Кыргыз гезиттер архиви

Он жетинчи кылымда башталган Англияда революция королунун башын алып аяктаган. Он сегизинчи кылымда француздардын королунун башы эшафотко кетсе, жыйырманчы кылымда орус императору үй-бүлөсү менен атылган.Биз эми жыйырма биринчи кылымда жашайбыз, бизге эшафоттордун кереги жок.Эшафоттордун ордуна Бакиевдерди кармап келип, эшектин тезегин тердиртсе, кыргыз элинин табасы канаар беле?

"Эшафот" эмес,
Уугум сага айтам, УУК сен ук,керегем сага айтам, Кеңеш мырза сен ук!
Кеңеш Дүйшөбаев Улуттук коопсуздук кызматына келе элек жатып, калктын бүйүрүн кызыта баштады.Же эки сутка министр болом деп, март революциясына жол ачкандыгы үчүнбү, же ошол мезгилде оппозиция лидерлери Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев,Азимбек Бекназаров, Алмаз Атамбаев, Исмаил Исаковдорго сөөмөй кезеп, эми чогуу отуруп табакташ болгонунабы, Дүйшөбаевдин атын уккан көпчүлүк куйкуну курушуп, итиркейи келип турушат.Ким болсо ошол болсун, бирок "уккан кулакта жазык жок", укканыбызды жазалы , УКК кулак түрөөр бекен?
"Беш өрдөктүү" Бакиевдин беш кепили бар
Бакиевдин "беш өрдөгү" атпай кыргызга эмес , ааламга айкын болуптур. Жалгыз кишини алдап кетет дешип, дүйнөдөгү беш кадыр-барктуу адам кепил болуп, Кыргызстандан чыгарып жиберишкен. "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" дегендей. эми ал чыгып кеткенден кийин кармайбыз деп жулунуш чекилик.Андай кыйын экен ал Кыргызстанда жүргөндө, кармап келе турган жүрөгү тоо адам чыкпадыбы? Же "папка" талашып атып убакыт табылган жокпу?
Эми Бакиевди кармап келүүгө эки тоскоолдук бар, биринчиси, анын өмүрүнө кепил болгон беш дөө-шаанын карааны турат, экинчиден, "бөтөлкөлөш" коллегасы Александр Лукашенко кежирлигине алса оңой менен бербейт. Ал Бушка да кежирленип койгон адаты бар.Ошондуктан, аны мыйзамдуу эл аралык Сотко бергенден башка азырынча чама жок.
"Арабадан" арабдарга
Бакиевдин "арабасын" кылдыратып тартпай, кыргыз элинин кычыгына тийип, кымбатчылыкка жол берген Данияр Үсөнов Араб Эмиратында баш калкалап жүрөт.Даникебиз ал жакка шарыяттын жолуна түшөйүн деп барбаганы белгилүү, кайрадан кыргыздарды энесин калтырбай сөгүп, учурун күтүп жаткандыр. Бириккен Араб Эмиратынын "коён жатагына" чейин билген Урмат Барыктабасов сыякттуу мекенчил жигиттерибиз жүргөн жерге, баардык жоопкерчиликтен "камырдан кыл сууругандай" кутулуп кетчү Данияр Үсөновдор деле барыптыр.
"Айран ичкендер" кутулабы?
"Айран ичкендер кутулуптур, челек жалагандар тутулуптур" - дейт. Акасынын "айранын ичкен" Жаныш Бакиев генералдык сөзүн берип, өзүм келем дегендей кылды эле.Же ал жасалма генералбы же кайсы жерге келээрин билбей адашып, чек арадан улам-улам өтүп жүрөбү?
Неси болсо да генерал-лейтенант Бакиев каалагандай тажик-кыргыз чек арасынан өтүп жүрөт деген каңшаар бар. Ал эми анын уулу Искен "Коркконго кош көрүнүп", элдик көтөрүлүш учурунда үч күн "Учкун" концернинин жанында Максимдин "Блондер рас" аттуу ресторанынын подвалында жашынып жатса, "Алиби" менен "Де-Фактону" миллионго жыгып атак алган уулу тууралуу маалымат жок. Эми балдарда эмне күнөө, аталардын кылган ишине балдар жооп бермек беле?
