Кыргыз гезиттер архиви

  Учур

"Кресло, талашкандан көрө чегараны ачышсын"
7-апрель Кыргызстандын тарых барактарында бир бурулуш күн катары жазылып кала берет. Анткени бул күнү үй-бүлөлүк башкаруудан, алдым-жуттум бир туугандардын так талашынан тажаган эл, кийинки муундун жаркын келечеги үчүн эр-азаматтар өз жандарын оозуна тиштеп, 86 азамат бийлик тараптан тынч элге карата атылган октон мерт болушту. Арадан көз ачып жумгуча эле 40 күн өтүп кетиптир. Эр-азаматтардын кыркылыгын өткөрүп, алгач Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү, шейит кеткен жарандардын бир тууган жакын, санаалаштары Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып алардын арбагына багыштап куран окушту. Борбордук аянтка чогулган эл дагы куран окушуп, 86 баланы эскеришти. Ушул эле убакта Тарых музейинин залында Убактылуу өкмөт курман болгон адамдардын жакындары менен жолугушуп, мерт болгон жарандардын жакындарына 1 миллион сомдон төлөнүп бериле баштаганын жана оор жараат алгандарга жүз миңден, жеңил жараат алгандарга элүү миң сомдон төлөнүп берилип жатканын айтты.
Ушул эле маалда Жогорку Кеңештин алдында миңдеген эл чогулуп, митинг өткөрүштү. Алар Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө карата ишенбөөчүлүгүн айтышып, нааразылык митингисин өткөрүштү. "Убактылуу Өкмөт өзүнүн берген сөздөрүнө турган жок, Бакиевди эмдигиче кармап келбей жатат" дешсе, кээси Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин таламын талашып, аны кайрадан өзүнүн ордуна алып келүү керектигин айтышты. Сөз алып сүйлөгөндөр "Убактылуу өкмөт кылган иштери тууралуу эл алдына чыгып отчет берсин, биз алардын эмне иш кылып жатканын билгенибиз жок" деген талаптарды айтышып, Убактылуу Өкмөттү эл алдына чыгып сүйлөөгө чакырып жатышты. Бир даары азыр деле кадрдык маселелерди чечүүдө тааныш-билиштик өкүм сүрүп жатканын айтышып, мурдагы бийликтин катачылыгын кайталабоого чакырышты. Муну менен катар өлкөнүн чегарасы ачылбай, канчалаган жарандар азап чегип жатса, убактылуу бийликтин кресло талашып отурганы туура эместигин айтышып, коңшу мамлекеттер менен чектешкен чегараларды кыска убакыттын ичинде ачуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн деп талап коюшту. Кечке жуук эски аянтка чогулгандар тарап кетишти.




Снайперди "Калашников" менен атып түшүргөн
7-апрель күнү Ак үйдүн чатырындагы снайперлер тынч элге ок чыгарган эле. Ал канкорлордун колунан он гүлүнүн бири ачыла элек жаш балдар, күчкө толуп турган эр-азаматтар курман болушту. Мына ошол канкорлорду биринчилерден болуп атып түшүргөн Кыштобаев Эмил байке менен жолугуп, снайперлерди кантип атып түшкөнүн жана 7-апрель күнү аянтка кандай максат менен чыккандыгы тууралуу маек курган элек. Эмил байке Нарын областынын Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

