Кыргыз гезиттер архиви

  Учур

Беш манжада: Төрт банкир жана бир "Маңкир"
Кубатбек Жусубалиев
Жалгыз "Маңкирден" баштайлы. Биздин мусулмандарда "үңкүр-маңкир" деген персонаж бар. Муну өзүнүн кожоюну Мелис Эшимкановду Иусус Христостой кудайга теңеп, шариатка Шамбалабы же Еванбалабы, эптеп ислам эмес башка жолго түшүп алган Кердегей түшүнмөк беле? Кердегей пайгамбар жашынан өттү, эми ал кожоюну үчүн гана эмес, эл үчүн иштей турган убагы келди. "Адигинилер алтымыштан өткөндө акылына кирет" деген кеп бар эле кыргызда, Кередегейиң кердейип алып, алтымыштан өткөндө акылы тескери айлана баштады. Анын акылы жаш кезинде деле оң эмес болчу. Бир сүйлөм жазса беш-алты бет жазып барып араң тормоз тээп, чекит койчу. Рамис Ыр-аке таянар кишиси жок Чым-Коргонду менчиктештирип ала жаздады. Ракең Чым-Коргондо жатса, Жоробек акын келип:
- Эй, Раке бул жактан качан чыгасың? - дебейби.
- Эй, Жоке, бул жакка качан келесиң? - дебейт бекен Ракең да жөн турбай.
Кердегейди деле Чым-Коргонго жөнөтмөк. Бирок чокчоңдогон Чокчолой "крышасы" алдын ала сезип, Алайга "сүргүнгө" айдап жиберди. Ошол бойдон сүрсүп жатат. "Асабасы" менен "Агымы" бар кезде Эшимканов Кердегейди эш тутуп, сүргүндөн жазган "жинди" сүртүмдөрүн жарыялап турчу. Эми Кердегей унутулуп баратат. Алайды эстегенде Исмаил Исаковду эстейбиз. Кердегейди Мекең шардай үйлөп-үйлөп даяр болгондо, жарып туруп баса берди. Аттиң, Толстой Ясная Полянага жатып алып падышанын сезимин ойготуп турчу эмес беле. Бизде иконага сыйынган кожоюнунун сезимин ойготконго жараган Кердейгендер жер-жайнап турат.
Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек мырзанын баскан изине көз салган адамдын башы айланат. Айдар менен жайдары жүрүп, "бизнестин битин-сыгып" эсепсиз байыган Бабанов, кубаланып Айдар кетер менен телефон менен бир ооз сөз айтып мамилесин үзүп койгон. Бийликтин ишенимине кире албай калган Өмүкең, оппозиция опол тоодой оргуштап турганда оң колуна айлангысы келет. 2006-жылы ноябрь митингдеринде эл баштайм дейт. Эл баштагандан айланабы. "Тарс" эткен үн чыкса, шымын булгаган бойдон качып бербедиби, жан деген таттуу экен да, көрсө. Эл эмне болсо ошол болсун деген кеп экен.
Атамбаев өкмөт башына келер менен шыйпалаңдап жанында жүрдү. КСДПнын активдүү мүчөсү катары парламентке өткөн. Бирок, парламентке "фильтрлеп" туруп өткөрөт да, казак жараны катары жана башка булганыч иштерине байланыштуу ЖКнын эшиги ага жабылды. Бардыгы тең Айдар Акаев эмес да кемчилигине көз жумган. Саясаттан кеттим демиш болуп, сайгактап кетти. Түз эле биринчи вице-премьерди көздөй. Албетте, Айдарды телефондон демин басса, эми КСДПга кол шилтеп койду. Мыкты болсо иштейт эле да, алкымынан сыгып туруп, алты айдан соң тепчү жерине тээп кууп чыгышты. Эми Садыбакасовадан сатып алган бакын эрмектеп жөн жүргөн.
