Кыргыз гезиттер архиви

  Маек

Бегалы Наргозуев, ЖКнын депутаты:
"Лагманнаяны" бульдозер менен сүрдүртүп салгам"
Кыргыздын чыгаан адамдарынын бири катары белгилүү, бизнесмен, сүйүктүү жар, мээримдүү ата. Эл ишенип, эл тандаган өкүлдөрдүн бири, депутат Бегалы Молдогозуевич. Парламентте эң активдүү депутатыбыз, өз үнү бар депутаттардын бири болуп эсептелинет. Анын үстүнө бүгүн Бегаалы агайдын туулган күнү, туулган күнү менен куттуктап, маек курдук.


Туулган жылы: 1961-жылы 5-февраль
Билими: Жогорку билимдүү. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолу: 1983-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында кинорежиссердун жардамчысы болуп баштаган.
1984-1986 -жылдары аталган киностудияда кинорежиссердун ассистенти.
1987-1988 -жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында көркөм фильмдер директорунун орун басары.
1988-1993 -жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында көркөм фильмдер директору болуп эмгектенген.
1993-2003 -жылдары "Ак Калпак" туристтик фирмасынын директору, 2003-2004 -жылдары "Аман Эйр" авиа агенттигинин директору.
2004-2006 -жылдары "Алтын Эйр" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы өкүлү.
2006-2007-жылдары "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Генералдык өкүлү.
2007-жылы "Эсен Эйр" авиакомпаниясынын президенти болгон.
2007-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин: "Ак Жол" элдик партиясы" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын IV чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, Жогорку Кеңештин өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү.

- Алтын балалыгыңыз кандай өттү, кепти ушундан баштасак?
- Алтын балалыгым Аксы районундагы Кош-Дөбөдө өттү. Эл катары эле ылайды чапчып, мылтык жасап, кубалашып жүрүп чоңойдум. Үй-бүлөбүз ал учур менен салыштырмалуу чакан болчу, атам, апам жана алты бала. Учурда атам айылда, ал эми апам 2005-жылы көз жумуп калды. Үйдүн улуусу, балдардын аксакалы мен болчумун. Балалык кез билинбей эле өтүп кетет экен. Бала кезибизде эртерээк чоңойсок деп тилесек, чоңойгондо балалыкка бир эле күнгө артка кайрылсак дейт экенбиз да... Ошентип ойноп жүрүп, күндөрдүн биринде мектептин босогосун аттадым. Тамга таанып, китеп окуганга жарап калгандан баштап, китеп эле окуй берчүмүн. Азыр эстесем, бош убактымдын баарын китеп окууга жумшачу экенмин. Атам малды кууп келгенде, астынан тосуп чыкчук. А мен болсо, кычагансып ошол мезгилде китептин ичине кирип кетчүмүн. Анан атам ачууланып урушуп калчу. Ата - энем жөнөкөй эле колхоздун адамдарынан. Бирок эң негизгиси, бизди эч нерседен кем кылчу эмес. Бала кезимде аябай тентек элем, чынын айтсам мектептен эки жолу чыгарып сала жаздаган. Биринчи жолу, класс менен Өзбекстанга экскурсияга бармак болуп, мен балдардын баарын чогултуп тоого чыгабыз деп ээрчитип кетип калгам. Бейбаш, өзүм билемдик кылат деп мугалимдерден уруш жегем. Экинчисинде, бешинчи класста окучумун, бир кызды жактырып калып ага кат жаза койгом. Ал кыз катты мугалимдерге берип салып, анда да чыгарабыз деп бир топ коркутушкан. Ошондо мен аябай ойлонуп, өзүмдү күнөөлүү сезген элем. Азыр ойлонсом окуудан чыгара деле алмак эмес экен, калп эле коркута беришчү тура. Азыркы күнгө чейин эсимде мектепке жыңайлак келген балдар калды. Мектеп боюнча үч-төрт бала бар эле, ошолор мектепке жыңайлак келчү. Аларды көрүп таң кала берчүмүн, көрсө алар жетим атасы жок балдар экен.
Андан кийинки эсимде калган нерсе, бул айылыбыздагы биринчи телевизор. 1968-жылы айылыбыздагы бир аксакал шаардан телевизор алып келди. Ал жаңылыкты уккан элдин баары "ажиотаж" болгон. Биз ал телевизорду 1 саат көрүш үчүн, анын оокатын кылып, короосун жыйначу элек. Андан кийинки жылдары көпчүлүк телевизорлуу болуп калды..
- Бойго жетип, өз эрезеңизге жеткен соң жашооңуз кандай темпте өттү?
