п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Дүбүрт

Оморбай Нарбеков, дарыгер, академик :
"Азырынча убактылуу өкмөткө жардам берели"
- Оморбай ага, кечээ эле Бакиевдердин бийлиги кебелбес, былк этпес болуп калды деп жүрүштү эле. Анан кантип бат эле ушундай окуя болуп кетти?
- Бул кыргыздардын көңүлүндө, көкүрөгүндө жашап келген нерсе. Биз аны көптөн бери айтып, жазып мына ушул кыргызда эркиндик болсун, теңдик болсун кыргыз өзүн-өзү башкарсын деп келдик. Бул ар бир кыргыздын жаранынын көкүрөгүндө жашап келген нерсе болчу. Биз буга абдан көп даярдандык. Бул жалпы элдин түшүнүгүндө мындай болгон да: Бул Бакиевдердин үй-бүлөсү эми биротоло үй-бүлөлүк бийликти орнотту. Булар кетпейт. Себеби булар ушунчалык өзүнүн бийлигин бекемдеп алды деп ойлогон. Анын баарын өзүңөр көрдүңөр эл деген сел, эл толкуса эч кандай курал жардам бербейт. Мына бир эле күндө толкуганда мунун баарын "ыргытып" жиберди.
- Бийликте отургандар элди ок атса эле коркуп качып кетет деп ойлошкон да. Алты саат бою эл качпай туруп алды. Муну кандай түшүнсө болот?
- Кыргыздын канында жоокерлик, баатырлык деген бар. Биздин Манас атабыз өзү анча чоң эмес кол менен миллиондогон кытайды алып койгон. Биздин ата-бабабыздын канында эч бир коркуу сезим деген жок да. Ошон үчүн атылган окко жалтанбай карап жатышат. Кечээ күнкү биздин 75 (ал убакта каза болгондордун саны 75 болуучу - автор) бала көкүрөгүн тосуп келе жаткан окко жалтанбай барды. Мындай тайманбас мүнөз кечээки 75 балада гана эмес, мындай оттуу сезим жашаган биздин миңдеген-миңдеген жаштар бар. Биз алтысында Таласка барып төңкөрүштү жасадык. Ошондо дагы мен биздин жаштарды көрдүм да жашы 17, 18, 19 жаштагы балдар атылган окко тике карап барды. Ал жерде дагы аябай атты да. Кудай жалгап өлүм болгон жок. Тилекке каршы жаракат алгандар 50дөн ашып кетти. Мен, кыргыздын ар бир жеринде ушундай баатырлар бар экен, биздин Чолпонбай бекер чыкпаган экен, мына Чолпонбайдын эрдигин кыргыздын ар бир жашы кайталай алат экен дегенди өз көзүм менен көрүп, ишенип калдым.
- Мына он гүлүнүн бири ачыла элек жаш балдар набыт болушту. Мындан беш жыл мурун дагы ушундай төңкөрүш болду эле. Эл арасында жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында мурдагы эле адамдар жүрөт, алар деле мурдагы бийликтин катачылыктарын кайталайт дегендей пикирлер аралап жүрөт. Муну болтурбаш үчүн эмне кылуу керек?
- Жок, антпейт. Эл менен бийликтин ажырымы болбойт. Азыркы убактылуу өкмөткө келгендердин бардыгын элдик курултай шайлаган. Бул элдин мүдөөсүн аткара турган өкмөт. Бул убактылуу өкмөт. Элдин арасында мурдагылар эле кайра келип алды деген туура эмес пикир. Себеби азырынча мамлекеттин бардык структурасы иштеп туруусу керек. Бийликте боштук, дестабилдүүлүк болбош үчүн буларга азырынча жардам берип, колдоп туруу керек. Кийин ар бир адам жөнүндө, ар бир кадр жөнүндө сөз болот, кеп болот. Кыргызстанда аксакалдар, карыялар соту деген бар. Биз Кыргызстанда болуп жаткан кайсыл иш болсо дагы кийлигишебиз. Айрыкча кадрлар маселесинде. Эгер туура эмес бирөө барып калса, биз бул боюнча маселе койгонго акыбыз бар. "Бул туура эмес барып калды. Муну оңдош керек" - деп азыр биздин бул багыттагы сунуштарыбыз каралып жатат.
- Бул түзүлгөн бийлик жебей-ичпей, таза иштеп кетет дегенге ишенесизби?
- Менимче булар эки президенттен тең жакшы сабак алды. Андан кийин бул убактылуу барган өкмөттүн ар биринин артын мындай бир карап көрсөк илинчеги жок адамдар. Уурулук кылган, дүйнө чогултканга кызыкпаган, эл үчүн, журт үчүн иштеп берели деген жарандар.




