п»ї
  Маанай

А
с
е
м
а:
"Сүйүүмдү сөз менен жеткире албайм"
"Боз салкын", "Уурунун махабаты" кино тасмаларында башкы ролду жараткан актриса, ырчы кыз Асема бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк жылуу очоктун ээси, жолдошу Акжолдун сүйүктүү жары, уулу Адахандын мээримдүү энеси. Чыгармачылыгын да унутта калтырбай кайрадан сахнага чыгып, жаңы тасмаларга чакырууларды алууда. Бүгүн биз Асема менен үй-бүлөлүк жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маек курдук.

- Асема, акыркы учурларда балаңды тарбиялоодон тышкары эмне иш менен алек болуп жатасың?
- Чыгармачылык иштеримди колго алып баштагам, бирок ортодо баарыбыз ойлобогон окуя болуп кетти. Мындай көрүнүштү эч ким күткөн эмес. Эл-журтумда тынччылык болсо экен деп тиленип азырынча балам менен үйдө отурам. Ага чейин жаңы ырларды жаздырып топтоп күзүндө концерт берейин деп даярдыктарды көрүп жаткам. Азырынча алдыдагы пландарымды айтпай турайын, айтылып кетсе көпчүлүгү ишке ашпай калат экен.
- Чыгармачыл адамдар үчүн коомдогу ар бир көрүнүш алардын жүрөгү аркылуу өтөт дешет эмеспи, жан кейиткен өлкөбүздөгү окуя сага таасир эткени көрүнүп турат?
- Албетте жүрөгүм ооруду. Мындай көрүнүштү сөз менен жеткирип айтуу мага оор болуп турат. Элибиздин эртеңин оңдой турган азаматтардын күлгүн курагында өтүп кеткени жаман болду. Алар биздин келечегибиз эле да.
- Сезимтал аялзатынын катарына киресиңби?
- Аябай сезимталмын. Бирөө ыйлап жатса кошо ыйлайм, бирөөнүн көйгөйүн өзүмдүкү кылып алмайым бар. Жолдошум тамашалап калат:"Чайнек алып келип берейин, бетиңди жууйсуңбу" деп. Көзүмдүн жашы даяр турат, көп учурда күйүп-бышып эле жүрөм.
- Уулуңар чоңоюп калдыбы?
- Адаханга он ай болуп калды, "ата, апа, бейчи" дегенди быдылдап сүйлөйт. Баланы көпчүлүккө аралаштыра албайт экенсиң, назарланып калып мени кыйнап, өзү да кыйналат. Ошондуктан мүмкүн болушунча көпчүлүккө алып чыккандан тартынам. Адамдын назары өтүп калат дегенге канчалык ишенбейин десең да ишенүүгө туура келет экен.
- Наристең кимге окшош?
- Мен тараптагы туугандарыбыз Акжолго, кайын журтум мага окшоштурушат. Демек экөөбүзгө тең окшош болсо керек. Күндөн-күнгө кылыгы чыгып таттуу болуп баратат.
- Сен ишке кеткенде ким багат, же атайын бала баккычка каратасыңбы?
- Мага көптөр таң калышат, балаңдын кичинекейинде эле кантип иштеп жатасың дешип. Албетте, бала менен чыгармачылыкта иш алып баруу оор эле. Бирок мага опол тоодой жардам берип баламды багышып жаткан апама, жеңеме, кайынсиңдиме абдан ыраазымын, кезектешип карап берип жатышат. Анын үстүнө өзүм деле баланы көпкө таштап кетип кала албайм да, шашылып анын жанына тезирээк жеткенге аракет кылам. "Наристем" деген ырдын клибин тарттырып жатканда балам жанымда болду. Кайынсиңдим карап турду, улам эмизип берип жаттым. Жакында эле эмчектен чыгарып бир жумага таштап коюп Турцияга эжемдикине барып келдим.
- Балаңан алыс кетип кантип чыдадың?
- Тыбырчылап, ыйлап, сагынып жаман болуп кеттим. Бирок чыгарганым жакшы болуптур деп ойлоп жатам, акылы кирип калыптыр, убакыт өтсө чыкпай кыйнамак окшойт. Тамак-ашка да жакшы аралашып калды.
- Кайын журтуңа кандай келин болуп жатасың, Акжол күйөө балалык милдетин жакшы аткарып жатабы?
- Менин ата-энем, бир туугандарым Акжолду аябай жакшы көрүшөт. Үйгө барсак атам экөө мелдеш өткөрөбүз дешип нарда ойноого отурушат. Орду менен сүйлөп, баары менен тегиз тил табыша алат. Ал эми менин кандай келин экенимди Акжолдон сураш керек. Кайын-журтумду жакшы көрөм, атам, апам келгенде даамдуу тамагын жасап берип колуман келишинче сыйлап алганга аракет кылам. Жеңилин жерден, оорун колдон алууга даярмын. Жакшы адамдар, бизге акыл айтып, ысык чайыбызды ичип, неберелерин жетелеп жүргөндөрүнө эмне жетсин.