"Чойт эркечим, чойт эркечим" кайдасың?
"Беш миллион коюм, чабаны менен бар" деп,кыргыз элин малга теңеп, атасын чабан катары көргөн Максим Бакиев, өзү тыюу салган интернет-сайт түзүүдө дешет.Эми ал кайсы өлкөдө экендиги да угулуп калаар.
Сатыбалдиев+ Сатылганова=дуэт
Жаныш Бакиевке ырдап бергенде жубайы Сатылгановадан өтүп кеткен Сатыбалдиев, кантсе да жигиттик кылды.Анан качып жүрүп каякка барат эле? Көрүнгөнгө жем болбой, "башка түшсө байтал жорго" деп, мыйзамды сактап жүргөн экс- Башкы прокурор, мыйзамдын алдына келди.Кылмышы көп болсо кыр ашып кетмектир. Кыргыз эли кечиримдүү калк эмеспи, "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" дейт.Элмурза мырзанын кылмышын кечип жиберсе, жубайы Сатылганова менен дуэт болуп,эми Жаныш Бакиевдин гана көңүлүн ачып ырдабай, жалпы кыргыздын көңүлүн ачып ырдап берер.
Коргоо министри корголобойт
Жан сакчыдан Коргоо министрине жетип, бактылуу жашап аткан Бакыт Калыевдин башына күн түшкөн. Эсебинде миллиондорду басып алган Бакыт мырза, коргоо министринен көрө, каржы министри болсо, кыргызга же үй-бүлөсүнө көп пайда түшүрмөк беле? Генералдык сөзүнө туруп, мыйзамдын алдына келиши менен, "шефи" Жаныш Бакиевке туура жол көрсөтүп берди окшойт.
Ал-ахыбалыңыз кандай Акылбек мырза?
Дүйнөлүк коомчулукка иш-аракети менен жаккан, экономика илиминин доктору Акылбек Жапаров, элдик көтөрүлүш учурунда, чыйпылдап ортого түшүп, Таласта элдин таламын талашып жүрсө дагы, анын сөзүн сөз дешпей Үсөновдор элди күч менен басабыз дешип, акыры куйруктарын түйдү. Акылбек мырзанын жүзү жарык, Бакиев менен иштегендердин баардыгы эле "балит" эмес да. Бир гана "Высоко уважаемый" деген сөзүн аз колдонуп , эмки бийликке кирсе, камчы салдырбай экономика жаатын жөндөп кетмек.
"Чабандын" "Бабаны" каякта?
Максимдин "чабаны"Курманбек Бакиевдин Бабанову Убактылуу Өкмөттүн улагасында жүрөт дейт. ЭксКСДПчы Өмүрбек Бабанов, президенттик шайлоодо БЭКтин талапкерине каршы иштеди эле, эми аны акташ үчүн жаналакетке түшүп, мамлекеттин бизнес тарабын көздөөгө жулунуп жатат дейт, "Карышкырга кой кайтарткан жокпузбу?".
Жумурткалар "сасыткы" болду
Максимден май куйрукка бирди жеп, оңоло албай жүрсө да, Түпкө жумуртка чогултуп аткан экс-акими Шаршеналиев катуу "растрат" болду. Себеби, быйыл Түпкө келгендерди "катуу" тосуп алабыз деп, кымбат Төө куштун жумурткаларын сатып алып, чогултуп атыптыр да.
Укасын таштабаган да ака бар
Конгантиев Камбараалы үкасын жактап кол чогултуп жүрөт дешет. Экс Башкы прокурор, прокурор эмес "паракурор" атка конуп, өзү аз келгенсип үкасын Бакиевдердин "жайытына" кошкон. Эми ал "жайыттан" "келтексиз" чыгаруу үчүн, жан далбастап чуркап жүрөт. Аке деп ушуну айт. К.Бакиев үкаларын тыштап коюп өзү качып кетпедиби.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