Кыргыз гезиттер архиви

  Пикир

Жаңы конституция жакшы тилде жазылыш керек
Конституция деген тигил же бул өлкөнүн эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон, анын саясий, укуктук жана экономикалык системаларынын негиздерин аныктаган мамлекеттин негизги закону болуп эсептелет. Ошондуктан ага өзгөчө мамиле болуш керек. Анын тили, ар бир түшүнүктүн, терминдин өз маанисинде так берилиши, которулушу эч кынтыксыз, нормативге түшкөн жалпы элдик адабий тилде жазылышы талап кылынат. Бул жерде эмне үчүн "которулушу" деген сөздү кошуп жатабыз? Анткени, биз башка мамлекеттердин, айрыкча Россиянын, Казакстандын конституцияларын карабай, алардан пайдаланбай, которбой (ал эмес көчүрбөй) туруп өзүбүздүкүн жаза албайбыз. Мунун эч кандай жамандыгы жок. Бири-бирибизден тажрыйба үйрөнүү - бүгүнкү табигый процесс. Бизде даярдалган айрым закондор, кодекстер, документтер үлгү катары башка өлкөлөрдө пайдаланылып жатканы жок эмес. Эмне үчүн адегенде кыргыз тилинде жазбайбыз, анан орус, башка тилдерге которбойбуз дегендерди да укканбыз. Бул жакшы ниетте айтылган сөз эле. Бирок биз азырынча, ал даражага жете элекпиз, биз үчүн ал тээ алыстагы бүлбүл көрүнгөн бир бийиктик. Анын объективдүү себептери бар. Кудай буюрса, ал күн да келет. Кеп бүгүн башкада турат. Мына бүгүн, эртең Жаңы конституциябыздын тексти жарыяланып, элдин талкуусуна коюлганы турат. Буга чейин Конституцияны, Законду даярдаган жолдоштор негизинен документтердин мазмунуна көңүл бөлүшүп, алардын тилине, стилистикасына, котормосуна анча маани беришпегендиги, тилчи адистердин консультацияларына кайрылышпагандыгы, оркоюп эле көрүнүп турчу. Андагы айрым сөзсүз оңдоло турган, тактала турган жерлерин өз ордуна келтирүү боюнча убагында тийиштүү аракеттерди жасаганбыз. Ошого карабай конституциябыздын текстиндеги орун алган бир топ туура эмес термин-сөздөрдү, котормолорду көргөнбүз. Бир фактыга эле кайрыла кетеличи. Биринчи главанын 1-статьясында "Кыргызская Республика (Кыргызстан) - суверенная, унитарная, демократическая республика, построенная на началах правового, светского государства" деп, аны "Кыргыз республикасы (Кыргызстан) - укук туткан, динге негизделбеген мамлекет болуп түзүлгөн эрктүү, биримдиктүү, демократиялуу республика" - деп которулган. Бул жерде "суверендүү", "унитардык" деген сөздөрдөн качып, бирин - эрктүү, экинчисин - "биримдиктүү" деп алган. Суверендүү, унитардык деп күндөлүк турмушубузда колдонуп жатабыз. Эрк, эрктүү деген "воля" "волевой" дегенди билдирет. Дегеле ушул статьяны кайрадан жазып, жакшы которуш керек. Буга окшогон калпыстыктар көп эле болгон. Ушуга байланыштуу мурунку Конституцияларыбызда главанын "бөлүм", разделдин "бөлүмчө" деп берилиши туура эмес болгон. Разделди "бөлүм", подразделди "бөлүмчө" деген туура болот. Биз часть дегенди "бөлүк", частица дегенди "бөлүкчө" деп келдик. Ал эми главаны мурункудай эле глава деп калтырышыбыз керек. Бир катар статьяларда гарантияланат, гарантиялайт, гарантияланган, гарантиялар деп берилчү жерлердин баарына "кепилин алат", "кепилин алган", "кепилдигин алат", "кепилдиктер" деп берилген. Чынында гарант, гарантия менен кепилдин мааниси асман менен жердей. Дагы бир статьяда "Маданият, көркөм өнөр, адабият, илим жана массалык маалымат каражаттары - эркин" дегенде "көркөм өнөр" искусствонун ордуна алынган. Көркөм өнөр - бул "художественное ремесло" дегенди билдирет. "Искусство" термини өзү калыш керек. Ал эч качан жоголбойт. "Контролдойт", "контролдоо" деп келчү жерлердин баарын "көзөмөлдөйт", "көзөмөлдөө" менен толтуруп, кыргызчалатып салдык дегенибиз чоң жаңылыштык. Көзөмөл - бул надзор (прокурорский надзор - прокурордук көзөмөл). Надзорду "контроль" менен