Кыргыз гезиттер архиви

"Ак жолдун"
Жүзү…
К.Р. президенти, Ак Жол партиясынын негидөөчүсү К.Бакиевге
К.Р. Ж.К спикери З.Курмановго
К.Р. Башкы прокурору Н.Турсункуловго
К.Р. ИИМ министри М.Конгантиевге
Президенттин администрация башчысы К.Жороевге

Арыз
Мен Чодобаев Мурат 1968-жылы туулгам. 1992-жылы Таластан Бишкекке келгем. Аялым эки балам менен квартиралап жүргөм. 1994-жылы айылдашым журналист Өмүрзак Төлөбековго жолугуп калып, - Бир үй бар сага алып берем деп менден төрт миң сом алды, анан Табалдиев Бектуруш дегенге алып барып тааныштырды. Ал жерден дагы миң сом алды. Мен ал акчаларды жебей ичпей аялымды да, балдарымды да кийдирбей, көрүнгөндүн жумушун жасап, ыйлап-сыктап тапкамын. Бешене тер акчам болчу.
Өмүрзак акем Б.Табалдиевдин китебин 3-айда, июль-август-сентябрь чыгарып бермек болду. Б.Табалдиев ошол эле күнү үйүнө киргизди. Төлөбеков ошол бойдон качып жок болду. Б.Табалдиев экөөбүз жакшы-жаман айтыштык бирок ал адамдык кылып үйүнөн чыгарган жок. Экөөбүз Төлөбековду 16 жыл кубаладык. Ал бул арада үйлөрүн сатып "мошенничество" менен "заниматься этип", камалып кетиптир. Бирок тез эле бошоптур. Бул фактыларды караштуу жерлерден иликтесе чыгат. Президент өзү сотторго ишенишке болбойт деп айтып жүрөт. Төлөбеков соттон кандайча бошогон? Төлөбеков бир тууган таекеси Юруслан Тойчубековду крыша кылат. Төлөбеков жөнүндө издесе көптөгөн кылмыштуу фактылар табылат. Ал Табалдиевди да, мени да күйгүздү. Акчаны алдатып жибергеним үчүн үйүмдө тынчтык болбоду. Аялым Эгембердиева Нурила ыйлап жүрүп 2004-жылы 35 жашында жүрөгү токтоп өлдү. Эки бала жетим калды. Аялымдын өлүмүнө Төлөбеков түздөн түз тийиштүү.
Азыр Төлөбеков Ак жол партиясынын Ак жол гезитинде баш редактор имиш. Төлөбековдун ал жерде иштешке адамдык, моралдык бир сөөм укугу жок. Ал дүйнөдө да, бул дүйнөдө да көптөгөн адамдарды какшаткандыгы үчүн жооп бериши керек. Анын гезитте иштеши президенттин Ак жол партиясынын кадырын кетирет.
Сиздерден суранаарым Төлөбековдун баскан жолун жакшылап текшерип, менин укугумду коргоп алдап кеткен акчаларымды өндүрүп берүүлөрүңүздү суранам. Мен чындыгында бардык жерде далилдей алам.

