Кыргыз гезиттер архиви

  Дүбүрт

АКШ озом десе, Россия андан кем калышпайт
Дүйнөдө АКШга карата мамиле жакшырса, Россияга болгон мамиле турукташып, бирок дале негативдүү бойдон калууда. Мындай маалымат Би-би-си дүйнөлүк кызматы тарабынан 28 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарында айтылган. Сурамжылоодо 29 миңден ашык респонденттерден айрым өлкөлөрдүн дүйнөдөгү салмагы позитивдүү же негативдүү ролду ойноору суралган.
Мындай сурамжылоо 2005-жылдан бери жыл сайын GlobeScan компаниясы жана Эл аралык саясатка болгон мамилелерди үйрөнүү программасы (PIPA) Мэриленд университеттинин катышуусу менен өткөрүп келет. Мында Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү ролун 20 өлкөнүн респонденттеринин көбү позитивдүү деп баалаган. Жалпы суралгандардын 46 пайызы АКШ дүйнөлүк окуяларга оң таасир берүүдө десе, 34 пайызы Америкага негативдүү көз карашта болгон.
Ал эми Россия дүйнөлүк окуяларга негативдүү таасир этет дегендер 37 пайызды түзсө, оң баа бергендер 30 пайыз болгон. Жалпысынан Россиянын аракеттерин 17 өлкөдө негативдүү деп бааласа, 7 өлкөдө позитивдүү, дагы үчөөндө пикирлер теңме-тең болгон. Эң эле негативдүү таасири бар өлкө катары Иран табылган. Суралгандардын 56 пайызы өлкөгө негативдүү баа берсе, 15 пайызы гана позитивдүү оюн билдирген. Ал эми позитивдүү көз караштардын көбүнө Германия ээ болгон. Алсак, суралгандардын 59 пайызы Германияга оң баасын берсе, Жапанга 53 пайызы, Улуу Британияга 52, Канадага 51 жана Францияга 49 пайызы позитивдүү көз карашта болгон.

Каримов орус журналисттерине эмнеге нааразы?
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов россиялык прессадан Кыргызстандагы окуялар боюнча орундуу жазып жана бул өлкөдөгү абал боюнча эле бүтүндөй аймакты баалабоого чакырды."Мыкты корреспонденттердин айрым баалоолору таң калтырат. Анткени Кыргызстан боюнча эле бүтүндөй аймак жөнүндө сын айтууга болбойт", - деген Каримов Москвада РФ президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуудан кийин берген маалымат жыйынында. Өзбек президентинин пикиринде, маалыматтын аздыгы "бош калган саптарды өз алдынча толтуруп коюуга" алып келүүдө. Каримов айрым россиялык массалык маалымат каражаттарында Кыргызстандагы окуя аймактагы тигил же бул өлкөдө кайталанышы мүмкүн деген билдирүүлөрү туура эместигин белгилеген. "Эгерде россиялык басылмалар, телекөрсөтүүлөр Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй аймакта эмне болуп жаткандыгына ар тараптуу талдоо жүргүзсө абдан туура болмок", - деген Каримов. Бул аймактын өлкөлөрү Кыргызстанда эмне болуп жатканына кызыкдар эмес экендигин белгилеген Өзбекстандын президенти айрым россиялык ММКлар "коңшу өлкөлөрдүн башчылары коркуп, ал эми калкы эркиндикти сүйгөн кыргыз элин суктануу менен карашууда" деп жазып жаткандыктарын белгилеген. "Эч ким "эркиндикти сүйгөн кыргыз элин суктануу менен карабай эле". Ишенбесеңер, Кыргызстан менен чектеш Өзбекстанстандын райондоруна барсаңар болот", - деди орус журналистерине жини келген өзбек лидери.

А.Лукашенко: Бакиев Минск шаарында Беларустун коргоосуна алынды
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Минскте, анын бул жакка келишин Беларустун "тийиштүү кызматтары" уюштурган, деп маалымды Беларустун президенти Александр Лукашенко. "Курманбек Бакиев өзүнүн үй-бүлөсү менен Минскте биздин мамлекеттин жана жеке менин коргоомо алынган", - деген Лукашенко элге жана парламентке кайрылуусунда. "Дүйшөмбү күнү кечинде мен өзүмдүн тийиштүү кызматтарыма Бакиевдин Минскке келишин уюштурууну тапшыргам", - деп маалымдаган Лукашенко. Белгилей кетсек, К.Бакиев Казакстандын аймагынан чыгып кетип, кайсы тарапка багыт алганы белгисиз болгон. "Учурда мен медициналык комиссия түзүп, анын жана үй-бүлөсүнүн саламаттыгын текшерүүнү тапшырдым", - деди ал. Мындан тышкары ал кыргыз элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштурууну тапшыргандыгын билдирген: "Мен азык-түлүктөр, ошондой эле зарыл продуктылар Кыргызстанга жөнөтүлсүн деп тапшырдым. Ал жерде жакырчылык өкүм сүрүүдө", - дейт Беларус президенти.


