Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 2
  Маек

Талант Давлетбаев:
"Жарым саат кечиккенде мен дагы
Ата-Бейитке коюлмак экенмин"
6-7-апрель күндөрүндөгү Бакиевдик үй-бүлөлүк кландык бийликтен кутулуу кандуу "согушу" болуп өттү. Сексенден ашык эр азаматыбыз өлүмдүн көзүн тике караган бойдон оо дүйнөгө сапар алышты. Ал эми 1500дан ашыгы бүгүнкү күндө ден соолугунан айрылып, бирөөсү башы оорулуу болсо экинчилери жамбаштарын жаракаттап, үчүнчүлөрү курсагын окко тештирип отурушат. Албетте, Убактылуу өкмөт тарабынан көптөгөн материалдык жардам берилет деп айтылып келе жатат. А бирок баягы "бербестин ашы бышпас" макалдагыдай болуп жатат окшойт. Жаракат алгандардын көпчүлүгү нааразычылыгын билдирүүдө. Алардын айтымы боюнча алар Ак үйдүн жанына ок жегенге эмес, жашообузду өзгөртөбүз деген ою менен талпынышкан. Ал эки күндүк нааразычылык кагылышына катышкандардын баары тең жөнөкөй карапайым эл. Ал жакка баргандардын баары тең жумушсуздуктан, жетишпеген турмуштан тажагандар. Ал кагылышка катышып, ок жегендердин бири Беш-Күңгөйдүн тургуну ДавлетбаевТалант.