- Онунчу классты бүтөрүм менен шаарга окуга тапшырганга келдим. Жаштык кылдымбы же бул башка себептер менен байланыштуу болдубу. Өзүмдүн келечек кесибимди өзүм тандадым деп жүрдүм. Курсташтарым кээде "Сенден кыйын журналист чыгат" деп калышчу. Анткени алардын эсинде бир унутулбаган окуя калып кеткен. Окуубуздун жанында "Лагманная" деген лагман сатуучу жай бар эле. Бир порциясы 40 тыйындан болчу, андай арзан тамакты ошол гана жерде сатышчу. Студенттердин баары ошол жерден тамактанчу, бир күнү эле тамак ичип отурсак, официант аял бир студент бала менен уруша баштады. Биздин түшүнүүбүз боюнча ал бала аз куйдуң деп чырдап жатыптыр. Бир маалда ал официант аял тиги баланын башына жаба лагманын куюп салды. Аны көргөн мен кыжырым кайнап, жөн койбостон, акты түздүрүп күбөлөрдүн колун койдуруп алып, "Ленинчил жаш" гезетасына чыгаргам. Ал учурда андай акты, арыз, чыккан макалалардан кийинки жасалган иш аракеттер сөзсүз түрдө жүргүзүлүп, жообу кайтарылчу. Менин макалам чыгары менен жооп кайтарылып, кийинки күнү бульдозер келип ал лагманныйды сүрдүрүп кеткен. Бир жагынан сүйүнүп, экинчи жагынан капа болдук. Себеби, ал жерден башка андай арзан лагман жок болчу. Ошондон кийин курсташтарым тамашалап, "Кой тийишпегиле, а то бульдозер сүрдүрүп кетет" дей беришчү эле. Андай кызыктуу күндөрдүн далайын көрдүк. Ошентип күндөр өтө берди. Үчүнчү курста окуп жүргөндө тайпабыз менен эжейибиз кино үйүнө алып барды. Ошол күндөн баштап кино менен ооруп калдым. Күн сайын киного келип, жок дегенде бир кино көрүп кетчүмүн. Ал кезде "закрытый показ" дегендер бар эле, ага да үч-төрт жолу катыштым. Ошондон баштап кинорежиссер болууну көздөй баштадым.
- Жаш кезде албетте баары эле каалагандай боло бербейт, албетте өзгөчө кыйынчылыктар тоскоолдуктар да болуп турат. Ал эми сиздин жолуңузда кандай кыйынчылык тоскоолдуктар болуп өттү экен?
- Ооба жашоодо баары эле сен каалагандай боло берсе да кызыксыз болуп калат эмеспи. Андай кыйынчылык тоскоолдуктар адамды күчтүү кылат. Бирок менин жолумда аябай деле кыйынчылык тоскоолдуктар деле болгон жок. Болгону ошол окуп жүргөн кезде жашай турган жерим жок кыйналдым. Студенттер менен кошо жатаканада жашачумун. Бирок эки бала жата турган жерде төрт бала жатчу, кийинчерэк беш бала жатып калды. Батышпай кыйналып жүрдүк. Тамак-аш жетиштүү болчу, Айына 40 сомдон стипендия алчумун, айылдан атам менен апам акча салып турчу. Туруп басканга жетчү, кыскасы ачка калчу эмесмин. Ошентип жүрүп үчүнчү курста окуп жатканда, атам шаардан там сатып берди. Мен бизнеске келейин деген оюм жок эле. Киностудияда жакшы эле чыгармачылыкка чөгүлүп, иштеп жаткамын. Анан мамлекеттен каржылоо бүтүп, киностудия ишин токтоткондо баары жапырт бизнеске кетишти. Мен да алардын соңунан ээрчидим. Жаман болгон жокмун, кайсы бир деңгээлде максатыма жеттим.
- Бул тоскоолдуктардын арасында өз бактыңызды таап, түбөлүк жарлуу болдуңуз..
- Үчүнчү курста окуп жүргөндө атам: "Кой балам, эркек баланыкы баары эле эрте болгону жакшы, эми үйлөн" деп калды. Окуумду аяктаганы калдым, үйүм бар, эми үйлөнсө үйлөнөйүн дедим. Жакшы кыздардан издей баштадым. Досторум канча кыз менен тааныштырып, жакшы эле аракеттенди. Үй-бүлө түзүүгө даярдансаң да даярданбасаң да буйруган бирөөгө кезигет экенсиң. Шаардык кыздар менен да сүйлөшүп көрдүм. А бирок тагдырдын буйругу экен, акыры өзүмдүн эле классташ кызыма үйлөндүм. Ошентип баш кошуп, бүгүнкү күндө эки бала, бир кыздын атасы менен энеси болуп отурабыз. Уулум Амантур менен жубайым "Аманэйр" аттуу компанияны иштетишет. Кичүү уулум Эсен чоң класстардын окуучусу. Ал эми кызым чет-өлкөдө окуйт.
