Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
М.Садыркулов өлүмү боюнча иш кайрадан каралат
Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов өткөн жылдын 13-мартында Бишкек шаарынан 25 чакырым алыс жайгашкан Кой-Таш айылына жакын жерден жол кырсыгына кабылып, машинасы менен бирге күйүп кеткен болчу. Эми ошол жол кырсыгынан каза болгон маркум Медет Садыркуловдун иши кайрадан дыкат иликтенмекчи. Бул тууралуу Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Алымбеков маалымат жыйынында билдирди. Бул окуяны тергеп иликтөө иштерин Башкы прокуратура өз жоопкерчилигине алды.


Мурдагы органдын кишилери көрсөтмө берип жатат
Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын тейлеген мүчөсү Азимбек Бекназаров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, коопсуздук боюнча мурдагы мамлекеттик кеңешчи, экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевден сырткары мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев көрсөтмө берүүдө. Маалыматка ылайык, булардын бардыгына кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. А.Бекназаров мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов, мурдагы мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумаматов, Жаныш Бакиев жетектеген Мамлекеттик коргоо кызматынын мурдагы орун басары Нурлан Темирбаев изделип жаткандыгын кошумчалады.


Бакиев Жаныштын желдеттеринин али жели чыга элек
Нарындын чек ара бөлүгүнүн командири болуп иштеген Темирбаев Атыр деген бар. Нарындагы толкундоо учурунда Нарын элине токмоктун күчүн көргөзгүсү келип, эки автобус ОМОНдорду алып барып түнү менен машыктырган ал бүгүн деле заарынан кайта элек экен. Бакиев корбашысы качып кетсе да, басмачылыгын койбогон Атыр Темирбаев кызмат ордунан козголбогону аз келгенсип, бүгүн кол алдындагыларга короңдоп: "Эмне отурасыңар? Иштебейсиңерби! 85 бала өлсө эмне экен?" деп заарланып жаткан учуру. Мунусун түшүнө албагандардын башы маң. Муну менен ал эмнени айткысы келип жатат? 85 баланын өлүмү чымын чакканчалык эмес дегениби же кандай түшүнсөк болот?


К.Бакиевдин жакындарына 23 кылмыш иши козголду
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана ага жакын адамдарга акчаларды адалдоо, кирешелерди легалдаштыруу жана мыйзамсыз бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча коррупциялык схемасынын негизинде 23 кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтарга караганда келтирилген чыгымдардын көлөмү 2 миллиард сомдон ашат.
Бул кылмыш иштеринин алкагында "MGN group" компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичтин орун басары Вугар Халилов камакка алынып, акча каражаттарын мыйзамсыз легалдаштырып алган делип айыпталууда.
"MGN groupтун" мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичке сыртынан кылмыш иши козголуп, ага дагы акча каражаттарын мыйзамсыз легалдаштырып алган делип айып тагылган.


Ала-Тоо аянтындагы туу кайтадан кайтарыла баштады
Кечээ 10:00дө борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз республикасынын мамлекеттик туусун салтанаттуу көтөрүү иш-чарасы болду. Ушул мезгилден тартып Улуттук гвардиянын № 1 постунун жоокерлери кайрадан кызматын өтөй баштайт. Буга чейин КРнын Коргоо министрлиги маалымдагандай, биринчи постко 7-апрелде тууну кайтарып турган катардагы жоокерлер Тилек Адышев жана Сагынбек уулу Тынчтыкбек чыгат. "Алар мамлекеттик башкы символду кайтаруу үчүн акыры аягына чейин турушкан. Алардан куралдарын алып коюшкандан кийин дагы аны кайтарып алышып туунун жанына кайтып келишкен. Аларга посту таштоо тууралуу буйрук берилгенден соң гана күзөттөн кетишкен. №1 пост 7-апрелден 29-апрелге чейин бош турду",-деп белгилейт КРнын Коргоо министрлиги.


