Кыргыз гезиттер архиви

Азизбектен азил кеп
Сен дегенде жүрөгүм
"шыр-шыр", "шыр-шыр!"
Алмуздактан бери алтын баштуу аялдарга арнап бака баштуу эркектер не деген махабат ырларын чыгарбады. Эркектердин жүрөктөрүнүн тамтыгы калбай калды. Ашыктыкка кабылган эки ооз сөздү курай албаган тантыктан баштап дүйнөлүк поэзиянын корифейлерине чейин сүйүүсүн билдирүүгө далалат кылышты.
Ооба, сүйүү сөздөрү эскирип бүттү. Бирок сүйүү сөздөрү жапжаңы бойдон, "Сен дегенде жүрөгүм" "шыр-шыр", "шыр-шыр!".

Моцарт
Вундеркинд Моцарт сүйүү эмне экенин түшүнө элек 5 жашында эле жүрөккө чок салган симфонияларды жазган. Ал бала кезинен эле супержылдызга айлангандыктан, балким сулууларды чекесинен чертип жүрүп, эже-сиңдилерге да ашык болгон экен. Неси болсо да, биз кыргыздар гана бири-бирибизди көрө албай бутубуздан тартып түшүрөбүз деп ойлосок, европалыктар эбакта бизден ашып түшкөн экен. Моцарттын даңкына көз арткан Сальери уу берип өлтүрүп салды. Кудай ушундай "Сальерилерден" сактаса экен. Биздин кыргызда Моцарттар батпай кетти, кудайга шүгүр "Сальерилер" али төрөлө элек.


ЧЫНГЫЗ
Кыргыздарда эмес балким дүйнө жүзүндө жашоонун рахатын Айтматовдой таткан адам жоктур. Аракеч Хемингуэй арактын рахатын тартса, зек Солженицын түрмөнүн азабын тарткан, ал эми канчалаган таланттар жакырчылыктын азабын тартып өтүшпөдү. Айтматовко талант да, атак-даңк, байлык да, бийлик да чыгармалары менен кошо келди. Ал чет элдик ресторандарда тамактын даамдуусун татты, дүйнө жүзүн каалагандай кыдырды, жашоодон эч кысталган жок. Анын махабатынын ээлери дүйнөдөгү эң сулуу айымдар Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаевалар болду. Чынгыз Айтматов махабаттын да рахатын татып өттү!


Алла
Максимге окшогон кара чач, көк көз "салабондорду" мурдунан жетелеп алган Пугачёва алтымыштан өтсө да талтаңдап примадоннамын деп жүрөт. Кыргызда бетиң жок экен деген сөз бар. Алла Пугачёванын деле улам-улам жашарып, операция кылам деп жүрүп бети деле калбай калды. Ошентсе да Максимге окшогон мадыра баштар артынан калбай ээрчип жүрөт. Балким анын атак-даңкы менен байлыгына кызыгаар. Башка кызыга турган анын эмнеси калды?


РЫСБАЙ
Ашыктыктын Рысбайы, ашыктыктын рыцары!
Чөмүчтөгү сууга махабат үчүн чөгүп өлгүсү келген Рысбай, баары бир үй-бүлөсүн туу туткан. Жүрөгүнө жүз грамм менен илхом киргенде сезимдери жүрөгүнө батпай, оттой жанып, көкөлөтүп кетет да. Анан кантип сүйбөсүн, сүйдү. Ошол үчүн кыргыздарга ашыктык ырларын мураска калтырып кетти.


Гёте
Чыгыш поэзиясына шыктанып жазган Гёте махабаттын эң жогорку эталонун көрсөткөн. Өмүр бою атак-даңк менен сулуу кыздардын кучагында жүргөн Гёте уялбай сексен жаштан өткөндө он сегиздеги кызды сүйүп калат. Кыргызча айтканда небересинин небересиндей кызды! Жүрөгүнө баракелде! Негизи эркектерде уят жок экен да. Сексенбай, Токсонбайларды төрөтөбүз деп, сербейген сакалдарын сылап, небересинин небересиндей кыз көрсө деле жүрөктөрүн көтөрүп чабат экен. Албетте он сегиздеги бийкеч акылы болсо, Гётеге тийип алганы эле оң эмеспи. Көп болсо Гётенин эчкиникиндей жакшы калгандыр, ал эми атагы менен байлыгы ачка калтырмак эмес.