- Сиз ал эки күндүк кандуу кагылышка кандай болуп барып калдыңыз эле ?
- Акыркы беш жыл ичинде карапайым элдин жашоосу оңолот деген үмүт менен гана жашап келдик. Жашообуз чынында өзгөрүлдү, а бирок тилекке каршы жакшы жагына эмес, тескеринче жаман жагына ооду. Күн санап жумушсуздук көбөйүп жатты, эптеп жашагандар көчөлөп да кетти. Мунун баары тең жакшы көрүнүш эмес. Эгерде элдин жашоосу мынча татаалдабаганда мындай болбойт болчу. Шейит кеткендердин баары эле квартирада эптеп жашагандар, алар ачкадан өлгүчө, ок жеп өлүүнү артык көрүштү окшойт. А бирок чынында биз ал жерге өлөбүз же ок жейбиз деген ой менен чыккан эмеспиз. Биз Бакиевдердин үй-бүлөлүк "кенелеринен" кутулабыз деп барганбыз. Эч ким мындай болоруун күткөн дагы эмес. 6-апрель күнү биз түнкү саат үчкө чейин жүрдүк. Баары тең Алма-Ата көчөсүндөгү "Форумдун" жанынан башталды. Жалпы жону менен эки жүздөй бала чогулдук, а бирок милиционерлер бизден эки эсе көп болчу. Милиция кызматкерлери бизге "Бул санкцияланган митинг эмес, тарагыла" деп кууп жатты. Карамушкина менен Уметалиеваны салып кетишти. Биз "Элге кошулгула, эч нерсе кылбайбыз" деп чакырып жаттык. Алар керсейишип "күлкүбүздү келтирбегилечи, азыр бир заматта силерди токтотконго күчүбүз жетет" дешип бизди "правоцировать" этишти. Свето-шумовой граната менен аттыра башташты. Биз тынч эле чогулуп турган жерден, бир баланы милиционерлер баса калып сабап салгандан кийин баары башталды. Биринчи асманга атып жатышты, коркутуп-үркүтүп качырабыз деп ойлошту окшойт. А бирок ал жердеги бир да баланын качайын деген ою жок болчу. Жаштар жаштык демин кармай албай калышты, таш менен ура баштаганда, милиционерлер киргенге тешик таппай калышты. Жаш балдар ары өткөн бери өткөн маршрутка, автобустарды токтотуп, окуучуларды үйлөрүнө жиберип, калгандарын элге кошулгула деп жатты. Ошентип элдин саны заматта көбөйдү. Ары кубалашып - бери кубалашып жатып, ондон ашык СНБнын баласы бир кичинекей бөлмөгө камалып калды. Курал-жарактарыңарды бергиле, биз силерди кое беребиз десек такыр болбошту, "анткенде деле өлөбүз" деп туруп алышты. Ал жердеги балдардын жиндери келип "Азыр бензинди чачып тирүүлөй өрттөп салабыз" дей башташты. Улуу сакалдуулар андай кылган туура эмес, койгула деп араң токтотушту. Ошол заматта элдин арасынан эки граждандык кийим кийген милиционер киши чыгып, биз сүйлөшүп чыгалы, деп кирип кетишти. Көп өтпөй эле, алар баарына макул болуп, чыгып кетишти. Атамбаевди, Сариевди оппозициянын лидерлерин Омондун балдары алып кетип жатканда биз да ал жактарда жүрдүк, СНБнын СИЗОсуна да бардык, бирок эч нерсени токтото алган жокпуз. Ошентип түнкү саат үч жарымда тарадык.
- Ал эми экинчи күн кандай уланды?
- 7-апрель күнү эртең менен Беш -Күнгөйдөгү балдарды чогултуп эртең мененки саат 8 де, Ак үйдү көздөй жөнөдүк. Эртең менен эл аз болчу, болгону эки жүздөй адам, бирок саат сайын элдин саны өсүп жатты. Түшкө маал, аянтта эл кара таан болуп калды. Ар кайсы жактан автобус, маршруткалар менен келип жатты. Эртең менен келгенде эле Ак үйдүн үстүнөн кара баштар көрүнүп жатты, а бирок снайпер экендигине такыр ишенгибиз келген жок. Түшкө маал атыш башталды, башында резина октор менен коркута башташты, а бирок аны эч ким тоготпой койду. Анан башталды… Биринин артынан бири канжалап жерге кулап жатты, Ак үйдүн тегереги Кызыл жаян болуп, кара тордун ар кайсы жери канга боёлду. Жанындагылар ары сүйрөп, бери сүйрөп, алдыдан чыккан унааларга салып жатты. Снайпер баарын "подряд" атпастан, терип атып жатты.
- Ал эми сизге кандай болуп ок тийип калды?
- Мен жана он чактыдай бала ЗИЛдин жанында турганбыз, колумда дубинка бар болчу. Аскердик унаа токтогондо, Ак үйдүн дарбазасын сүзүп кирели деп кыйкырып, дубинкамды өйдө көтөргөндө, "шуу" деген үн чыкты. Сол бутум ысый түштү, карасак ок тийиптир. Ай эч нерсе болбойт, тирүү калат экенмин деп койдум. Спецполиклиникага балдар көтөрүп алып барышты, ал жактан сол жамбашка "сквозной" болуп өтүп кетиптир деп аныкталды. Ок ичинде калган жок, эч кандай коркунуч жок, үйүңө кете берсең болот, деп чыгарып жиберишти. Эки доза баралгин сайгандан кийин эч кандай ооруну сезбей калдым. Ошентип үйгө кеттим. Кан акырындан агып жатты. Үйгө келип эле төшөккө куладым.. Аз өтпөй эле, жубайым төшөктү ачса, төшөктүн баары канга чыланып калыптыр. Ооруканага тезирээк жеткенге шаштык. Ооруканага жеткенде, ичинде бут койгонго орун жок экен. Өлүгү да жатат, канжалап онтоп жатканы да жатты. Операцияны ошол коридорлорго эле каталканын үстүнөн жасап жатышты. Биринин артынан бири болуп, бир врач 3-4төн ашык жарадарды операция кылып жатты. Доктур дагы жарым саат кечиккенде кан көп кетип калып, эч кандай жардам бере албай калмакпыз деди.
- Ооруканда канча күн жаттыңыз?
- Ооруканада жалпы жону менен 21 күн жаттым. Дарыланып, укол алып жаттым. Учурда амбулатордук дарылоодон өтүп жаткам, бул 11-майда бүттү, андан кийинкисин билбейм. Тилекке каршы айыкпай ириң басып, кайра ачып тазалоого туура келди. Эртерээк айыгып, сакайып кетсем болот эле.
- Жаракат алгандардын баарын судмэскпертизадан өткөрдү, кандай деген анализдер чыкты?
- Судмэскперттер "жеңил" деп жазганга укугу бар экен, анан дарыланып бүтүшү менен толук анализдегенге болот экен. А бирок бул жагы формалдык жактан тура келбейт. Булар азыр бардык жаракат алгандарга "жеңил" деп жаза беришет, а бирок жаракат алган киши кийин "оор абалда" экендигин тастыктай албайт. Ал жаракат алгандарга эч ким эч нерсени түшүндүргөн жок. Мисалы алар "жеңил жаракат" дегенден баш тартып, экинчи жолу судмэспертизадан өтүп, Жеңил жаракат эмес экендигин тастыкташса болот. А бирок муну көпчүлүк жаракат алгандар билишпейт. Аа, жеңил турбайбы, деген бойдон айылдарына кетип калышып жатышпайбы. Учурда оор абалда 488 адам жатса, жеңил жаракат менен 800 ашык, Жаныбызда Максат деген баланын өпкөсү жагына ок тийген, эки жолу операция жасап, бирок окту алып чыга алган жок, ошол балага "жеңил жаракат" деп коюшуптур, ушул туурабы? Эки жолу наркоз алдың, үчүнчүсүн жүрөгүң көтөрө албайт, эки айдан кийин кел деп жиберип коюшту. Учурда Социалдык фонддун саясаты такыр түшүнүксүз болууда. Эл чогулткан акчаны сегиз адам каякка, эмне кылып кетиришин чечип коюп жатышат. Ар кайсы өлкөнүн өкүлдөрү келип, биздин өлкөгө жибергиле, дарылаганга жардам берели деп жатышат, эмне үчүн ал жактарга жибербей жатышат? Ошол эле Ганси биз жакка да жибергиле жардам беребиз деп жатышат, эмнеге ал жакка жибербей жатышат? Муну биз кайдыгерлик катары түшүнүшүбүз керекпи же кандай?
- Убактылуу өкмөттүн кандай артыкчылыгы жана кандай кемчиликтерин байкадыңыз?
- Азырынча эч кандай артыкчылыгы деле байкалган жок… Балким буларга убакыт керек же башка себептери барбы, айтор азырынча түшүнүксүз болууда. Албетте, бир күндүн ичинде бардыгын оңдой албайбыз. А бирок бийлик кеткенден бери бир айдан өттү, а бирок азырынча жылыш боло элек го… Ал эми кемчиликтери оркоюп өзү эле көрүнүп турбайбы. Эмитеден баштап эле тууган - туушканын, дос-сoсторун аралаштырып жатышат. Бийликти биз тууганчылык басып кеткендиктен кутулттук десек, жаңылышып калсам керек.
- Азыркы күндө жаракат алгандардын укуктары тебеленип жаткандыгы баарыбызга белгилүү, шашылыш судмэксперттерден өткөрүшүп, тополоң болууда, буга каршы кандай кадам жасалат деп ойлойсуз?
- Жетинчи апрелден бери бир айдан ашык убакыт өттү, мына шейит кеткендердин кыркы да өтүп баратат. Ошондон бери эле Убактылуу өкмөттүн оозунан канчалаган убадалар берилип жатты. А бирок эч ким эч кандай жардамдарды көрө элек. Эч ким жардам берген жок деп айтпайбыз. Жардам берилип жатат, элибизге рахмат, доктурларга рахмат, колунан келген жардамын аяшкан жок. Ар кайсы улуттардын диаспоралары келип акчасын акчалай, тамак-ашын алып келип жатты. Аларга биз ыраазыбыз. Бирөөсү жүз сом, бирөөсү миң сом берип жатты. Бирок бул акча да түгөнөт экен, үй-бүлөм, эки балам бар, мендейлердин дагы канчоосу бар, алардын үй-бүлөсүн ким карайт? Биз бутубузга туруп тыңыгыча дагы канча убакыт кетет белгисиз? Биз жаракат алгандарга кызмат бергиле деген жерибиз жок, бизге адамдай мамиле жасашса дейбиз.. Тоодой кылып убадаларды берип коюшту, а бирок жылыш жок. Жаракат алгандардын укуктары кара жердей тебеленип жатат. Ошондуктан биз өз укуктарыбызды өзүбүз коргойбуз деген максат менен уюм түзгөнү жатабыз. Эгерде бизди эч ким коргобосо, биз өзүбүздү өзүбүз коргойбуз.


