Кыргыз гезиттер архиви

  Укук

Сотту жеңүү,
Биздин мамлекетибизде статистика боюнча, чынында эле, соттук актыларынын тең бөлүгү аткарылат. Ошондуктан, эгерде жаран соттогу ишин утуп алса, анын өз максатына жетүү ыктымалдуулугу жарым - жартылай эле аткарылат. Мындай көрүнүш таң калыштуу эмес, анткени кыргызстандыктардын фемида органдарына болгон ишеничи жылдан жылга төмөндөп бара жатат.
Ар кандай, болбогон эле шылтоолор менен сотко кайрылган европалык жана америкалыктардан айырмалуу биздин жарандар мындай маселелерди көбүнчө өз күчү менен эле чечишет, акырында болбой баратса, айла жоктон адилетсиздикке баш ийүүгө аргасыз болушат. Натыйжада соттун авторитети өзүлөрүнүн чыгарган чечимдеринен эмес, ошол чечимдеринин сапаттуулугуна жана тез аткарылышына жараша болот.
Дүйнөлүк практика, соттук чечимдерди аткаруудагы кыйынчылыктар ар бир өлкөдө бар экендигин көрсөтөт. Кыргызстанда болсо бул маселе азыркы учурда эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат.
Евросоюз жана Германиялык техникалык шериктештик коомунун "Кыргызстандагы сот системасынын реформаларын колдоо" проектиси боюнча өткөрүлгөн мониторингдин натыйжасында 2008 - жылы соттук чечимдеринин 56% гана аткарылган. Эгерде төлөтүү маселесин алып карасак, борборубузда 2008 - жылы, карыз жарандардан керектүү сумманын болгону 2,6% жыйналып алынган.
Албетте, мунун баарын сот аткаруучулардын сапатсыз ишкердүүлүгүнө, алар иштей албайт жана иштегиси келбейт деген шылтоо менен оодарып койсо болот.
Ооба, кээ бир учурларда ушундай эле болуп чыгат. Сот аткаруучулардын айлык акысы, стажына жараша, айына үч миң сомдон беш миңге чейин жетет. Көп жылдан бери алар төлөтүүлөрдөн түшкөн процентин да албай калышкан.
Ошондуктан, адилеттүүлүктү орнотуу максатында, керелден-кечке участок боюнча чуркап жүргөндү ар ким эле каалабайт.
Булар жалгыз эле проблемалардан эмес.
2009-жылы Евросоюз жана Германиялык техникалык кызматташтык коомунун колдоосу менен соттук актыларын аткаруу системасынын мониторингин кыргыз эксперттери өткөрүшкөн.
Мониторингге элүүдөн ашык сот аткаруучулары катышкан. Мониторингдин максаты алардын ишиндеги маанилүү проблемаларды аныктоо болгон.
Натыйжада, мындай проблемалар бир топ экендиги келип чыккан.
"Жоопкерди милдеттендирүү…"
Ар кандай соттук отурумдарда залдан судьянын "доо канааттандырылсын", "жоопкер милдеттендирилсин" деген сөздөрүн угабыз.
Өзүнүн адилеттүү чечимин чыгаргандан кийин, фемиданын кызматчысы (судья) ишин аткаргандай жеңилдейт. Ал эми сот аткаруучуга ушул учурдан тартып бүт баары жаңыдан эле башталат.
Кантип милдеттендирет?
Кандайча күчкө салып иштетет?
Жөнөкөй кийинген эле адам эшиктин алдына келип соттун чечимин аткарууну талап кылса, албетте, ал кишиден жоопкер коркуп да койбойт. Аныcы аз келгенсип, эшигин да жаап алышат. Ушундай учурларда жоопкерди кантип милдеттендире алат? Мындай учурда жоопкерди сотко чакырып аны менен сүйлөшүүгө аргасыз болот. Кээде анын үстүнө милиция органдарынын өкүлү менен барып калуусу да мүмкүн болот.
Мындай чаралардын баарына далай күч жана убакыт сарп кылынат.
ЕСтин жана ГТКнын эксперттери Кыргызстанда сот приставдарынын институтун түзүү зарылчылыгы бар деп эсептешет.
Мындай институттар дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатканын белгилешет.
Институттун милдетине - сот процессинин баардык катышуучуларынын, ошондой эле сот актыларын ар кандай кыйынчылыктар менен ишке ашырган сот аткаруучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу аракеттери кирет.
Сот приставынын ыйгарым укуктары чоң болгондуктан, ал сот аткаруучулардан айырмалуу салмактуу көрүнөт.
Сот департаменти "Сот приставдары тууралуу" деген мыйзамдын проектисин иштеп чыккан, бирок республиканын бюджет мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, бул проект убагында ишке ашпай турат.
Кыйынчылык
кырдаал
Карыз болгондордон акча чогултуу маселесине токтолсок, мунун да өзүнчө кыйынчылыктары бар. Мындай кырдаалды элестетип көрүңүз. Сот аткаруучу карыз адамдын банк эсебинде канча акчасы бар экендигин такташы керек. Ал биринчиден, банкка барат, ал жактан "акча салуунун эсеби жашыруун"- деген сөз угат. Мыйзам боюнча бул жооп толугу менен орундуу жана туура.
