п»ї
  Саясат

Максимдин Кыргызстанда болбогонуна шүгүр
7-апрель күнү Курманбек Бакиевдин мураскор уулу Максим Бакиев Кыргызстанда болбой калганына кудайга шүгүр. Эгер Кыргызстанда болгондо Каримовдон ашып түшмөк. 81 адам эмес 800 адамды жок кылып, жүктөп барып бир жерге жүк ташуучу машина менен Ата-Бейитте көмүлгөн аталарыбыздай кылып төгүп салып көөмүп таштамак. Президенттин канкор иниси Жаныш снайперлери менен элди бирден атып, же качып кете албай, же чечкиндүү түрдө элди автомат менен кырып тарката албай беш саат илең-салаң болуп турганда иниси Максимдин чечкиндүүлүгүнө зар болуптур. Башкалары "кой, эми, токтотолу" деген го сыягы.
Андай болгон болсо, дагы Кудай сактаптыр.

Ата-Бейит, Бала-Бейит...
Сталиндик репрессиядан курман болгон аталар деле жапжаш кырчын кезинде бийлик тарабынан атылып кетишкен. Алар да кыргыз деген мекенчил адамдар эле. Тарых кайталанат экен алардын катарына азаттык үчүн башын байлаган кырчындай жаш жигиттер барышты.


"Лебедь,Щука и Рак"
Бажыкананын жетекчисинин орду баардыгын тамшандырат экен.Бажыканада майлуу устукан бар экенин баардыгы билет. Ошол үчүн өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн көзү ушул жакты көздөй кызара баштады.Бажыкананын башчысына Азимбек Бекназаров өз кишисин алып барып дайындаса, аны жокко чыгарып Темир Сариев жанталашып жан- жолдошун алып барып коёт. Алмаз Атамбаев атаандашпай жөн турабы, ал дагы өз кишисин жетелеп жетип барат. Мына Бекназаров, Сариев,Атамбаевдин жүзү. Эмитен эле "портфель" талаш башталды.


Тандем: Он төрт
Эки эле кишинин тандемин көрдүк эле, эптеп чыдап. Эми Убактылуу өкмөттө он төрт киши тандем түзүп отурушат. Эки кишинин тандемине чыдабаган кыргыз. Он төрт кишинин тандемине канчага чыдаар экен?


Тейитбектин Курманбеги тейиттик Курманбектен айырмасы эмне?
Тейитбектин Курманбеги чет элдик душмандардан кыргыз элин коргогон. Тейиттик Курманбек өз бийлигин коргойм деп сексен төрт жигиттин өмүрүн кыйды. Эми кичи Мекени Жалал-Абадда өзүн коргой турган тейиттик адамдарды чогултуп митинг өткөздү.


Кошунаңдын үйүнө ууру кирсе, кошёлогуңду кат
Экс-премьер-министр Феликс Кулов кошунасы премьер-министр Данияр Үсөновдун үйүн мародёрлор талкалап жаткан учурда отуздай автоматчан жан сакчылары менен жанын сактап отурган имиш.Ансыз деле бети калбай бараткан Башкы "Ар намысчы" өзүнүн бети жоктугун дагы далилдеди. Кошуналык милдетин аткарып, миң шүмшүк болсо дагы Үсөновдун үйүн мародёрлордон калкалап койсо калк нааразы болмок эмес.


4 миллион мусулманга ким баш болот?
Кудайдын жолундагы адамдардын арасында дагы бийлик талашуу башталды. Мурунку муфтий Бакиевдер менен кошо ишин таштап кеткен соң
Абдышүкүр Нарматовду муфтийге шайлашкан.Эми бул жерге элди топтоп келип муфтийдин ордун алуу аракетин жасашууда.

Шарипов майрамын кантип тосот?
Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов космонавттардын күнүн Москвада өткөзөт экен. Кыргыз эл баатыры Шарипов жаштарга үлгү болор.Анткени космоско учкусу келген жаштар али да бар.


Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?
Электр жарыгын кымбаттатуунун "королу" Данияр Үсөнов каякта? Ал эми анын шефи Курманбек Бакиев Жалал-Абадда экени белгилүү.


Айдар+Максим=Эдил
Айдар кетти. Кокосуна чейин кыргызды сыгып алып.Анын артынан Максим кетти.Кокосунан ашыра кыргызды сыгып алып. Кызык биз көнүп алганбыз Айдар менен Максимге. Эми бул "ваканттык" орунга ким келет? Балким Эдил келер.


Журналисттерге деле устукан тийет
Бакиевдин заманында беш жыл маданият министри болуп,аягында аксап, шоумен И.Жунусовго ордун алдырган журналист Султан Раевдин ордуна, журналист Рыскелди Момбеков келди. Рыскелди мырза өжөр,тайманбаган жигит, ошондуктан анын гезиттери оор убакта оппозицияга жөлөк болуп турду. Эми маданияттуу кыргыз элине маданият министрлигин кайра алып келет деген ой бар. Кесиптешибиз Рыскелди Момбековдун ишине ийгилик кааламакчыбыз!!!


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Биринчи окшоштук:
НКВД урпактары
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Максимдин Кыргызстанда болбогонуна шүгүр
4-бет
А. ЖАПАРОВ:
Элчи болуу ыйык иш

5-бет
Дастан Турдуев, "Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү:
"Бакиев бийликке болгон сүйүүсүн мекенге арнай албады"

6-бет
Саясатчылардын ийининде шайтан отурабы?..
7-бет
Оморбай Нарбеков, дарыгер, академик :
"Азырынча убактылуу өкмөткө жардам берели"

8-бет
1. 7-апрелде окко учкан жаш балдардын өлүмү мазмундуу
болдубу же бөөдө өлүм болдубу?
2. Аткандарды кантип жазалоо керек?

9-бет
Дүйнөнү дүңгүрөткөн бир күн
10-бет
Убактылуу өкмөт чын эле убактылуубу?
11-бет
"Жоо кеткенден кийин
12-бет
Душмандарды ок менен тосуп...
13-бет
Асылбаштагы аза зыйнаты
14-бет
Адабият
16-бет
Маанай










??.??