Түгөлбай
Түкөбүз ашыктыкка бала кезинде чалдыкса керек. Анын "Алтын балалык" деген ырын уккан наристелердин алгачкы сезимдери ойгонуп кетет. Биз да бала кезден "Алтын балалыкты" угуп, сезимдерибиз ашып-ташып чоңойгонбуз. Бизден кийин канча муун ушул ырды угуп чоңойбоду. Түкөбүздүн ырлары жүрөккө чок салып жүрүп, кантип жашыбыз өтүп баратканын да билбей калдык. Эми Түгөлбай Казаков "Алтын карылык" деген ырга обон качан чыгарат деп күтүп калдык.


ИБРАГИМ
Ибрагим Жунусов өкмөт менен партиянын директивасы менен түз жүргөн талант. Компартиянын убагында ашыктыкты да чектеп, ноктолоп койчу. Ибрагимдин жүрөгү уйгу-туйгу болсо дагы, ичинен тынып, айласы кеткенде илхомун үй-бүлөсүнө буруп, уулуна арнап "Эламан" деп обон чыгарган эле. Обону кыргыз-казактан өтүп бүт түрк элинин энчиси болуп калды. Эми "Эламан" менин ырым деп Ибрагим өзү талаша албай калды. Эламаны эми эр жетип келатканда Ибрагимде илхом кайра жаралды. Эми ал "Ак жол" партиясына ашык болуп калды. Балким "Эламандан" да өткөн мыкты ыр чыгарар. Неси болсо да күтө туралы, пиче-пиче!


БЕК
Бек сүйүүсүн арнабаган кыз калбай калды болуш керек. Көчөдө бала жетелеп бараткан келинди көрсө эле, Бек баласын өзүнө окшоштурат. Эгерде никелешсе Бек 300-400 ырынын гонорарына, бажыдан тапкан "шабашкасын" кошсо дагы алиментке жеткизе албай куурамак. Бек кыргыздын кыздарынын баарына сүйүүсүн арнаган соң Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын да таш-талканын чыгарды. Ташчайнардын Акбарага болгон сүйүүсүн да обонго салды болуш керек. Эсептеп көрсөк Бек жаза элек короздун тоокко болгон сүйүүсү гана калыптыр. Эми тоок сүйүү жөнүндө обон жазса Бекти Гиннестин китебине сунуш кылса болот. Дүйнөдө Бектей көп обон чыгарган талант жок болуш керек.


Максим
"Эти орус, сөөгү еврей" Максим мусулмандарга салыштырмалуу мыктылыгын көрсөттү. Мусулман Рысбай, Түгөлбай, Ибрагим, Бектер бир аялына байланып, ашыктыкты муңканып ырдаганы менен "үй күчүккө" айланышса, Максим жети аялдын көшөгөсүн көгөртүп, жетөө менен тең катышат экен, тобо! Еврейлерде деле мындай көп аял алганды укчу эмес элек. Ата-тегинде мусулмандын каны болсо керек. Бирок да Максим Дунаевскийдин ашыктык ырлары делебени козгойт.


Сыймык
Бек Борбиевдин ксерокопиясына айланган Сыймык Бейшекеев өмүр бою Бек эмне кылса ошону туурап жүрүп өттү. Бек обон чыгарса, ал деле обон чыгарды, Бек топ түзсө, ал деле топ түздү. Бек Чычканга ашкана курса, Сыймык деле ашкана курду. Бир гана Бек бажыга кетти эле Сыймыктын жашы жетпей бара албай жүрөт. Жашы жеткенде ал деле бажыга барар. Балким Бектен биринчи тоок сүйүү жөнүндө ырды Сыймык жазып жеберер.


Асылбек
Майрам Акаеванын көрөр көзү, угар кулагы Асылбек Акаевдер Москвага таштап салып кетип калганы мукурап калды. Оппозицияга кошулайын десе, анын ырлары жакпайт. Оппозиция деле Бектин "Кыргызстан" деген ырын жакшы көрөт. А Бек болсо "таможнияны" жакшы көрөт. Асылбек болсо айласы кетип мойлосун алдырып имиджин өзгөртөйүн деди эле, баары бир азыркы бийлик аны Майрам Акаевадай "любимчикке" айланткан жок. Куурагандан ушул Асыкеме жаман болду, Акаев кетип калып.

Азизбек Келдибеков