Кыргыз гезиттер архиви

  Саясат

Бийликте көптөн бери эле эки команда: президенттин иниси Жаныш Бакиев менен президенттин баласы Максим Бакиевдин командасынын ортосунда күрөш жүрүп келери белгилүү. Аны өздөрү жашырышкан менен ар дайым кашкайып көрүнүп калып жүрөт. Газетабыздын позициясы ар дайым тигил же бул тарапты бир тараптуу жамандоо же мактоодон алыс, жаманын жаман, жакшысын жакшы деп атоо болгондуктан оппозициянын жакшысын жаманын, бийликтин анын ичинде Жаныштын жана Максимдин командасынын артыкчылык кемчилигин бирдей белгилеп келебиз. Аныбызды түшүнбөгөн кээ бир окурмандар оппозиционерсиңер деп бир айтса, бийликке жан тартасыңар деп экинчилери күнөөлөшөт. Ошол себептүү биз бүгүн окурмандарыбыздын алдында позициябызды дагы бир жолу тактап коюуну туура көрдүк


Пайдасынан зыяны көп
Эски жел тегирменден элге пайда жок....
Максим жана анын командасы
Артыкчылыгына мамилебиз
Жаныш Бакиевдин командасына салыштырмалуу Максим Бакиевдин командасы түрткөн кадрлар билими, профессионалдуулугу менен өзгөчөлөнөт. Замандын агымын кармай алган коммуникабелдүү кадрлар. Биз ал кадрлардын артыкчылыгын баалап, "Жыл мыктылары" сынагыбызда да Оксана Малеванная, Акылбек Жапаров, Кадырбек Сарбаев, Кайыргүл Орозбай кызы өңдүү кадрлардын артыкчылыгын белгиледик. Кадрлардан сырткары мамлекеттик иш чараларда да биздин газета да алардын алдына койгон жаркын максаттарын колдоо ниетинде Ынтымак Курултайы, бийлик реформасы боюнча калыс пикирин билдирип келди. Белгилеп коёлу, калыс пикирин гана. Жаманын жаман, жакшысын жакшы деп. Бирок ошол да аларга жакпады. Бир гана жакшы деп жазышыбызды каалагандай.
Кемчилигине мамилебиз
Биринчи - Улутка каршы иштегени
Максим Бакиевдин командасы бийликке келгени улуттук кадрларга басмачылык менен мамиле кылына баштады. Экономиканын жана идеологиянын башына жалаң тили буруулар шайлана баштады. Кыргыздын бар байлыгы менен бийлиги бөтөн улуттардын колуна өтүп, кыргыз өз үйүндө улагага сүрүлүп калды.
Экинчи - Ажыдаардай аппетит
"Балам бийликке аралашпайт, бизнес менен алектенет" деп бир кезде Курманбек Салиевич айтмакчы баласы чын эле жашоону чөнтөк менен ченеген неме экен, келгенде эле экономиканы басып жыгылып, улуттук стратегиялык тармактарга беш манжасын салып, беш да манжа эмес, осминогдой тарбайган сансыз манжаларын туш тарапка тарбаңдатты. Жада калса эл аралык аферисттердин суук колун улуттук экономикага матырып, алардын кылмышы четинен ачыла баштады. Жакында эле жүзү ачылган Евгений Гуревич мунун айкын далили. Кезекте дагы далайы бар.Кыязы кийинки кезекте Надель (Азия универсалбанктын төрагасы) туруп калды окшойт. Гуревичтин шишин Италия жарган болсо, Наделге Россия жаанын жебесин мелжеп турган кербези. Аппетити ажыдаардай эл аралык аферисттердин кеңеши менен иштеген Максимге кенедей Кыргызстан кантип түтөрүн түшүнбөйбүз.
