Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Чакмак

Беш бармакта: беш саясатчы
Токтайым Үмөталиева
Токтайым айым качан токтоорун бир Кудай билет. Бирок өзүнө имидж жыйнагысы келеби, акыркы окуялардан кийин башкы популистке айланды. Оппозициянын лидерлери бүт камакта жаткан 7-апрель күнү ага Кудай берди. "Өрдөк жокто чулдук бий"- дегендей өзүнүн төшүн кагып, өзүн Кыргызстандын президенти катары жарыялап жиберди. Ал жигиттердин арасында да, бийликти эңсебей, эл үчүн күйгөн жигиттер толтура эле да. Өзүн президент жарыялап жиберген Токтайым Үмөталиевадан үмтөтпөй, президент болсоңуз, акүйгө кириңизчи деген, жигиттер чыгышыптыр. Албетте, популист болгону менен жан да керек да. Анын үстүнө президент болгусу келип атса.Негизи президенттердин жаны таттуу болоорун, мурунку эки президент тастыктап койбодубу. Ал эми карапайым адамдардын жандары таттуу деле эмес экен.Алардын төбөсүнө эмне жүктү үйүп салса деле чыдап көтөрө берет. Арийне, башкаларга салыштырмалуу кыргыз эли андайга чыдабастыгына бүткүл дүйнөнүн алдында маалым болду. Ал эми биздин Токтайым айым ушундай элдин кайгысынан саясий капитал топтоп алгысы келгени айкын болду. Ушул эле жакында анын кандай адам экендигин бүт Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө көрдү.Себеби, азыр биздин кыргыз элибизге бүт дүйнө көңүл бөлүп жатканда Токтайым айым, бир барып, жакындарынан айрылгандардын тобунда, бүгүнкү Убактылуу бийликти мактап жатса, бир туруп Нариман Түлеевди колдогондордун арасына кирип, ага тилектештигин билдирип атты. Мындай адамдарды кандай адам деп атоочу эле.
Алмаз Атамбаев
Алмаз Атамбаевди биз жакшы көрөбүз да, жаман көрөбүз да деп айта албайбыз. Бирок эмнегедир сөздөрүнөн чалынып, сөз кадырын билген кыргыз элинин алдында кээде уят болуп калат.Анын өткөндөрүн айтпай эле коёлу, ал ар бир сөз баалаган кыргыздын жүрөгүндө, түбөлүккө жазылган боюнча калды.
Мына жакынкы күндөрү элдин алдына чыгып алып ачуу менен сүйлөгөнү, дагы бир ирет таң калтырды. Азыр Алмазбек Шаршеновичтин мойнунда кандай оор жүк турат, муну бардыгыбыз сезип турабыз. Атамбаевке мамлекеттин коопсуздугуна жооп берүү деген чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Бирок да жоопкерчилик мойнунда турса эле, ачууга алдырбай, салмактуу эл алдында сүйлөсө, анын кадыр- баркы асманга көтөрүлмөк. Биз Россия Федерациясынын премьер-министри Владимир Путиндин орундуу сүйлөп жүргөнүнө тан беребиз. Анан өкүнгөнүбүз эмне үчүн кыргыз мамлекет жетекчилери, көчөдө жүргөн адамдардын деңгээлиндеги сөздөрдү эл алдында айта берет. Балким ушул сөздөрү менен элге жагынууну ойлоп жүрбөсүн. Бирок да кыргызда этикага жатпаган канчалаган сөздөр бар.Анын баарын айта берсек, шылдың болгондон башкка эмне тамтыгыбыз калат.
Эдил Байсалов
Эдил мырза эки жылга жетпеген убакта, Европада жүрүп, сүйлөө манерасын түздөп алгандай. Ушул жигитти азамат деп ойлоп калдык. Эдил Байсалов күйүп айтып атат, ушул мезгилде Убактылуу Өкмөттүн мойнунда өтө татаал иштер турат.Бул тээтиги, Владимир Ильич Ленин Улуу Октябрь революциясын жасап, өткөрүп тарыхта калган убакты эске салат. Ал мезгилде мамлекетти бутунан тургузуш үчүн, күндүр-түндүр иштеп, мамлекет ишмерлери революция үчүн жан үрөгөн.Эмне азыр деле ошол Убактылуу Өкмөт "өз көмөчүнө күл тартпай", эл үчүн чуркап иштеп жатканын көрүп турабыз. Бир гана Улуу Октябрь революциясы жетимиш жыл өмүр сүрдү.Ал эми Убактылуу Өкмөт Эдил Байсаловдун айтканына караганда, алты ай мөөнөткө гана өздөрүн дайындап алган убактылуу өкмөт.Балким күзүндө эл башка лидерлерди тандап кетээр. Балким азыркы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү калаар. Мунун баары алардын кандай иш жүргүзүп атканына байланыштуу болот. Эң негизги эл бийликке жанталашкандарды жаман көрөт. Анткени "сүткө оозубузду эки ирет күйгүзүп алганбыз". Кантсе да Эдил мырза туура айтып жатат. Муну эки колдоп көтөрүш керек. Бирок аны сөзү төгүн чыгабы, баягы эле убакыт көрсөтөт.
Нариман Түлеев