- Айтсаңыз 7-апрель күнү аянтка эмне максат менен бардыңыз эле?
- Мен ошол күнү базарда жүргөн элем. Саат түшкү 12лер болуп калган. Аңгычакты эле элдер чурулдап эле калышты; "Мадина" базарын талкалап кетиптир, "Форумда" эл көтөрүлүп жатыптыр", деп. Анан ал жакка бардым.
Бакиевдик башкаруу элди такыр эле кул кылып, жеген ашынан бери тартып ала тургудай деңгээлге жетип калган эле да. Керек болсо жакында элге абаны сатмак! Биз жашаган мамлекет эркин, өз алдынча мамлекет болбой эле бир үй-бүлөнүн башкаруусунда калып калбадыбы?! Элге эң биринчи керектүү товарлардын баары кымбаттады. Бир гана жөнөкөй эле мисалын алалы. Мен өзүм Нарындан болом, ал жактын климаттык шарты Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу оор келет. Күн кышкысын суук болот, электр энергияны көбүрөөк пайдаланууга туура келет. Анан электр энергияга болгон бааны эки эсе кылып кымбаттатып салды. Эки миң сом алган пенсионердин жашоосун элестетип көргүлө. Свети эле 2 миң сомго чыгып кетет. Ал алган пенсиясын каягына жеткирет? Светке төлөйбү же тамак ашына жеткиреби?! Мен жөнөкөй гана карапайым адамдын жашоосун айтып жатам. Андай кембагалдар такыр эле жашай албай калды да. Же алар өлүшү керек беле? Мен кыргыздардын жашоосуна күйгөн жаран катары ушул 7-апрель күнү Бакиевдин бийлигине нааразы болуп чыктым. Форумдун алдында чогулган эл Ак үй жакка келе жатышыптыр. Аңгычакты эле чогулган эл телевидениени алыш керек деп калышты. Бакиев бийликке келгени Биринчи Улуттук канал жалаң эле Бакиевдик бийликти мактап-жактап туруп албадыбы. Өлкөдө болгон чыныгы абал кандай такыр эле көргөзбөй калышты. Кыргызстанды Швейцария кылганы калды деп эле туруп алышты да. Швейцария кылыш кайда??? Тескерисинче Кыргызстанды Африка кылып сала жаздабадыбы?!
Телевидениенин алдына барганда милициялар менен кармаша кеттик. Аягында аларды кууп, колундагы курал-жаракты эл тартып алды. Ошол жерге чогулган эл: "Эми Бакиевди кармап, эл алдына алып чыгып суракка алыш керек", дешти. Аны кармаш үчүн Ак үйдү алыш керек эле да. Элдин мүдөөсү эми Ак үйдү алып, мурдагы бийликти түп орду менен кетириш гана болуп калды. Анын үстүнө элди баштап жүргөн саясий лидерлердин баарын камап, эл лидери жок калды да.
Эгер биз ал күнү Бакиевдик режимди кулатпасак анда Жаныш Бакиев, Суталиновдор ал жерге чогулган элди тынч коймок эмес. Анткени биз алардын тарткан оперативдүү тасмаларына түшүп калдык да. Эгерде Бакиевдик бийлик кетпесе анда ошол жердеги балдардын баарын четинен чакырып алып жок кылып деле салмак. Алар бизди баары бир өлтүрмөк. Ошондуктан, биз биринчиден элдин тагдыры үчүн, экинчиден өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн өлүмгө баш байладык.
- Ак үйдүн алды жагына кантип бардыңыз?
- Чыгыш тараптан көк "бусикти" Ак үйдүн дарбазасын көздөй түртүп келдик. Ак үйдүн ичине киргенде эле ок мөндүрдөй жаай баштады. Биз ок чыгарган жокпуз. Ал маршрутканын ичинде киши да жок болчу. Аны түртүп эле киргенбиз. Жанымда турган 60тардагы кишинин чекесине ок тийип жаныбыздан "шалк" эле кулады. Ошондо биринчи өлүмдү көрдүм. Андан кийин дагы 2 балага ок тийип алар да жерге "жалп" эле жыгылды.
- Сиздин жаныңызда турган адамдарга эле ок тийип өлүп жатса, сизде коркуу сезими болгон жокпу?
- Жок, менде андай сезим болгон жок. Тескерисинче менде ардануу сезим болду. Жигит катары ардануу сезим болду. Мен ушул өлүп жаткан адамдар үчүн өч алам дедим. Ал жерден бизге дагы ок тийип жаткан бирок, алар резина октор болчу. А берки адамдарга чыныгы ок тийди. Ал адамдардын денесин ал жактан алып чыгып кеттик. Аларга Ак үйдүн үстүндө жүргөн снайперлердин октору келип тийди.
- Сиз снайперди кантип аттыңыз?
- Ошол маалда жаан да жаңы эле жаап токтогон болчу. Айлана таза болуп, бардыгы көрүнүп турду. Саат болжол менен 4-5тер болуп калган болчу. Менин колумда "Калашников" автоматы бар болчу. Ошону менен Акүйдүн крышасында жүргөн снайперлерге ок аттым. Бир убакта эл айтып калышты; "Алдыда лидер болуп эл баштаган жана колунда курал алып жүргөндөрдү атып жатат", деп. Андан кийин мен жашынып баштадым. Мендеги автоматтын оптикасы бар экен. Ал менен такыр аларга тийгизе албай койдум. Аткан огум снайперлер жашынган жердин алдына эле тийип туруп алды. Анан оптикасын алып салдым. Алар мен атканда жата калып, жашынып жатышты. Мен дагы аянттагы бактарга, элдерге жашынып жаттым.
- Снайперлер сизди көрүп жатышты да?
- Ооба, алар мени көрүп жатышты. Бирок мен алар байкап калбасын деп өзүмдүн позициямды алмаштырып турдум. Ошентип Ак үйдүн жанындагы аркага чейин жакындап келдим. Ал жерге келсем, 50дөн өтүп калган киши: "Иним, сен көрүнбөшүң керек. Мен денем менен снайперлерден сени тосуп берейин. Сен менин далыма автоматты кой дагы, тигилерди мээлеп туруп ат. Алар сени көрбөш үчүн мен тамекини күйгүзүп түтөтүп турайын" деди. Мен макул деп туруп ошол кишинин далысына коюп туруп атканда Ак үйдүн үстүндөгү снайпер көтөрүлүп туруп түштү. Снайпер болсо Ак үйдүн чыгыш тарабындагы бурчта болчу. Ага ок тийгенин ошол жердегилер деле көрдү. Ага чейин атып жатканда жашынып калып жаткан. Ошентип бир снайперди атып өлтүрдүк.
- Жакшы атканыңызга караганда мурда мылтык атып жүрсөңүз керек. Кесибиңиз боюнча кимсиз?
- Жок, андай деле эмес. Кесибим боюнча ширеткичмин.
- Үй-бүлөңүз барбы?
- Ооба, бар, 4 балам бар.
Бетти даярдаган
Расул Үсөналиев