Кыргыз гезиттер архиви

  Аралаш

Арабайдын иши - калтырган изи
Жумгал районундагы Жумгал токой чарбасына тиешелүү Окторкой деген өрөөндү жайдыр- кыштыр көрккө бөлөп турган карагай токою көргөндүн көз жоосун алган кереметке айлангандыгын билгендер аздыр. Бирок Окторкойдун мындан 30 жылдай мурда илгери үмүт менен отургузулган карагай көчөттөрү бүгүн бой тиреп, жай- кышы дебей эс алуучулардын эңсеген жайына айланыптыр. Тагдыр буйруп биз дагы ошол кереметке күбө болуп, анан чыгармачыл адам катарында анын тарыхы мени да кызыктырбай койгон жок. Деңиз деңгээлинен 2 миң 900 метр бийиктикте жайгашкан жайкысын жайлоо, кышкысын кыштоого ылайыкташкан. Бирок бир да карагай өспөгөн белдүү өрөөнгө карагай көчөттөрүн отургузуу, ошол убактагы облустук бийликтин демилгеси болуп, аны аткаруу райондук токой чарбасына милдеттендирилет. Ошентсе да Окторкойду, Окторкой кылган токой чарбасынын катардагы токойчусу Арабай Токтаналиев деген аксакал экен.
2009-жылдын 20-май күнү ошол Окторкойдо эл айтып жүргөндөй "Окторкойдо карагай, аны өстүргөн Арабай" дешип 30 жыл мурда жасаган өжөр эмгегинин аркасында бүгүн урмат -сыйга арзып отурган Арабай токойчунун тели-теңтуштары, бала-бакыра, урук тууган, жамаатынын башы биригип, кыргыздын салты менен мал союлуп жакшы сөздөр айтылды. Карагай өрөөндүн саябанына эс алууга келген Окторкойдун карыялары Бегалы Кокелев, Кукен Капаров, Рыскул Сардубановдор аксакалдык сөздөрүн айтышып, Орторкойдогу карагайын жыл өткөн сайын бой керип, Арабай атын кылымдар бою сактала берет дешип, мындан 30 жыл мурун жасалган ак мээнетин, төгүлгөн маңдай тер жөнүндө узун сабак кептер козголду.
Көрсө 1973-жылы май айларында Жумгал райондук токой чарбасынын директору Бекиш Сейдалиев токойчу Арабай аксакалга ишеним артып, суу жетпеген Окторкойду каргай өрөөнгө айландырууну тапшырганы чоң себеп болгон экен. Адам баласынын колунан келбеген эч нерсе жок турбайбы. Ошондо токойчу Окторкойдун келбетин бүгүнкүдөй элестетпесе да, күч-кубатын үрөп бир майнап чыгаарына ишенсе керек. Ошол эле жылы 20 гектар жер даярдалып, ар бир гектарына 800 дөн чуңкурча казылып, баш аягы 160 миң "Тянь-Шанский елдин" көчөттөрү отургузулат. Түйшүк түйшүктү жаратаары жалгабы? Мээнеттин акыбетине жетүү үчүн канча эмгек жумшалаарын айтып түгөтүүгө болобу. Кыскасы 1973-1983 жылдардын аралыгында Окторкойдо оголе көп жумуш жасалып, 115 гектар жер иштелип, "Тянь-Шанский ель", сосна, лиственница, көчөттөрүнөн 5 млн. 250 миң даанасы отургузулган экен. Ошол опол тоодой мээнет Арабай аксакалды тынч уктатпаган көрүнөт. Кышкысын чөп издеген жылкыга тептирбей, жайкысын малга жедирбей баккан. Ошол он жыл аралыгында өзү менен кошо иштегендери Бекчоро Бөкөнбаев, Майрамбек Сарыков, Нарынбек Балтабаев, Таалай Сартбаев, Чынарбек Эркинбаев, Нурлан Токтаналиевдер менен туугандан артык болуп иштешкени өзүнчө сөз. Карагай тигүү Чаектен Куйручукка чейин келип Куйручуктан Окторкойго азык-түлүк, керек-жарактарын жөө жалаңдап ташып, жеткирүү Арабай аксакалга жүктөлгөнүнө оорсунуп кабагым- кашым дебей ар эки күндө каттап турганы ал убакта эч кимди деле ойлонтпосо керек.
Ошентсе да убагында анчалык көзгө көрүнбөгүндөй, бирок кылымдарга кала турган ак иштин акыбети мына бүгүн чын жүрөктөн бааланып олтурат. Өткөн 2007-жылы ноябрь айында Жумгал районунун Айыл чарба департаментинин башчысы Жолдошбек Сооронбаев Айыл чарба кызматкерлеринин майрамында Арабай аксакалды чакырып, райондук Ардак громатасын тапшырган. Ал жерде аксакалдын эмгек жолу сыймык менен айтылып акчалай сыйлыктар ыйгарылып сый- урматка бөлөнгөнүнө карабай, Арабай аксакал өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кубанганын жашырбайт. Жашы өйдөлөп калса да ушундай эрдик кылганы үчүн жолдоштору Арабайды "Токойчу Арабай" деп сыймык менен айтышат.
Чоро Аскаров