Кыргыз гезиттер архиви

  Ө.Суваналиев президенттикке ат салышам дейт

Өмүрбек Суваналиев президенттикке ат салышат, деп билдирет өзү "Алмаз-Нарын" радиостанциясына берген интервьюсунда. Нарын областынын мурдагы губернатору Ө.Суваналиев азыр ал жөнүндө айтуу эрте бирок, президенттик парламенттик башкаруу болсо "мен президенттикке ат салышам" деди. Бир убакта Куловдун айтылуу фронту жеңилүүгө учурап, боз үйлөр талкаланып, эл лидери жок талаада калган. Ошол күндүн эртеси эле Фронттун штаб башчысы Өмүрбек Суваналиев эл тиги жакта азап тартып жатса, ошол кездеги Бишкек шаардык ИИБинин жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин баласынын тоюн тойлоп "Атлас" кафесинде сайрандап конок болуп отурган. Кийин көп өтпөй бийликтин камчысын чаап кеткендиги белгилүү. Ушундай эки жүздүү адамдын бүгүн эч нерсе болбогондой президенттикке барам деп жатканын кандай түшүнүп, кандай тыянак чыгарууга болот


К.Дүйшөбаев: Боло турчу митингдерди Бакиевдер каржылайт
АКИpress маалымат агенттиги маалымдагандай, боло турчу митингдерди Бакиевдер каржылап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин милдетин аткаруучусу Кеңешбек Дүйшебаев айткан.
Анын айтымында, кээ бир күчтөр митингдерин 14,16 же 17-майда пландаштырууда, бирок Дүйшебаев 6-7-апрелдеги окуялар кайталанбайт деп ишендирди. Бирок митингдердин арасында куралчан бандиттер болушу мүмкүн, укук коргоо органдары аларга ок чыгарат, деп кошумчалады Дүйшебаев.
Ал ошондой эле криминал саясатка аралашпоосун эскертти, анткени башка криминал башчылары саясатка аралашканда алар башка лидерлер же бакиевчилер тарабынан атылганын мисал кылды.

Оксана Малеваная камакка алынды
7-апрелдеги ыңкылапка чейин Президенттик катчылыктын башчысы болуп келген Оксана Малеваная кармалгандыгын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, А.Малеванаяны кармоого Биринчи май райондук соту санкция берген жана ага 304-берене боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип айып тагылган. Учурда ал Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайынын абагында.

Бакиевге жакын 20 адам суракка алынды
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйында билдирди. Маалыматка ылайык буга чейин мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, мурдагы вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова, "Флекси Комуникейшн" агенттигинин жетекчиси Вугар Халилов, Өнүктүрүү фонддун байкоочулар кеңешинин мурдагы төрагасы Мелис Эшимканов, мурдагы депутат Сергей Ибрагимов, 7-апрелдеги ыңкылапка чейин Президенттик катчылыктын башчысы болуп келген Оксана Малеваная, Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин "Ак Жол" фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормонов, мурдагы президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев сурак берген.



Эч ким, эч качан унутулбайт!
"Кутаалам" басмасында балдар үчүн "Жеңиш. Победа" деген китеп басылып чыкты. Бул китеп Советтер Союзу аттуу эбегейсиз өлкөнүн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 65-жылдыгына арналды.
Адамзат тарыхындагы эң каардуу жана кандуу согуштун жүгүн көтөргөн биздин чоң-ата, чоң-энелер, ата-энелерибизге деген биздин чексиз сыйыбыз жана таазимибиз. Тилекке каршы, бул жеңиш - бүт Совет элинин биримдиги жана бекемдигинин аркасында гана келгендиги жөнүндөгү тарых барактарын ачып бере турган ал адамдар да, ал өлкө да арабызда жок.
Ошондуктан, өз ата-бабаларынын эрдигин ар-дайым эске сактап калуу ниетинде, кийинки муундарга ушул китебибиз арналды.
Орус эли баштаган "Чоң атам, атам менен сыймыктанам" деген акцияны колдоо менен, бул китепке басманын кызматкерлеринин жакын адамдары жөнүндө кыскача эскерүү берилди.
Китептин экинчи бөлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда өзгөчө эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын жоокерлери жөнүндө аңгемелейт.
Өзүнчө бөлүм кыргыздын балдар адабиятынын классиги А.Кыдыровдун "Баатыр-шаарлар" жөнүндөгү ырларына арналды.
Акын-фронтовиктердин чыгармаларына жана өзүлөрүнүн ырлары аркылуу душманга жек көрүүсүн, жакындарын сагынуусун, жоготуунун азап-кайгысын, жеңишке деген жаркын сезимин билдирген элдин үмүтүнө китептин кийинки бөлүмдөрү күбө болот.
Чоң аталарынын эрдигин күбөлөндүргөн балдардын сүрөттөрүн терең ыраазы болуу менен ушул китепке жарыялоону туура таптык.
Китепти түзгөн жана көркөмдөгөн балдар сүрөтчүсү Бекбосун Карабек уулу Жайчыбеков.
ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!




Кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн
төрайымы Р.И.Отунбаевага
Түбү түптүү, төбөсү бийик байыркы кыргыз эли нечен кылымдап зарлап күткөн эгемендигине ХХ кылымдын соңунда жеткени менен мамлекет башчыларынан жолу болбой, алардын ачкөздүгүнөн, бузукулугунан багы ачылбай келди. Тоталитардык, кландык башкаруунун кайталанган эзүүсүнө чыдабаган баатыр элибиз эки ирет көтөрүлүп, экинчи мертебе бийликти өз колуна алып, алгы үмүт байлап турган учур. Азыркы саясый жана экономикалык оор кырдаалдан кыска убакыттын ичинде чыгып, дүйнөлүк коомчулук алдында абыройду кайтаруу эң башкы маселе экени баарыга белгилүү. Убактылуу өкмөт саясый эрктүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтүп мурдагы тоталитардык бийликтин ар кайсыл жылдарында саясый куугунтукка кабылып, жалган кылмыш иштерди козгоонун, үй-бүлөсүнүн башына түшкөн коркунучтун кесепетинен чет мамлекеттерде баш калкалоого аргасыз болгон жарандарыбызды актоо, жалган, жасалма кылмыш иштерин жабуу саясый чечимин кабыл алуу зарылдыгы жетилип олтурат.
Айтайын дегенибиз - У.Барыктабасов. Бул жигит К.Бакиев мамлекет башчылыкка татыксыз деп 2005-жылы эле ачык каршы чыккандыгын жана миңдеген эл нааразылык билдирип, Урматты колдоого алгандыгын баарыбыз билебиз.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынан кабардар болуп жатабыз, Урмат Барыктабасов чет өлкөдө жүрсө да өз мекенинин өнүүгүсүнө арналган программаларды, долбоорлорду иштеп чыгып эл керегине жарасам деп чоң иштерди жасап жаткан экен. Бул жигит демек, бийлик, мансап көздөп эмес, өлкөсүн өнүктүрүүгө өз салымын кошсом деген асыл ниетти көздөп жатпайбы. Анын өз мекенине келүүсүнө тоскоолдук кылбоо керек деп эсептейбиз. Эгерде эл кызыкчылыгы деген ниетте болсоңуздар бакиевчилер козгогон ишти жок кылып, анын келүүсүнө шарт түзүп бериңиздер. Ошондо ушунун өзү эл таламын көздөгөндүк болуп саналат.

Сунушубуз колдоо табат деген ишеним менен коомчулуктун атынан:
К.Ашыралиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер
С.Жетимишев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, академик А.Токомбаев, Б.Мураталиев атындагы сыйлыктардын ээси
Ө.Даникеев, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси
А.Осмонов, Кыргыз эл артисти
Ш.Кулуев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын
М.Бөкөнбаев, "Көк-Бөрү" улуттук спортунун машыктыруучусу
С.Төралиев, Жергиликтүү өздүк башкаруу системасын негиздөөчүлөрүнүн бири, экономист
С.Мусаев, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КР Улуттук илимдер академиясынын коррепондент мүчөсү, Ч.Айтматов коомдук академиясынын академиги
Ч.Өмүралиев, философ, жазуучу, публицист, Ч.Айтматов академиясынын академиги


Ж.Кулманбетов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер, драматург
Н.Абдыкадыров, режиссер, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты


А.Сарманбетов, КР Улуттук жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү

А.Кенжебаев, "Аалам кыргыздары" журналынын Казакстан Республикасы боюнча өкүлү





Жарадарларга дем берип...
7-апрель күнү кандуу апааттан окко учкан мекендештерибизге чын дилинен жардам берип, колунан келгенин аябай абалдары менен жакындан тааныш болуп жаткан жердештерибиз көп болууда. Алардын бири ырчы Күлүйпа Керимбаева. Күлүйпа эже эне катары болуп кеткен кандуу окуяга кабыргасы кайышып ооруканада жаткан октон жараат алган эр-азаматтарыбыздын абалын сурап, алар менен аз убакыт болсо да бирге олтуруп тамаша сүйлөп күлдүрүп, элин коргогон азаматтарыбызга жасаган эрдиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, ала барган белектерин берип кайтты. Ар бир оорукананы кыдырып жакшы сөзүн аябай, азаматтардын демине дем кошкон Күлүйпа эже сыяктуу кең пейил, адамдык сапаты жогору адамдарыбызга жараат алган мекендештерибиз чын дилден ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Эже барган жерде оппозиционер Чолпонбек Асылбаевге окшогон жана андан башка да жаш, кырчындай жигиттер дарыланып жатышкан. Алардын ар бирине жылуу сөздөрүн арнап көңүл бурганы дем бергенин айтып, жылуу узатышты.