Toyota АКШга 16,4 млн. доллар айып пул төлөйт
Кошмо Штаттарында автомобиль тармагындагы компаниялар буга чейин өкмөткө мынчалык чоң суммада айып пул төлөшө элек. Мунун баары жапон автомобиль концернинин машинелериндеги кемтик менен байланыштуу болду. Быйыл жыл башында Toyota өзүнө караштуу Camry жана Corolla машинелеринин педалында кемтик бар экенин билдирген. Дүйнө боюнча 8 млн.ашуун машинесин кайтарып алган. Алардын 3,5 миллиондон ашууну АКШда болчу. Компания машинелердеги кемчиликтер тууралуу АКШ өкмөтүнө убагында маалымат бербегендиктен айып пулга жыгылды.

Кыргызстанда абал жакшырса Бажы союзуна кире алат
Өлкөдөгү абал жакшыргандан кийин Кыргызстан курамына Россия, Беларусь жана Казакстан кирген Бажы союзуна кире алат, деп билдирген россиялык "Новости" маалымат агенттигине Бажы союзунун комиссиясынын жооптуу катчысы Сергей Глазьев. "Ал жакта саясий кырдаалдын жакшыруусун күтүү керек. Кыргызстан ЕврАзЭСтин мүчөсү болгондуктан, Бажы союзуна киргенге укугу бар. Биз бул багытта эч кандай көйгөй көргөнүбүз жок", - деди ал. Бажы союзуна жаңы мамлекеттердин кирүү тартиби ага мүчө мамлекеттердин башчыларынын ушул жылдын июлунда Астанада өтө турган жолугушуусунда каралат. Белгилей кетсек, Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев өлкөнүн жаңы бийлиги келечекти бирдиктүү экономикалык жана бирдиктүү бажы мейкиндигинде көрө тургандыгын билдирген.


Журналисттердин өлүмүн иликтей албаган өлкөлөр аталды
Акыркы убактарда журналисттерге кол салуу күндөн күнгө арбып барат. мындай жагдайдын түзүлүшүнө ар түрдүү окуялар да себеп болуп жатат. Көбүнчө журналисттер окуяны чагылдырып берүү максатында, же иликтөөгө алган ишинин аркасында киши колдуу болуп бул дүйнө менен кош айтышууда. Мына ушундай журналисттердин киши колдуу болуп өлгөндүгү өкмөттүк деңгээлде колго алынбаган мамлекеттердин тизмеси чыгарылды. Тизмени Журналисттерди коргоо комитети деп аталган эларалык уюм ушул жуманын башында жарыялады. Тизме боюнча биринчи орунда Ирак турат. Бул өлкөдө акыркы 10 жылда 88 журналист киши колдуу болду. Бирөөнүн да иши ачыла элек. Экинчи орунга аскерий конфликттин курчоосунда калган Сомали коюлду. Анткени бул мамлекетте 10 жылда тогуз журналист өлгөн болсо, биринин да иши аягына чыкпады. Орусияда 2000-жылдан бери өлтүрүлгөн журналисттердин ичинен 18 адамдын иши дале ачыла элек. Ошондуктан бул өлкө сегизинчи орунга коюлду. Жалпысынан 12 мамлекеттеги абал изилдөөгө алынган.


Кытайдагы жер титирөөнүн курмандыктары миң адамдан ашты
Кытайдын түндүк-батышындагы Цинхай провинциясындагы катуу жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 1 миң 144 адамга жетти, деп маалымдаган Синьхуа агенттиги. Цинхайдагы жер силкинүүсүнүн күчү 7,1 баллга жетип, шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат эртең мененки 7.49да катталган. Жер титирөөнүн очогу провинциядан түштүктү карай Юйшу уездинде 33 чакырым жер тереңдигинде болгон. Каза болгондордон тышкары 2 миңге жакын адам оор жаракаттарды алышкан. Учурда аймакта 10 миңден ашык аскер кызматкерлери, куткаруучулар жана врачтар куткаруу операциясын жүргүзүшүүдө.
Кытайда бир нече жүз кишинин сөөгү өрттөлдү
Алардын баары зилзаладан каза болгон тибеттиктер. Далай лама курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакын туугандарына көңүл айтты жана аларга жеке өзү келип колдоо көрсөтө албаганына өкүнүч билдирди. Кытай бийликтери анын Тибетте болушуна тыюу салган. Соңку маалыматтарда табигый кырсыктан курман болгондор саны 1300дөн ашты, дагы 300дөй кишини дайыны билине элек.

Расул ҮСӨНАЛИЕВ

Саламатсыздарбы, окурман!
Жазылууну унуткан жоксузбу?
Билесизби, Сиз биз үчүн эң жакын, эң кымбат адамсыз. Биз өзүбүздү сүйүктүү окурмандарыбызсыз эч элестете албайбыз. Андыктан, Сиздин көңүлүңүздү таап, Сизге жаккан ойлорду, Сиз күткөн сөздөрдү жазуу үчүн колдон келген аракеттерди жасап жатабыз. Буюрса, айта турган көп ойлор, көп идеялар бар.
Урматтуу окурман!
Учурда "Кыргыз Рухуна" 2010-жылдын декабрь айына чейин жазылуу жүрүп жатат.
Редакциялык жазылуу баасы (КНС салыгын кошпогондо)
1 айга - 24 сом, 3 айга - 72 сом, 6 айга - 144 сом