Муртабек Бегалиев, композитор:
"кытай көптүгүнөн, кыргыз көктүгүнөн тарыхта калган"
- Бийликтин аткан огуна өз төшүн тосуп өлгөн балдардын өлүмү мазмундуу болдубу же бөөдө өлүм болдубу?
- Мына башка мүшкүл түшүп турган учурда эмне деп айтаарыңды да билбейсиң. Бирок, мына бул балдар жөн кеткен жок. Анткени эл үчүн деп, жер үчүн деп жанагындай "адилетсиздик" жаныбызда уюп турса, биз ошого кантип чыдайбыз деп чыккан балдар. Мына азыр алар жанын кыйды, кетти. Бирок аркасынан чоң бир из калды. Бул деген жанагы келечекти ойлоп, Кыргызстандын эми келечегине, түз жолго түшүшүнө өбөлгө болот деп ойлойм. Бекер кеткен жок бул балдар. Кыргызда баягы кан коё бербейт деп коёт эмеспи, жанагыл жаман иш кылган адамдар акыреттен дагы жооп берет, кайсыл жерден болсо да эл алдында жооп бериши керек. Мына карагылачы өз элине курал сунуп, ок атып жан кыйган деген бул эмне деген шумдук?! Жанагы айтылып жаткан снайперлер арасынан тандап эле бир-бирден тере берген турбайбы?! Эми ошолордун арасынан тандалып ушул балдардын өтүп кеткенин карабайсыңарбы.
- Балдардын Ата-Бейитке коюлушу туура болдубу?
- Бул балдар көмүлүп жаткан жер касиеттүү жер. 1937-жылы чоң репрессияда курман болгон инсандардын сөөгү коюлган. Андан кийин кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз атабыздын да сөөгү ушул жерге берилди. Бул жер кыргыз үчүн өзүнчө символ болуп калды. Мына ошол символго алып келип балдарды коюп жатабыз. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун! Эгер чын эле кудай бар болгон болсо, бейиштин төрүнөн орун берсин дейлик.
- Аткандар кандай жазага татыктуу деп ойлойсуз?
- Эми бул жаш балдарды кандай атса ошондой эле жаза алат да. Адамдын барар жери бир. Бирок, жана да молдо айтып жатпайбы барганда "Артын кылчайып карайт да, эмне иш калтырдым? Жакшы иш менен өлдүмдү же жаман иш менен өлдүмбү" деп. Мына бул балдар жөн эле набыт болуп кеткен жок да. Алардын аркасынан момунча калдайган эл аза күтүп, кан жутуп турат. Биздин эле айыл тараптан 2 бала набыт болуп кетиптир. Анан ойлогулачы, ошондо Кыргызстандын ар кайсыл бурчунан не деген адамдар келип ушул жерде аза күтүп, ыйлап отурушат.
- Бул балдардын бийликтин огуна жалтанбай барышын кандай кабыл алдыңыз?
- Бул патриоттуулуктун бир белгиси. Бая кыргыз эли түптүү эл. Тэ-э илгертеден бери Манастап ураан чакырып, дайыма өзүнүн эркиндигин сактап келген. Карагылачы, не деген үлкөн чоң улуттардын баардыгы кырылып, жоголуп кеткен. Бирок, кыргыз деген ат азыркыга чейин сакталды! Мен кээде мактанып айтам: "Бул жерде кытайдын аты калды, анткени саны сан жеткис. Ошончо кылкылдаган кытайдын жанында кып-кымындай кыргыз очор-бачар болуп өзүнчө атын, мамлекеттүүлүгүн сактап жүрөт". Кытай көптүгүнөн тарыхта калса, кыргыз көктүгүнөн тарыхта калды. Эми ошол ата-бабалардын кашыктап чогултуп кеткен, акылын, даанышмандыгын чөмүчтөп чачпашыбыз керек.
- Мына 1937-жылы кыргыз элинин чыгаандарын, билимдүү илимдүү адамдары өз мамлекетинин өнүгүшүн каалап, эмгек кылгандыгы үчүн курмандыкка чалынды. Ал эми бүгүнкү набыт болгон жаштар дагы өз мамлекетинин эгемендүүлүгү үчүн, адилеттүүлүк, татыктуу жашоо үчүн күрөшүп бийликтин колунан мерт болуп жатат. Ушул эки доордун адамдарынын сөөгү бир жерге коюлуп, бирөө "Ата-Бейит", экинчиси "Бала-Бейит" деп аталуу кокустук эмеспи?
- Жогоруда мен айтып кетпедимби бул символ түрдө деп. Бул деген бүткүл элдин мүдөөсүн, элдин оюн аткара турган чоң бир идеянын борбору, символу болуп калды. Экөөнүн дагы окшоштук жактары болуп жатат. Тигилер дагы эл үчүн өлүп жатат. Аларды дагы бийлик аткан. Эми бул жаштар дагы бүгүнкү бийликтин колунан мерт болуп жатат. Ошон үчүн бул жерге өзүнчө бир чоң эстеликтин эстелиги турат болушу керек. Кыргыздын бир чоң символу болот!