чаташтыруунун кереги жок. Түрктөр да контроль дейт. Ушулардын айырмасын билбей жатканыбыз өкүнүчтүү. Конституциянын статьяларында көп учураган сөз "полномочие" термини. Аны "бийлик-укуктары", "бийлик укугу" деп берип келишти. Полномочиени бардык учурда эле бийликке, укукка эквиваленттүү түшүнүк катары кабыл алууга болбойт. Көптөн бери Кыргызстандын башка бир өлкөгө дайындалган адамын, элчисин, полномочиелүү өкүлүн "толук укуктуу элчиси же өкүлү деп айтып, жазып келебиз. Андай болгондо толук эмес укуктуу, жарым укуктуу элчибиз да барбы деген ой тууулат. Полномочиедеги полно деген бөлүгүн көрүп алып, "бул толук дегенди билдирет турбайбы" дегендей түшүнүк алган бир акылманыбыз киргизген да. Дагы бир статьяда "Кыргыз Республикасынын премьер-министри: Өкмөт мүчөлүгүнө кызматка дайындоо үчүн талапкерлерди Президентке сунуш кылат" деген жери бар эле. Бул жерде "талапкерлердин" ордуна "кандидатураларды" деп берген туура. Талапкер өзүн-өзү көрсөтөт, өзү аракет кылып, ошого чыгат. Ал эми мында ситуация башка. Аны Өкмөт сунуш кылып жатат. "Өкмөттүн түзүмүн Премьер-министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт да, аны Жогорку Кеңеш бекитет" дегендеги түзүмүн деген "структурасын" менен алмаштырылышы керек. Кыргызда түзүм деген сөз жок, тизим деген бар. Ошондой эле "курамы" деген жердин баарына (Өкмөттүн составы, Борбордук шайлоо комиссиясынын составы) мурункудай эле состав деген сөз менен алмаштырыш туура болот. Анткени, курам деген сөз кыргызда жок, курама деген бар (курама темир, курама төшөк, курама команда). Ушундан эле биз казактарды туурап, ошолордун конституциясын көп караганыбыз көрүнүп турат. Ошондой эле Генеральный прокурорду "Башкы прокурор" (Баш прокурор деп жиберип жатпайбызбы), митингди "жыйын", квалификациясын дегенди "чеберчилиги", мотивдерди "себептер", Башкы командачыны "Башкы кол башчы", регламентти "атайын эреже", чинди "чен", формулировкалары дегенди "редакциясы" деп беришип, баш аламандыкка алып барган. Анткени "башкы" дегенди биз дайыма главный деген мааниде түшүнүп, бардык учурда башкы инженер, башкы режиссёр, башкы зоотехник, башкы врач ж.б. деп келгенбиз. Ошону үчүн Генпрокурор өз ордунда калышы керек. Баш мыйзам, баш катчы, баш калаа, баш прокурор деп айтуу туура эмес. Советтик доордо биз Генеральный прокурор, генеральный план, министерство, агентство деп айтып, жазып келдик. Бизди ушундай айтасыңар, жазасыңар деп эч ким зордогон эмес. Бул сөздөрдү башкача айтууга болбостугунан ушундай алынган. Генералдык, министрлик, агенттик дегенде алардын маанисин кайра орусчага которсок генеральский, министерский, агентский болуп калып жатпайбы (генералдык чин алды, министрлик орун, агенттик кылып жүрүп колго түштү). Кийинки мезгилде статьянын ордуна берене дегенди жазып, айтып жүрүшөт. Бул тил комиссиясынын алдындагы терминкомдун элге берген табылгасы. Муну кайсы акылман тилчи таап, киргизгенин такташ керек. Статья менен берененин ортосунда кымындай бир маанилик, альтернатива болчу байланыш жок. Сөздүктөрдө берене муз. лад деп турса, ал кайдан барып статьяны алмаштырып калат! Ошону үчүн статья өз ордуна келип, берене өрттөлүш керек. Элибиздин көкүрөгүндөгү эркиндик, эгемендик алдык деген эйфория өттү. Эми ар бири нерсенин өз ордуна келчү мезгили эшикте турат. Эстүүлүк, токтоолук менен аларды элибиздин жүрөгүнөн орун тапкандай, илимий негизде сунуш кылуу ушул тармакта иштеген профессионал-адистердин милдети деп ойлойм. Жаңы конституциябыз жарыялангандан кийин ага карата ой-пикирибизди билдирип, Убактылуу өкмөттүн алдына койгон милдеттерин, пландарын ийгиликтүү аткарышына баарыбыз көмөктөшөлү. Жаңы конституциябыз жакшы тилде жазылсын дейли.
