Кыргыз гезиттер архиви

МЕЗГИЛ.АДАМДАР.ОКУЯЛАР
7-апрелде жер-жерлерде элдик курултайлар өтөөрү белгиленүүдө
Бириккен Элдик Кыймылдан алынган маалыматка караганда, 7-апрелде жер-жерлерде элдик курултайлар өтөт. Анда 17-мартта болгон Элдик курултайдын талаптарын аткаруу маселеси каралат. БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев өткөн жумадан бери БЭКтин лидерлери региондорго кыдырууга чыгып, анда жер-жерлерде курултайлар өткөрүү маселеси көтөрүлөрүн билдирген. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов 29-мартта Нарын облусунда эл менен жолугушуу соңунан кийин жергиликтүү калк 7-апрелде митингге чогулушарын жарыялашкан.


Максим Бакиевдин АКШга чакырылышын айыптады
"Ата мекен" социалисттик партиясы Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев инвестиция боюнча форумга Вашингтонго чакырылганын белгилеп, Максим Бакиев жетектеген Борбордук агенттик конституциялык эмес орган экенин билдирген. Мыйзамсыз органдын өкүлүн чакыруу менен АКШ сөз жүзүндө демократия жана мыйзамдуулукту жактаган менен, иш жүзүндө чектен чыккан, коррупциялык, мыйзамдарды бузган режимдерди колдоп жатканын көрсөтүүдө, деп белгиленген таратылган билдирүүдө. Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз делегациясы АКШга жылдык эки тараптуу кеңешүүлөргө барарын билдирди. Мындай жолугушуулар жалпы Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун алкагында өткөрүлүүдө. Буга чейин мындай жолугушуулар Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан делегациясы менен болгон. Ал эми Түркмөнстан менен майда өткөрүлөт. Кыргызстандын бийлик органдары президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген Борбордук агенттик Конституцияга ылайык түзүлгөнүн билдирип келет.


Чүйдө ВИЧ илдетин жуктургандар артууда
Бул тууралуу бейөкмөт уюмдардын 3-улуттук форумунда белгилүү болду. Мындай маалыматты айткан "Социум" коомдук бирикмесинин жетекчиси Батма Эстебесованын билдиришинче, ушул тапта Чүй облусунда ВИЧ илдетин жугузган 733 адам каттоодо турат. Былтыр бул сан алты жүзгө да жеткен эмес. Аталган илдетти алып жүргөндөрдүн 1-мартка карата алынган маалымат боюнча 75 пайызы эркектер. ВИЧ инфекциясын жугузгандар Нарында эң аз катталган, аймакта алардын саны жети адам. Ал эми Ошто бул сан 635ти түзөт. Эгерде буга чейин ВИЧ/СПИД өлкөнүн түштүгүндө күч алган болсо, эки жылдан бери Чүй облусу бул маселеде алдыга чыккан. СПИД бирикмесинин өкүлү Эркин Бакиевдин билдиргени боюнча, мындай көрүнүш аймакта ВИЧ менен ооругандарды аныктоо иштери жакшырганынан улам келип чыккан.


Кызматтык кыянаттык кылуу фактысы катталды
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ички иштер министрлигинин коррупция менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан республикалык казначылык жана Биринчи май райондук казначылык бөлүмүнөн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты катталган. Мыйзам бузуу жолу менен мамлекеттик социалдык камсыздоо жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланганынан улам мамлекеттик бюджетке 94,5 млн сомдук зыян келтирилген. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.


Кызыл-Кыя цемент заводу иштеп жатат
Аталган ишкананын башкармалыгынын төрагасы Юрий Усольцев 31-мартта Баткен облусунун жетекчилиги менен жолугушууда завод алгач жүз тонна цемент чыгарганын билдирди. Анын айтымында, бул курулуш материалы аймактагы ишканаларга жөнөтүлдү. Ю. Усольцов акырындап цемент чыгаруунун көлөмү көбөйөрүн, азыр жабдууларды орнотуу жүрүп жатканын, үч айдан кийин завод суткасына 2,5 тонна цемент чыгара баштаарын маалымдады. Кызыл-Кыядагы бул завод Кытайдан жана Казакстандан келген инвестиция аркылуу ишке кирген.