"Жаштар бийликтен тыш калууда"
7-8-апрелдеги окуянын шарданы менен азыр бир нечелеген жаштар уюмдары, кыймылдары түзүлгөн. Алар мурдагы бийликтин кетирген каталарын азыркы жаңы бийлик кайталабасын жана бийлик структураларына жаштардын тартылуусу керек экендигин айтышып, өз укуктарын коргоого аракет кылып жатышкансыйт. Мына ошондой кыймылдардын бири "7-апрель" кыймылынын лидерлеринин бири Эрмек Мамырканов журналисттер менен жолугуп жаштардын азыркы бийликтен талап кылып жаткан талаптарын айтты. Анын белгилөөсү боюнча убактылуу бийлик жаштардын талаптарын көңүл сырт калтырып, өз ара кресло талашуу менен алек. Ага мисал катары Бажы кызматынын башчылыгына бир күндө үч жаңы адам келгенин айтты. Муну менен катар алар конституциянын жаңы редакциясы менен макул эместигин айтышып, конституцияны иштеп жаткан жумушчу топко өздөрүнүн вариантын сунуш кыларын дагы белгиледи. Ага ылайык парламенттин 40 пайызын жаштар түзүш керек. 40 пайызы саясий партиялардан, 20 пайызы аймактардагы өкүлдөрдөн болмокчу.
Лидердин айтуусунда Убактылуу өкмөт бир айда кылган иши тууралуу коомчулуктун алдында, ошондой эле жаштардын алдында отчет бериши керек экендигин белгиледи. Азыр убактылуу бийлик эмне иш кылып жатканы тууралуу элге толук айтпай жатат. Муну менен катар азыркы бийликтин башында мурдагы эле Акаевдик, Бакиевдик бийликтин чайын ичип калган эле адамдар жүргөнүн да кошумчалады.


"Урмат Барктабасовдон коркуп жатышат"
Убактылуу өкмөттөн Урмат Барктабасовдун жактоочулары анын коопсуздугун кыргызстандан коргоп берүүнү сурап жатышат. Бул тууралуу Урмат Барктабасовдун адвокаты Акин Токтоналиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусу боюнча ал Башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан Байтемир Ибраевге кайралганын белгилеп бирок, ал Азимбек Бекназаровдун буйругусуз Барктабасовдун коопсуздугун камсыз кыла албастыгын, ага карата 2005-жылы кылмыш иши козголгондугун айткан. Бирок, адвокат эмне үчүн мурдагы бийликтин тушунда куугунтукта жүргөн, Кадыров, Байсалов, Жээнбеков өңдүү адамдар азыр Кыргызстанда ээн-эркин басып жүрүшөт? Барктабасов эмнеге анте албайт? Анын бир гана себеби бар Убактылуу өкмөт өздөрүнө күчтүү атаандашты каалашкан жок, дейт А. Токтоналиев. Эгер Убактылуу өкмөт У.Барктабасовдун коопсуздугуна кепилдик бере албаса, анда эл анын кепилдигин өз мойнуна алат. Анда кайрадан баш-аламандык болуп кетиши мүмкүн, дейт ал.

Расул Үсөналиев




  Боорукерлик

"Сапар-Ата" фондусунун жардамы
Көл өрөөнүнүн көкүрөк жагына кеңири белгилүү болуп, дайыма боорукерчилик жана гумандуулук жардамдарын карапайым элден аябай, бей-бечараларга кайрымдуулук көрсөтүп жүрчү Каракол шаарындагы "Сапар-Ата" фирмасынын ээлери Сапарбек жана Төрөкан Сулатаевдер жана алардын балдары Бактыяр менен Элдияларга чоң соопчулук иш жасашты.
Кандуу 7-апрель күнүндө курман болгондорду эскерүү менен, ушул күнү жарадар болуп ооруканаларда жаткан улан-кыздарды материалдык жактан колдоо үчүн Ысык-Көлдүн борборунан Төрөкан айым келип, жарадарларга дары-дармек сатып алуу үчүн акча каражатын Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Темир Сариевге тапшырып кетти.
Кыргыз элинде ушундай оор күндөрдө колунда бар адамдар тапкандарын тең бөлүшүп, кыйын кезеңде калгандарды колдоп келген эмеспи.
Ушул салттан жанбаган Сапарбек Сулатаевдин үй-бүлөөсү бул жолу да ырайымдуулук иш жасашты. Дегеле Сапарбек мырза берешендик жагынан көпчүлүккө мисал болуп жүрөт . Анткени, 130 миң сом акчаны көрүнгөн эле байлар чыгара бербейт эмеспи. Тапканын эл менен тең бөлүшкөн Сапарбек буюрса далай соопчулук иштерди жасайм жеп жатат.
М. Раимжанов