Кыргыз гезиттер архиви

Президент
төлөш керекпи?
Адамдын оозунан сөз чыкса, ал ошол сөздүн кулу болуп калат. Миңдеген жылдар мурун жашаган Сократ, Эзоп, Сулайман пайгамбар жана башкалардын сөздөрү ушул күнгө чейин айтылып келет. Биздин замандагы инсандардын cөздөрүн да таразалап көрөлү.


Ким төлөйт?

"Баарына президент төлөйт"
Владимир Путин. РФ.
Премьер-министри

Кептараза:
Ооба, президент Бакиев, жаңыдан президент болгон мезгилде "свитасын" ээрчитип, көчөгө чыгып даам сызышкан. Ошондо Бакиев чөнтөгүнөн акча сууруп, төлөгөнү элдин эсиңде.
А бирок, эми биздин мамлекетте президент төлөйбү бул жашыруун нерсе. Бизде көп нерсе жашыруун. Ал эми Россияда "старик" Путин "молодой" Медведевке чогуу тамактанса төлөтүп коёт экен.

Ким байкуш?

Президент Бакиев менин үйүмдү республикага кайтып келбесин деп тартып алды. Эми менин бара турган жерим жок . Мен өз өлкөмдө мейманканада түнөбөйм да, туурабы?
Аскар Акаев. Экс-президент

Кептараза:
Эми бул байкуш БОМЖга эмне кылабыз? Анын биздин мамлекетте бара турган жери болбосо, мейманканага жата турган акчасы болбосо. Мейли эптеп оокатын кылып "БОМЖ" байкебиз Москвада жүрө берсин. Кыргызда аны үйүнө жаткыра тарган адам жок болсо.



Ким аңкоо?

Оппозиция лидерлеринин бири "Азатыкка" берген маегинде "Ак жолдун" бир депутаты - Конституцияны каалагандай кылып кабыл алып, кийин каалагандай кылып оңдоп-түздөп алса болот деп айткан сөзүн мисал келтирди. Эгер билбесеңер ооз ачып айтпай эле койгулачы. Бул биринчи эле болуп жаткан жок.
Рашид Тагаев. ЖК депутаты

Кептараза:
Спикерликке А. Мадумаровду кайра алып келиш керек болчу. Ал аңкоолордун барын "нөлөбөй" класстан баштап окутуп, парламенттик-регламенттик режим менен ээн баш "ак жолчуларды" тартипке салмак.



Ким президенттикке талапкер.

Данияр президенттикке ат салыша турган фигуралардан. Ал өзүн келечектеги Кыргызстандын үчүнчү президентимин деп жарыялап жибергени да бар. Кийинки шайлоодо президенттикке ат салышып жүрбөсүн, кыйкырып чыкпасын деп, премьер-министликтен четтетет.
Азимбек Бекназаров,
БЭКтин лидери

Кептараза:
- Ой, Азимбек мырза, сиз деле Даникеңиз деле үчүнчү президенттиктен үмүтүңүздөрдү үзүп койбосоңуздар, көргүлүктү көрүп каласыздар. Же үчүнчү президент ким болоорун эмгиче билбейсизби? Аны сизге окшогон катта саясатчы эмес, "Иттин уулу Байгара" деле билет.

Азизбек Келдибеков