Кыргыз гезиттер архиви

"Ал жакка барбаганда төртүнчү операция кылынбайт болчу"
7-апрелдеги кандуу окуя коңшулаш жана алыскы чет мамлекеттерди да көңүл кош калтырган жок. Ар кимиси колунан келген жардамдарын берип жатышат. Ошол мамлекеттердин арасында Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери боордош элбиз деп бооруна тартып келе жаткан Түркия мамлекети да бар. 17-апрель күнү 7-апрелде атылган октон жараат алган 6 жаралуу адам, 4 жандоочу адам, 1 доктор, 1 котормочу Түркияга ТИКАнын (Түрк кызматташтыгы жана өнүктүрүү Түркия башкармалыгы) жардамы менен жеткирилген эле. Бирок, ал жакка барып келген айрым адамдардын айтышынча алар Стамбулдун аэропортунда бир нече убакытка чейин жардамсыз калып калышкан. Биз бул окуянын чыныгы жүзүн билүү үчүн өзүбүздүн чакан иликтөөбүздү жүргүзүп көрдүк. Биз бул иликтөөбүздө кайсыл бир тараптын абийирине же болбосо намысына шек келтирип, аларга жолтоо бололу деген максатты көздөгөн жокпуз. Болгону бул окуянын чыныгы жүзүн ачып берип, мындан ары да боло турчу ушул сыяктуу иштерде тийиштүү жактар бул катаны кайталабоо үчүн жасадык.

Жабырлануучунун арманы
"Ал жакка барбаганда төртүнчү операция кылынбайт болчу"
Алгач, Түркияга барып келген Бектуров Абдырайым менен жолугуп, ал жакта болгон окуя тууралуу сүйлөштүк.

- Сиздер Түркияга барганда кандай тосуп алышты?
- Бул жерден Түркияга алты киши болуп барганбыз. Абалы оордон мен анан дагы бирөө бар болчу. Бул жеден реаниматолог дагы биз менен кеткен. Бизди ал жактан өзүнчө бөлүп, жарааты оор болбогондор котормочу менен өзүнчө кетишкен. Ошону менен биз бири-бирибизди көргөн жокпуз. Биз болсо аэропортто бир жарым сааттай жаттык. Эч жака чыга алган жокпуз, тез жардам дагы келген жок. Андан кийин тез жардам келип бизди бир ооруканага алып барышты. Аяктан кечке жаттык коридордо, ал жерде эч кимдин маалыматы жок, эч ким эч нерсе укпаптыр, келет же келбейт деген да сөз болбоптур. Ошентип биринчи күнгө чейин жаттык. Так ошол күндөр ишемби, жекшемби болуп дем алыш күндөргө туш келип, эч нерсе чечилбей калды. Консулдар тийиштүү жерлерге чалып жатышты окшойт. Биринчи күнгө чейин бул маселе чечилбегенинен улам, биринчи күнү дарылануудан (лечениеден) баш тартып, кайра Кыргызстанга келдик.
- Сураш дагы оор болуп турат, 7-апрелде атылган ок кайсыл жагыңызга келип тийди?
- 7си күнү Ала-Тоо аянтында болчумун. Дарбазанын түбүнөн арттан аткан экен. Ким атканын билбейм, снайпер же башкасы аттыбы? Ок азыркыга чейин ичимде калды. Жүлүнүм үзүлүп кеткен экен, азыр буттарым иштебей жатат. Ичегинин баарын чубап, сыртка алып чыгып салышты. Бул жерден мага үч жолу операция жасашты. Бирок, техникалык жабдуулар жетиштүү болбогондуктан Түркияга жиберишкен. Мага ал жактан маалында медициналык жардам болбогондугу үчүн бул жакка келгенде кайтадан төртүнчү операция жасоого туура келип жатат.
* * *
Ушундай эле суроо менен жараат алган Эржанов Саматты коштоп барган эжеси Саматова Аселге телефон чалып байланышканыбызда буларды айтып берди.

- Бизди самолеттон түшкөндөн кийин түз эле тез жардам машинасы менен ооруканага алып барышты. Котормочу болбогондуктан аз-маз кыйынчылык болду, бардыгын телефон чалып которуп берип жатышты. Биз менен чогуу кеткендердин айрымдары ал жакты бир нече убакыт тез жардам күтүп калышыптыр. Бул тууралуу Кыргызстанга келгенден кийин алардан уктук. Биз ал жактан операция жасаткан жокпуз.




