Кыргыз гезиттер архиви

Элдик курултай элдик бийликти калыбына келтирүүнү сунуштады
Бишкектеги "Медиа-форум" комплексинин алдында 17-март күнү саат 11де башталган оппозициялык күчтөрдүн Элдик курултайы саат үчтөн өтүп аяктады. Курултай соңунда кабыл алынган чечимде 7 пункттан турган талаптар коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды.
Жыйынга чогулган беш миңдей адам "Үй-бүлөлүк башкарууга жол жок!", "Исмаил Исаковго боштондук!", "Бүлекбаев, Аргымбаев, Рыскуловго боштондук!", "Гуревичти сотко!" "Азаттыкка азаттык!" деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы өзүнүн сөзүндө президенттин саясатын кескин сынга алып, Кыргызстандын экономикасы бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына иштеп жатканын, өлкөдө мафиялык бийлик орногонун, аны таза күрөш менен жеңүүгө ишеничи бар экенин айтты.
"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев 23-мартта Ынтымак курултайы ачылган күнү Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдында мэриянын уруксат бербегенине карабай митинг болоорун билдирди. Анда беш талап коюлуп, аларды аткаруу президентке жолдонмокчу. Ал талаптардын ичинде тарифтерди ордуна кайтаруу, мамлекеттик ири ишканаларды сатууну, саясий куугунтукту токтотуу бар.
Курултай соңунда кабыл алынган чечимде тарифтерди калыбына келтирүү, "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектрону" мамлекетке кайтаруу, И. Исаков жана башка саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин бир туугандарын бийликтен алуу, Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Гуревичтин ишин текшерүү үчүн оппозиция өкүлдөрү кирген комиссия түзүү, сөз эркиндигин, "Азаттыктын" өлкө боюнча уктурулуусун камсыздоо талаптары коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды. Элдик курултайдын катышуучулары бул чечимди бир добуштан кабыл алды. Чечимдерди турмушка ашыруу үчүн Роза Отунбаева башында турган аткаруу уюму түзүлдү. Уюштуруучулар курултайга 5-6 миңдин тегерегиндеги эл келгенин, ИИМ болсо ага 1300-1500дөй эл катышканын айтса, көз карандысыз байкоочулар элдик жыйынга 5 миңдей эл чогулганын билдиришти.




М.Кунакунов өкмөттүн ишин "экиге" баалады
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Ак жол" фракциясынан депутат Максат Кунакунов премьер-министр Данияр Үсөнөвдун 2009-жыл үчүн отчетун угуу учурунда билдирди. Депутат тарифтердин өсүшүнө байланыштуу элге 200 сом компенсация берүү мыйзам бузуулар менен коштолуп жаткандыгын белгиледи. "Өкмөт элди жакырлыкка айдап жатат. Коомчулукта социалдык кырдаал өсүп баратат. Өкмөт алгач айлыкты, анан тарифти көтөрүш керек эле", - деди М.Кунакунов. Ал өкмөттүн кошуна өлкөнүн баалары менен салыштарганын сынга алып, Орусияда орточо айлык акы 700 доллар, Казакстанда - 500, ал эми мамлекет аралык статкомитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 150 доллар экенин да белгиледи. М. Кунакунов Кыргызстанда орточо айлык акы эң төмөн, баалар бай өлкөлөрдүкүндөй жогору экенин конкреттүү экономикалык көрсөткүчтөр негизинде айтып өттү. Көтөрүлгөн баалардан канча акчасы бюджетке түшкөнү жашырын сыр катары айтылбай жатканы да маалымдалды. - Жакында сиз Үсөнов мырза, өкмөт ойлонуп жатканын айттыңыз. Бирок сиз бир ойлонсоңуз аны 4 ай айтасыз. Ноябрда сиз тарифтерди көтөрүүнү ойлондуңуз, мартта болсо аны элге түшүндүрүүнү ойлоно баштадыңыз. Эми болсо байма-бай маалымат жыйындарын чакырып, телекөрсөтүүдөн түшпөй тарифтерди 200% ары көтөрүү зарылдыгын айта баштадыңыз. Элдин нааразылыгы күчөй баштаганда гана өкмөттүн аракетин түшүндүрө баштадыңыз. Эми болсо кечигип калдыңыз", деди депутат. Ал өкмөттүн тариф саясаты элге каршы экенин айтып, анын ишин начар деп баалады. Өкмөт башчы депутаттын сын пикири анын жекече таарынычынан чыгып жатканын айтуу менен гана чектелди.