Үчүнчү антигумандык саясат
Заманбап балдар, прогматик балдар деп жаштарды мактап калабыз, бирок дал ошол балдар адамзаттын анык душманы экенин билбейбиз. Адатта мындай балдарда жүрөк жок, таш боор, мерездик жагынан алдыда турушат. Ал эми дүйнөнү сулуулук да эмес, жогорку акыл эс да эмес, адамзаттык боорукерлик, гумандуулук, толеранттуулук сактап каларын капарыбызга албайбыз. Максим Бакиевдин командасынын саясаты дал ушул жагынан абдан аксары эмитен көрүнүп калды. "Слово Кыргызстана" гезитине жасаган бийликтин, тагырак айтканда президенттин баласынын командасына кирген Катчылыктын мамилеси антигумандык саясаттын ачык далили. Эчен жылдан бери мамлекеттик идеологияга кан-жанын берип келген ардагер журналисттерди бир заматта көчөгө чыгарып коюп, алардын небересиндей болгон Асел Оторбаеваны редактор шайлай коюп, анысы өз билген командасы менен таптакыр башка гезитти чыгарды. Бул эми барып турган таш боордук да. Мейли Асел Оторбаевабы, башкасыбы, жаштарды алып келе берсин. Бирок, ардагер журналисттерди ардактуу жөнөтүү жагы биринчи орунга туруш керек эле. Бир күндө бүтүндөй бир гезитти ликвидация кылып банкрот жарыялоо "садизм особой жестокости" дегендей болду. Бул тирүүлөй кишилерди банкрот жарыялоо дегендик эмей эмне? Ал жерде банкрот жарыялагандай акча, товар айланган эмес, тирүүлөй кишилердин инттеллектуалдык байлыгы айланып турган. Эгер мамлекет, мамлекет болуп туруп өзүнүн идеологиясына жан дилин берген адамдарды бир күндө эшикке чыгарып койсо, менчик гезиттер жөнүндө эмнени ойлосо болот?
Бул үч кемчиликтин жанында жогорку артыкчылыктары болбогон кеп болуп жатпайбы. Андыктан Максимдин командасы менен иштөө мамлекетти тоноо, төрүбүздү тебелөөгө көмөктөшүү болуп жатат.

Артыкчылыгына мамилебиз
Жаныш Бакиевдин командасы
Максим Бакиевге салыштырмалуу Жаныш Бакиев улутка жан тартып турат. Улутчул саясатчыларды өзүнө тартканга аракет кылат. Кечээ революцияны бирге жасашкан адамдарга аз да болсо көз кырын салып, мамлекетти сызга отургузуп басып кетүүгө даяр "племяннигине"...




  ОППозиция

Кече 2010-жылдын "17-мартта жалпы элдик курултай өткөрөбүз"-деп жар чакырган оппозициялык топтун дымагы күчтүү болчу.Эмне сөз айтышаар экен деп Бишкек шаарынын Алматы көчөсүндө өткөн митингге барсак баягы эле тааныш өңдөр. Макул, биздин бүгүнкү жашоо- турмушубузда тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу кээ бир кыйынчылыктар болуп жатканы чын дейли, бирок ошондой абалдан мынабу чогулгандардын кимиси алып чыгат? Ким президент болсо башына ак калпак кийгизип, алкап ак батасын берип, анан кызмат бербей койсо тонун тескери жамынып алып ага кыр көрсөткөн Топчубек Тургуналиевби? Же керт башынын кызыкчылыгын Ата-Журттан алда канча жогору коюп Мекенин таштай качкан Б. Бешимов, К. Байболов, Р. Жээнбеков, Ө. Абдрахманов, Э. Байсаловдорбу? Же элди бөлүп жарып, кымгуут кылган Т. Сариев, А. Бекназаров, Б. Шерниязовдорбу?
Мен оппозициянын башында турган атуулдардын арасынан эл үчүн каруусун казык кылып ак иштеп бере турган бир дагы таза инсанды көрө албадым. Баары эле баягылар. Элдин уучу куру эмес, азыр илим билимдүү жаштарыбыз толтура. Бирок алар эч качан бул оппозициялык топко кошулбайт. Анткени, булардын баары элдин ишеничинен кеткен. Бийликке таарынгандардын тобу. Эгер азыр кызмат берсе бийликти кайра мактап чыгуудан эч качан уялбаган адамдар. Мен муну бир- экөөнүн мисалында далилдеп берейин.