- Байлыгыңыз балдарыңыз болсо керек?
- Албетте, балдарым биринчи байлыгым. Пенденин байлыгы "Ак жоолук жана он соолук" деп коюшат эмеспи. Ак жоолук бул - жаныңдагы түбөлүк жарың, ал эми он соолук деген бул балдарың, ден соолугуң, дүнүйөң, азыркы жашооң..
- Бүгүнкү күнгө чейин бала кезиңиздеги кыялдарыңыздын баары эле орундалдыбы?
- Балалыктагы эң негизги кыялым орундалбай калды. Бешинчи класстан бери чоң жазуучу болсом деп тилегем. Ошондуктан окууга тапшырарда апамдын да атамдын да тилин уккан эмесмин. Алардын каалосун эске албастан, журналистика факультетине тапшырып салгам. А бирок жаш өткөн сайын башка нерселерге кызыгып кете берет экенсиң.
- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
- Бош убактымды мурда диванга жатып алып китеп окуп өткөрчүмүн. Азыр деле окуй берем. Акыркы мезгилде лыжа тепкенди үйрөнүп алып, тоодо өткөрчү болдум. Акыркы жумалардан бери коллегалар болуп "Улак тартышка" барчу болдук. Алтынбек мурда эле "Жүрүңүз, улак тартышып келебиз" дей берчү эле, анда анча кызыкчу эмесмин. Ал эми акыркы жолу "Улак тартышканга" барганда бутумдун баарын оорутуп, көгала кылып алдым.
- "Агым" гезитин сатып жибердиңиз. Ал эми массалык маалымат каражаттарына кайрадан кайрылайын деген оюңуз барбы?
- Өз убагында "Агымды" сатып алууга менин досум Мелис Эшимканов түрткү болгон. Ал Швейцарияга элчиликке кетип жатканда, "Гезит жатка кетпесин" деген ой менен гана сатып алгам. Ал газета эч качан бийликтики эмес болчу. Мурдагы эле калыстык позицияда калып иштеп жүрдү. Аны үстүнө андагы журналисттердин баары ойлорун так, ачык айта алган таланттуу журналисттерден эле. Башында жакшы эле иштеп жаттык. Ал эми гезитимди сатышымдын себеби, чоңдор, чиновниктер жөнүндө сын макала чыксале баарын менден көрүп калышты. Алардын ою боюнча мен журналисттерди чогултуп алып, чоңдорду шыбап жаткандай сезилди. Кимдир бирөө жөнүндө макала чыкты дегиче, мен жакты башкача көздөрү менен карап калышты. Бир жолу бир депутат эже жөнүндө гезитке сын макала чыкты. Заседанияда отурсак, баары эле кобурашып, ошол макала жөнүндө кеп козгоп жатышыптыр. Бир маалда тиги эжебиз мен жакка бурулуп, "Тиги уюштуруп жатат да" деп айтса, таң калып калыптырмын. Анан кой тынч эле жашайын деп чечтим. Жаман көргөн көз караштардан да тажап кеттим десем болот. Мына ушул себептерге байланыштуу сатып жибердим. Ойлонуп отуруп, гезит менен өлкөнүн ичине гана тарай алат экен деген ойго келдим. Ал эми интернет аркылуу дүйнөнүн ар бир бурчуна чыкса болот эмеспи. Ошондуктан азыркы учурда Кыргызстандагы алгачкы "kyrgуztoday.kg" аттуу интернет телевидениесин иштетип баштадым. Мындай интернет телевидение менин оюмча аябай керектүү нерсе. Чет өлкөдөгү чачырап кеткен туугандарыбыз Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды өз убагында билип, өз көзү менен видеоматериалдардан көрө алат.
- Ар бир пенде жаралган соң, артынан из калтырыш керек деген сөз канча кылымдан бери эл аралап жүрөт. Ал эми сиз артыңыздагы изди кандай түрдө калтырайын деген оюңуз бар?
- Эркек сөзсүз түрдө өмүрүндө үй салып, үйлөнүп, дарак отургузуп жана эркек балалуу болуш керек деп коюшат эмеспи. Ал эми мен ал милдеттеримдин баарын тең аткардым деп ойлойм. Кудайыма шүгүр, сүйүктүү жарым, бир эмес эки уулум, кызым бар. Ал эми артымдан кала турган изимди китеп жазып, бир жакшы кино тартып калтырсамбы деп отурам. Буюрса бул пландарымды да ишке ашырам. Мамлекетибиздин ушул тармагына да кандайдыр бир өз салымымды кошо алам деген ойдомун.
Мальвина Уметбекова