Кыргыз гезиттер архиви

  Тегирмен

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
7-апрелде курман болгон 70 адамдын жакындарына жөлөк пул төлөнүп берилди
Мындай билдирүүнү Убактылуу өкмөттүн социалдык маселелер боюнча координаторы Эльмира Ибраимова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында кээси 1 миллион сом өлчөмүндөгү жардамды толугу менен алышса калганына жарым жартылай төлөнүп берилүүдө. Калгандары дагы тиешелүү документтерди чогултуп жатат. Белгилей кетчү жагдай кандуу 7-апрель күнү атылган октон жараат алгандарга дагы өкмөт тарабынан айтылган жардам бериле баштады, деп кошумчалады. Мындай жардам Бакиевдик бийликтин курмандыктары болгон укук коргоо органында иштегендерге дагы төлөнүп берилет. Алар мурдагы бийликтин буйругун аткарышкан деп аларды күнөөлөгөнгө болбойт, алар өз милдеттерин аткарып жатып, өзүнүн бийлиги тарабынан атылган октон курман болушту. Алар дагы биздин мамлекеттин жарандары, дейт Эльмира Ибраимова.




Евгений Гуревич кармалган жок
Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Улан Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, аталган кызматтын өкүлдөрү Казакстандын Баш прокуратурасына телефон чалып, сүйлөшкөн. Сүйлөшүүдө казак тарап Е.Гуревич кармалганы тууралуу расмий маалымат жок экенин айткан. Ошондой эле казак тарап Кыргызстандын Баш прокуратурасынан Е.Гуревичти кармап берүү тууралуу сураныч катын алгандыгын жана Е.Гуревичтин кайда жүргөнү так белгилүү болгондо ишке аша турганын айткан. Мурда күнү убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев УТРКдан берген маегинде Е.Гуревич Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалганын, жакын арада Кыргызстанга өткөрүлүп бериле турганын айткан болчу. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичти экс-президент К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен биргелешип, Кыргызстан Орусиядан алган миллиондогон насыя каражаттарды каалагандай калчаган деп шек саноодо. Башкы прокуратура өткөн жумада М. Бакиевге каршы "Кызмат абалынан пайдалануу" жана "Мамлекеттик насыяны максатсыз пайдалануу" деген кылмыш ишин козгогон. Е.Гуревич Кыргызстанда Өнүктүрүү фондунун активдерин башкарган "MGN Group" компаниясын жетектеп келген. Февраль айында Италия өкмөтү аны эл аралык шылуун деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Мындан соң Е.Гуревич Кыргызстандагы кызматтарын таштап, чет өлкөгө чыгып кеткен.


Т.Сариев:Бакивдерге тиешелүү 20 млн. доллардан ашык каражат табылды
Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги банктардын сейфтеринде жаткан Бакиевдерге тиешелүү 20 милион доллардан ашык накталай каражаттан тышкары уютулган алтындар табылып жатат. "Тергөөнүн жүрүшүндө Бакиевдердин каржылык жүргүзгөн бир топ компьютерлери, маалымат камтылган флешкалар табылып, жыйынтыгын берип жатат",-дейт Сариев. Муну менен катар Сариев М.Бакиевдин активдерин тергөө жүрүп жаткандыгын дагы кошумчалады. Анын айтымында, М.Бакиев каржылык активдерин өзүнө жаздырбай жакын ишенимдүү адамдарынын атына жаздыртып, офшордук аймактан каттоодон өткөзгөн. "Бирок бул маселени чечүүгө дүйнөлүк каржы уюмдар, АКШнын казыначылыгындагы атайын орган, Орусиянын каржылык чалгындоо мекемеси жардам бергени жатат. Биз аларга айтып жатабыз бул жактан чыгарылып кеткен акчалар Бакиевдер тарабынан Кыргызстандын ичинде террорчулук актыларга пайдаланышы толук ыктымал деп. Бул маселени БУУнун, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө дагы айттык",-дейт Сариев. Экс-президент К.Бакиев өлкөнүн каржылык иштерин көзөмөлдөөчү Конституцияда жок орган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация борбордук агенттигин түзүп ага кичүү уулу Максим Бакиевди жетекчи кылып дайындаган.


Болот Шерниязов ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырды
Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга чыкты. ИИМдин басма сөз кызматынын милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов да бул маалыматты тастыктап, Б.Шерниязовдун дарыланып жатканын айтты. Убактылуу өкмөттөн кабарлашкандай анын ордунда Ички иштер министрлигин убактылуу министрдин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков жетектеп жатат.


Олимпиаданын атасы Самаранч 89 жаш курагында каза болду
Эл аралык Олимпиада комитетинин мурдагы төрагасы Хуан Антонио Самаранч Барселонадагы ооруканада көз жумду. Ал Эл аралык комитетти 1980-жылдан 2001-жылга чейин жетектеген. Бул жылдар аралыгында Хуан Антонио бедели түшүп кеткен олимпиадалык оюндарды кайрадан жандандырып, спортчуларга жаңы шык, жаңы күч, дем берип аларда кайрадан үмүт отун жандырган. Хуан Антонио башкарып турган маалда олимпиадалык оюндар бир топ популярдуулукка жетип, кайрадан коомчулуктун колдоосуна алынган. 89 жаштагы Самаранч жүрөк оорусу менен бейтапканага жеткирилген.