Нариман Түлеев жакындарын чогултуп келип, "Чоң казатты" баштагысы келди. Ал Бишкектин мэри болуп турганда, Бакиевке "бакма бала" болуп, Бишкектин ардактуу инсанын "атасына" бергенден башка өтө деле көрүнүктүү иш жасай алган эмес. Капчыгындагы каражатын чачып өзүн мыкты мэр деп эсептеткиси келгенинин артында "Чубактын кунундай" былыктары жатканы бардыгына белгилүү.Ал кимге кошомат кылгысы келгени түшүнүксүз, эптеп жаркыраган Бишкектин эң аярлуу аянтына Жолондун, Шыпшайдардын жана башка кытайлык баатырлардын эстелигин орното коём деп, элдин жана көздөй "атасынын" жемесине калган.Эгерде Максим үкасы кытайлыктардын тилин таап келсе, анда уялбай эле кайрадан кытайлык коңшулардын баатырларынын эстелигин орнотмогу бышык болчу.Бирок, Максим "беспилотный" заманбап учакка кызыкканы менен, кытайлык жогорку бийлик "бокко чапкан күлдөй" көрбөгөндүктөн, алыстагы Америка менен байланыш түзүүнү көздөп, ал жакка бир экономикалык жыйынга аттанганда, бийлик кулады. Ким билет, Вашингтон ага көңүл бурбаса да Американын көптөгөн штаттарынын бири көңүл бурмак чыгаар.Анда Нариман Түлеевке Кудай бермек.Жалпы элдин кыйналганына карабай, "бакма атасынын" чыныгы уулу Максим Бакиевке Бишкектин ардактуу инсанын берип, чардап-жыргап жашап жата бермек. Таң калычтуусу ал деле өзүнчө баатыр болуп алыптыр. Уят деген кээ бир адамдарда калбай калганын, далилдешпедиби.Анан да мэрдин алдында чогулгандардын бардыгы эмес,Нариман Түлеевден акча алышкандар, телефондон "шефинин" келе албай турганын угушканда, "өзү чыккысы келбесе бизге эмне" дешип кете беришти. Өзүн чыныгы Мэр көрсөтүп, Бакиевди сындап, интервью берип жүргөн экс-мэрдин Бакиевдин башкы желдети экени эртеси эле ачыкка чыкты. Башкы желдет ЖКны ала албай койгондо, калган бакиевчилер эртеси Ош менен Жалал- Абадга ат коюшту.
Мыктыбек Арстанбек
Мыктыбек чынын айтканда ата-энеси атын койгондой эле мыктылыгы бар Анын мыктылыгы теле берүүдө өзүн "суудагы балыктай" сезет. Экинчиси, ислам динин бекем кармайт.Канчалык деңгээлде экендиги белгисиз, бирок инибиз Нурлан Мотуевден өйдө болсо керек. Бирок да кимдер тарабынан көрсөтүлгөнүн билбейм, Конституциялык Кеңеште өзүн "суудагы балыктай" сезе албай жүрөт. Албетте, бизде демократиялуу мамлекет курабыз деп аткан соң, бардыгы тең укуктуу. Мыктыбек Арстанбектин ой-пикирлерин кез-кезде мезгилдик маалымат каражаттарынан угуп калам. Ал мамлекетибиз шарият жолуна түшсө экен деп эңсеп жүргөн жигиттерден. Кыргызстан эч качан шариат жолуна түшө албайт. Кантип кыргыздар шариатты мыйзам кылып кабыл алып жашасын. Бизде шариат жолуна түшпөй турган көптөгөн себептер бар. Анын үстүнө вахабизм деген исламда өзүнчө багыт бар. Бул азырынча коркунучтуу вариант. Мен Мыктыбек мырзаны вахабист деп айта албайм. Ислам динин таза кармап, эки-үч аял алабыз деп жүргөн жигиттерден. Бир гана ал динди таза кармаганы менен, кээде адепсиздикке барып жатканын , ошол эле өзү "суудагы балыктай" сезген теледен көрсөтүп коюп атат. "Пилге үргөн кандектей" кээде кимдир-бирөөлөргө тийишип калганы байкалып турат. Албетте, ал тийишкен адамдардын ага теңелгиси келбейт. Бирок, адептүүлүктү элге жарыя кылып жүргөн Мыктыбекке окшогон жигиттердин адепсиз ишке барышы орунсуз көрүнөт экен.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Кечээ Бакиевдин өзүн кууп чыккан Ош эли эртең бакиевчилерди да кубалайт
2-бет
"Акыйкат үчүн" кыймылынан "Акыйкат" партиясына
3-бет
Улуттук символикалар сыры
4-бет
Аргасыз алыста жүргөн азаматыбызга бут тоспойлу
5-бет
Политика
6-бет
Бакиевден мурун Сыдыковдун үй-бүлөлүк бийлиги башталган
7-бет
ИИМ Академиясынын начальниги Алмаз Базарбаев:
"Түз жүргөн адам милицияны жаман көрбөйт"

8-бет
Революция и проблемы безопасности
9-бет
Мирбек Иманбеков:
Көңүл калуу көп болот
- Биринчи жолу адамдан көңүлүң калганы эсиңде барбы?

10-бет
Талант Давлетбаев:
"Жарым саат кечиккенде мен дагы
Ата-Бейитке коюлмак экенмин"

11-бет
"Кресло, талашкандан көрө чегараны ачышсын"
12-бет
Беш бармакта: беш саясатчы
13-бет
Мы требуем СПРАВЕДЛИВОСТИ
14-бет
Адабият
15-бет
КАЙРЫЛУУ - СУНУШ
16-бет
Маанай





Яндекс.Метрика