Кыргыз гезиттер архиви

Жаз жарыш, күз күрөш
"Жоогазын" революциясынын шарданы менен Грузияда Саакашвилини мурдунан жетелеп бийликке алып келген, азыркы грузин оппозициясынын ана башы Бурджанидзе Бакиевди бийликке алып келип, кууп чыккан Отунбаевага телеграмма жөнөтүптүр:

Телеграмма
Госпожа Отунбаева тчк Просим тчк Пришлите нам на помощь в Грузию тчк 50 кыргызских оппозиционеров тчк Ждём с нетерпением тчк Бурджанидзе тчк

Мини-футбол боюнча таймашууда башка командаларды жеңип чыгып, финалга "Ата-Мекен" командасы менен КСДП командасы чыгышты. Оюндун Башкы арбитри Роза Отунбаева жана арбитрлер Азимбек Бекназаров менен Топчубек Тургуналиев.


"Ата-Мекен" командасы
Машыктыруучусу: Өмүрбек Текебаев.
Бул команда 90-жылдардын башында түзүлгөн. Ошондон бери бийлик командасы менен нечендеген адилетсиз таймашууларды өткөрсө дагы, моюн сунбай, бийликтин командасын күм-жам кылып келатат. Эми финалга чыга турган КСДП командасы да жанталашып бийликти мыкчып калууга умтулууда. Бирок, күзүндө адилеттүү шайлоо өтсө "Ата-Мекен" командасы чемпион болушу толук ыктымал. Азыр "Ата-Мекендин" машыктыруучусу оюндун Башкы эрежелерин жазуу менен алектенип жатат. Ошондуктан, бийлик талашуучу "жазгы жарышуучу" 1-чи таймда жеңилип калышы да мүмкүн. Ал эми "күзүндө күрөшүүчү" 2-чи таймда күч-кубат менен келери бышык. эгерде күзүндө бул команда жеңишке жетишсе Өкмөт башчысы Өмүрбек мырза болот. Жаңы мыйзам боюнча иш жүзүндө мамлекетти Премьер-министр башкарып калат.

1. Дарбазада: Эркинбек Алымбеков
Эркинбек мырза экономиканы катырат. Анын үстүнө вице-спикер катары такшалып да калды. Азыр Конституцияны жазууда экономикалык блокту Эркинбек мырза эзип жаткандай. Негизи парламенттик шайлоого таптап туруп, Алымбековдун алын сынашат. Албетте, "Ата-Мекен" командасы жеңиш менен келсе парламенттин спикери Эркинбек Алымбеков болот.

2. Башкы коргоочу: Болот Шерниязов
Болот мырза "Ата-Мекен" командасын Бакиевдик бийлик командасынан коргоп келди. Албетте, Ички иштер министрлигине анын эл алдындагы кадыр-баркын сыйлап гана коюшту. Негизи Шерниязовго башкы "Шериф" болгондон көрө Мамлекеттик катчы кызматын алып кетсе, идеологиясы жок кыргыз мамлекети үчүн чоң иштерди бүтүрмөк беле.

3. Оң тараптагы коргоочу: Райкан Төлөгөнов
Түз позицияда келаткандардын эталону болууга татыктуу Райкан мырза. "Ак жолчулар" көөп турганда да кабагым-кашым деген жок. Өткөндө Оксана Малеванаянын куулугу менен "Ак жолчулар" "розыгрыш" ойнойт. Данияр Үсөнов менен алдын-ала сүйлөшүп алып Максат Кунакунов аркылуу Жогорку Кеңештен Өкмөтттүн ишине "2" деген бааны балчайта койдурат. Кунакунов каяктан эле баатыр болуп чыга келди десек, көрсө артында "куйругу" бар тура.

4. Башкы чабуулчу: Алмамбет Шыкмамбетов
Ар бир партиянын тактикалык жана стратегиялык максаттары бар эмеспи. "Ата-Мекендин" тактикалык максаты ишке ашты. Акаев,Бакиевдер кубаланды. Башкы мыйзамды өздөрү каалагандай эл алдына алып чыкканы атышат. "Казанчынын" өз эрки кайдан кулак чыгарса дейт эмеспи. Эми стратегиялык максаттарына жетүү үчүн парламенттик шайлоодо жеңишке жетиш керек. Ал үчүн чоң чабуулду Манас эмес, Алмамбет мырза башташ керек. Стратегиялык максаты элдин жашоо-турмушун көтөрүү, кымбатчылыкты жоюу жана социалдык жактан камсыз кылуу. "Ата-Мекен" командасы жеңишке жетишсе Алмамбет мырза чечүүчү постко барат, анан күчүн көрөрбүз.

5. Оң тараптагы чабуулчу: Равшан Жээнбеков
Алыскы Америкадагы бала Жээнбеков "Ата-Мекен" командасында эле. А бирок ойкуштап-кайкыштаган ата Жээнбеков "Ата-Мекенди" чанып, "Ак шумкарга" өтө качты эле. Эми баары эле камыр-жумур болуп аралашып калышты.Качканы деле, акча чачканы деле, чуркаганы деле,оозун ачып ууртаганы деле азыр бийликке умтулуп атышат.

