Кыргыз гезиттер архиви

  Коопсуздук

Өмүрбек Текебаев:
"Улуттук гвардиянын жоюлушу - Конституциянын одоно бузулушу"
- Улуттук гвардиянын атайын элиталык аскер бөлүгүнө айлануусу эмнеден кабар берет?
- Конституцияда Улуттук гвардия Кыргыз армиясынын өзгөчө бөлүгү. КМШ өлкөлөрүндө элиталык аскер бөлүгү болуп эсептелинет. Улуттук гвардия тынчтык убагында мамлекеттик кээ бир иш - чараларга тартылат. Бакиев Конституцияны мыйзамсыз түрдө одоно бузуп, Улуттук гвардияны күзөт бөлүгүнө кошуп берди. Бул биринчиси. А экинчиси, Коопсуздук кызматын парламенттин көзөмөлүнөн алып кетти. Негизи эле биздин армия чакан, анын 30 пайызын элиталык бөлүк түзөт. Улуттук гвардиянын функциясын өзүнө гана баш ийген күзөт кызматына берип койду. "Арстан" - согуш жолу менен (боевое сопровождение) президентти абада, сууда, бардык жерде коргойт деген түшүнүк.
- "Арстан" элиталык бөлүгү өлкөнүн жогорку адамдарын коргоого алат дейт. А аларды коргоо зарылбы?
- Зарыл. Акаевдин заманына салыштырмалуу азыр коргонуу төрт эсеге көбөйдү. Коргонуунун мүмкүнчүлүктөрүн да көбөйттү, кыргыз армиясын өзүнө каратуу менен төрт тарабына тең чеп орнотууга аракет жасап атышат.
- Бул эмнени белгиси?
- Жасап жаткан ишинин туура эместигин, элдин кыжырына тийип, элдин нааразычылыгына татып атканын өзү да түшүнүп турат. Өз опоненттерин мыйзамга туура келбеген жолдор менен кысымга алганын билип жатат. Мен Бакиевдин бул кадамын кетирген каталыктарын, эл алдындагы күнөөсүн моюнуна алып, өз бейпилдигинен чоочуй баштаганы деп баалайт элем.





  Маданият

Советбек Байгазиев:
"Куру кыйкырык
кимге керек?.."
- Быйылкы жыл Мурас жылы деп жарыяланды да, кайра эле Маданият министрлиги агенттикке айланды. Бул эмне деген саясат. Биз түшүнө албай калдык, балким сиз түшүндүрүп бере алаарсыз?
- Менимче маданият мурдагыдай эле министрлик боюнча кала бергенде жакшы болмок. Азыр агенттикке айланды, бирок кеп формада эмес, мазмунунда. Мамлекет мурас жылына карата агенттикке финансы жагынан көбүрөөк колдоо көрсөтүп, чоң суммадагы акча каражат бөлсө, атадан балага өтчү мурастарыбызды: элдик оозеки чыгармаларыбызды, адабият, салттуу музыкабызды жарыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокпуз. Мурас жылы деген ураан да өзүн өзү актамак. Анан куру эле мурас жылы деген кыйкырыктын кимге кереги бар?
- Мурас жылы деп жарыялоо менен ата-бабалардан калган мурастарыбызды кийинки муундарга бүтүн бойдон өткөрүп бере алабызбы?
- Мурастарды сактоо, элге жайылтуу өзүнчө мамлекеттик идеология. Бул нерсени бир гана жыл менен чектебей, мамлекеттин туруктуу саясатына айлантуу кажет. Мурас жылы деп атоо менен башка жылдарга салыштырмалуу бул жылы мурастарга болгон камкордук бир тепкичке өйдө көтөрүлсө, келерки жыл атайын мураска арналып жарыяланбаса да туруктуу саясатка айланып кетсе жакшы болмок. А минтип мураска бир гана жылды энчилеп, кийинки жылдарда унутуп калсак, анда бул популизм болуп калат. Мурас мамлекеттин дагы бир жолу айтам, туруктуу саясаты, туу туткан принциби болуш керек.
- Биз деги эле бабалардын мурастарынын өтөөсүнө чыгып атабызбы, кандай ойлойсуз?
- "Манас" - калктын, бабалардан калган мурастардын эң улуу дөөлөтү. Бул христоматия, балдарга арналып жатык тил менен китеп болуп чыкпай атат, элге тарабай атат. Саякбай, Сагымбай манасчылардын томдуктары кайрадан басылып чыккан жок. 70-80 - жылдары чыккан "Манас" эпосу аз нуска менен чыккан, ал азыр сейрек кездешчү китепке айланды. Негизи жүз миңден ашык нускада чыгаруу керек эле. Мен өзүм Манастаануу боюнча сабак берем, ошон үчүн билем, учурда Манас жөнүндө түшүнүгү жок жаштар кездешет. Бул албетте, биз мурастарыбыз боюнча алгылыктуу иш алып баралбай атканыбыздын белгиси.