Четин Жумагулов




Кылым ичинде кыргыз менталитетинин өзгөрүшү
"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дейт калкыбызда. Бул төгүндөлгүс чындык. Табияттын өзү ушундай. Кудай таалам, Улуу жараткан да дүйнөнү түзүп жатканда ушуну унуткан эмес экен. Баардыгы жаңыланып турат.
Бир кылым ичинде кыргыз эли да жаңыланып келди. Бирок кайсы жагына. Маселе ошондо турат. Карасаңыз, кыргызда качан кашкөйлүк, кошоматчылык, жагымпоздук, жандимилик, кашкөйлүк, өзүнүкүн өңгөчүн тарта коргоо, өзүмчүлдүк ж.б сыяктуу жаман сапаттар бар эле! Кийинки учурда ушундай жаман касиет-сапаттар жугуштуу оорудай элдин калың катмарын каптап кетти жана кыргыздардын көбүндө ичкен ашындай эле болуп баратат. Мунун баары мурдарааак башка калктар менен байланыш аз мезгилде элде жок эле, бирок кийинки учурда мындай жаман касиет-сапаттар калкка башка калктардан импорттолуп келип, жугуштуу оорудай эле жугуп жатат.
Кыргыздарда тоодой болгон мүнөз күчтүү эле. Ырас, тоңмоюн болсо да, намысчыл. айкөл, калк элек. Ырас жоош болсок да, керек кезде темирдей эрктүү, жердей күчтүү жана суудай таза элек. "Пайгамбар барына азыр, жогуна кайыл" дегендей, болгонуна топук кылган, бакубатчылык, байгерчилик мүнөз касиетибиз бар эле. Булардын баарын азыркы кыргыздардан оңой менен учурата албайсыз.
Эң жаманы кийинки кезде мансапкордук жана байлыкка жантыгынан жата калып жанталашуу кадимкидей адат болуп калды. Муну ал тургай орой, одоно жолдор менен ишке ашырып киришти. Анан калса ал төмөнтөн башталбай, жогорудагы, бийлик башындагылардан башталды. Анын эң айкын мисалы биринчи жана экинчи Президент аталган А.Акаевден жана К. Бакиевден кашкайып көрүндү.
Мамлекетте, өлкөдө паракорчулук, жемкорлук деген оорулар СПИДдей эле калкты каптап, жайылып, өсүп-өрчүп. учурда коом үчүн коркунуч алып келди. Ачык эшик саясатынын айдыңында башка жактан "импортттолуп" келген жаман-касиеттер элге жугуп жатат. Алар рейдерчилик (басып алуу), аферисттик (алдамчылык), морадерчулук (талап-тоноо), кара риелторлук (кыймылсыз мүлктөрдү алдап алуунун бир жолу) ж.б. деген терминдер менен шөкөттөлгөн касиеттер. Азыр учурга жараша алчы-таасын жеген калпычылык, алдамчылык, хамелеончулдук, көшөкөрлүк, кошоматчылык, куйтулук ж.б. абийирсиз мүнөз-куй, касиет-сапаттар ар бир экинчи кыргызда пайда болду.
