Кыргыз гезиттер архиви

  Баш мыйзамга сунуш

Кыргызстанды кантип көтөрөбүз?
Апрель революциясы элдин бийликке болгон ишенич отун тутанта баштады.Бакиевдик бийликке болгон нааразычылык жүрүп отуруп, акыры ал бийликтин кулашына алып келди. Кадрдык саясаттагы "алкеш-чалкеш" орун которуулар өз жүзүн көрсөтө баштады. Кечээ эле Москва районунда Э.Бөлөкбаев сыяктууларга зордук-зомбулугун кылып жаткан милиция "төбөлү", терисин тескери кийип, карышкырдын терисин койго алмаштырып Тогуз-Торого барып, өз үстөмдүгүн орнотуп жатканына, ал жактын жаштары чыдабай турганын билдирип жатышат. Мындай кадр саясаты акыры жүрүп оңолоор. Эң биринчи биз административдик реформаларды жүргүзүп алсак, мамлекеттик бюджетибизге да , башкарууга да жеңил болот беле.

Азизбектен азил кеп
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева кадр тандап атат. Текебаевди чакырып :
- Эки жерде эки канча? - дейт
- Төрт, - деп Өмүрбек Текебаев шар жооп бериптир.
- Сиз акылдуу экенсиз, Конституцияны жазыңыз, - дейт Отунбаева.
- Үч.-дейт шаша Алмаз Атамбаев.
- Сиз сарамжалдуу экенсиз, экономика жаатын тейлеңиз, - дейт.
- Беш, - дейт Темир Сариев.
- Сиз берешен экенсиз,элге айлык берген финансы жагын тейлеңиз, - дейт.
Азимбек Бекназаров ойлонуп калат. Аңгыча кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз Феликс Кулов пайда болуп:
- Сиз канча десеңиз, ошончо, - дейт.
- Ай Феликс Шаршенбаевич, "Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?"-дейт Отунбаева.
- Тандемдеши менен мамлекетти талкалаганы үчүн Акаевдин убагында көнгөн жерине жиберсекпи?-дейт жооп бергенден кутулган Бекназаров.