  Тышкы саясат

Топчубек Тургуналиев:
"Элди алдоо саясаты эми эл аралык мамиледе"
- Орус - кыргыз алакасынын ажырымына кайсы себепти айтаар элеңиз?
- Учурдагы Кыргызстандын Орусия менен эле эмес Батыш менен да мамилесинин бузулуп атышы бийликтин ички да, тышкы да теңирден тескери саясатына байланыштуу. Элди алдоо саясатын эл аралык мамилелерге алып чыкты. Былтыр февраль айындагы Бакиевдин Орусияга болгон иш сапарында "Мен Гансини кубалап чыгарам", деп айтканын уктук эле. А биз айтканбыз эч убакта кубалай албайт деп. Ошондой эле болду. Медведев Кыргызстан менен Тажикстан бажы мейкиндигине киргизилбей тургандыгын, кыргыз жетекчилерине көп суроосу бар экендигин жатык тил менен айтканы анын биздин бийликке көөнү толбогонунун белгиси. Эки ай мурун Данияр Үсөнов Путин менен жолугушууга барды, ал жолугушууда Путин Үсөновду жети гана мүнөт кабыл алып, сүйлөшүүлөрдүн аягында "Кыргызстан үйбүлөлүк авторитардык башкарууда экен, ушул чынбы?" деп Путин сураса, Үсөновдун алласы оозунан түшүптүр.
Орусия экономикалык өнүгүүгө жана ГЭСтердин курулушуна эки жарым миллиард доллар берүүгө убада берген. Ошол убадасынын негизинде алгач 450 миллион долларды эч кандай программасыз эле нак санап берип койду. Ал акча кайда кетти, бир Кудайдан башкага белгисиз. Бул жерде Оруссия да катачылык кетирди, Путин Кыргызстан үйбүлөлүк башкаруунун алдында калганын билип туруп, эмнеге 450 миллионду унчукпай колдоруна карматып коет?!. Кыргызстан эркин эмес мамлекеттердин катарына киргенин, 146 мамлекеттин ичинен уурулук, коррупция өнүккөн жагынан 4-орунга жеткенин билишкен. Анан ошонун баарын билип туруп бийликчилердин байлыгына байлык кошуунун зарылчылдыгы бар беле.
- Ал эми казак - кыргыз мамилеси кандай абалда деп ойлойсуз?
- Казак - кыргыз бир тууган улут. Казак кыргыздан тарап, кийин өз алдынча болуп кеткен. Өткөн кылымдын 30 - жылдары казактарды ачарчылык каптап, 3 миллион казак каза болуп, 100 000 казак кыргызды каптап кирген. Кыргыздар өздөрү араң жан багып аткандарына карабай, жарым нанын казактар менен бөлүшкөн экен. Ошол казактар эми буттарына туруп, кыргыздарды кулга айланта башташты. Жакында төбө чачты тик тургузган окуя уктум. Казак талаасындагы кожоюндар 20 - 30дай кыргыздарды кул кылып алышып, уйку дарысын беришип, катуу уктап калышканда, тырмактарын түбүнөн жулуп салышат экен. Тырмак жулунганда адам баса албай жөрмөлөп калат тура. Кыргыздар кача албай, жөрмөлөп дарбыз талаасында иштеп жүрө беришет экен. Документтерин тартып алып, бири бирине сатып жиберип атышат. Бул жөнүндө массалык маалымат каражаттары деле жазышууда. А эмнеге биздин бийлик Назарбаев менен жолугушканда бир ооз айтып койбойт? Анткени коркот,кагуу жеп калгандан. Жердин асылы болгон Каркыра кетти казакка, Ысык - Көлдөгү төрт пансионат кетти. Убагында Казакстан дагы Кыргызстанга 2 жарым миллиард доллар берүүнү убада кылган. Беришкен жок. Анткени аларга да кыргыз бийлигинин көмүскө саясатынын көлөкөсү көрүнүп калды.




  Ички саясат

Жамгырбек Бөкөшов:
"Ынтымак курултайы - эл үнүн бийликке жеткирчү канал"
- Ынтымак курултайы элди ынтымакка чакырчу курултай экенине ишене аласызбы?
- Ишенем. Ынтымак десе эле элди ынтымактуу кылат экен деген ойдон алыс болуу керек. Ынтымак дегенди бир гана так маанисинде алып караган туура эмес. Ынтымак курултайы - коомдук ар кайсы катмарынан, ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн куралып, коомдун ар кайсы көйгөйү көтөрүлүп, учурдун таалуу маселеси талкууланып, ачык бир жыйынтык чыгаруучу мейкин аянтча. Көйгөйлүү маселелердин көпчүлүк тараптан тегиз чечилиши ынтымактын бир форматы деп түшүнөм.
- 17 - мартта оппозиция Ынтымак курултайына каршы чыккандардын курултайын өткөрүү алдында турушат. Буга кандай көз караштасыз?
- Демократиялык коомдо боло турган, жол бере турган нерсе. Алар өзүнчө программа сунуш кылат. Менин оюмча оппозиция өзүнчө курултай өткөргөндөн көрө бийлик уюштурган Ынтымак курултайына делегат шайлап, өз ойлорун жеткирсе туура болмок.
- Ынтымак курултайында көтөрүлө турган маселелер жыйынтыгын тез чыгарат дегенге болобу?
- Бул - эл тарабынан чыккан өкүлдөр аркылуу элдин үнүн бийликке жеткире турган канал. Мындай нерсе бизге керек болчу. Мен түздөн түз да, расмий түрдө да курултайга мүчө болгон депутаттар менен сүйлөшүп көрдүм, бардыгы "мына мындай маселени көтөрүп чыгуу керек болуп атат, эл мындай көйгөйдүн чечилишин каалап атышат", деп эле атышат. Ушундан улам буйруса курултай аркылуу көп жакшы саамалыктар пайда болооруна үмүт артууга болот.
- Сиз курултайга мүчө болдуңузбу?
- Чакыруулар болгон жок, болсо мүчө болуудан качпайм.


Гүлмайрам Турусбекова