Албетте,жөн жүрбөй калсын, өкмөткө биринчи вице-премьер- министр болуп, жүктү тарта албай калганда айдап чыгышкан. Таластык жүрөгү биринчи вице-премьер-министр бойдон калган, Өмүкең өпөңдөп, ресторандарда "атамандык" талашып, мушташып жүргөн кези дейт.Өзү ошончо даражалуу кызматта иштеп келсе, анан өспүрүм балдардай дардаңдап, мушташып жүрсө, өкмөтүңдө иштеп келгендердин деңгээли ушул болсо, жыргаган экенбиз да өкмөткө. Экс биринчи вице-премьер-министр түнкү клубдарда жаш балдардан көгала койдой таяк жеп,жашынып үйүндө жатса, заман эмне болуп баратат. "Больницадан бери бол, милициядан ары бол" дегендей экөөнө тең кайрылбаптыр. Кайсы бети менен кайрылат? Жок дегенде кожоюн менен Ташиевдей боксту үйрөнүп алса да жемин жедирмек эмес. Ошентип өпкөсү курсагына батпай, жок дегенде ресторанда бир түн бою бийлейин деген Өмүкеңдин тилеги таш капты.
Шамшыбек Медетбеков
Бабановдон өтсө өтөт, бирок кем калбаган Медетбеков деген банкир бар. Илгерки өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышев бийликте турганда жөлөп-таяп жүрүп, бийликтен түшөр менен орго түртүп, банкын Акаев байкесине таянып тартып алган. Депутат болом деп чамынып, чалынып жыгылган. Анан Усубалиевдин эшигинин алдын шыпырып жүрүп, ага жармашып, Кочкор элин "солярка" менен камсыз кылам деп жалган айтып ЖКга келген. Куйтуңдап Акаевдин колтугуна кирип, Нарынга губернатор болуп барар менен Кочкордо эл көтөрүлүп барымтада калган Медетбеков губернатор туалетке барып келем деп алдап, дыргаяктап качканын, кочкорлуктар жомок кылып жүрүшөт. 24-марттан соң Акүйдү акмалап жүрдү, бийлик ага майлуу "устукан" берген жок. Анын сырын билген кыргыз партиялар жакын жолотушпай, өзбектердин "Ваган" партиясына кошулду.
Эми сарбагыштан айланабы, сарбагыштардын башын бириктирем деп сабаалап жүргөн убак. Эл алдамчы уулун эч качан кечирбейт!
Муратбек Мукашов
Муратбек мырза алтымыш жашка келип туру. Жыйырма жашында Москвада Плеханов атындагы институтту бүткөн Мукашов кыргыз үчүн көп эле эмгек сиңирди. Союз убагында эле Башкы банкир деңгээлине чейин көтөрүлгөн Муратбек мырза Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызөнөржай Курулуш банкынын "түшпөс ханы". Ал Жогорку Кеңешке 2000-жылдан баштап депутат болуп келсе дагы, бардык түйүндүү маселелерге активдүү катышып келди. Өзүнүн түз жүргөндүгүнөн бийликке радикалдуу дооматтарды койбогону менен конструктивдүү мыйзамдарын сунуш кылып турду. Мукашовду өзүмө тартсам деген партиялар көп болсо да, анын түз позициясы, кайрадан парламентке келишине жолтоо кылды. Эгерде мурункудай бир-бирден шайлоо өткөндө Муратбек мырзанын далысы жерге тиймек эмес.
Анын Марат Султанов деген коллегасы Соцфондко келер менен ызы-чууну баштап, анын банкындагы Соцфонддун эсебин, башка жакка которуп жыгабыз деди. Бирок Мукашов жыгылган жок.
Канат Мамакеев
"Ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен боз өтөт" - дейт. Ата даңкы менен тубаса дабагерлик кесибин таштап банкка келген Канат Мамбетович кыргыздын медицинасына чоң жоготуу туудурду. Кыргыз медицинасы Мамбет Мамакеевдин жолдун улай турган "жаңы" Мамакеевден кол жууду. Мамакеев өзү бийликте турган кимдир-бирөөнүн көзүн мактап жүрүп, Канатына канат бүткүзүп алыска учургусу келип жүрөт, Канатынан башка балдарын көп жактыра бербесин өзү жазып жүрөт .
"Казкоммерцбанкты" каз-каз тургузган Канат мырза алыска учат болуш керек, жүрөктү дарылаган боюнча дүйнөлүк атак алып, жашы улгайганда "көз" докторуна айланып бараткан атасы Мамбет аксакалдын көзү тирүү болсо. "Алжыгаң чалдар менен кайым айтышпайм" деген Мотуев деле кыйын экен.