Кыргыз гезиттер архиви

Согуш ардагери 90 жаш
Биздин арабызда бактылуу карыя бар. Бул Улуу Ата-Мекендик согушка Мукай
Элебаев менен бирге аттанган Эсенбаев Келдибек. Заманында Саякбай, Шапак, Ахунбаев, Сыдыкбеков, Ауэзовдор менен аралаш жүргөн Келдибек атабыз 90 жашка толуп, апабыз Күлүйпа 85 жашка чыгып,экөөнүн баш кошкон 65-жылдык жакут тоюн Улуу Жеңиштин 65-жылдыгы Улуу тою менен кошо өткөзүп жатышат.Келдибек атабыз: "Болду эми токсонго толдум, ушунча уул, кыздарымдын, небере, чөбүрөлөрүмдүн алдына кетейин " деп турат. "Жок" дешет бардыгы чурулдашып,кылым карытыңыз! Келдибек аксакал менен гезит-журнал, радиодо кенен маек куруп, жакшы тааныгандыктан, мен дагы анын кылым карышын тилейм! Бактылуу кыргыз карылары көбөйө берсин!!!
Эсенбаев Келдибек ХХ кылымдын экинчи доңуз жылында бай- манаптын үй-бүлөсүндө туулган.Ага-туугандары бары кулакка тартылып, кулактын баласы катары 1-класстан мектептен чыгарылган. Карыган ата-энесин багыш үчүн Исакеев таякелеринин коюн 4-5 жыл кайтарып, зээндүүлүгүнөн 5 классты бир жылда бүтүрүп 6-класска отурат, 1938-жылы 7-классты бүтүрүп мектепке мугалим,1939-жылы завуч, 1941-жылдан директор. Алты бир тууган Намазбек,Надырбек,Турдубек, Турумбек,Ополоң, Келдибек кан күйгөн согушка аттанышып, анын ичинен жалгыз Келдибек жарадар болуп кайтып, калгандары мекен үчүн курман болушкан.
Согуштан кайткандан кийин мектептерде директор, элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, колхоздо башкарма болуп иштеп келген. "Кызыл жылдыз", "Ата Мекендик согуш", "Даңк" ордендери, көптөгөн медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин,СССРдин Эл агартуу отличниги.

Келдибек
Эсенбайдын Келдибек,
Эчен кыргыз эл билет.
Топтолушту балдары
Токсон жашка келди деп..
Адигине, Тагайдан
Артык адам далайдан.
Богорстон менен Кылжырдан
Болжолун айтып иш кылган.
Орозбакты, Дөөлөстөн
Депутат болуп жөөлөшкөн.
Сүтүке, Сүтөй, Манаптан
Башкарма болуп эл баккан.
Сарысейит,Тугурдан
Немецти соккон кутурган
Олжотай менен Тайлактан
Эсепти билип жай жаткан
Карагул менен Чиркейден
Карышкыр чапкан килтейген
Качыбек менен Орустан
Артык иш кылган болуштан.
Кудаяр деген имамдан
Директор болуп эл алган.
Өз атасы Эсенбай
Өзбекке аты угулган
Кадыры өткөн эсепчи
Казакка аты угулган.
Атын билген жылдыздын
Атасын билген кыргыздын.
Эсебин билген жылдыздын.
Энесин билген кыргыздын.
Илгерки эле заманда
Илим билген асмандан.
Тогуз жолу бий болуп
Топту өзү башкарган.
Каршылашка түй болгон
Канча жылы бий болгон
Жыйырма бала калтырып
Токсон жашты ашырып
Жүзгө таяп көз жумган.
Кенже уулу Келдибек.
Эми токсонго келди эл билет.
Темирбек,Кеңеш,Кулубек,
Келишер эми улуу деп.
Турдубектен Тилек бар,
Туур болгон чоң тирек бар.

