Кыргыз гезиттер архиви

  Адабият

(Аңгеме)
Мыкаачы
АЯЛ
Шаардагы милициянын начальнигинин эшиги тырс-тырс кагылып, капитан шыңга бойлуу сулууча келген отуз жети-кырк жаштагы аялды алып кирди. Полковник көргөн көзүнө ишенбей сумсая тиктеп ордунан туруп:
- Келиңиз! Отуруңуз! - деп орун көрсөттү.
Бул аял милициянын издөөсүндө болчу. Таппай жүрүшкөн. Эми өзү келиптир.
Аял полковник көрсөткөн орундука отурду. Кийим-кечеси кубатөбөл,үстү-башына карабай жүдөсө да анын аялдык назиктиги сакталып, бетинде бетмайы,эрдинде эндиги өчпөптүр. Ыза менен ачууга алдырганы көз карашынан байкалат.
Бул аялды иликтөө мындан жыйырма күн мурун башталган. Тоо этегиндеги айылдын огородунун башында,бош жаткан таштак жерге ар ким таштандыны төгө берип толуп кеткен.Ошол таштандыны кимдир бирөө өрттөп жибериптир. Эртең менен огородуна жакын жерде өрттү көрүп,үйдүн ээси шлангы менен суу чачып өчүрүп, чала күйгөн кишинин өлүгүн көрүп шашылыш милицияга кабарлап телефон чалган. Барып, өлтүргөн канкордун изине түшүшкөн. Мына-мына кармай турган болгондо жазгырып таптырбай койгон аял ушул.
- Келипсиз! Сүйлөңүз! Өзүңүз ким болосуз?-деген милициянын суроосуна аял тайгылбай,зиркилдеп жооп айтты.
- Мен киши өлтүргүчмүн. Силер издеп таппай жүргөн Өктөмкан деген мен болом. Күнөөмдү мойнума алып алдыңарга өзүм келдим.
- Эмне үчүн качып жүрдүңүз?
- Корктум. Анан анча-мынча чарба иштер болуп...
Өктөмкандын өңүнөн,сөзүнөн ал үчүн жарык турмуш аяктап,кыямат кайым болуп, жашоосу бүтүп,эми ага баары бир болгону сезилип турду. Полковник бул аялдын ким экенин,эмне болуп иштегени жөнүндө маалымат алган, билчү.Ал түгүл анын сүрөтү да колунда эле.
Өктөмкан үйлүү жайлуу, үч баланын энеси болчу.Күйөөсү заводдо жумушчу болуп иштеп,өзү фабрикада тигүүчү болуп иштеген. Советтер Союзу чилдей тарап,элибиз эгемендүү болуп дуулап жатканда завод, фабрика иштебей,эл жумушсуз калган.Эл менен катар эрди-катын да бекерпоздун тизмесине кошулган. Өктөмкан тилдүү аял эле. Союз учурундагы жакшы заман аяктап капитализм доору киргенде колу оозуна жетпей,этеги тизесине жетпей,тамак тартыш болуп,кээде өпчап оокат кылып,өзөк жалгап жаткан күндөр болгон. Эри эч жерден иш таппаган соң Жаш Гвардия бульварында иш издеп тургандардын катарына кошулду.Көрүнгөнгө жалданып арзыбаган акча таап келет. Көпчүлүк учурда жалданганга киши да табылбай калат. Курукол үйүнө кайтканда, аялы анын абалына түшүнгөндүн ордуна ажылдап, кажылдап: "Сен бир бөлкө нан таап келалбаган соң эркек эмес эшексиң, итсиң. Эркекмин деп телпекти кийип телпейип жүргөнчө асынып өлүп калсаңчы", деп каргап,сөгүп кирет.Балдары кайышып бозоруп отурганда Койбагар "кулда кулак жок" болуп култуюп унчукпайт. Каатчылык каарына алган сайын Өктөмкандын өкүмдүгү өөрчүп чыкты…