Москвадагы метродо болгон жардырууда кыргыз жараны да жабыркады

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдоосуна караганда, 29-мартта Москвада болгон террордук актылардын учурунда жабыркагандар ичинде кыргыз жараны да болгондугу маалым болду. Ал 23 жаштагы Канатбек Өзүбеков жардыруудан жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн. Канатбекке №61-шаардык ооруканадан жардам көрсөтүлгөн. Акыркы маалыматтарга караганда бул терактык чабуулдан улам 39 адам өз өмүрү менен кош айтышкан. Орус бийлиги бул окуядан кийин коопсуздук чараларын күчөтүүнү карап жатат.


Сомдун баасы төмөндөөдө
Акыркы күндөрү улуттук валюта сомдун АКШ долларына карай курсу төмөндөөдө. 31-мартка карай борбордогу акча алмаштыруу жайлары бир АКШ долларын 45 сом 30 тыйындан сатып, 45 сом 20 тыйындан алууда. Улуттук банк 1-апрелге карай белгилеген расмий курс боюнча бир АКШ доллары 45 сом 25 тыйын деп коюлду.


Асел Раманкулова: 189 түз байланышына 25 миңден ашык жарандар кайрылган

Кыргызстанда эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү максатында иштеген "189 түз байланыш кызматын маалыматтык колдоо" долбоору ишке киргизилет. Мындай маалыматты Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында "Социалдык демилгелер Бишкек борбору" коомдук бирикмесинин директору Марат Усупов билдирди.
Анын айтуусунда, "189 түз байланыш кызматын маалыматтык колдоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын бардык областарында жана Бишкек, Ош шаарларында кооптонууга кабылган мигранттар үчүн жардам көрсөтө турган түз байланыш телефону бар экендигин калкка маалымдоо жүргүзүлөт.
Миграция боюнча эл аралык уюмунун өкмөттүк эмес уюмдар менен байланыш боюнча координатору Асел Раманкулованын айтымында, мындай түз байланыш телефону мигранттардын саны өсүп, адам сатуу фактыларынын күч алышынан улам 2006-жылы түзүлгөн. "189 түз байланышы түзүлгөндөн бери 25 миңден ашык жарандар кайрылып, жыл сайын кулчулукка кабылган 100-150 адамга социалдык, медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул багытта бүткүл республика боюнча 36 өкмөттүк эмес уюмдардан турган түйүн иш алып барууда", - дейт ал.
Белгилей кетсек, 189 түз байланыш телефонунун максаты чет жакка иштегени бараткан мигранттарга маалымат берип, чет өлкөдө оорчулуктарга, кулчулукка кабылган жарандарга жардам көрсөтүү болуп саналат.


"Манас" эпосу боюнча мыйзам долбоор
парламентке жөнөтүлдү

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев 31-мартта "Манас" эпосу тууралуу мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна жиберди. Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, долбоор эпосту кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы катары сактап, даңазалап жана өнүктүрүү боюнча маселелерди жөнгө салуу үчүн иштелип чыкты. Мыйзам долбоор Ынтымак курултайдын делегаттарынын сунуштары менен толукталды. Ага ылайык, мамлекет "Манаска" байлыныштуу кызыкчылыктарды коргойт, манасчылардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзөт, эпосту башка тилдерге которуу боюнча шарт түзөт, "Манас" боюнча илимий иликтөөлөрдү өткөрөт.


Мельникоффтун китеби боюнча

кылмыш иши козголду

Каржы полициясы өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашты. Маалымдалгандай, 2009-жылы 18-августта Туризм агенттиги тарабынан алдын ала тендер жарыяланбастан Сергей Мельникофф башында турган АКШнын "MELNIKOFF Inc" корпорациясы менен келишимге кол коюлган. Ага ылайык Мельникофф "Кыргыздардын жери" аттуу 2000 нускадагы китеп-сүрөт альбом түзмөк. Аталган китептин баасы 102 миң долларга жакын сумманы түзгөн. Ушул өңдүү башка компания ушундай кызмат үчүн кошумча нарк салыгы жана башка төлөмдөрдү кошкондо "MELNIKOFF Inc" компаниясына караганда 2 млн. 659 миң сом аз каражат алаары аныкталган. Мындан улам, Туризм агенттигинин жогорку кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринен өлкөгө эки миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул иш боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 3-февралда парламент С. Мельникоффтун сүрөт көргөзмөсүн Бишкекте уюштурууга каршы чыгып, депутаттар көргөзмөнү уюштурууга жол берген деп Маданият агенттигинин директорун күнөөлөп, ошол эле күнү кечинде президенттин буйругу менен Султан Раев кызматтан алынган.


"Азаттык"