кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз руху"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Биринчи окшоштук:
НКВД урпактары
2-бет
МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
3-бет
Максимдин Кыргызстанда болбогонуна шүгүр
4-бет
А. ЖАПАРОВ:
Элчи болуу ыйык иш

5-бет
Дастан Турдуев, "Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү:
"Бакиев бийликке болгон сүйүүсүн мекенге арнай албады"

6-бет
Саясатчылардын ийининде шайтан отурабы?..
7-бет
Оморбай Нарбеков, дарыгер, академик :
"Азырынча убактылуу өкмөткө жардам берели"

8-бет
1. 7-апрелде окко учкан жаш балдардын өлүмү мазмундуу
болдубу же бөөдө өлүм болдубу?
2. Аткандарды кантип жазалоо керек?

9-бет
Дүйнөнү дүңгүрөткөн бир күн
10-бет
Убактылуу өкмөт чын эле убактылуубу?
11-бет
"Жоо кеткенден кийин
12-бет
Душмандарды ок менен тосуп...
13-бет
Асылбаштагы аза зыйнаты
14-бет
Адабият
16-бет
Маанай


п»ї



НКВД урпактары же Ата-Бейитке кеткен жол
2005-жылы кыргыз эли акаевдик режимди кетирип туура кылганы менен Эл башчы тандай келгенде катуу жаңылыптыр. Кансыз революция жасап маңдайы жарыла сүйүнгөн элди калдайган эки көлөкө басып калганын аңдабапбыз. Тандем деп Эл башына келген эки көлөкө - Кулов менен Бакиев бүгүн байкасак көп жагынан окшош болуп чыкты.

Биринчи окшоштук:
НКВД урпактары
Феликс Куловдун атасы Шаршенбай менен Курманбек Бакиевдин атасы Саалы НКВД желдеттери болгонуна учурунда көп маани берчү эмеспиз. Ал кийин башыбызга таяк болуп чабылды. Эл башчы болчу адамды эмес, жөнөкөй эр жигитти жети атасына чейин сүрүштүрө жүргөн кыргыз жети эмес, өз аталары желдет болгон лидерлерди кантип байкабай калды экен?

Экинчи окшоштук:
НКВД НКВДнын көзүн чокубайт
Кыргыз эли НКВД Саалынын уулунун жөнсүз экенин көп өтпөй эле түшүнүп, Эл башчылыктан кетүүсүн талап кылып: "Бакиев кетсин!" каршылыгы менен чыкты. Ал каршылык акциясы жети күнгө созулуп дагы эле кансыз жеңишке жетип турганда эмнегедир оппозиция бир НКВДнын баласынан кутулуш үчүн экинчи НКВДнын баласынан жардам күтүштү. "Карга карганын көзүн чокубайт" дейт, "оппозицияга кошулам" деп алдаган Кулов акыркы мүнөттөрдө элди эмес, НКВД уулу Курманбекти тандап, натыйжада жети күндүк желбиреген жеңиштин жемиши талаага чачылды.

Үчүнчү окшоштук:
Элин кыргынга жетелешкен
Анан эле капыстан Кулов отставкага кетип, Бакиевге каршы чыга келди. Бул чын эле бир карга экинчи карганын көзүн чокумак болгонубу же эки карга сүйлөшүп алып оппозицияны талкалоо планын ишке ашырышканбы - алигиче түшүнүксүз. Бирок, ошол Куловдун "Фронтунан" кийин оппозиция чачырап, Атамбаев, Эшимканов, Суваналиев өңдүү белгилүү оппозиционерлер Эл ишенимин аттап, эң жаман жөрөлгө баштап беришти. Баарынан да таң калыштуусу Кулов өз каршылык акциясын митинг, пикет, революция деп атабай "Фронт" деп атады. Украиндерге караганда кыргыздар көбүрөк колдонгон "Майдан" деген сөз да Куловго жумшак көрүндү окшойт. Жада калса "Канжар" аттуу жаштар кыймылын түзүп, анын "Канжар" деген каардуу атына ыраазы болбой, "Кан - Жар" деп бөлүп жаздыртып кан көксөп, жара тартчудай жаалданып турду. Бирок, ал тилеги ишке ашпай кан төгүүгө жетпей бийлик оппозициянын ыдырашына ыраазы болушту өңдөнөт. Бирок, бир НКВДнын уулу Феликстин ишке ашпаган планын экинчи НКВДнын уулу Курманбек ишке ашырып, өз элине ок атып, кыргынга учуратты.

Төртүнчү окшоштук:
Кулов - Байтикке, Бакиев - Тейитке башын катты
Бул эки НКВДнын балдарынын кылгылыкты кылгандан кийин барар жерлери да окшош экен. Кулов элди талаага таштап, боз үйлөрүн сындыртып коюп, өз айылы Байтикке баш калкалады эле, Бакиев элин канга чылап коюп, өз айылы Жалалабаттагы Тейит айылына кире качты. Эми элди түндүк-түштүккө бөлүп провокация жасап, НКВД Саалынын эсирген балдары өз жерин канга чылагысы келип отурат. Ал эми башка бир НКВДнын баласы колун канга боёгонго үлгүрбөгөнү үчүн бүгүн минтип Бакиев өлтүргөн балдар көмүлгөн А та-Бейитке барып куран окутуп жүрөт. Куран окутсун, мейли, ошентип күнөөсүн жуусун, күнөө кыла элек болсо, бул окуя эс-көөнүнөн кеткис сабак болсун. Ылайым экинчи НКВД баласынын колу канга булганбасын. Бирок, "Фронт" деп жүрүп, башка бир милиционер желдеттердин колунан сабалып каза тапкан Бектемир Акуновдун мүрзөсүнө барып куран окутканды да унутпасын.






Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/0416_1.htm on line 117

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/0416_1.htm on line 117

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/rukh/10/0416_1.htm on line 117







??.??