Мальвина УМЕТБЕКОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Кечээ Бакиевдин өзүн кууп чыккан Ош эли эртең бакиевчилерди да кубалайт
2-бет
"Акыйкат үчүн" кыймылынан "Акыйкат" партиясына
3-бет
Улуттук символикалар сыры
4-бет
Аргасыз алыста жүргөн азаматыбызга бут тоспойлу
5-бет
Политика
6-бет
Бакиевден мурун Сыдыковдун үй-бүлөлүк бийлиги башталган
7-бет
ИИМ Академиясынын начальниги Алмаз Базарбаев:
"Түз жүргөн адам милицияны жаман көрбөйт"

8-бет
Революция и проблемы безопасности
9-бет
Мирбек Иманбеков:
Көңүл калуу көп болот
- Биринчи жолу адамдан көңүлүң калганы эсиңде барбы?

10-бет
Талант Давлетбаев:
"Жарым саат кечиккенде мен дагы
Ата-Бейитке коюлмак экенмин"

11-бет
"Кресло, талашкандан көрө чегараны ачышсын"
12-бет
Беш бармакта: беш саясатчы
13-бет
Мы требуем СПРАВЕДЛИВОСТИ
14-бет
Адабият
15-бет
КАЙРЫЛУУ - СУНУШ
16-бет
Маанай



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/rukh/10/0514_10.htm on line 42