Алмазбек Атамбаев
Оппозициясын да, бийлигин да алеки саатта каратып туруп сатып кеткен Алмаз Шаршенович, кечээ эле Ала-Тоо аянтына митингге чыккан элди эт комбинатка келген койлорго, ал эми оппозициянын анабашында жүргөн Феликс Куловду койлорду эт комбинатка ээрчитип кирип өзү аман калган айлакер эчкиге ("Козёлго") салыштырып Шералычасынан бир чаңырып алды эле, эми өзү андагы Феликс Куловдун кейпин кийип алып элди аралай чаап жүрү.
Өткөн 2009-жылдын жайында президенттикке талапкерлигин коюп, эл аралап, журт кезип жүрүп Жалал-Абадка барганда: "Менин чоң аталарым Кокон хандыгында миң башы болгон, менин тегим түптүү кишилерден, түбүм түштүктөн болот" кыязында, уйпаланган чөптөй кылып уруусун так айтпай будамайлап, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган Кылыч" романын булдурттап, тили араң күрмөөгө келип, билимдүү киши өңдөнүп, Жалалабаддын тарыхын жалалабаддыктарга чечмелеп берип кетти. Жандоочтору жанагы эле аксылыктардын убалына калган Азимбек Бекназаров менен Кыргыз порнографиялык фильминин баш каарманы Өмүрбек Текебаев экен, байкуштар жөн эле элге шылдың болуп кетишти"-деп Базар-Коргон районундагы Акман айылынын эли али күнгө чейин айтып күлүп жүрү.
Толубай сынчы сындап, күнгө салса мээсине күн өтүп кетип жыгылган байдын баш сөөгү жука чобур атындай, Алмазбек Шаршеновичти да эл түштүккө чакырып барып күнгө салып көрдү эле, мээсине күн өткөндө мурунку күнү ичкен Арашандын алко суусу башына тээп, алеки саатта тили булдурттап күрмөлүп болуп, эч мааниси жок эле өйдө ылдый сүйлөп калды" деп унутпай айтып жүргөндөр да жок эмес... Уккан кулакта жазык жок демекчи, ошондон кийин акмандыктар анын атын Алмаз эмес, Ал-мас деп алышыптыр деп кулагым чалган жайы бар....
Зордоп ала качып келип, кыйнап отургузуп койгон жаңы келиндей, Алмаз Шаршенович шайлоочулар менен жолугушууларда: "Мен президенттикке талапкерлигимди койбойт элем мени Ө. Текебаев менен А. Бекназаров жана башка БЭК тин мүчөлөрү кыйнап атып койдуруп коюшту"-деп шыпшынган. Мындай болсо эртең кара басып президент болуп калса Жогор жактан жоңгорлор, калаа жактан казактар, тескей жактан тажиктер, өйдө жактан өзбектер баса калып ой-боюма койбой көндүрүп койду"-деп Кыргызстанды кошуналарга бөлүп берип салып Кыргыз элин сызга отургузбас бекен-деп эл күбүрөнүп тим болгон.
Ошол Алмазбек Шаршенович бүгүн да тим жатпай митингдин башында жүргөн кези.
Темир Сариев
Уруучулук деңгээлден жогору көтөрүлүп чыга албай келген Темир Сариев Райкан айткандай "...Чыр чыккан жерди көргөндө, чын күлүктөй ээлирип..." жетип барат. Темикең оштуктардын үнүн укканда итатайы тутулуп, куйкасы куушурулуп турганын республиканын түштүгүнөн Чүй облусунун Сокулук районуна көчүп келип дыйканчылык кылган карапайым эл айтып бүтө албай, аарып-айтып тим болушууда. "Чындап келгенде Сокулуктун жерин түштүктүк кыргыздарга караганда башка улуттун өкүлдөрү иштеткени Темикеңе көбүрөк жагат өңдөнөт, түштүктүк бир боорлорубузду кодулайт"-деп нараазы болгон сокулуктук туугандар да жок эмес.
"Анан да Темикең Президент болом деп белсенгенде чү дегенде үгүт иштерин түштүктөн баштаганын кантесиң. Байкап көрөйүн дегени го. Элдин пейили кенен, болбосо жер алып үй курган карапайым элди, араккечтерден атчан "армия" түзүп алып келип сабап, үйлөрүн бузуп, өрттөп кеткен кишиге кандай ишеним болсун. Бул адам президентти тынбай сындап келет, эгер өзү капыстан эл башына келип калса Кыргызстан Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын кейпин кийип калары бышык"-деп жинденет "Ак Ордо" жаңы конушунун тургундары... Темикеңи тек жаткырбай мойнунан байлап "ууга" алып чыккан ичи бузук достору экенин коомчулук жакшы билет... Эл укпаса да эптеп бир уруунун проблемасын айтып ал да жүрү көп ичинде...