Ошол күнү бул оорулууларды Манас аэропортуна чейин коштоп барган врач Кундуз Бекбоева менен жолугуп, бул окуя тууралуу маек курдук.
"Алар ал жактан биздегидей камкордук күтсө керек"
- 17-апрель күнү биздин бөлүмдөн Самат Эржанов, Шамил Кыязов жана Б.Жусупов деген үч пациентибиз Түркияга жиберилген. Эржановдун алган жарааты оор болчу. Ок көз менен мээнин ортосунда калып калган. Бул жерден дагы ал окту алыш үчүн 2 жолу аракет жасалган. Бул жерде нейрохирургдар жана биздин бөлүм башчы өзү операция кылган. Бизде ал окту алууга шарт болбогондуктан, жана ал ок мээге доо кете турган жерде жайгашкандыктан, операцияны бул жактан жасабоо кабыл алынган.
- Түркияга эмне максат менен жиберилди эле?
- Жогоруда дагы айтып кеткендей техникалык каражаттар бизде жетишсиз болгондуктан, экинчиси ал жакта шарт, мүмкүнчүлүк болсо, кийин ден соолугуна терс таасир этпесе операциялык жол менен алууга мүмкүнчүлүк болсо, алдырууга деп жиберилген. Ал жерден оорулууну текшерүүдөн өткөрүшүп, операцияга макулсузбу дегенде алар баш тартып коюшкан.
- Эмнеге операция жасоого каршы болушуптур?
- Кийин мээсине доо кетип калыш мүмкүндүгү чоң болгондуктан каршы болушуптур. Гарантиясы жок болгондуктан жана прогнозу начар болгондуктан.
- Башка оорулуулар тууралуу эмне деп айта аласыз?
- Кыязов деген баланы өзүм операция кылгам. Анын көзүндө жасалма октун калдыгы бар болчу, ал алынып, биздин бөлүмдө орун болбогондугу үчүн 3-кабатка жаткырылган. Ал баланын дагы шарты оор абалда болчу. Темири абдан терең киргендиктен "сетчатка" деген көздүн көрүүсүнө жооп бере турган орган жабыркаган болчу. Анын көзүнүн көрүп кетүүсүнө анчейин деле прогноз жакшы болбосо дагы операциянын жардамы менен жок дегенде 10 пайызга чейин көрүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ошондуктан оорулууга операция абдан керек болчу. Ошондуктан аны да Түркияга жиберүү чечими кабыл алынган.
- Түркияга барып келгендердин айтуусуна караганда аларга ал жактан керектүү деңгээлде жардам көрсөтүлбөптүр. Анын себеби документтер толук болбогондугунда деп жатышат өздөрү. Түркияга жиберилип жаткан оорулуулардын документтери толук беле?
- Толук болчу. Атайын Саламаттык сактоо министрлигинин шапкасы коюлуп, Кыргыз Республикасынын жараны деп бланкаларга жазылган биздин "выпискаларыбыз" бар болчу. Рекомендациясына да жазылган: Кийинки дарылоо, операция жолдору техникалык каражаттардын жетишсиздигинен Россия жана чет мамлекеттеги ооруканаларга барып дарылансын деп. Биринчи биздин колубузда кандай мүмкүнчүлүк болсо ошолорду колдонуп аларга жардам бердик, мамлекет өзүнө финансылык жагын алып жаткандан кийин оор оорулууларды ал жактарга жиберүү туура болчу.
- Ал жакка барып келген оорулуулар эмне деген пикирде келишти?
- Биз ал оорулуулар келип түшкөндө колубуздан келишинче чуркап жардам бердик да. Алар ушундай мамилени ал жактан дагы күтүшсө керек. Бирок, ал жактын дагы өздөрүнүн приоритеттери бар да. Алар кезекке, планга карата иш жасашат. Алардын дагы ошол маалда маанилүү операциялары болушу мүмкүн. Анын баарын өтө татаал, курч кылып алыштын кереги жок го деп ойлойм.




Дамира Ниязалиева, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу:
"Аны менен Тышкы иштер министрлиги жана социалдык маселелер координаторлугу иштеди "
- Айтсаңыз, Түркияга 17-апрелде дарыланууга барган бир катар жарандар ал жактан документтери толук болбогондуктан кыйынчылыктарга дуушар болушуп, керектүү деңгээлде медициналык жардам ала албагандыгын айтып жатышат. Алар менен баарлашканыбызда баардыгы шашылыш түрдө болду дешүүдө. Бул окуя тууралуу кеңири айта кетсеңиз?
- Ошол маалда Түркияга кетип жаткан группа менен биз иштеген жокпуз. Аны менен Тышкы иштер министрлиги жана социалдык маселелер координаторлугу иштеди. Эльмира Ибраимова социалдык маселелер боюнча координаторунан телефон чалып Түркияга баруучу оорулуулардын тизмесин топтоп, документерин даярдагыла деген буйрук алдык. Ошондон кийин медициналык көрсөткүчтөрү менен жана каалоосуна карап 6 бейтаптын тизмесин дайындап, туугандары жана бир дарыгер-реаниматолог кошулуп, ошол эле күнү түн ичинде кетишти. Айтып кетээр нерсе биздин адистер үчүн уча турган оорулуулардын паспортторун издеп даярдаганча абдан чоң кыйынчылык болду. Кайсы ооруканага барат? кандай дарыланары тууралуу бизге маалымат берилген жок. Кеткен 6 жарандан ал жерде азыр бирөө калды, калганы кайтып келишти.
Биринчиден Бектуровдун өзүнүн жана туугандарынын каалоосу болду, экинчиден, ал оорулунун абалы оор болчу, бирок 4-5 саат учак менен учууга дарыгердин коштоосу менен мүмкүнчүлүгү бар болчу. Биз тараптан керектүү шарттардын баарын түзүп бердик.
Угушума караганда Түркиядан биздин жарандар бир топ кыйынчылыкка учураган. Бирок, кудайга шүгүр, азыр баарынын абалы стабилдүү. Ушул окуядан кийин чет өлкөгө жөнөтүү маселесин биз өз колубузга жана жоопкерчилигибизге алдык. Азыркы күнү Чарынов Бедилди Москвага 1-май күнү жөнөттүк. Жана 6 бейтапты Москвага, бирөөнү Германияга даярдап жатабыз. Бул маселе өтө көп убакытты жана аракетти талап кылат, бирок биз күндүр-түндүр дебей иштеп жатабыз. Азыркы күнү биздин бир гана тилегибиз -жарандарыбыздын аман-эсен сакайып кетишин каалайбыз.
Учурдан пайдалынып, Түркия өлкөсүнө жана бардык көмөк көрсөткөн жарандарга, мекемелерге чоң ыраазычылык билдиребиз.