Коом башта илгери арстандардын, пилдердин айбаттуу кайраттуу, коркок эмес жаныбарлардын жашоосу менен жашап келишсе, кийин карышкыр, түлкү, азыр болсо бирде улуп, бирде күлгөн чөөнүн турмуш образына көчүштү.
Азыр адамдар чөөдөй эле болуп калды. Илгери адамдар урушса да бийик деңгээлде, адамдык ар-намыста урушчу. Бири-бирин жекеме жекеге чакырып, дуэлге чыгышып, бири-бирине кезек беришип, анан өз кезеги менен күчүн, согуш ишине мыктылыгын көрсөтүп каршылашын татыктуу жеңишчү. Жеңилгени жеңилгенин мойнуна алып, ал чөйрөдөн кетип же жеңгенге баш ийип калчу. Азыр анын бири жок. Адамдар согушушса, куулук менен адамдыкка сыйбаган айла-амал, арам жолдорду колдонууга аракеттенишет. Тез өлтүрүүчү куралдарды, дары-дармектерди, атылуучу куралдардын түрлөрүн ж.б. колдонушат. Жаш балдар урушса бири бирине муштумдарын көрсөтүп жеңилгени жеңилишин мойнуна алып калуу жок. Таш, бычак, балта ж.б. ала чуркашып, эптеп биринчи жетип өлтүрүп жиберүүнү көздөп турушат. Байкабай турганда арамдык менен, белден ылдый тээп, эптеп эле көзүн тазалоого умтулушат, өлтүрүп салууга аркеттенишет. Анан калса эч убакта жеңилгенин мойнуна алып калбай, бир жеңилгени менен токтоп калбай тытакайлашып, кайра кайра ар кандай куулук айла-амалдарды колдонушуп, татыксыз, намыссыз жолдор менен аракет кылып каршылашынын көзүн тазалоого умтулушат.
Ошентип, адамзаат ушул илим-билим, техника өнүккөн заманда, 21-кылымда акыл-эс, аң-сезимдери өчүп, короп, деградацияланып, жышылып, кетилип, адам баласына жат айбандардын да эң арсызында болуучу кылык-жоруктарды, жорук- жосундарды күтүп, аларды өзүнө атайын энчилеп, ач бел, куу жондордо желип -жорткон, бири-бирин укпай улуп-уңшуган, чөө коомуна кирип келдик. Баатырдыктан коркоктук, ар-намыстан абийирсиздик, адилеттүүлүктөн акыйкатсыздык ж.б. айбандык кыял-мүнөздөрдү адамдар жантыгынан жата калып үйрөнүшүп, ан дүйнөлөрүнө сиңиришип, камаарабай эле кабыл алышып, бири- бирине маашырлана колдонуп жатышкан чагы. …
Мындай жорук-жосунду жалаң гана адамдар күтпөстөн ошол адамдардын тобу түзгөн өлкөлөр, мамлекеттер күтүшүп, бүтүндөй коомдук система бул илдетке чалдыгып, коркунучтуу вирус жуккан өңдүү, адамдардын, мамлекеттердин, коомдун акыл-эсин каптап, аң-сезимин жабыркатып жаткан кез.
Ошентип бир кездеги албан тоодой мүнөз күткөн тоолук топуктуу элибиз ушинтип майдаланып, бачикиленип, жамандыктын сазына белчеден батып баратышат. Бул Адамзаттык оорудан ким кандай жол менен сактап калат, ал белгисиз.