Койбагар кой оозунан чөп албаган жоош.Иштерман эле. Социализм учурда заводдо кара жумуш иштеп квартал сайын сыйлык алып, барктуу болчу.Ардак тактада сүрөтү илинип турчу.Эми ким? Эми Койбагар кул.Жалданып барган жеринде эри да,аялы да,баласы да башкарат. "Жаман иштеп койдуң" деген шылтоо менен бир нече ирет иш акысын төлөбөй айдап чыккан күндөрү болгон.Укугун коргоп айтыша албай жетим балача жалтак. Сырттагы абалы бул болсо,үйдөгү абалы андан жаман. Үйгө барганда аялы аркырап, ыркырап чагып алчу жыландай окторулуп сөгүп турат.Элге кошулуп бир аз ичип барса анда Койбагарда күн жок,кээде үйүнө киргизбей да коёт.Опосуз оор турмушта, кыйналгандык, кысталгандык,кайгынын таманына тепселгендик Койбагарды ичкиликти күндө ичүүгө аргасыз кылды. Ичип кызып же мас болуп калганда көргөн азап бир аз унутулуп калат. Ошол ичкен күнү үйгө барбайт. Автовокзалда же темир жол вокзалына барып түнөйт. " Какаганга муштаган" болуп сырттан дагы,үйдөн дагы жакшылык көрбөй каржалган Койбагардын жашоосу нагыз тирүүнүн тозогуна айланды. Ачка болгондо айласыз таштанды төккөн жердеги иттерди кубалап оозго илинген бирдеме таап жеп өзөк жалгайт. Кайра эле Жаш Гвардияга барат.Мурун кийими бүтүн салабаттуу кезинде кардар арбын эле,эми аз. Кудай жалгаган күнү жүдөгөн тайлактай болгон байкушка кардар чыкса чыгат,чыкпаса жок. Колуна тыйын түшпөгөн күнү ажыдаардай аялынын заар тили,эрине кылган мамилеси жүрөгүнүн үшүн алып үйгө барбай талаада түнөйт. Кийинки учурда иш да жок болду.Аялы итче ажылдап тынчтык бербеген соң акыры дайынсыз жоголду да калды. "Эрдин баркы өлгөндө билинет", болуп эри жоголгондо анын баркын боору таш аялы түшүнө баштады. Эси кирип калган балдары да атасын сурап тынчын алат. Көчөдө иш издеп эри менен чогуу тургандардан сураштырса "Бир карды салаңдаган киши келип алып кетти. Малай кылдыбы же кул кылдыбы аны билбейбиз", дешет бирок ал кишинин ким экенин, балким шордуу чын эле ажаан аялынын жанында жашоодон кечип кул болуп кеткенин так,анык-даныгын толук билишпейт… Эринен ажырагандан кийин, ишенер кишиси калбагандан соң Өктөмкан өзүнчө жашоого аргасыз болду. Өктөмкан милициянын кабинетинде түнөрүп жер тиктеп отурганда телефондун жаагы басылбай шыңгырады. Полковник телефондун түтүгүн алып кулагына такады.
- Алло,угуп атам. Эмне кабар бар?
- Аялды өлтүргөн аял маршруткага түшүп эртең менен шаар тарапка кетти деп уктум.
- Кабатыр болбо,ал өзү келди. Менде отурат. Издөөнү токтоткула, - деп полковник түтүктү ордуна коюп койду.
