Кыргыз гезиттер архиви

"Жоо кеткенден кийин
Бир аз убакыттын ичинде эле дүйнөнү дүңгүрөткөн окуялар болуп өтүп, кыргыздардын кадыр-баркы жогорулай түштү. Кыргызды дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматов болгон, анын сөөгүн Ата-Бейитке алып бара жатканда ыйлабаган кыргыз калган жок. Эми кыргыз үчүн тикесинен-тике туруп көкүрөгүн отко тосуп берген жигиттерди Ата-Бейиттен узаттык, кайгырбаган кыргыз калган жок.

кылычыңды ташка чап!"
Жоо президенттер канчоо?
Өз элине жоо болгон президенттин саны экиге жетти. Үчүнчүгө жетер бекен? Таң?!
Үчүнчүдөн Кудай сактасын!

7-апрель
24-март эки жыл болсо да, майрам күн болуп, кызыл менен белгиленген. Оо, кыргыздар, 7-апрелди эскерүү күн деп кара менен белгилейли!

Эки кочкордун башы
бир казанга кайнайбы?
2006-жылы жазыптырмын: "Эки кочкордун башы бир казанда кайнайбы"- деп. Чын эле Акаев менен Бакиевдин башы бир Москвада кайнайбы? Анда каякка барат?


Максим Бакиев
Максим Бакиев жөнүндө жазаарда денем дүркүрөп кетчү. Азыр Максим Бакиев жөнүндө жазып атып негедир денем дүркүрөгөн жок. "Айрандан артык максым бар, Айдардан артык Максим бар"деп 2006-жылдын октябрында жазыпмын. Ал саптарыма да автор болгондор жайнап чыккан. Бүгүн минтип жазып атам: "Айрандан артык максым жок, Айдардан артык Максим...жок!" Чын эле жокпу, жеңил үшкүрүнүп алдым.


Мародёрчулукту ким кылды?
Мекенчил кыргыздын баары окко төшүн тосуп Ак үйдү акмалап жүрүштү. Өз борбор шаарыбызда мародёрлукту кимдер кылышты? Беш жыл сайын Бишкекти талкалай берсек эмне болот?


"Кыргыз Руху"
Бүгүнтөн баштап чоң айырма башталат. Оппозицияны даңазалаган гезиттер бийликти даңазалай баштайт. Бийликти даңазалаган гезиттер оппозицияны даңазалай баштайт. Бир гана "Кыргыз Руху" гезитине бирдей эле, анткени биз калыс бойдон калабыз.


Журналисттерге оңойбу?
Ойлоп коём бийликтен саясатчылар көп ыдык көрөбү же журналисттерби? Саясатчылардын жок дегенде үстүндө үйлөрү, астында унаалары, кайтарган жансакчылары бар. Журналисттин үйү барбы, жокпу ким билет, машина менен жансакчыны суутуп коюпбу.Бирок бийликке каршы сокку урган жагынан салыштыра албасак да, муштум жеген жагынан журналисттерге ким жетет?


Курманбек Бакиев-2
Курманбек Бакиевке боорум ооруп турат, мусаапыр болду.Чындыгында Максим Бакиев жүрөгүбүздүн үшүн алыптыр. "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" дейт. Ташка чаап салсак кийин кылыч издеп калбайбызбы?


Бир күндөгү эки капачылык
Эртең менен кээде маектеше калуучу оппозициянын лидерлери камалганын угуп бир капа болдум.Эми Акүй алынганда алар жогорку мансапка кетишип маектешпей калабызбы деп экинчи жолу капа болуп турам.


Революция каармандары кимдер?
Башталды... Революциянын каармандары көбөйө баштады. Аттиң дүнүйө ай, азаттык үчүн жанын берген алмончоктой балдар гана унчуга албайт...


Пайда
Революцияны акылмандар даярдайт, фанаттар ишке ашырат, пайдасын кимдер көрчү эле?


Өзбектер кимге суктанат?
Дүйнөнүн булуң-бурчтарында тентип-качып жүргөн өзбек оппозициясы кыргыздарга суктанганын жашырган жок.Анжиян көтөрүлүшүнөн соң боо-боо өлүктөр каякка көмүлгөнү белгисиз. Ойлоп көрсөк кыргыздар суктана турган эл экен.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