Кыргыз гезиттер архиви

Сахнанын, маараке - тойлордун көркүн ачкан ырчылар өз тойлорунун көркүн кантип ачаарын билги ңиз келсе төмөндөгү сүрөттөргө абай салып караңыз. Бул сүрөттөр 24 - январь күнү "Ысык - Көл" ресторанында болуп өткөн кыргыз эстрадасын "реформалаган", жаңы нукка салган, 20 жылдан бери сахнадан жүзүн, эл арасында баркын, баасын жоготпой келаткан ырчы Айчүрөк Иманалиеванын өзүнүн, уулунун жана кызынын туулган күндөрү менен чогуу "КРнын Эмгек сиңирген артисти" болгон кубанычын "майлаган" тоюнда тартылып алынган.


Кечки саат алтыга белгиленген тойго коноктордун агымы саат бештен башталып, аягы түгөнбөстөй уланып атты, уланып атты... Көз жоосун алган букеттер тоодой үйүлүп, коноктордун саны мерчеминен оо далайга ашканынан улам отургуч көтөргөн официанттар арыдан бери, бериден арыга чуркап башташты...


Ийгилик коштоп келди…
1. Казат ага менен Гүлшайыр эже "сиз биринчи, мен биринчи" болуп атышып, Казат ага акыры эркектигине салды: "Кыздын кырк чачы улуу", деди да биринчи сөздү "Кыз - Бурактын" жетекчисине берди


2. Коррупцияга каршы агенттиги ырчыга "Мекенчил" төш белгисин ыйгарышып, аны агенттиктин кызматкери кадап берди. Туптуура аныкташыптыр, кыргыздын желегин көп чет өлкөгө желбиретип, кыргыздын намысын талашкан Айчүрөк айым - анык мекенчил!


3. Депутат "депутаттык" белегин тапшырды. А Сабырбек Жумабеков эмне деп шыбыраганы бизге угулбай калды... Сыягы ортопед "абайлагыла сынып калбасын..." деди окшойт...


5. Депутат Жогорку Кеңештин босогосун аттаганы "Эламандын" арааны жүрүп турган кездеги сахналаштарынын көпчүлүгүн көрө электиги ушинтип Бакыт Букаев капыл - тапыл кол алышканда эле билинип калды. Саясатка баш оорутпай ыр менен өзү да ыр, жашоосу да ыр болуп жүргөн кездерине "ностальгия" болду го...


6. Жубайын үйүнө таштап жалгыз келгени үчүнбү Мерген Тургандын көңүлү чак, бийлеп - жыргап... Таарынып калбасын, тамаша деп коелу...


7. Нуржамал Рыскулова Айчүрөк айымдын көп сапатын, бөтөнчө эмгекчилдигин, бийик турса да өйдөлөнбөгөн жөнөкөйлүгүн өзүнүн апасына окшоштурарын айтса, Султан Раев "мен Айчүрөктүн ырлары менен чоңойгом", деп коноктордун кол чабуусуна ээ болду.


11. Бопуш менен Сакиш деген ат элге ушунчалык сиңген... жада калса экөөн ажырата албай калгандар да бар экен. Бир журналист Бопушту Сакишке алмаштырып Бопуштун өзүнөн "Бопуш эже барбы?" деп сураганын күлкү кылып айтты эле. Мына ошол күлкү төккөн эки жуп, бул тойдо да күлкү төкмөйүнчө болбой калды...


12. "Ырчы менен элчиге өлүм жок", деген илгеркинин накыл кебин аттап өтүп, мамлекет ырчысынын тынчтыгына кол салгандарды аныктай албай атса атсын, а биз эми өзүбүз эле коргоп алабыз", деп турушабы мобул жигиттер?..


Гүлмайрам Турусбекова