Кыргыз гезиттер архиви

Жеңишке 65 гүлдесте
Редакциядан: Быйыл Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, жеңишке жеткенибизге 65 жыл толот экен. СССР тарап, ар бир республика өз алдынчалуулукка жетишкени бул жеңишти ар бири ар кандай кабыл алып калды. Прибалтикалык республикалар бул жеңишке көбүрөөк негативдүү караса, Россия үчүн бул жеңиш эң башкы майрамдардын бири болмокчу. Ал эми биздин республикабыз үчүн бул майрам баарынан биринчи аталарыбыздын майрамы. Аталарыбыз бул жеңишти бизге кан кечип жүрүп алып келишкен. Бул жеңиш аркылуу алар бизге Мекенди сүйүүнүн, аны коргоонун асыл сезимдерин таберик этти. Биз аталарыбыздын каны, көз жашы, ыйык, асыл сезимдери менен келген бул жеңишти сыйлабасак, анда өткөндү сыйлабаган болор элек. Ал эми өткөндү сыйлабаган келечектен сый көрбөйт. Анан да бул Жеңиш биздин кечээки эле үзөңгүлөш, тарыхыбыз, маданиятыбыз жуурулушуп калган мурунку СССР, азыркы КМШ өлкөлөр арасындагы достукту чыңоочу данакер майрам.
Ушуга ылайык "Кыргыз Руху" гезити "Жеңишке 65 гүлдесте" аттуу макалалар, жеңишке арноо ырлар, жеңиш темасындагы маектер, эскерүүлөр, тарыхый окуяларды чагылдырган баяндар топтомун баштамакчы. Эгер сиз окуучу болсоңуз бул темада ырлар жана сочинениелер, Согуштун ардагери болсоңуз, өз башыңыздан өткөн окуялардан эскермелер, жөн эле Кыргызстандын атуулу болсоңуз атаңыз, чоң атаңыз жөнүндө ой толгоо, макалалар аркылуу Жеңишке гүлдесте сунуу үчүн биз менен байланышсаңыз болот. "Жеңишке 65 гүлдесте" саамалыгы Улуу Жеңиштин 65 жылдык юбилейине карата, үстүбүздөгү жылдын 9-майына чейин созулат. Биз менен байланышта болуңуздар.


Жумабаев Ташмамат
Ташмамат Жумабаев 1924-жылы Ош областындагы Таштак айылында жөнөкөй карапайым үй-бүлөдө туулган. Улуту өзбек, КПССтин мүчөсү болгон. Комбайнерлердин курсун аяктаган соң Мадиндеги МТСте эмгектенген. 18 жаш курагында согушка чакырылган. Сержант болуп, андан соң аткычтар рота бөлүмүнүн командири болуп дайындалган.
1943-жылдын май айынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштагы Борбордук Белорусия фронтунун тизмесинде болгон. Согуш убагында эки жолу катуу жаракат алган. 1943-жылдын 30-октябрь айында "Советтер Союзунун баатыры" деген наамга ээ болгон. Согуштан кийин Ташмамат Жумабаев офицер болуп, Советтик аскерде кызмат өтөдү.

Эс сүртүм
Согуштан жаман нерсе жок…
1943-жылы кимдир бирөө Днепрдин жээгин караса, ал жакта бир да тирүү жан калган жок деп ойломок. Себеби ал жактагы болгон жардыруулардын кесепетинен ал жакта тирүү адам эмес тирүү кумурска да калган эместей сезилмек. А бирок ал жээктеги бак-дарактардын артында адамдар жашынып турган. Ал жымжырт бир заматта жарылып кетчүдөй болуп турган. Курск, Донецктен шыпырылып бараткан немис солдаттары эки-үч айдан бери чыгыш тарап көздөй бараткан. Алы жетпей жатса да болбой, жулунуп жатышты. Фашисттер чыгыш тараптан жаңы техника курал-жарактар менен камсыз болуп жатты. Күнү-түнү Днепрдин сол жээгинде душмандар чабуулдарды түзүп жатты. Биз күчүбүз жетеби же жетпейби деп сарсанаа болуп жаттык. Кудайым колдоп, акыры жеңишке жеттик...