27-июнда жалпы элдик референдум өтөт
Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев Улуттук телеканалда берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жаңы Конституциянын долбоору 25-апрелде коомчулукка талкууга сунушталат. Ал ошондой эле парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленгенин, балким президенттик шайлоо дагы 10-октябрда өткөрүүлөрүн маалымдады. Ө.Текебаевдин билдиришинче БШК боюнча убактылуу жобо кабыл алынып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү жарандык коомдун, үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын, үчтөн бир бөлүгү БУУ баштаган эларалык уюмдардын өкүлдөрүнөн турат. Кыргызстанда таза, ачык, демократиялык шайлоо өткөрүлөрүн Текебаев белгилеп өттү. Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татиана К.Гфеллер убактылуу өкмөт башчынын орун басары, Каржы министри Темир Сариев менен жолугушууда АКШ өкмөтү Кыргызстанда референдум жана таза шайлоо өткөрүүгө каржылык жардам көрсөтүлөөрүн айтты. Референдум жана шайлоо өткөрүүгө жалпысынан 450 миллион сом жумшалары кабарланууда.


Курал-жарактар тапшырылууда
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык Бишкек шаары, Чүй, Талас облусунун тургундары өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууда. 21-апрелге карата жарандардан 135 ар түрдүү ок атуучу курал чогулган. Мындан тышкары октор, жардыруучу заттар да түшүп жатат. Курал-жарактарды өз каалоосу менен күч органдарына тапшыргандарга эч кандай жаза колдонулбайт.


Ильяс Давыдовго карата кылмыш иши козголду
Башкы прокуратура мурдагы энергетика министри Ильяс Давыдовго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы маалымдады. Маалыматтарга караганда Ильяс Давыдов "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директорунун орун басары болуп турган маалда "Ситихолдинг" ЖЧКнын директору Алибакиев Ш.А менен пайдасы жок келишим түзгөн. Анын натыйжасында "Улуттук электр тармагына" баасы бир кыйла жогору болгон автотрансформатор сатылып алынган. Жыйынтыгында мамлекетке 36 миллион 717 миң 474 сом өлчөмүндө зыян келген. Бул иш боюнча 306 статьяга ылайык кылмыш иши козголду.


Мурдагы бийликтин кесепети спортчуларга да тийди
Кыргызстанда 6-7-апрель күндөрү болгон окуяларга байланыштуу коңшу Казакстан Кыргызстан менен чектешкен чегарасын убактылуу жабууга аргасыз болушкан. Кыргыз-казак чек арасынын жабык болгонуна байланыштуу таэквандо боюнче чеберлер Сибир кубогуна катыша албай калды. Мындан тышкары кыргыз мушкерлери да Казакстанда өткөн ири мелдешке бара алган жок. Аталган чек ара качан ачылаары белгисиз.


Төлөйкан Исмаилова БШКнын башчылыгына дайындалды
Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында БШК курамын түзүү тартибинде олуттуу өзгөрүүлөр бар. Маселен, БШК курамынын үчтөн бир бөлүгү бейөкмөт уюмдар, дагы бир бөлүгү убактылуу өкмөт, калган дагы бир бөлүгү Бириккен улуттар уюму тарабынан тандалат. БШК башчылыгына жаңы дайындалган Төлөйкан Исмаилова белгилүү укук коргоочу, буга чейин "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборун жетектеп келген.


"Журналист Г.Павлюктун өлүмү тууралуу иликтөө иши Кыргызстандын күнөөсү үчүн создуктурулуп келген"
Коңшу Казакстандын ИИМинин белгилөөсүндө журналист Геннадий Павлюктун өлүмү тууралуу иликтөө иштери Кыргызстандын күнөөсү үчүн создуктурулуп келген. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Ички иштер министринин басма сөз жетекчиси Куанышбек Жуманов "Интерфакс-Казакстан" агенттигине маалымдады. "Кыргызстандык кесиптештерибизге иш боюнча болгон толук материал жөнөтүлгөн. Бирок биз бул тууралуу эч кандай жооп алганыбыз жок", дейт ИИМдин өкүлү. К.Жумановдун айтымында казак тарап кыргызстандык коллегалары менен мындан ары дагы бул ишти эффективдүү жана дыкат изилдөө боюнча биргелешип иштей беришет. Бул арада Казакстандын ИИМинин маалымат кызматынан белгилүү болгондой казак тарап аталган документтерди 2010-жылдын февралында эле жиберилгени маалым болду. Журналист Геннадий Павлюк 2009-жылдын 22-декабрында Алматы шаарындагы мейманканалардын биринен алтынчы кабаттан ыргытылып жиберилген. Г.Павлюкту оор абалда ооруканага жеткиришкен, бирок, ал эсине келбей о дүйнө салган. Геннадий Павлюк Кыргызстанда Ибрагим Рустамбек деген псевдоним менен белгилүү болчу. Ал "Белый Пароход" гезитин да жетектеген. Кийин "Комсомольская правда в Кыргызстане" гезитинин редактору кызматын дагы аркалаган. Кайтыш болоорунан бир нече күн мурун ал "Ата Мекен" партиясынын интернет басылмасын жана газетасын чыгарууну максат кылып жатканын айткан болчу.
Убактылуу өкмөт бир нече күн мурун журналисттин өлүмүнө Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлүнүн дагы тиешеси бар экенин жар салышты.