Кыргыз гезиттер архиви

Чайдын косметологиялык
сырлары
Чайды күнүмдүк ичип жүрчү суусундук же тамак катары гана пайдаланбайбыз.Анын көптөгөн касиеттери бар. Ошонун бири кеңири тараган косметологиялык тажрыйбада колдонуу.

Каралжын түстөгү майлуу чачтарга башын жууп бүткөндөн кийин кызыл демделген жылуу чай менен чайкоо сунушталат. Бул чачтын, баштын майлуулугун азайтып, чачка жакшы түс берип жалтыратып коет.
Майлуу, тешикчелери бар беттерди эртең мененкисин көк чайдын тундурмасы менен жууш керек.
Эгер беттин терисинде майда кан тамырлар билинип турса эң жакшы маска муздак демделген чай болуп эсептелет. Алгач бетти лосьон менен тазалап, андан кийин дакини муздак чайга чылап бетке жабуу керек. Маска он беш-жыйырма мүнөт кармалат.
Беттеги кара тактарды кетирүү үчүн бир чай кашык кургак чайды 50 мл сууга салып эки-үч мүнөт кайнатып, чыпкадан өткөрүү зарыл. Даярдалган суусундукту үй температурасында бир суткадан ашык кармоого болбойт. Ал эми муздаткычта эки суткадан ашырбоо керек. Бул суусундук менен эртең менен кечинде бетти сүрүп туруу сунушталат.
Чарчаган жана сезгенген көздүн кирпигинин тегерегине, көздүн чарасынын астына алмаштырылгыс төмөнкү рецепт сунуш кылынат.Бир чай кашык чайга 50 мл кайнаган суу куюлуп 30 мүнөт демделип турат. Кебезден тампон жасап чайды сиңирип көзгө бир-эки мүнөт коюп, үч-төрт жолу алмаштырып туруу керек. Андан кийин муздак суу менен компресс жасап, кирпикке крем сүйкөлөт.
Айзада Көчкөнбаева


Биздин жаштар- биздин
элдин тилеги
Биздин жаштар- биздин элдин тилеги,
Биздин жаштар- бийиктиктин сезими.
Биздин жаштар- Ата Журттун байлыгы,
Биздин жаштар- мекенинин желеги.

Жаманынан жакшысы көп сүйүнткөн,
Аты чыккан жашты көрсөм сүйүнөм.
Эл журтуна кызмат кылат андайлар,
Көптү билип, көптү окуп бүгүнтөн.

Келечеги дайым болсун кеңири,
Колдоп жүрсүн ар биринин теңири.
Амандыгы, биримдиги бир болуп,
Төгүп турсун ак тилеги, сезими.
Медина Абдуллаева,
Сузак району, №8- У.Абдыкаимов атындагы мектептин мугалими