Бишкек ш.
Аламүдүн-1 кичи р-ну
Луганская көчөсү 22
Чодобаев Мурат, 20.03.2010





Жанышты жамынган чемпион

Бу бийлик кадрдык өзгөрүүлөрдү жасадык, шумдук заманбап кадрлар келди деп эле мактанып калат. Чын эле ошондой кадрлар болсо, биз эмне Кыргызстандын душманы белек, жакшы кадрларга бут тоскудай. Тилекке каршы андай эмес болуп жатпайбы. Башка майда-чүйдө кадрларды айтпай эле коёлу бийликтин башкы партиясы болгон "Ак жол" партиясынын, органы эсептелген "Ак жол" гезитинин башкы редактору элге күзгүдөй үлгү болгон, башкалар ошого карап түздөнө тургандай адам болуш керек эле. А бийлик өчөшкөнсүп ошол орунга жоктон тапкандай бир акыркы адамды алып келгенин кандай түшүнүүгө болот. "Ак жол" гезити менен биздин "Кыргыз Руху" гезити азганактай кошуна туруп калды. Нарк сыйлаган, салт сыйлаган кыргыздын жазылбаган мыйзамдары болот. Кошуна болгон соң, жаманбы жакшыбы, кирип-чыгып саламдашып жаткан соң сый болуу кажет. Гезитибиз орточул позицияда туруп оппозиция сыяктуу эле бийликти да жакшы эле сындап жатканына карабастан, бийликти жактап келген кошуналарыбыз "Кыргыз Туусу", "Жаңы Ордо" гезиттерин катуу кетип сындабай, канча жылдан бери кошуна катары сый мамиледе болуп келебиз. А түгүл "Кыргыз Туусунда" иштеген Мырзакат Тыналиев, Кыяз Молдокасымов өңдүү чыгаан журналисттерибизди, Бактыгүл Чотурова, Жыпар Исабаева өңдүү таланттуу эжелерибизди көргөндө көзүбүз сүйүнгөнү да чын. Ал эми эң жакын кошунабыз болуп келген "Жаңы Ордо" гезити анын жамааты менен көп жылдан бери коңшу жашап бир туугандай эле болуп калганбыз. Бийликти канчалык сындабайлы "Жаңы Ордо" гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевдин талантын, канча жылдан бери Бакиевдер үчүн чын дилинен туруктуу кызмат кылып келгенинине карабастан чыныгы патриоттуулугун, чындыкты Бакиевдерге күйүп өз катары, "өз күйдүрүп айтат" болуп келген позициясын сыйларыбызды жашырбайбыз. Бекен аганын Жаныш Бакиевди сыйларын жакшы билгенибиз менен ушул кезге чейин анын Жаныштын атын пайдаланып мактанганын билген жок элек. Анан эле чак түштө түшкөн чагылгандай болуп "Ак жол" гезити биздин мурунку бөлмөлөрүбүздү четинен ээлеп көчүп келди. Көрсө булар башынан эле "Кыргыз Руху" гезитин имараттан чыгаруу опперациясына керек болгон жалданып келинген амал окшобойбу. Эгер "Ак жол" гезити "Кыргыз руху" гезитин имаратынан чыгаруу үчүн атайын пайдаланылган план болсо, бул "Ак жол" дегениң деле бир майда барат чагымчылык менен күн өткөрчү бечара окшобойбу. Гезиттин редактору келгени эле алдыбыздан чыгып он жолу учурашканы менен артыбыздан бычак ургусу келип жүргөнүн соосунда айтпаса да масында айтып: "акыры силерди бул имараттан чыгартам" деп дөөдүрөгөнүн мастын дөөдүрөгөнү деп унчуккан эмеспиз. Эми минтип "силерди имараттан чыгарган кызматыма Жаныш Бакиевден үч бөлмө үй алдым" деп мактанганы (дагы эле мас болуп алып) акылдуунун айтканы эмес тантыктын дөөдүрөгөнү келиптир" болуп жатпайбы. Гезитине "Жалаа" деп жооп жазып, "үч бөлмөлүү үй алган" деп жөө жомокторду чыгарыптыр деп кайра бизди күнөөлөптүр. Ал жомокту биз эмес өзү мактанып айтканын бир кишиге шыбырап эмес, жаңы төрөлгөн кызынын жентегин өткөрүп, жалпы жамаатка айтканын унутуп калса керек. Эми бардык жамаатты"мен айткан эмесмин" деп бирден көндүрүп чыгат бекен. Жаныш Бакиевди жаманатты кылуу жагынан Өмүрзак Төлөбековдой рекордсменди көргөн эмес элек. Жанышты жаманаттоонун чемпиону Текебаев эмес, Бекназаров эмес, дал ушул Төлөбековго окшогондор. Журналист болгон соң, бийлик тараптагы коллегалар менен да баарлашууга туура келет. Тээ студент кезден бир туугандай болуп калган Бахпурбек Аленов деген журналист бар. Ошол канча жылдан бери Жаныш Бакиевди мактап, "чыныгы патриот, улутчул, чыныгы жигит" деп мактап жүрөт. Бирок, "Жаныш Бакиев менен жакшымын, жумушуңду бүткөрүп берем" деп бир мактанган эмес. Анан эле Өмүрзак Төлөбеков "азыр Жанышка чалсам, баарын жайлап коёт" деп басса-турса мактанып жүрөт экен. Биздин гендиректорубуз Арыстанбек Дүйшөмбиевдин кабинетине атайын кирип, баканооздук кылып: "Биз Жаныш болуп "Салым" деген партияны түзүп жатабыз" деп кухня сырларын айтып, Саалынын балдары Курманбектин балдарына каршы чыгарын кыңкыйткан дагы ушул Өмүрзак Төлөбеков эмес беле? "Жыйырма жылдан бери "Кыргыз Рухун" эч ким имаратынан чыгара албай жаткан экен мен чоң кызмат кылдым" дегидей "Кыргыз Рухунун" тагдыры ушундай бир аял менен арактын айырмасын ажырата албаган бир бечарага байланып калыптырбы. Бул киши жөн гана бийликтин оюнчугу болду да. Анан калса, Жаныш Бакиев бизди имараттан чыгарып, же киргизе турган комендант болуп кеткенин укпаптырбыз. Жыйырма жылдан бери чыгып келаткан, кыргыздын эчен мыкты журналисттерин ыйык уясынан учурган аты улук "Кыргыз Руху" гезитибиз бизге чейин да чыгып келген бизден кийин да чыга бермекчи. Анын тагдыры имаратка же бийликтин оң терс, мамилесине көз каранды эмес. Гезитти күчкө салып убактылуу жаап коюуга болот, бирок, Кыргыз Рухун эч ким эч качан жок кыла албайт. Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат демекчи, биздин уядан дагы далайлар учуп чыга берет, келет, кетет, бирок Кыргыз Руху калат. Ал эми Өмүрзак Төлөбековго окшогон майда-барат кешиксиздер утурумдук бийликтин жүзүн көрсөткөн маскарапоздор болуп гана кала бермекчи.
Айзада Абазова