1.Мамлекеттик бюджет
Бюджет деген сөз англисчеден (budget) которгондо "капчык" деген маанини берет экен. Арийне, бюджетти түзмө-түз капчык деп которуп алганда да мааниси туура болбой калат. Бюджет- мамлекеттин белгилүү мөөнөттөгү акчалай кирешеси жана чыгымдары. Негизинен бюджет бир жылга жана башка мөөнөттөргө түзүлөт. Акыркы жылдары 3 жылдык бюджет тууралуу да сөз болуп жатты. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону бир гана Алмаз Атамбаев өкмөт башчы болуп турган 2007-жылы гана профициттүү бюджетти кабыл алганы болбосо, дайыма дефициттүү бюджет менен келатат.Союз учурунда беш баскычтуу бюджет болсо, 2007-жылы эки баскычтуу бюджетке өтөбүз деп убара чектик. Негизи бюджет үч баскычтуу болгону туура экенин турмуш аныктады. Союз убагында: союздук, республикалык, областтык, райондук, айылдык бюджет болсо, эми республикалык, дубандык, аймактык бюджет менен гана мамлекеттин киреше, чыгашасын аныктап койсо болот. Бул үчүн эң биринчи административдик реформага кадам таштоо керек.
2. Административдик-аймактык реформа керекпи?
Албетте ,керек. Бул үчүн дүйнөлүк практикада колдонуп келаткан жагдайларды да салыштырып көрүш керек. Мына, мурунку союздаштарыбыздын бири Грузия, калкы 5 жарым миллиондон ашуун, бирок курамынан Абхаз автономиялуу республикасы менен Түштүк Осетия автономиялуу областы чыгып атат. Андан башка Ажар автономиялуу областы менен республикага баш ийген 66 району бар. Област дегени жок.
Албаниянын 4 миллионго жакын калкы бар, 26 районго бөлүнгөн. Арменияда да 4миллион калкы менен 36 районго бөлүнгөн.Даниянын калкы биздин Кыргызстан менен тең чамал, 5 миллиондон бир аз көбүрөөк, Гренландияны кошкондо 14 эле административдик бөлүктөн турат. Финляндиянын калкы да биз менен чамалаш, административдик жактан 12 губернияга бөлүнөт. Гондурас республикасы калкы 5 миллиондон ары ооп кетет, 18 гана департаменти бар болсо,ошол менен тең чамалаш Иорданиянын калкы 8 гана провинцияга бөлүнөт экен.
Биз менен калкынын саны бирдей Лаос 16 провинцияга,Ливия 10 мухафазага (округ), Парагвай 16 департаментке бөлүнсө, биздин мамлекеттен калкы бир аз азыраак Норвегия 20 фюлькелерге, Молдова 36 районго, Литва 44 районго бөлүнөт.
Башка мамлекеттердин административдик-аймактык бөлүнүштөрүн карап отуруп, бизде облус,район деген бюджетибизден ашыкча "жем" жегендер, жүк болуп атканын байкасак болот. Якут туугандарыбызда бир райондун эле аянты биздин республикабыздын аймагына барабар болуп калат.Ошондуктан, бюджетибиздин жүгүн жеңилдетүү үчүн административдик-аймактык реформага барышыбыз зарыл.
3.Мухафаза, Фюльке, департамент, провинция, дубан…
Ар мамлекет өзүнүн административдиктбирдигин өзү каалагандай коюп алышса болот. Эмне үчүн биз союздан калган область, район дешибиз керек? Кыргызда дубан деген, аймак деген бирдиктер бар.Ушуларды колдонсок биздин чапаныбызды бирөө чечип алмак беле? Өткөн кылымда Кыргызстанда административдик-аймактык көптөгөн реформалар болгон. ХХ- кылымдын башында Россияга караган кыргыз аймагы түндүгү Пишпек, Пржевальский жана Олуя-Ата уездерине, Түштүгү Наманган, Анжиян, Ош, Маргалаң, Кокон жана Хожент уездерине өзбек, тажик, казак менен аралашып баш ийген. Россия империясы майда улуттардын кызыкчылыгын коргогон эмес. Уездер болуштуктарга бөлүнгөн.
СССР түзүлгөндөн кийин деле бир топ административдик-аймактык өзгөрүүлөр болду. Областты жоюп кайра, түзүп отурушуп, СССР тараар алдында Ош жана Ысык-Көл облусу калган. Биздин мамлекетке жарым пашаа боло турган супероблустардын кереги жок.
Кыргызстанда өрөөндөр бири-биринен тоо кыркалары менен бөлүнүп , экономикалык жана башка шарттары бирдей калыптанган. Тарыхий өнүгүү шарты бирдей аймактар бар. Бул аймактар кайсы бир убакта бир район болуп келишкен. Ошондуктан, аларды ирилештирип, бириктирип койсо, өз оокаттарын мурункудай эле жөндөп кетишет. Алсак, Базар-Коргон менен Ноокен, Чаткал менен Ала-Бука, Сокулук менен Москва, Алай менен Чоң Алай, Манас менен Кара-Буура. Бир убакта кандай бирдиктүү район болсо, ылайыкташтырып бириктирип туруп, ошол мезгилдеги райондун борборун дубанга борбор кылып койсо, бул райондордо чоң көйгөй болбойт.
Эми жаңы түзүлө турган дубандар деле кыйынчылыкты жаратпайт. Анткени, ал дубандардын борборлору азыркы областтын борборлору. Же ири шаарлар. Ошол тегерек четтеги жашаган эл ансыз деле ушул шаарларга келип-кетип, бекем катнашта жашашат. Мына карап көрсөңүз. Каракол шаарын дубандын борбору кылып, Ак-Суу району менен Түптү кошуп койсо болот. Ал эми Балыкчыны борбор кылып, Ысык-Көл менен Тоң районун кошсо неге болбосун. Жалал-Абад шаарына Сузак менен алыстагы Тогуз-Торону кошуп койсо, обочолонгон Тогуз-Торо эптеп Жалал-Абадка жармашып мыкты өмүр сүрмөк. Токмок шаарын Чүй менен Кеминди, Талас шаарына Талас менен Бакай-Атаны, Баткен шаарына Баткен району менен Лейлекти, Нарын шаарына Нарын району менен Ак-Талааны кошуп,Кара-Балта шаарына Жайыл району менен 1977-жылы бөлүнгөн Панфилов районун кошсо, 8 экономикалык жактан күчтүү, тарыхый жагынан орундуу ири дубан түзүлмөк.
Калкынын саны аз болсо да , өзүнчө өрөөндөрдө жаткан Токтогул, Ат-Башы, Кара-Кулжа, Аксы,Кочкор, Жумгалга да дубан деген статус берип, ал эми калкынын саны жетиштүү Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай,Ысык-Ата,Аламүдүн, Араван, Жети-Өгүз райондоруна өзгөртүүсүз калтырып, ушул бойдон дубанга айлантсак, баары биригип Кыргызстанда 27 дубан болуп калат экен.
Кыргызстанда 27 дубан жана 2 борбордук шаар: Бишкек менен Ош, баары биригип 29 административдик бирдиктен баш деле айланып кетпестир. Бирин-бири кайталаган 7 область жана 40 район жоюлуп, ордуна 27 дубан түзүлсө, башкаруу да жеңил, мамлекеттик бюджетке да канча жеңилдик болот эле.