- Жашоодон баарын күтсө болот эмеспи, бирде бар, бирде жок болуп калат дегендей, турмуштун өйдө-ылдыйын көтөрө аласыңбы?
- Көтөрө алат экемин. Мен аябай бай жашайм деп айта албайм, мага ашкан байлыктын да кереги жок. Мен үчүн үй-бүлөмдүн, жакындарымдын, жалпы элимдин амандыгы байлык. Эгерде мүмкүнчүлүк болуп байып баратсам да токтотом. Дасторкондо нан болуп балдарымдын курсагы ток болсо, үстүбүздө үйүбүз болсо ошого ыраазымын. Байыгандын көйгөйү көп, эл ортосу болуп жүргөн жакшы эмеспи. Байлыкка кызыкпайм, башка аялзатындай жакшы кийимге кызыгам, бирок асмандаган баада эмес.
- Кийим демекчи базарлардан эле кийинесиңби, же бутиктерди кыдырасыңбы?
- Базарга деле барам, кээде бутиктерден алган учурларым болот. Биздин шаарыбыз кичинекей эле да, канчалаган алыстыкты кыдырып убара болбойбуз. Анын үстүнө көп суммада эмгек акы албайбыз, тойлорго барып тапканыбыз күнүмдүк жашообузга жетет.
- Көчөдө ээн-эркин басып жүрө бересиңби?
- Төрөгөнгө чейин эркин жүрө берчүмүн, азыр жүрө албай калдым. Балалуу болгон соң толдум, сыртка чыксаң өздөрү төрөгөн эле аялдардын ушактап жатканын угасың. Азыр калыбыма келип калганым менен баары бир көпчүлүктүн арасына чыга албайм. Эркин жүргөндү, Эркиндик гүлбагы менен басканды сагындым. Ал тургай бир жакка барып тамак да иче албайсың, карай беришсе өзүңдө ыңгайсыз сезет экенсиң.
- Ырчы кыздардын арасында "девичник" бар эмес беле, азыр деле бат-баттан көрүшүп турасыңарбы?
- Мен мурда эле көп барчу эмесмин. Азыр жолуксак бир жылда бир эле чай ичишип калбасак ар кимибиздин өз турмушубуз, бала , үй-бүлө деп бошой албай калып жатабыз. Турмушка чыккан соң жолдошуңдун канча досу болсо алар менен катышып, аяштар менен аралашып көп убакыт артпай калат экен.
- "Боз салкын" фильминдеги Асеманын образын эң мыкты ачып берип өзүңө карата жаш-кары дебей жакшы көз карашын билдирген күйөрмандарды жыйнап алдың. Тасмадагы Асема менен турмуштагы Асеманын окшоштуктары барбы?
- Эки Асеманын мүнөздөрү окшош. Өзүм жашоодо чындыкты талап кылган адаммын. "Боз салкында" назик аялзатынын ролун жараттым, балким менде да назиктик бардыр, бирок жашоодо катуу элемин. Фильмде Мурат (Сьездбек Искеналиев) артыман келгенде турмушка баш ийип барбайм деп калып калган жокмун, принцип үчүн аны менен кетпей койдум. Анткени ал мени алмаштырды да. Анын сыңарындай жашоомдо эмне болсо да так чечем.
- Фильмде Мурат менен Сагындын минген аттары алмашып кетип Мурат боз үйгө адашып келип калганда ыйлаган жериңер бар эмеспи, ошол көрүнүш көпчүлүк көрөрмандардын сезимин козгойт экен...
- Негизи кинонун көп жашыруун сырлары болот, аны биз ачык айта албайбыз. Сьезд экөөбүз ошол жерин тартуу үчүн үч күн кайталап ыйлап, эзилдик. Үч күн көз ачырбай жаан жаап тургандыктан тартканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок ал жерди жакшы ачып бере алган эмеспис деп ойлойм, бул менин пикирим. Эгер кайра ошол жерин ойносом башкача ойнойт элем. Көрөрмандар кино менен жашап, жүрөк аркылуу кабыл алганы мени кубантат.
- Азыр дагы киного чакырылуулар болуп жатабы?
- Болуп жатат. Режиссер Темир Бирназаров жакында эле роль сунуш кылды, азыр менин катуу ойлонуп жаткан учурум.
- Мөлтүрөгөн сулуу, жароокер, эл көзүндөгү жубайын Акжол кызганбай койбосо керек?
