Кыргыз гезиттер архиви

"Арзымат" курултай
Өткөрө турган жайы
Кыргызстандагы эң престиждүү, эң ылайыктуу залда.
Курултайга катышуучулар:
Акимдердин көрсөтмөлөрү менен айылдын "буржуйларынан" "мамлекеттик дүжүрлүккө" дайындалган, телегейи-тегиз,айыл өкмөттөрү тарабынан
"дүжүрлүк" кызматы үчүн "гумжардам", жашыруун компенсация алышып, тарифтердин жогорулашын тоготпогон ар бир айыл өкмөтүнөн бирден адам.

Максаты:
1.Көпчүлүктүн көйгөйүнө тийген тарифтердин көтөрүлүшүн капчыгы кампайган дүжүр "курултайчылардын" кол көтөрүүсүнө таянып, "тарифтердин көтөрүлүшүн жалпы эл кубаныч менен колдоп атат" деген тыянак чыгаруу.
2. Бепбекерге сатылып жаткан белен оокаттарды мыйзамдаштыруу.
3. "Мыйзам буйлалаган төө" экендигин эл алдында бекемдөө.
4.Бийликке каршы чыккандар болсо, каякка бараарын жалпы калкка баса түшүндүрүү.

Тактикасы:
Тарифтердин жогорулоосунан улам жогорулап бараткан элдин революциялык маанайын алдоо жолу менен түшүрүү. Бул үчүн аракеттер башталды.Кышы бою мезгил-мезгили менен өчүрүлүп жаткан электр жарыгы күтүлбөгөн жерден элдик курултай болоор алдында тынымсыз бериле баштады.

Стратегиясы:
Башмыйзамдын өзгөрүлүшүн калайык-калкка ырастап түшүндүрүү менен бирге, мамлекеттик жаңы түзүлүштөгү бийликти бекемдөө.

Курултайга катышуучулар кантип тандалат?
Жогору жактын көрсөтмөлөрү менен акимдер ар бир курултайдын катышуучусунун "досьеси" менен таанышат. Анан "арзыматка" ылайыктууларынын ичинен үч-төртөөнү альтернатива кылышып эл алдына алып чыгышат. Жалпы элге салышпай бюджеттен айлык алышкан мугалим, медициналык кызматкер сыяктуу бийликке көз каранды кызматтагылар менен чогулуш өткөзөт. Ким каршы сүйлөсө анын баарын көңүлгө алып турушат. Себеби кезектеги аттестацияда да тоңкосунан сайып, кызматтан кубалай турган кишилер керек да.

Курултайдын катышуучуларына шарттар:
Акимчилик , айыл өкмөтү тарабынан командировкалык чыгымдары көрүнө, жашыруун чөнтөгүнө салынып берилет.Ошолор тарабынан эле зуулдаган иномаркалар менен борборго жеткирилет. Комфорттуу мейманканалар кучагын жая тосуп алат. Үч маал ысык тамагын, каалаган убакта ичишип, бир-эки күн болсо да депутаттардай сый көрүшөт.

Курултайды колдошкон массалык-маалымат
каражаттары:
Курултайды албетте мамлекеттик массалык-маалымат каражаттары айласыз колдойт.Анткени алар мамлекеттен айлык акы алып аткан соң милдеттүү.Андан тышкары бийлик жакка ыктап жаткан менчик гезит-журналдар. Илим Карыпбеков сыяктуу "биздин замандын арзыматтары". "бөрк ал десе баш алган" кошоматчылар. Россияныны телеканалдарынан көрсөтүүгө аракет кылышат.

Жыйынтыгы:
Эл азыр ынтымактуу эле жашап жатат. Эл ичинде кээ бир үй-бүлөлөрдө ынтымак жок сыяктуу. Балким ынтымак курултайынан соң , ошол ынтымагы кеткен туугандардын ортосунда ынтымак түзүлөөр.




Элдик курултай

Өткөрө турган жайы:
Кызыл аянт эмес Ак аянтта (Акүйдүн жанындагы), ал болбосо, Көк аянтта(Көк үйдүн жанындагы), ага да уруксат болбосо менчик үйлөрдүн короосунда.
Курултайга катышуучулар:
Атчан, төө,маршруткачан жөө мекен үчүн жаны ачып, тоодон-түздөн самсып түшүп келишкен, чөнтөгүндө чолок тыйыны жок, өкмөттүн көтөргөн баасын көтөрө албаган карапайым калктын өкүлдөрү.

Максаты:
1. Көпчүлүктүн көйгөйүнө тийген тарифтердин көтөрүлүшү көңүлүнүн борборунда болгондуктан, электен өткөзүп эл-журт үчүн өз ордуна түшүрүү.
2. Бепбекерге сатылып жаткан белен оокаттарды элдин энчисине кайтарып берүү.
3. Башмыйзамга баш катырышпай каалагандай калчап жаткандарга бөгөөт кылуу.
4. Саясий жактан куугунтукталып жаткандарга , мурунтукталып жаткандарга колдоо көрсөтүү.

Тактикасы:
Тарифтердин жогорулоосунан улам жогорулап бараткан элдин революциялык маанайын билгичтик менен пайдалануу. Элдин көйгөйүндө турган маселелерди көтөрүп чыгуу.Бийликке каяша айтуу.

Стратегиясы:
Өзүнүн алдына койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн бардык ыкмаларды колдонуу. Ошону менен жалпы эл-журттан колдоо алуу. Өчүп бараткан оппозицияны тутандыруу.

Курултайга катышуучулар кантип тандалат?
Элдин сөзүн сүйлөгөн, адилеттүүлүк үчүн акыйкатты бетке айткан, мекен үчүн жаны күйгөн адамдар жер-жерлердеги элдик партиялардын уюмдары, коомдук жана башка демократиялык уюмдар тарабынан курултайга катышууга көрсөтүлөт.
Азыркы мезгилде элдин көпчүлүгүнүн тоңуп калган муз жүрөктөрү жазгы жылуулукта ээришип, бийликтин эмне кылып жатканын түшүнө баштады .Бирок түшүнгөндөрдүн баары келишсе Бишкекке батпай калышат да. Ошол үчүн курултай тууралуу элге кеңири маалымат берүү үчүн эң аң-сезимдүүлөрү, элге жеткире турган ораторлору келишет.

Курултайдын катышуучуларына шарттар:
Капчыгынын түбүндөгү акыркы ундан көмөч нан жасап, эртең менен тоюнуу. Ар кимден карыздап жол "расходдорун" табуу. Керелдин кечке кесерип ачка жүрүү. Анысы аз келгенсип тартипти көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан ыдык көрүү.Курултай бүткөн соң бутун араң сүйрөп үйүн көздөй жөнөө.

Курултайды колдогон ММКлар.
Мурунку "Асаба", "Агым" сыяктуу оппозициялык "кит" гезиттер жок. Оппозиция сыяктуу эле азыркы оппозициялык гезиттер да майдаланып, "чабак" гезиттер болуп кетишкен. Ошентсе да алардын ичинде "Форум", "Пресс.kg ", "Апта"сыяктуу тиш салганга даяр "бала акула" гезиттер бар.

Жыйынтыгы:
Курултайда каралган маселе элдин көкөйүнө көк талкандай тийген маселе болсо да, андан эч натыйжа чыкпай калат болуш керек. Себеби бийлик анын айткандарын кулагынан тышкары кетирет. Элдин кыжырын ойготору бышык.