Жергиликтүү башкаруу органдары
Бакиевдик бийлик жогорку башкаруу органдарына реформа жүргүзөбүз дешип, "акырдан" "жем" жегендердин санын артырып жиберишти. Борбордук структуралардын жер-жерлерде өз тармактары бар, Административдик-аймактык реформа жүргүзө турган болсо алар кыскарат. Эл менен түздөн түз кызматташа турган жергиликтүү башкаруу органдарын ирилештирип күчтөө керек. Азыр республикабызда 24 шаар, 29 шаарча, 1901 айыл-кыштак бар.Айыл кыштактарды башкаруу 429 айыл округдарынын мойнуна жүктөлгөн. Ар бир айыл округунун 5-6дан он чактыга чейин айылдарды башкарууга мүмкүнчүлүктөрү жетишет. Алсак, Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө Таш-Дөбө, Берү-Булак, Воронцовка,Чоң-Таш,Заречная, Малиновка айылдары кирет. Бул айыл округуна Байтик айыл округун кошуп Арчалы, Байтик, Кашка-Суу, Байгелди сыяктуу айылдарды Борбору Таш-Дөбө болгон аймакка бириктирсе, кадимкидей эле башкарып кетмек. Айыл өкмөтүнүн аппараты менен райондук акимчиликтин аппаратын салыштырып көрсөңүздөр канчалаган бекер оокат жегендерден бюджет кутулат эле. Айыл өкмөттөрүн ирилештирип Кыргызстанда 200дөй аймакты түзсө болот.Аймактын башчысын болуш десек, дубандын башчысын аким десек, орустун губернаторунун бизге эмне кереги бар? Кара-Кужур өрөөнүндө Лахол, Жер-Көчкү деген айылдар Нарын районуна, ал эми калгандары Кочкор районуна карайт.Мунун баарын бириктирип бир аймак түзүп, жакыныраак Кочкорго каратып коюш керек. Мамлкетибиздин башка жактарында деле ушундай көйгөйлүү административдик-аймактык бирдиктер болсо, ылайыкташтырып реформа кылсак, алакандай кыргыз жерибизде, отуздай дубан, эки жүздөй аймак болсо, башкаруу органдарына кеткен чыгашалар азаят беле? Бул маселенин деле Башмыйзамга тиешеси бар болуш керек.