Дүйшөнкул Шопоков
Дүйшөнкул Шопоков - 1913-жылы Сокулуктагы Шалта айылында туулган. Согушка чейин колхоздо эмгектенген. 1941-жылдын август айында 316-атуучу дивизиянын солдаты болгон. Москвада согушкан, Волоколамск шосседеги согушка катышкан 26 панфиловчунун бири болгон.
1941-жылы 16-ноябрда душмандардын 50 танкынын жолун тосуудан каза тапкан.
Бул кылган эр жигиттиги үчүн 1942-жылы 21-июлда "Советтер Союзунан Баатыры" деген наамга ээ болгон.


Эс сүртүм
Артка кайрылууга мүмкүнчүлүк болгон жок...
Жашоо бизге бир жолу берилет.. Бул берилген жашоодо адамга өзүн-өзү табууга да мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми мамлекетке, элдин урмат сыйына татуу абдан татаал эмеспи. Ал эми Дүйшөнкул Шопоков мамлекеттин да, элдин да урмат сыйына татыган адамдардын бири. Бала кезинен баштап башынан далай кыйынчылыктарды өткөргөн. Мектепте билим албастан карып калган ата-энесине жардам берип жүрүп чоңойгон. Дүйшөнкул агайдын эң негизги тилеги сабатсыздыгын жоюу болгон. Кийин өз эрезесине жеткен соң окуп жазганды үйрөнүп, айылдын ичиндеги балдарды да окуп жазганды үйрөткөн.


Оторбаев Асанбек
Оторбаев Асанбек 1925-жылы Талас областындагы Чат-Базар айылында жарык дүйнөгө келген. Согушка 18 жашында кеткен. Кичүү сержант, пулеметчик болгон.
Ленинграддагы биринчи Украинанын фронтунда согушкан. Немис-фашисттик согушта өзгөчө күжүрмөн эмгеги үчүн сыйланган. Согуш жылдары катуу жаракаттын кесепетинен каза тапкан. 1945-жылы 10-апрелде "Советтер Союзунун Баатыры" деген наамга ээ болгон.

Эс сүртүм
Дарыяны туман каптап, бизге жардамдашкансып...
- Биз дарыядан көрүнбөй сүзүп өтүп, согушуп туруп алардын утуу эле калган. Биздин эң негизги максатыбыз аларды утуш керек болчу. Дарыяны туман каптап турган. Командирибиз бул биз үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө: "Мен силерге ишенем, алга!" деп бизди дарыя көздөй узатты, - деп эскерет баатыр ал кез жөнүндө.


Кадыркулов Идрис
Кадыркулов Идрис Казармандагы Тогуз-Торо айылында 1917-жылы туулган.
Улуу Ата Мекендик согушка 1941- жылдан баштап катышкан. Сержант, сапердук батальон бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Кызыл жылдыз, экинчи, үчүнчү даражадагы "Даңк" медалы менен сыйланган. Кийинчерээк Күжүрмөн эмгеги үчүн Жогорку Кеңештин Президиумунун буйругу менен "Даңк" орденинин биринчи даражасы менен сыйланган.

Эс сүртүм
Казармандык сапёр...
Пенде ар дайым өз элине кызмат кылууга даяр болушу керек. Согушта баатырлыкты согушка ар дайым даяр адам гана кыла алат деп айтып кеткен экен. Бул сөздөрдүн артында чоң кыйынчылык камтылгандай сезилет. Сүрөтүндө да кабагы бүркөлгөнсүп, бирок эр жүрөктүгү көрүнүп турат.


Мальвина Уметбекова