Полковник чоочун кишиден телефон аркылуу суук кабар алган күнү, экспертти, тергөө кызматкерлерин өзү баштап барган.Үйүлгөн таштандылардын теңинен көбү өрттөнүп өчүрүлүптүр. Түтөгөн таштандынын арасында күйгөн кишинин өлүгү жатат. Эркек же аял экени билинбейт. Тырмоо менен оодара тартса бели бел, буту бут болуп бөлүнүп кетти. Судмедэксперттин айтуусу боюнча аял экени аныкталды. Ошол жердеги кошуна-колоңдордон сурап иликтөөнүн негизинде Өктөмкан мурунку күнү беш жашар уулу менен шаардан эски таанышыныкына жеңил машина менен келиптир. Анын кошунасынан "мусор төгүп алайын" деп кол арабасын сурап алып, жыйырма мүнөттөн кийин алган арабаны кайра апкелип берип,шашпай чай ичип, ырахматын айтып кетиптир. Таштанды ошондо эле түтөй баштаган. Ага эч ким көңүл бөлгөн эмес. "Бактыга жараша" өлгөн аялдын бети күйбөй аман калыптыр. Милиционерлер сураштырып "издөө" жарыялаткан эжесин таап моргдо жаткан өлүктү көрсөткөндө сиңдисин тааныды. Ал элүү төрт жаштагы Нурбүбү экен.
Тергөөчүлөр Өктөмкандын өлтүргөнүнө шектенип шаардагы үйүнө барып, аны суракка алып, тинтип,күмөндүү эч нерсе таппаган соң кетип калышкан. Өктөмкан милиционерлер кетер менен мектептеги кызын алып, балдары менен чогуу белгисиз тарапка качып жок болгон. Чогулткан фактылардын негизинде милиционерлер артынан издеп таппай калышкан. "Өз айлына кетип калдыбы" деген ой менен райондук милицияга телефон чалып туулган жеринен издетишкен. Барбаптыр. Эч жерден таппай коюшкан.
Жер тиктеп үн-сөзсүз отурган күнөөкөрдөн полковник сурады:
- Айтыңызчы, Нурбүбүнү өлтүргөнүңүз чынбы?
- Чын.
- Эмне үчүн өлтүрдүңүз?
- Эмне үчүн,эмне үчүн?! дейт тура…Эмне,аны өчүм бардан, жыргагандан өлтүрдү дейсиңби,жокчулуктун айынан өлтүрдүм.Кайра куруу заманында алдым-жуттумдар байып, бизге окшогон карапайым калк жылан чакпай,жылкы теппей,согуш болбой ачка отурушат.Элдин камын ойлогон кайсы жетекчи бар? Жок! Бар болсо айтчы,мен барып бутуна жыгылайын! Айтчы!...
Өктөмкандын жини кайнап,тили чыгып, оозунан ак ит кирип,көк ит чыгып жатты. Полковник кагып-силкпей, унчукпай көр жемени чыдап укту. Албуут аялдын деми чыгып,сууй түшкөндө графинден стаканга суу куюп сунду.
- Эже,ачууга алдырбаңыз.Күнөөңүздү мойнуңузга алып өз эркиңиз менен келген соң жай отуруп жакшы сүйлөшөлү. Өз эркиңиз менен келгениңизди сот сөзсүз эсепке алат.
Сиз бул адамдын оюна келбеген мыкаачылыкка бекеринен барбаган чыгаарсыз...Ага чоң себеп бардыр,ошону айта отурсаңыз.