- Албетте кызганат,бирок кызганычы менен менин чыгармачылыгыма бут тоспойт, тескерисинче колдоп акыл-кеңешин айтып, идея жаратып берип турат. Менин жолдошум, балам бар, жаншеригим менен кеңешип иш кылам. Киного чакыруу болсо сценарийин чогуу карап чыгабыз, мага анын пикири менен эсептешүү көбүрөөк жагат. Темир байкенин сценарийи абдан жакшы экен, бирок аягында өлгөн адамдын образын жылаңач ачып бериш керек, ошол жери мени ойлондуруп жатат. Билбейм, ал жерине дублерша сунуш кылсамбы дейм.
- Обон жазган жайың да бар эмеспи, жаңы обондорду жаратып жатасыңбы?
- Жаралып жатат, азыр Алтынбек Алымовдун обондорун ырдап жатам, акындардан Зулайка Мурзатаева, Жыпара Исабаевалар менен иштешем.
- Жолдошуң ырга да жакшы сынчыбы, кантсе да ырчыларга продюсерлик кызмат көрсөтүп жүрөт эмеспи?
- Чындыгында ырга жакшы сынчы, эгер мен обон жазсам Акжол каткырып күлөт. Байкаганым ал күлгөн ырлар элде жакшы пикирди жаратат. "Асем кыз" деген ырымдын обону жаралганда бөлөм менен жашачумун, "Ах-ах-ах" десем ал "ушундай да ыр болмок беле" деп аябай каткырып күлгөн. Кийин элдин жакшы пикирин уктум, өзгөчө кичинекей балдар жакшы көрүшөт экен.
- Сага карата болгон бут тосууларды байкадың беле?
- Шоу-бизнес ачык айтканда абдан татаал, кир чөйрө. Бут тосуу, көрө албастык деген сыяктуу көрүнүштөр көп болот. Кыйынчылыктын баарын көтөрүп жеңе билген, чыдаганы гана чыдайт. Алардын арасында кыз кишилерге абдан оор, ар кандай сөздөр, ушактар жүрөт, баарына көңүл буруп жүрөк оорута берсең тез эле сынып каласың.
- Ушак-айың демекчи үй-бүлөңөрдү бузганга аракет кылгандар да болгон дешет...
- Андай учур көп болду. Баш кошоордо жолдошум ушундай нерсе көп болот, анын баарына чыдаш керек деп айткан. Башында жаман болгонуң менен бара-бара көнүп деле калат экенсиң. Өз көзүң менен көрүп, колуң менен кармап албагандан кийин ишенбе деп коет го. Баарын сүйүүбүз менен жеңип келатабыз.
- Казан-аяк кагышып калабы?
- Кантип кагышпай койсун, үй-бүлө болгон соң талаш-тартыш, таарыныч болот экен. Дайыма эле жадырап-жайнап жашаган ким бар дейсиз. Жашоо деле өйдө-ылдыйы менен кызык болсо керек. Тамашалашып, дайыма күлүп-жайнап жүрө берсең, билбейм...
- Кимиңердин таарынычыңар бат жазылат, алгачкы кадамга кимиңер барасыңар?
- Акжол өзү оңой менен таарынбайт, бир таарынса жазылбайбы деп корком. Мен болсо бат-бат эле таарына берем, ал тургай айтпай эле таарына бермей жайым бар. Ал менин эмнеге таарынып жатканымды деле билбей калат. Анан бир аз көкмүн.
- Жолдошуңду кызганасыңбы?
- Албетте, кызганам. Каяктасың деп телефон чалып турам. Жаныман азыр кетсе деле сагына берем, ал аябай жакшы адам да. Мактай эле бергим келет. Аны ушунчалык сүйөм, бирок өзүнө айтпайм. Сөз менен жеткире албай кетем. Мага ушундай адамды жар кылып берген Кудайга ыраазымын.
Айзада Көчкөнбаева





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Биринчи окшоштук:
НКВД урпактары
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Максимдин Кыргызстанда болбогонуна шүгүр
4-бет
А. ЖАПАРОВ:
Элчи болуу ыйык иш

5-бет
Дастан Турдуев, "Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү:
"Бакиев бийликке болгон сүйүүсүн мекенге арнай албады"

6-бет
Саясатчылардын ийининде шайтан отурабы?..
7-бет
Оморбай Нарбеков, дарыгер, академик :
"Азырынча убактылуу өкмөткө жардам берели"

8-бет
1. 7-апрелде окко учкан жаш балдардын өлүмү мазмундуу
болдубу же бөөдө өлүм болдубу?
2. Аткандарды кантип жазалоо керек?

9-бет
Дүйнөнү дүңгүрөткөн бир күн
10-бет
Убактылуу өкмөт чын эле убактылуубу?
11-бет
"Жоо кеткенден кийин
12-бет
Душмандарды ок менен тосуп...
13-бет
Асылбаштагы аза зыйнаты
14-бет
Адабият
16-бет
Маанай










??.??