөгүмдөгүнү сыртка чыгара ырдап, жандүйнөмө азык алуу болуп саналат.
Клип
Учурда репертуарымда беш ыр бар. Айчүрөк эже бир кездерде ырдап, элдин колдоосуна, сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырларды кайрадан мен ырдап баштадым. Буйруса ырлардын бирөөсүнө клип тартабыз деп турабыз.
Керемет сахна
Кичинемден бош убактым болбой эмгектенип көнгөнгөбү үйдө тынч отура албайм. Каникул убагында бекерчиликтен тез эле тажап кетем. Сахнага чыккандан бери көпкө чейин концерттерге катышпай калсам кадимкидей сагынып калам. Сахнанын бир келген адамды өзүнө байлаган ыйыктыгын, кереметин эми түшүндүм. Мен театрдан бир гана ырдоо техникасын гана эмес, инсандык тарбия, адам менен мамиле түзүү, пикир алышуунун да жол - жоболорун үйрөндүм. Айчүрөк эже эркелеткенди жакшы көрөт, көп эркелетет, бирок ошол эле учурда туура эмес кадамың үчүн урушуп да коет. Адам катары, эне катары мээрим төгүп, тарбия берип, билбегенимди билдиргиси келгени үчүн урушуп атканын сезем. Ошон үчүн таарынбайм, айтканын туура кабыл алганга аракет кылам. Болбосо, бирөөнүн урушун жакшы көтөрө албайт болчумун.
Жакшылыкка жакшылык
Мен жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтара алам деп ойлойм. Ата - энемдин насааты, тарбиясы да ушул багытта. Айчүрөк эженин бүгүнкү мага жасаган эмгегин кайсы бир күнү актап бере алам деп ойлойм.
Сүйүү
Ырларымдын баары сүйүү жөнүндө. Сүйүүгө курагым жете электигин билем, бирок сүйүү жөнүндө ырдап атам. Бир ырды ырдап чыгуумду Айчүрөк эже болуп чогуу отуруп, ойлонуштуруп, анан чечебиз. Чынын айтсам, жигиттерге көңүл бөлүп, алар тууралуу кыялданууга убактым артпайт деле. Курбу кыздарым менен чогулушуп калганыбызда негизги темабыз жигиттер эмес, күндөлүк жаңылыктарыбыз болот.
Мектеп
Сыртымдан көп сүйлөбөгөн, бой көтөргөн кыздай көрүнсөм керек. Көпчүлүгү ушинтип айтып калышат. Сүйлөшө келишкенде жөнөкөй кыз экенимди баалашат. Мектепте мугалимдерим жакшы эле колдоо көрсөтүшөт. Концертке алаксып сабактан калып кеткенимде да жаап - жашырып, темага жетишип кетишиме жардам берип турушат. Биздин мектепте ырчылар көп, Иса Өмүркулов да мен окуган мектепте окуйт, андыктан мектептештерим бизди сахнадан көрүүгө көнүшкөн, мектепте кадимки бир окуучумун.
Чыгармачылык менен билим
Мектеп менен чыгармачылыгымдын аралыгын бири бирине зыянын тийгизбегендей койгонго аракеттенем. Театрдагы билим алуум мектепке тоскоолун деле тийгизбейт. Эртең менен мектепке барсам, түштөн кийин театрда болом. Бирок концерт боло турган күндөрү эртеден кечке кийип чыкчу костюмдарымды даярдап, үнүмдү, өзүмдү калыпка келтирүүгө туура келет. Ал эми алыскы аймактарга гастролго чыга элекпиз, жакын арада каникул учурунда жетишебиз. Ушул жылы Кыргызстанды түрө кыдырып концерт берсекпи деп турабыз, бул деле үч айлык каникулда болсо керек.
Сүр
Чоң сахнага "Махабат" аттуу ыр менен 5-классымда чыктым. Билбейм эмнеге, толгон эл карек кадап отурган сахнада ырдоодон сүрдөбөйм, а төрт - беш кишинин ортосунда ырдай албай калам. Үйдө туугандарыбыз болуп жакшылыктарда отурганда "ырдап койчу" дешсе сүрдөп, толкунданып баштайм.
Ырчылык жашоонун көмүскө сыры
Чындыгында ырчылык жашоо жеңил эмес экен. Мен муну эмитен эле сезе баштадым. Акырындык менен тепкичтен тепкичке бут коюп келатпаймынбы, кээде концерт, концерттен соң сьемка, кайра концерт болуп отуруп, эки сутка уктабай калган күндөрүм болду. Үйгө баргандан соң жалгыз кыз болгондуктан апама жардам берип, жумушунан келгиче үй жыйнап, тамак даярдап коюуга туура келет. Ошон үчүн чыгармачылык менен үй - бүлөнү бирдей алып бараткан аялзат ырчыларга урматым чоң.
Кесип
Жактырган кесибим психолог. Ар бир адам өзгөчөлүү мүнөзкө ээ эмеспи, бири бирине окшобогон жандүйнөлөрдү изилдегим келет. Бирок ырдоону таштай албасам керек, чыгармачылык менен эриш - аркак башка кесипти аркаласаң деле болот да.
Мүнөз
Мүнөзүм чыдамкай. Ырчыларга бул эң керектүү сапат экен. Ноорузга карата Ала - Тоо аянтында ачык асман алдында коюлган концертте байкадым. Жука барпыраган көйнөгүмдү кийип, өз кезегимди күтүп тургам. Күн катуу суук болбодубу. Титиреп тоңуп калдым. Бир кезде алып баруучу эже үшүп калганымды байкап кезегимден алдыга өткөрүп жиберди.
Тыюу
Айчүрөк эже мага балмуздак, жер жаңгак жегенге, газдалган суусундуктарды ичүүгө тыюу салган. Бирок балмуздак жакшы көргөндүктөн кээде көрсөтпөй жеп коем.
Кыял
Кыялдарым, максат - тилегим көп. Менин азыркы курагым тилек менен кыялдын убагы эмеспи. Саякаттоону жакшы көрөм, дүйнөнүн көп кооз бөлүгүн аралап чыгуу тилегим. Анан өзгөчөлүү клип тарттырсам дейм. Машина айдоону акыркы убактарда самай баштадым. Бурул деген курбу кызым бар, минтип кыялдана берет: "Он сегиз жашка чыкканыбыздан кийин сен машина ал, мен үй алайын. Сенин машинаң менен барчу жерибизге барып - келип, менин үйүмдө чогуу жашай беребиз", деп. Албетте, бул балалык кыял экенин билем. Бирок жаштын тилегин берет дешет эмеспи.
Гүлмайрам Турусбекова