И.Абдыразаков: Оппозиция айта турганын Ынтымак курултайда айтса болмок
Мындай пикирин Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, коомдук ишмер Ишенбай Абдыразаков "Азаттыкка" берген маеги учурунда билдирди. Анын айтымында, оппозиция да Ынтымак курултайына катышып туруп, элдин көзүнчө талаптарын, максаттарын билдирсе салмактуураак болмок. "Бирок алардын да эркин сыйлаш керек, каршылык көрсөтпөш керек. Негизгиси тирешип, чатак чыкпаса болду, андан өлкөгө пайда болбойт", - дейт И.Абдыразаков. Ал тарифтердин көтөрүлүшүнө эл нааразы экенин, социалдык абалдын өтө татаал экенин да белгиледи. Ишенбай Абдыразаков мындай шарттан чыгуу үчүн өкмөткө кыраакылык керек деген ойдо.


Орус динаятчысын өлтүргөн кыргыз жараныбы?
Россиянын маалымат каражаттары православ динаятчысы Даниил Сысоевди өлтүрүүгө Ош шаарынын тургуну Бексултан Карыбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыкты. Маалыматка караганда, Б.Карыбаев террорчу деп шектелген Саид Бурятский менен байланышы бардыгы аныкталган. Бексултан Карыбаев Махачкалада тартип коргоо органдары менен кагылышууда атып өлтүрүлгөн. Анын колунан табылган тапанча менен Даниил Сысоев атып өлтүрүлгөнү аныкталууда. Тергөө иши уланууда. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул маселенин үстүнөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат иштеп жатканын билдирди.


Сот Аликбек Жекшенкуловду шарттуу беш жылга кести
Биринчи май райондук соту мурунку тышкы иштер министрин үч жылга чейин жооптуу мамлекеттик кызматка койбоо тууралуу чечим чыгарды. Соттук процессте экс-министрдин тапанчасынан түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген күнөө толугу менен акталды. Кызматта турганда министрликтин каалгаларын алмаштыруу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган деп тапты. А. Жекшенкулов өзү сотто акыркы сөз сүйлөп күнөөсүн мойнуна алган жок. А. Жекшенкуловдун адвокаты бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотко арыз жолдогону жатат.
Ага байланышкан кылмыш иштери саясий негизде козголгонун, коюлган айыптарда далил жок экенин билдирди. Жекшенкуловго каршы түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар, мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланды деген айып менен иш козголуп, бир жылдан ашык убакыттан бери териштирилип келе жаткан. Мамлекеттик айыптоочу мурдагы сот отурумдарында биринчи айып боюнча далил жок деп, мамлекеттин атайын эсептеги каражатына байланыштуу соттон Жекшенкуловго 4 жыл шарттуу жаза сураган. Экс-министр былтыр 9-мартта Коопсуздук комитетинин камагына алынып, кийинчерээк үй камагына которулган.


Нарындыктар "Чыгыш электро" ишканасын сатып алууга даяр
Мындай маалыматты "Электр тарифтерин арзандатуу" боюнча түзүлгөн демилгелүү кыймылдын мүчөсү Муса Алыбаев билдирди. Анын айтымында өкмөт башчысы Данияр Үсөнов бир катар ишканалар менен чогуу "Чыгыш электро" ачык акционердик коомун бир Америка долларына сатам дегени чын болсо демилгелүү топ сатып алууга даяр жана элдик башкаруу аркылуу иш алып барышат.


Өмүрбек Текебаевдин автоунаасы тинтүүгө алынды
17-мартта Элдик курултай соңуна чыккандан кийин "Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин автоунаасын милиция кызматкерелери токтотуп, аны тинтүүгө алышты. Тинтүүнүн себеби катары милиционерлер автоунаада мыйзамсыз курал болушу мүмкүн деген маалыматты аташкан. Алар Өмүрбек Текебаевдин атайын сыйлыкка берилген тапанчасы бардык документтери менен экенин көрүшүп, партия лидеринин жолун ачууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматов билдирди.


"Азаттык"