6. Сол тараптагы чабуулчу: Абдувахаб Мониев
"Пресс.KG" гезити менен "Ата-Мекенди" коргоп келген Абдувахабга, ыргыткан таштын баары эле, так чокусуна тийип, "төртүнчү группадагы инвалид-журналист" катары жаш эле туруп, керектен чыгып бараткан. Атаганат, козголоң болуп, баланын жүрөгүн козгоп койду окшойт, шымааланып күрөшкө даярданып жатыр.

КСДП командасы Машыктыруучусу:Алмаз Атамбаев
КСДП командасы да 90-жылдары пайда болгону менен аны уюштургам дегендердин саны арбын. Неси болсо да Атамбаев бул команданын атагын алыска чыгарды. Биринчиден бул команда ойкуштап-кайкыштап кеткендердин ордосу болду. Экинчиден бийлик менен деле жыт алышып кеткен учурлар көп болду.Мына эми бийлик башына келишип, "Ай, деген ажо жок, кой, деген кожо жок" өз билемдиктерин жасап жатышат.

1. Дарбазада:
Иса Өмүркулов
Кыргызстандын дарбазасы Бишкек шаары болсо, КСДПнын дарбазачысы Бишкектин мэри Иса мырза.Нариман Түлеев экөө темир жол менен Бишкек мэрдигин кезектешип бири-биринен өткөрүп алып жүрүшөт.Арийне, Нариман Түлеевдин Аман Түлеев деген агасы Кузбассты бийлеп, Максим деген иниси Латвияны титиретип турат. Иса мырзанын андай "крутой" туугандары барбы?

2. Башкы коргоочу: Кубаныч Кулматов
Кубаныч мырзанын аты-жыты деле элге таанымал эмес экен. Бажы кызматын бажарып турган адам, Башкы КСДПчы Атамбаевге абдан таанымал болсо керек. Сариев менен Бекназаров койгон өкүлдөрүн "признавать" этпей, Бажыны башкарып калганына караганда. Аты да Кубаныч экен, элге зордук-зомбулук алып келбей, кубаныч алып келсе болду. Ушул Бажыканадан "кошёлок" дегендер үйрөнүп чыгышчу эле. Эмки замандын "кошёлогу" ким болду экен?

3. Оң тараптагы коргоочу: Осмонбек Артыкбаев
Парламентте КСДПны коргогонун көрө алган жокпуз, бирок өзүнүн бизнесин Максимден коргоп калды. Токтогулдук Артыкбаевдин Энергетика министри болуп калышынын да сыры бар болуш керек. Ильяз Давыдовко кылмыш иши козголуп атат, Осмонбек мырза андайга жолобостур. Токтогулун гана ойлой бербей, жалпы кыргызын ойлосо экен.

4. Сол тараптагы коргоочу: Сооронбай Жээнбеков
Кимдин-кимдин заманы Жээнбековдордун заманы болду. Сол тарабы деле Жээнбеков, оң тарабы деле Жээнбеков. Атамбаевден мурдабы же кийинби, эптеп Бакиевдин акырына башын салып, айыл чарбасына тиешелүү азыктардан жеп, жуткан жагынан алдына киши салган жок болуш керек. Бакиевдин акыры даамдуу бекен, же Атамбаевдин акыры даамдуу бекен. Кийин айтып берер.

5. Башкы чабуулчу: Эдил Байсалов
Өсүп келаткан бала, КСДПга кирип алып жаман булганып алды. Өзү демократия дегенде түн уйкусу төрткө бөлүнөт. Анан келип алып бюллетендер менен ойноп, мамлекеттик бюджетти эсепсиз чыгымга учуратты. Ага эми ким жооп берет?

6. Оң тараптагы чабуулчу: Рыскелди Момбеков
Рыскелди мырза КСДП командасында эмес болуш керек. Бирок "Чоң казатта" КСДПнын машыктыруучусун колдоп, чоң чабуулга өткөн бойдон, эми министрлик "должностко" келсе дагы, тормоз тебе албай, күлүккө чабылган тулпардай энтигип турган кези. "Форуму" жүрбөй калса, "Эл сөзүн" күлүккө салып, "Эл сөзү" жүрбөй калса "Форумун" күлүккө салып.

P.S. Оюндун жүрүшү жөнүндө келээрки сандарда таанышасыздар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ




  С Праздником 1-мая

Дорогие кыргызстанцы!!!
Профсоюзы Кыргызстана поздравлют с Праздником 1-мая - Днем солидарности трудящихся! Этот день является особенным днем для тех, кто трудится и ценит труд.
Нынешний Первомай будет проходит без традиционных шествий, митингов. Ведь ещё не утихла боль в наших сердцах по трагически погибшим, , отдавшим свои жизни за светлое будущее страны, в дни, когда народ Кыргызстана восстал против семейного режима Бакиева и сверг антинародную Власть, которое хотела превратить народ в робких послушников своих корыстных замыслов.
Считаем, что лучшим памятником по жертвам этих дней будет единство народов Кыргызстана на пути к созданию единого развитого современного демократического государства, где будет торжествовать социальная справедливость, не будут ущемляться права трудящихся, где не будет места для коррупции и лжи.