"Албеттеңди" азайтчы айланайын Максат!..
ЭлТР каналынын "60 мүнөт" көрсөтүүсү бар эмеспи. Ош менен Бишкектин ортосуна көпүрө болчу кейиптенген программа. Оштон Максат деген жигит алып баруучу болот. Фамилиясы жаңылбасам Давранов болсо керек. Бу ЭлТРде "албетте" бекерби, бир эле Максат эмес, бардык алып баруучулары кези келсе да, келбесе да "албетте" дегенден ооздору бошобойт. А Максат бардыгын басып өтүп алдыда баратат, ушул сөздү тез - тез кайталоо жагынан. "Бул албетте, Бишкек командасы болду!", "Албетте, Бишкек командасы жакшы жооп берди", "Албетте, биздин команда деле алардан калышпайт", "Албетте, бүгүн Ошто күн жылуу", "Албетте, менин жана Кенже эженин колундагы баракчалардын бирөөн Бишкек студиясында отургандар тандап алуулары керек", албетте... албетте... албетте... Максат менен ким чогуу алып барып атса, ал дагы он - он беш мүнөттөн кийин "албеттелеп" баштайт. "Сыныктан башканын баары жугуштуу" деген ушул да. Бир ирет 60 мүнөттө канча жолу албетте дээр экен деп санап көрдүм, бирок 56га келгенде чыдамым түгөнүп калды. Көрсөтүүнүн атын "60 мүнөт" эмей эле, "60 мүнөттүк албетте" деп оңдоп коюшса да болчудай. Бу Максат кайсы мектепти, кайсы тилчи мугалимдин көмөгү менен аяктады экен. Тилчи мугалими албетте дегендин маанисин, кайсы сөздөргө колдонулаарын түшүндүрүп берген эмес го. Болбосо Кудай уруп, "Албетте, окурмандар камынып атышат, албетте Бишкек студиясы да албетте даяр деген ойдобуз", "Албетте, бул музыка болду, албетте, өз бааларыңыздарды баланча номерге жөнөтүңүз", "Албетте, биздин убак соңуна чыгып баратат", "Албетте, кол чабуулар", "Албетте суроо берчү адамыңызды тандап алдыңыз да ээ?" деп ар бир сөздүн аркасына учкашып албетте келе берчү эле. Дагы бир күлкүлүү нерсе Максат Давранов жанындагы Кенже Дүйшееванын "Мен сага бир суроо берейин дедим эле", дегенине, "Албетте, бересиз, бирок албетте, оюнду аягына чыгарып алгандан соң", деди да Бишкек студиясына "Албетте, кеп кезеги сизде Гүлбайра", деп андагы журналистке кезекти берсе, же шашып кеттиби, же баятан бери уга берип кулагына жедеп сиңген сөз оозунан чыгып кеттиби, айтор анысы да "Албетте, Максат, рахмат", деп жооп берди.
Кыргыздын жакшынакай бир сөзү орундуу да, орунсуз да колдоно бергениңден улам көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнүн "аллергиясын" кармата баштады. Мынча болду, Максат маршруткага чыкканда "Албетте, аялдамага токтотуп койсоңуз", же дүкөнгө киргенде "Албетте, эки нан берип койсоңуз", жолдон бирөө токтотсо "Албетте, мен шашып баратам" десең да болот.
Бардыгын бир көрсөтүүдө эле кыскарта албасаң, ар көрсөтүүдө отуздан кыскартсаң дагы бир - эки айда, эки - үч эле албеттең калат. Аракеттенчи айланайын Максат.
Бурулча Түнкатар кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Кечээ Бакиевдин өзүн кууп чыккан Ош эли эртең бакиевчилерди да кубалайт
2-бет
"Акыйкат үчүн" кыймылынан "Акыйкат" партиясына
3-бет
Улуттук символикалар сыры
4-бет
Аргасыз алыста жүргөн азаматыбызга бут тоспойлу
5-бет
Политика
6-бет
Бакиевден мурун Сыдыковдун үй-бүлөлүк бийлиги башталган
7-бет
ИИМ Академиясынын начальниги Алмаз Базарбаев:
"Түз жүргөн адам милицияны жаман көрбөйт"

8-бет
Революция и проблемы безопасности
9-бет
Мирбек Иманбеков:
Көңүл калуу көп болот
- Биринчи жолу адамдан көңүлүң калганы эсиңде барбы?

10-бет
Талант Давлетбаев:
"Жарым саат кечиккенде мен дагы
Ата-Бейитке коюлмак экенмин"

11-бет
"Кресло, талашкандан көрө чегараны ачышсын"
12-бет
Беш бармакта: беш саясатчы
13-бет
Мы требуем СПРАВЕДЛИВОСТИ
14-бет
Адабият
15-бет
КАЙРЫЛУУ - СУНУШ
16-бет
Маанай





Яндекс.Метрика