Роза Отунбаева
Эмнеге? Эмне үчүн?-деген суроону башкаларга бергенди абдан жакшы өздөштүргөн Роза Исаковна карапайым элге туура маалымат берип элди биримдикке чакырыштын ордуна, тарифтер эмнеге кымбаттады? Жерлер эмне үчүн сатылды?-деп бир беткей суроо менен бүтүндөй Кыргыз өкмөтүн жөн эле коколоп турган учуру.
Чындыгында эгер тарифтерди кымбаттатпаса Кыргызстандын энергетика тармагы 2-3жылдын аралыгында кыйроого учурарын абдан жакшы билет. Түндүк электро сатылардан мурда Данияр Үсөнов парламенттин алдына чыгып, каалоочулар болсо тендерге катышып сатып алса болот, бир гана маселе сатып алгандан кийин 100 000 000 (жүз милиондогон) инвестиция жумшап, Түндүк электронун эскирген техникалык каражаттарын бүтүн бойдон заманбап техникалар менен жабдыш керек экенин оң жана сол кулагы менен уккан. Тарифтердин кымбаттаганына байланыштуу элге, мамлекет бюджеттен компенсацияларды, субцидияларды төлөп берип жатканын айтпай көнгөн адат боюнча дале болбой, эмнеге сатып жибердиңер деп карап турат. Жеке эле түндүк электро эмес, учурда Ош, Чыгыш, Жалал-Абад электр тармактарын сатуу боюнча да тендер жарыяланганын, аны сатып алуу үчүн тендерге катышууга ар бир кыргыз жаранынын укугу бар экенин, сатып алгандан кийин КР өкмөтү койгон тариф менен электр энергиясын элге сатарын, Электр станцияларынан энергияны сатып алыш үчүн алдын ала акча төгүш керек экенин, эскирген техникалык каражаттардын бүтүн бойдон заманбап трансформатор, зым-карагай, электр эсептегич жана башка тетиктер менен жабдуу зарылдыгы турганын абдан жакшы билет. Кытайга 1 метр жер сатылбаганын, Кытай Кыргыз чек ара маселеси 1996-жыл эле такталып бүткөнүн абдан жакшы билет. Бирок элге жагыныш үчүн дайыма адатка айланган суроолорун берип келет. "Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык"-дегендей билимин пайдалуу тарапка жумшабай, өлкөнүн башаламандыгына жумшаган Роза Исаковнанын иш-аракетинен чет элдик кеңешчилердин саясатынын башы кылтыят. "Эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбей" кайсыл жерде эл чогулса ошол жерде чуу көтөрүп жүргөн адамдар да эл башкарууну эңсеп келгенин көрүп эсиң чыгат жарыктык...
Азимбек Бекназаров
Бирөөнүн кайгысынан өзүнө саясий упай топтогонго мыкты адистешкен Азимбек Анаркулович дагы кандай апаат күндүн айдыңына бороз салганы жүрөт аны бир шайтан анан бир өзү билбесе айтыш кыйын... Бирок аны да түшүнсө болот.Эл аралык деңгээлдеги аферисттер Жайсаңбаевди, Пакты баш прокурор кезинде башым дебей туруп сүттөй ак экен деп актап жиберген Азимбек мырзада азыр мындан башка жумуш жок. Анын кылары- жыйындарда сөз сүйлөп, элди дүрбөтүү гана... Чынында оппозицияны сыдыргыга салып карап көрсөң бир да бычакка сап болчуу эч ким жок. Жөн гана убаракерчилик. Кетирген убактыңа кейип тим болосуң.
Мамлекеттик бийликке конструктивдүү оппозиция менен чыгып, ак-карасын таамай айтып эл менен бирге жүрүп эл жүгүн аркалай турган жаштар чыкпаса, эски жел тегирмендей болгон оппозиция элди жүдөтүп бүттү. Эл буларга ишенбей калды.
Баймат Кыргызбаев