Күлүйпа
Байбичеси Күлүйпа
Түпкү теги манаптан.
Эсенгул баатыр тараптан.
Ормон ханы эл баккан.
Базаркулу жер баккан.
Сатылганы турат ай.
Саяктардын баатырын
Өңөрүп келген улактай
Султакенин бу кызы
Энелердин нарктуусу
Эл-журтуна барктуусу.
Кептин баркын баалаган,
Журтун алып , караган
Мейман тоссо күн сайын
Жүз күн чыдап жараган.
Конок тоссо сыйлаткан,
Кошок кошсо ыйлаткан
Тукумун улап Султаке,
Сапина,Сагын,Кадыке.
Ишен,Мирбек,Чынар бар,
Көк тирешкен чынардай.
Жүкүн,Айна,Мелистер,
Чалкып жаткан деңиздей.
Хрущёвдон бата алып,
"Баатыр-эне" аталып.
Келдибектен сегиз кыз,
Телегейи тегиз кыз.
Уулдарынан алтоо бар
Небереси канчоо бар…

Акылбек
Аксакалы Акылбек,
Андан чыкчу акыл кеп.
Алтымышка барыптыр,
Алжыгансып калыптыр.
Алиманга бак конгон,
Институтту таап конгон.
Мимикасын өзгөртүп
Бизнес жакка шак конгон.
Сандыкка каткан алтын кыз,
Сагындырган Жаркын кыз.
Караколдо алтын кыз
Кайрымдуулукка жакын кыз.
Генералды какатты,
Кенен жигит Рахаты.
Айжамалы, Салтанат
Алардан киши жалтанат.
Балдай таттуу тилинен
Адими сулуу ийилген.
Жогортон соккон шамал бар,
Жоош кызы Жамал бар.
Өйдөдөн соккон канат бар
Өткүр жигит Талант бар.
Айперидей жан кызы,
Тили таттуу бал кызы.
Өзөндүү сууда кундуз бар,
Өргөөсү жакын Жылдыз бар.
Шариятта хадис бар,
Шар жүргөн жигит Адис бар,
Бутунан жаңы турган бек,
Ажо болор Курманбек
Жанатым менен Алтынай,
Алыска кетти ай,кудай?!

Шербет
Атасына жакыны
Шербеттен чыгат акылы.
Кыргыздардын ичинде
Кыйла эле мыкты акыны.
Журналисттин жарыгы,
Жумгалдыктын арыгы.
Токтолбостон сын урган
Токтомуштун Алымы.
Гүлүңдөп турган суусардай,
Гүлдөй жайнап Гүлзары.
Ализарды жетелеп,
Айдап кетет кусаны.
Баракелде, бали де.
Мыкты жигит Али де!

Бермет

Белдүү кызы Бермети ,
Билет кыргыз жер бети.
Көркүн ачып Акүйдүн
Көрүнүп калат келбети.
Акаев менен коштошкон
Путин менен достошкон.
Ашыркулдун Мисири
Обама менен тосттошкон.
Япондорду ыйлаткан,
Оксфордду сыйлаткан.
Сыйынган анда мазар бар
Сагынткан сулуу Ажар бар.
Күндүзү түндөй жарк эткен,
Күнөстүү калаа Манхэттен.
Аскаттан азыр ал жерден
Алысты көздөй барк кеткен.
Нью-Йоркто карааны,
Америка жараны.
Дүйнө тааныр "индиго",
Али аттуу баланы.
Алыс уччу канат бар,
Англисче сүйлөгөн
Айга жетчү Жанат бар.

Бурул

Берекелүү , жугумдуу,
Ким тааныбайт Бурулду!
Маңдайынан өрт чачкан
Дасторконго көрк чачкан.
Жумуш десе суткалай,
Күндөп, түндөп уктабай.
Коммунизм курушкан
Токтосун менен Туткабай.
Байкабай ашык жутканда,
Баш оору деген азап бар.
Батасын алып сакайтаар,
Бараандуу жигит Азат бар.
Ийнени дайым сайса да,
Издеткен сулуу Айзада.
Алтынай менен Байтурган
Атасынын балдары,
Абдан эле бай турган.
Баладай назик кыялы
Балдай ширин Акакжан.
Англисче сүйлөсө,
Англисти какаткан
МВДдан тапкан бар
Эр жүрөк жигит Актан бар.
ЦРУдан тапкан бар,
Сулуу жигит Аккан бар.
Кыйыны эле Адилкан,
Кийин да чыгар адил хан.
Дүнүйөсүн чачпаган
Акаевдей качпаган
Маскөө улуу калаада
Иштеш өзү балаа да.
Акаев менен тиштешкен,
Путин менен иштешкен.
Маскөө деген кең арал,
Келечекте генерал.
Бекзат деген жигит бар.
Генералша Элнура
"Честти" берип кел буга.
Кыргыз элге күн тууган
Азик менен Күнтурган.
Банкасында Канат бар,
Аркасында Самат бар.
Телегейи тегиздер,
Эл суктанган эгиздер.

(Уландысы 11-бетте)