Кыргыз гезиттер архиви

  Саясий тараза

Нооруздун "Дардак тактасы"

Адахан Мадумаров
Адыраңдап чыккан Адахан Мадумаровду бир г ана телефондон "звонок" кынына кийирип койду дешет. "Ыштанын булгап алган" Адакең ышпалдасы чыгып, кайрадан "дудукка" айланды.
Азаттык жакка барыптыр,
Айкырып чууну салыптыр.
"Звонок" чалса үкасы,
"Ыштанын булгап алыптыр"

Дастан Сарыгулов
Өзүн Теңирчиликтин кудайындай сезген Дастан аке пайгамбар жашына келгенде кубулуп, бийликтин курултайына делегат болду. Бул кишинин кубулма адаты Акаевден бери эле келатпайбы. Эмне демекчибиз?
Акаев менен сугунуп,
Теңирден аты угулуп.
Дастан аке мына эми,
Бийликке барды кубулуп.


Топчубек Тургуналиев
"Антимитинг" менен атагы чыккан Топчукең, бийлик уюштурган курултайга каршы "Антикурултайдын" башында келатат.
Жагалданып күлбөгөндө,
Ай үй карап үрбөгөндө.
"Бийлик" эбак качып кетмек,
Антимитинг деп жүрбөгөндө.

Евгений Гуревич
Италия соту кыргыздарга боору ооруду. Бизди эки чайнап бир жутканы калган Юджин Гуревичти кекиртектен алды. Римдик сот Алдо Моргиниге даңк! Бирок, "Даңк" орденин бере албайбыз, биздин Кыргызстанда жашаса СИЗОдон орун бермекпиз.
Миллиардды жеген жулунуп,
"Мафиоз" аты угулуп.
Сот Моргини болбосо,
Кыргызды коймок сугунуп.

Азимбек Бекназаров
КЭК менен "Акаевдин двойниги" алып келип бийликке койгон Азикең, БЭК менен кимдин двойнигин бийликке алып келгиси келип жатат?
Белекке берип бийликти,
Бийликти эңсеп бийикти.
Кур калып эми бийликтен
Кубалап кеткен кийикти.


Үсөн Сыдыков
24-март кимдир бирөөлөр үчүн кызыл тамга менен жүрөгүнө кирсе, кимдир бирөөлөр үчүн кара тамгалар менен жүрөгүнө кирип турат.
Айланып бийлик тие албай,
"Аталык" болуп биле албай.
Артында калды эл-журттун
Ак үйгө дагы кире албай.


Айдар Акаев
Жеп жуткан жагынан Айдардын алкымына "баракелде" дегенден башка айла жок. А бирок "Устатынан шакирти өтүптүр" деп кыргыздар бекер жеринен айтпайт эмеспи.
Көрүнгөндүн малын соруп,
Көзү тойбой барын соруп.
"Көчүрмөсү" жолун улайт
Көпчүлүктүн канын соруп.

Алексей Елисеев
Начар көрүүчүлөр жана азиздер мектеп-интернатын аяктаган Леша акча чыга турган жерди бүркүттөй алыстан таамай көрөт экен. Кыргыздын акча жыттанган жеринин баарына эле кожоюн болуп алды.
Эрке, бээге кулундай,
Эки жакка бурулбай.
Алексейиң баратат
Акча соруп "куюңдай".

Кубанычбек Исабеков
Кызык, кыргыздар кысылып баратат. Ушундай каат заманда кардын кампайтып алып "Курсагы ток жигитмин" деп жар салгандар деле бар экен.
Этин жеп кийиктин,
Куйругун жеп ириктин.
Куурап эли баратса
"Курсагы ток жигитмин".

Автандил Арабаев
Депутат Арабаевке таянган укасы Арабаев 500 жасалма паспорт менен жаза тайыды. "Эсэнбе" эсептесе 750 миң доллар пайда көрмөк экен. "Крышасы" Автандил Арабаевдин крышасы "Ак Жол" болсо, жыргаган экенбиз да кыргыздар депутатка. Бети кызарбай ЖКда кантип отурат?
Жалган паспорт жасаган,
Миллиондорду ашаган.
Инисине таянып,
"Крутой" болуп жашаган.

Кыдыкбек Исаев
Бала бийликтен көчүккө бирди жеген Кыдыкең кыдыңдап Түпкө барчуларды жумуртка менен тособу же кыдыңдап оппозицияга өтөбү, ким билет.Деги Кыдыкени көчүккө тепкен кишинин буту сынсын!
Апрель айы келатат,
Агылат эл-журт деп атат.
Көчүккө жеп тоюңуз
Кереги тиет жумуртка,
Чогултуп дагы коюңуз.

Феликс Кулов
Дүйнөлүк "аферист" Гуревичтер "Электр станциялардан" күрөп атканда, өлкө деңгээлиндеги "аферист" Феликең мини ГЭСтерде эмне кылып атат болду экен?
Бийлик ээлеп, мас болсо,
Байлык жактан ооз толот.
Жаман атан мас болсо
Тайлак менен ДОС болот.