Өктөмкан жоошуй түштү. Оозунан көк түтүн буркурап өрттөнгөн жанын стакан муздак суу өчүргөн шекилденди.Жаш аккан көзүн жоолугунун учу менен сүртүп:
- Айтып берейин, - деди улутунуп,-эрим ичип кетти. Акыры таштап дайны жок жоголуп кеткенден кийин үйүмдү күрөөгө коюп банктан акча алдым. Аны иштетпей а кылып,бу кылып жоготуп койдум. Банктын процентин төлөөрдө бир тыйыным да калган жок. Бирөөдөн акча карыз алып төлөп, анын карызын башка бирөөдөн алып жаап турдум.Бергендер бекер бербейт экен,процентке берет экен. Ушинтип карызым башыман ашып-ташып кетти. Кредитке берген банк алганымды төлөбөсөм үйдү ала турган болду. Акыркы жолу эски таанышым, Нурбүбү эжеден үч миң доллар карыз алдым.Ошол доллар менен карызымдан кутулуп, Нурбүбү эжеден бир аз акча кошумча алып туруп үйүмдү ошого таштап кетейин деп ойлодум. Бирок…бирок… мени шайтан азгырды. Бардык балээ баламдын дискке жазып алган чет элдик жаман киносунан чыкты.Ал кино бирөөдөн карыз акча алып, карыз берген кишини алдап өлтүрүп оңой эле кутулуп кеткен аферист жөнүндө көрсөтүптүр. Мен да ошол кинону кайра-кайра көрүп жаман башыма жаман ой пайда болду. Нурбүбү эжени үйүмө чакырып тамактанып отурган жеринен даярдап койгон таяк менен байкатпай башка чаап өлтүрдүм. Мүшөккө батымдуу болсун деп жиликтеп кескиледим. Мага окшогон макоо алпарып БЧК суусуна таштабай,алыс алпарайын деп машина жалдап, бир кезде көргөн таштандыга таштап, үстүнө эки бөтөлкө бензин чачып өрттөп жибердим. Тааныш аял, тачка берген кемпир келгенимди айтып коёру акылыма келбептир. Макоомун да…
- Эже, биз издегенде таптырбай кайда жүрдүңүз?
- Кайда жүрмөк элем, маңыроо малдай ушул тегеректе эле жүрдүм. Силер изиме түшкөндө жаңылтып ар кайсы үйгө бир күндөн түнөп качып жүрдүм. Балдарым болбогондо мен мурун эле келмекмин.Ошол качып жүргөндө жыты туугандарга, жердештерге "Мен командировкага кетип атам, убактысынча карап тургула" деп балдарымды бирден таштап,дайындадым. Качып жүрүп тажадым. Нурбүбүнүн арбагы уктатпады.Асынып өлөйүн деп ойлодум. Балдарымды ойлоп өлө албадым.
Тирүү турсам, түрмөдө жатсам да балдарыма караан болормун, чоңойгондо, эси киргенде жокчулуктан ушул акмактыкка,мыкаачылыкка барганымды түшүнөөр деп ойлоп айласыз силерге келдим. Эми түрмөгө камасаңар да,атсаңар да өзүңөр билгиле. Мага баары бир. Жашоо кызык эмес. Мен өлгөн кишимин.Мен ыймансызмын. Мен кыйналганда жардам берген, боорукер, адамкерчиликтүү эжемди өлтүргөнгө өзүмдү адамдын акмагы деп сезем. Мен… мен…мен бетбак өзүмдү гана шерменде кылбай, "апаң киши өлтүргүч болчу" дедирип балдарымдын да бетин карайттым,сөзгө сөлтүк,кепке кемтик кылдым. Мага сооп, аёо жок…
Коңгуроонун кнопкасын басканда капитан кирип Өктөмкандын колуна кишен салып алып жөнөдү. Сыртта күтүп турган беш-алты киши толкуй түштү.
- Пейлиңен тапкыр,пейлиңден таптың го шүмшүк, - деди Койбагардын эжеси чаңырып, - капыр пейлиң башынан жаман болчу. Алтындай жоош эриңди барктабай, сыйлабай,жолдоштору менен,туугандары менен катташтырбай акыры түбүнө жеттиң.Пейлиңдин жамандыгынан,ыйманыңдын жоктугунан киши өлтүргүч болдуң,мыкаачы шүмшүк! Эмне,элдин баары эле жыргап жатыптырбы,алар деле сендей жашап жатышат.Пейли жакшы адамдын оюна киши өлтүрмөк түгүл,уурулук да келбейт. Чала сага… Түрмөдө чирип өл! Койбагарга окшоп дайынсыз жоголуп кет, ыймансыз!
Нурбүбүнүн бир тууган иниси ачууга алдырып атып барып алкымдан аларда айдап бараткан милиционерлер кол салдырбай сактап калышты. Өктөмкан башын көтөрө албай, элдин бетин карай албай шөлпөйүп милициянын айдоосунда темтейип кетип баратты…

Качкыналы СЫДЫГАЛИЕВ