Табылды Эгембердиев, жеке ишкер:
"Баймын деген Бакиевдер БОМЖ болуп калды"
- Он гүлүнүн бири ачыла элек жаш балдардын мекен үчүн набыт болгону мазмундуу өлүм болдубу же бөөдө өлүм болдубу?
- Бул балдардын өлүмү өтө мазмундуу. Биз биринчи жолу эркиндигибизди кан төгүп алдык, согушуп алдык.
- Кан төгүп алган туурабы?
- Бул өзү туура эмес суроо, кан төгүп алды деген. Бул айла жоктон төгүлдү. Чолпонбайлар түгөнө элек экен. Бүт дүйнө таң калып жатат. Окко, өлүмгө тик карагандар жаш балдар. Эми чыныгы демократиялык мамлекет түзүлөт. Эми эч качан бийлик өзүнүн үй-бүлөлүк үстөмдүгүн орното албайт. Ушуга ишенем. Бийликти оппозиция алган жок, эл алды. Бийлик чоң ката кетирди. Жанагы аарынын уюгун чапкан айбан адам болот. Бул окуя аарынын уюгун чапкандай болду. Аары талап өлтүрөт. Бийлик ошол аарынын уюгун басып алды. Жаш балдар бийликти алды. Баардыгыбыз карап турдук. Эки эле миң бала жүрдү ошол жерде. Эки миң бала кыргыз үчүн жанын берип бийликти кулатты. Эки жүз миң адам шаарды талады. Элибиз жалаң эле баатырлардан турбайт экен.
- Каза болгондордун 90%ы жалаң жаш балдар экен. Жаштардын курмандыгы менен келген жаңы бийликте жаштар болобу?
- Кыргыз элинин келечеги үчүн жанын аябаган эр азамат жаштарыбыз бар экен. Бирок, ошол балдарыбыз бүгүнкү жаңы түзүлүп жаткан бийликтин сыртында калуу мүмкүнчүлүгү дагы деле болсо бар. Баягы эле көбүнчө эски картанын сүрөттөрү жүрөт да бийликте. Ошолорду алмаштырыш керек. Аларды ким алмаштырат? Бийлик алмаштырбайт. Аны эл өзү алмаштырат. Бизде эң негизги жеңиш болуп чыныгы таза шайлоо өтөт.
- Бакиев деле биринчи шайланганда чыныгы шайлоо менен келген да?
- Биринчи шайлоодо аны баардыгыбыз шайлаганбыз. Бирок, кийинки шайлоону жасоо жолу менен күчкө салып өткөргөн. Азыр дагы баары таза болот. Бирок, бул бийликти кийинки шайлоодо эл өзүбүз сурап алабыз. Бул мүмкүнчүлүктү бизден эч ким ала албайт. Демократиянын эң негизги талабы: бул шайлоо.
- Жаңы келген убактылуу өкмөткө ишенүүгө болобу?