Буга байланыштуу сот департаментинин башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Умуркулов салыктык, банктык жана башка мыйзамдарга өзгөрүүлөрдү киргизүүнүн обьективдүү зарылчылыгы бар экендигин белгилейт. Бул өзгөрүүлөр сот аткаруучуну, карыз адамдын мүлкү тууралуу каалаган маалыматын алууга, укуктуу субьект катары аныктайт.
Эгерде карыз адамдын акчасы жок болсо, сот аткаруучу анын мүлкүн каттап чыгып, конфискациялоого толук укугу бар. Бирок практика жүзүндө мындай ишти аткаруу оңой эмес. Биринчиден, карыз болгон адамдын үйүнө же батирине кириш керек болот. Ал өз ыктыяры менен эшигин ачпаса, укук коргоо органдарына кайрылуу зарылчылыгы келип чыгат. Андан тышкары, карыз болгон жана соттолгон адамдардын мүлкүнө камак салуу көп учурларда убагында өткөрүлбөйт. Натыйжада, ишти изилдеп бүткөнгө чейин эле, карыз адам өзүнүн болгон мүлкүн сатып жиберүүгө же болбосо жашырып койгонго жетишип калат.
Жогоруда айтылгандардын баары сот аткаруучулардын күн сайын көргөн кыйынчылыктарынын баардыгы эмес. Суроолордун жыйынтыгы боюнча - чакырган жерге жетүү үчүн транспорттун жоктугу, даректик справкаларга жумшалган чыгымдар, компьютерлердин жана программалык камсыз кылуунун да жоктугу, баардык аткаруу өндүрүштөрү боюнча түзүлгөн жалпы базанын жоктугу - ушулардын баардыгы маанилүү проблемалардан болуп саналат.
Өзгөрүүлөрдү
ишке ашыруу
Айта кетсек, сот чечимдерин аткаруу проблемалары жөнүндө жана укук системасына тиешелүү коомчулуктун ишенбестигинин өсүшү өкмөттүн эсинен чыкпайт. Акыркы мезгилде, сот бийлигинин аткарылышына гана эмес, соттук жана башка актыларынын аткаруу системасына да көңүл бурула баштады. Сот чечимдерин аткаруусунун үстүнөн контролдоону ишке ашыруу боюнча жоопкер болгон сот департаменти Адилет министирлигинен бөлүнүп, ошондон улам анын башкаруучулук деңгээли өскөн. Жакында департаменттин жаңы директору шайланды. Анын ыйгарым укуктарына бул системадагы өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу кирет. Бул кадам, соттук жана башка актыларын аткаруу боюнча иштеринин эффективдүүлүгүн күчөтүү, мамлекеттин максаты экендигин дагы бир жолу бекемдейт.
Сот чечимдерин аткаруу системасына такалган проблемалардын масштабын эске алып, сот департаменти Кыргызстанда сот системасынын реформасын ишке ашыруу максатында өзүнүн структурасында максаттуу дайындоонун жумушчу тобун түзгөн.
Эл аралык уюмдар да четте калган жок. Алсак, Германиялык техникалык шериктештик коому жана Евросоюз 2009-жылы "Кыргызстанда сот системасынын реформасын колдоо" аттуу салмактуу проект иштеп баштаган. Анын бирден бир компоненти - аткаруу системасындагы проблемаларды чечүүгө жардам көрсөтүү. Бул үчүн атайын эксперттер тандалган. Алардын күчү менен аткаруу системасындагы проблемаларды алып чыгуу үчүн сот актыларынын аткаруу системасында мониторинг өткөрүлгөн. Проект боюнча сот аткаруучуларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн конференциялар, семинарлар, тренингдер өткөрүлөт, окуу материалдары жана программалар иштелип чыгат.
Мыйзам системасында дагы улам жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. 12-ноябрь 2009-жылы Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасында сот аткаруучуларынын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын проектисин кабыл алган. Мыйзам проектисин депутаттар тобунун өкүлү - Бакыт Төрөбаев сунуш кылды.
"Банкка карыз болгондор, өндүрүшкө карыздар жана жеке адамдар - карызды төлөгөнгө милдеттендирген соттун чечиминен кийин дагы Кыргызстандан тышкаркы жерлерде качып жүрүшөт. Алар сот чечимин аткарууда бир топ тоскоолдуктарды түзүшөт. Салымдын ээси жок болсо, ал таштап кеткен салым карыздарын жабыш үчүн жараксыз болуп саналат. Бүгүнкү күндө 859 карыз болгон адамдар изделүүдө" - деп белгиледи Бакыт Торобаев. Мыйзам проектисинин максаты - иштеп жаткан мыйзамды жакшыртуу, сот аткаруучулар тарабынан аткаруу аракеттерди так аныктоо жана карыз болгон адамдарга тиешелүү соттун чечимдерин зордук менен аткаруу чаралары болуп саналат.
Жалпысынан айтканда, Конституция тарабынан киргизилген, өзгөрүүлөрдү алып келген сот системасынын реформасы тездетилип аткарылып жатат. Бул процесстеги деңгээлдин тазалыгын жогорулатуу үчүн болгон проблемалар жана аларды аткаруу ыкмалары жөнүндөгү коомдук маалыматтуулуктун деңгээлин жогорулатуу зарыл деп аныкталган.
ЕС жана ГТБнын уюштуруучулары коомчулук тарабынан жаңы идеяларды иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча бул тармактагы оң өзгөрүүлөргө жардам берет деп санашат.
Тамара Ганиева,
"КРдагы сот системасынын реформаларын колдоо" проектисинин улуттук эксперти