Ар ар ким эле чөөдөй улуп, өзүнүн ой-пикирин Улуу программа, Ыйык Курандай, өзгөрүлгүс Конституциядай айкырып, жанталаша элге жеткирүүгө тырышат. Же ал жетсечи. Ач бел, куу жондо аркыраган шамалдай элдин эсин эки кылып, айрымдары ичиркентип, адамдын кускусун келтиргендери канча. Деги жакын арада алакандай кыргыз элин ушундай "Жан дүйнө оорусунан" куткаруучу дары табылар бекен? Элдин бир кездеги эң сонун менталитети кайтып келер бекен, ал жандырмаксыз табышмак. Мына ушуга чейин кыргыз элинин жыргалчылык доорун кээ бирөөлөр Теңирчиликтен, кырк уруу кыргызчылыктан көрсө (Ч. Өмүралиев, Д.Сарыгулов, К. Кошалиев ж.б.), бирөөлөрү (Өзбек,Мыктыбек ажы, динчилдер, молдолор, ж.б.) мусулманчылыктан, Кудайга сыйынуудан көрүшөт. Манасты туу көтөрүп, Манасты Кудайга тете көкөлөтүп, Манаска сыйынуу, табынуу элди сактап калат деген пикирлерди туу туткандар (Бүбү Мариям, Ш.Эсенгулов, Токтогазиев жана кээ бир романтик манасчылар) андан көп. Кандайдыр бир түшүнүксүз фальсафага өзүлөрүнүн башын айлантканы аз келгенсип (Ө. Бегалиева, А. Жакшылыков ж.б) өңгөлөрдү өңгөчүн тарта үндөгөндөр андан көп. Кырк уруу кыргыз болгонбуз, урууларды, уруучулдукту жандандырыш керек деп, уруу коомдорун түзүп (мундуздар, чериктер, сарбагыштар ж.б. курултайларын өткөрүп, ынтымак коомдорун түзүп салышты. Дагы бирөөлөрү (З. Курманов ж.б.) элдин антиквариатка айланып бараткан адат-салтын, ата мурасын жандантып, жан киргизебиз деп күпүлдөшөт, бирок өзүлөрү деле чучук менен колбасанын айырмасы жок, курсакты тойгузса болгону деген чалагайым көз караштарын бир кезде балп эттирип, элди жийиркенткендери менен иштери жок. Ал турмак ушул агымдардын ичинен эле канча майда агымдар бөлүнүп чыгып жатышат дейсиз. Дааватчылар, хизбут-тахрирчилер, муночулар, иогованын күбөлөрү илгерки коммунизмдин караанындай өлкөнү узун-туурасынан кесип каңгып жүрүшөт. Мына ушул укмуштуудай алжыган чеке-бели жок, чектеп койгон чеби жок, ээн талаанын ач бөрүсүндөй алышкан, чөөлөрүндөй улуп-уңшуган "укмуштуунун төөсү жорго", "атың чыкпаса жер өрттө" ой-пикирлер далайлардын башын апийимдей айлантып. далайлардын адамдык психологиясын бузуп, уюткулуу журтту бөлүп жарып, элдин нарк-насилин жышып-жоюп да жатышат. Мына, азыркы кыргыз коомунун "философиялык" алдычыл, келечекчил көз караштары, аралашкан боткодой пикирлери, коомду туңгуюктан алып чыгар "ачык көздүү" туюмдары. Анан эр болсоң ушулардан бир тазасын, тунугун таап алып көр. …
Ал эми андан да коркунучтуусу дүйнөлүк ааламдашуу, (суперлешүү, гиперлешүү ж.б.), ассимляциалашуу (аргындашуу), темирдей суук технократия, тейтеңдеген демократия, эч нерсени этибар албаган либерал граждандашуу, аялдардын феминизация, эмансипациясы, гендерчилиги, (Рыскулова, ж.б) деги койчу, шумдуктуудай терминдер менен шөкөттөлгөн агымдарды алдына салып алып, …. адамзатка каршы сел, өрт коомду, мамлекеттерди, өлкөлөрдү каптап келатат. Айланаңда бороон боздогондой, чөөлөр улуп-уңшугандай ушундай заманда бир кездеги уюткулуу кыргыз журтум, алакандай аз эл эмне болуп кетер экен деп, айрым бизге окшогон Асан кайгылар кабыргабыз кайышып, кан-жаныбыз муюшуп, айла-акыл табалбай, чындап эле эсибиз кетип элдиреп карап турган чагыбыз! Балким ушуну окуган замандаштардан ой-пикир чыгар!
Тойчу Богошту