- Баардыгына жаккан бийлик болбойт. Бул бийлик өлкөнүн келечеги үчүн, экономиканы көтөрүш үчүн, улуттун кызыкчылыгы үчүн, көп элге жакпаган популярдуу эмес чечимдерди кабыл алышы мүмкүн. Баарына чыдап, ал чечимди эл менен кеңешип туруп, элге ачык айтып туруп, мына мындай кыйналабыз, бир жыл кыйналабыз, беш жыл кыйналабыз. Бирок, келечегибиз мындай болот деп эсептеп, ачык айтып, анын так экенин далилдеп, элге түшүндүрсө эл кабыл алат, түшүнөт туурабы? Ал үчүн эң негизгиси элдин ишенимине кирүү керек. Эл алдында таза, ачык отчет берип турушу керек. Элдин бийлиги орнош керек.
- Элдин бийлигин кантип орнотуш керек?
- Конституцияда элдин бийлиги так көрсөтүлгөн эле. Бакиев шайлоодон кийинки жаңы өкмөт түзүлгөндө анын баарын алып салды. Эмне үчүн? Өзүнүн бийлигин бекемдеш үчүн. Эгер акимди, губернаторду борбордон бийлик шайласа, алар ошол гана бийликтин гана кызматын кылат, элдин кызматын кылбайт. Эгер эл шайласа элдин көзүн карап, ага көз каранды болот. Туурабы?
- Аткандар жазасын аларына ишенесизби?
- Алар ансыз деле жазаланды да. Аларды мындан артык кандай жазалоо керек. Алар жерге батпай калды. Мына үйү жок калды. Убактылуу гана корголоп отурат. Ойлосоңор бомж болуп калбадыбы?! Бүт элдин байлыгын басып алабыз деди эле, бомж болуп калды. Үйү жок, барар жери жок. Аларга мындан артык кандай жаза керек. Элдин каргышына калды?! Аны өлтүрбөш керек. Жашасын, көрсүн өзүнүн ким болгонун?!

Айзада Абазова








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Биринчи окшоштук:
НКВД урпактары
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Максимдин Кыргызстанда болбогонуна шүгүр
4-бет
А. ЖАПАРОВ:
Элчи болуу ыйык иш

5-бет
Дастан Турдуев, "Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү:
"Бакиев бийликке болгон сүйүүсүн мекенге арнай албады"

6-бет
Саясатчылардын ийининде шайтан отурабы?..
7-бет
Оморбай Нарбеков, дарыгер, академик :
"Азырынча убактылуу өкмөткө жардам берели"

8-бет
1. 7-апрелде окко учкан жаш балдардын өлүмү мазмундуу
болдубу же бөөдө өлүм болдубу?
2. Аткандарды кантип жазалоо керек?

9-бет
Дүйнөнү дүңгүрөткөн бир күн
10-бет
Убактылуу өкмөт чын эле убактылуубу?
11-бет
"Жоо кеткенден кийин
12-бет
Душмандарды ок менен тосуп...
13-бет
Асылбаштагы аза зыйнаты
14-бет
Адабият
16-бет
Маанай










??.??