Кыргыз гезиттер архиви

60 тыйын, Князев, Султанов...
1. Эгер биз 60 тыйындан эле жылына 250 млн доллар чогултуп тышкы карызыбыз менен ири ГЭСибизди куруунун күрдөлдүү каражатын чогултууга кудуретибиз жетип жаткан болсо, ГЭСти өзүбүз эле куруп алсак болобу?
2. Саясат таануучу Князев Россияда М. Бакиевге каршы 18 кылмыш иши ачылганын айтса, президенттин катчылыгы жана Максим өзү бул маалыматты жокко чыгарды. Бул боюнча кандай ойдосуз?
3. Д.Үсөнов Өнүктүрүү фондуна каржы министрлиги отчет беришин талап кылды эле, Марат Султанов буга каршы болуп, "анда биз Өнүктүрүү фонду менен агенттиктин стратегиялык функциясын бузуп алабыз" деп жооп берди. Муну кандай түшүнсө болот?

"Өнүктүрүү фондусу" эң кооптуу жерибиз

Эмил Каптагаев:

1. Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушуна атайын акча чогултуп деле кереги жок. Ал чоң курулуштар улуттук кызыкчылык үчүн курулуп жаткан жок, ал жерде бир аз эле кишинин кызыкчылыгы бар. Азыркы шартта Кыргызстандын керектөөсүн башка станцияларда өндүрүлгөн энергия толук жабат. Энергетикалык кризис электр энергиясынын жетишсиздигинен эмес, ошол тармакты басып алып каалашынча уурдап жаткандардын кесепетинен болуп жатат.
2. Менин оюмча профессор Князев жөн эле жерден калп айта берүүчү жаш бала эмес, бул турмушта баарын көрүп билип калган адам. Ошондуктан анын айткандарында сөзсүз чындык бар деп ойлойм. Ал эми ошол айтылып жаткан ишканалар түз эле Максимге катталбашы толук мүмкүн, башка бирөөлөрдүн атына жазылса керек. Ошондон улам менин тиешем жок деп танып жатат да.
3. Өнүктүрүү фондусу деген азыр өтө опурталдуу мекеме болуп калды, кыргыздын бар байлыгы ошол жерге топтолду. Ал фондду башкаргандар бүтүндөй эле тили буруулар. Эгер алар жылт койсо Кыргызстан таптакыр эле сызга отуруп калаары бышык. Ошол фондунун ишинин ачык болушу Кыргызстандын коопсуздугунун эң башкы маселеси. Эртең аттиң деп оозубузду ачып отуруп калбайлы…





Азимбек Бекназаров:

"Князевдин ишенген
булагы бар"
1. Булар азыр элдин акчасын түркүн жол менен тоноп алуунун гана үстүндө иштөөдө. Ар бир абоненттен 60 тыйындан өөнөп алуу ар бир адамга анчалык оорчулук келтирбегени менен бул чогултууда баардык абонент катышып, өтө көп акча жыйналууда. Булар эми акча чогултуунун дагы түркүн ыкмаларын ойлоп табышат. Себеби, Россия акчасын бербей жатса, Өзбекстанга жаман көрүнүп алса, Казакстандан кишилерин өлтүрүп, алардын бийлигинин аброюн түшүрүп жатса буларга ким жардам берет? А бирок, элдин пенсиясын, бюджеттегилердин айлыгын бериш керек да. Ошон үчүн элдин акчасын бир жагынан тоноп, экинчисине берип, биринин-шапкасын бирине кийгизип айлантуудан башка аргалары калбай калды. Ошол эле учурда айланып жаткан акчалардан өөнөп туруу да керек болуп жатпайбы.
2. Князевдин Максимге каршы кылмыш ишин айтууга батына турган даражасы бар. Князевдин артында Россия эле эмес, бүтүн КМШ турат. Ал КМШнын Кыргызстандагы өкүлү. Учурунда революцияны да каралап, элди бандиттер, наркомандар деп Акаевге жан тарткан. Бул үчүн экөөбүз бир топ каршылашып да жүрдүк. Анын ошондогу пикиринин артында өзүнүн эле эмес, Акаевдин, Россиянын да пикири жашырылып туруучу. Азыр да ошондой болуп жатат. Князевдин пикиринин артында Россиянын көмүскө пикири катылып жатат. Ошон үчүн Максим ага каршы актангандан башка жол таппай жатат. Анчалык кыйын экен, бечара болуп актанып отурбай "за клевету" деп сотко бербейби өзүн. Кыйын экен Кыргызстандан айдап чыгарып жиберсин. Анте албайт. Себеби, Князев көчөдөгү адам эмес, көчө сөзүн сүйлөгөн жок, ишенген булагы, таянган күчү бар үчүн сүйлөп жатат да.
3. Марат Султанов азыр баары Максимге отчет берерин, баары Максимге баш ийерин алигиче билбейт окшойт. Билсе да, баш ийгиси келбей жатат окшойт.


Бейшенбек Абразаков:

"Отчётту 300млн. $ тууралуу берсе болот"

1. Бизде өкмөт деген бар, анти монополияга каршы агенттик деген бар. Алардан уруксат албай эле байланыш мекемелери ар бир чалууларды байланыштырып бергендиги үчүн 60 тыйынды өздөрү көтөрүп койгон экен. Биз да бул маселени карап аны комитетке жибердик. Комитетте каралып, андан соң Жогорку Кеңеш карап, өкмөт чечкенче булар токтото турса болмок. Биз да депуттаттар талап коюп жатабыз өкмөттүн чечими чыкканга чейин 60 тыйынды киргизбей тургула деп.
Ал эми булардын түшкөн каражаттарын биз алып алганга мыйзам уруксат бербейт. Анткени булар менчик мекеме болуп жатат. Ошон үчүн булардын иштеп тапкан пайдасын биз тартып алганга мыйзам боюнча туура келбейт. 250 млн. доллар деген көп акча, керек болсо Кыргызстандын бюджетинин жарымы десек да болот. Булардын акчасын ушул коммуникация тармагындагы ишти өнүктүрүүгө жумшасак болот. Бул тармак башка тармактарга караганда кирешелүү тармак болуп жатпайбы. Дүйнө жүзү боюнча уюлдук телефондун кызматын көрсөтүү эң чоң пайда алып келе турган тармак. Россияда деле, Кытайда деле бул багыт кирешелүү. Жылдан жылга булардын колдонуучулары да өсүп жатат.
2. Мен аны кандай болгондугун, эмне деген кылмыш иши козголдугун айта албайт экем. Князев айтса, аларды өзү далилдеп берер фактылары болсо. Бул маселеге прокурор, соттор жооп берсин. Менин бул багытта маалыматым жок эле.
3. Каржы министрлиги негизи мыйзам боюнча премьер-министрге, өкмөткө, Жогорку Кеңешке бир жылдык кылган ишинин отчетун берет. Ал эми өнүктүрүү фондуна отчет бере турган болсо, анда ошол жакка кеткен гана каражат тууралуу берсе болот. Мисалы, Орусиядан келген 300 млн. доллар тууралуу. ГЭСти курганга мынча кетти, мынчасы завод-фабрика салганга кетип жатат, мынчасы мына бул жакка кетти деп гана отчет берүүсү мүмкүн. Ал эми жалпы министрликтин иши тууралуу ал жерге отчет бергени туура эмес. Министрлик өкмөттүн астында, Жогорку Кеңештин астында отчет берет.


Өмүрбек Текебаев:

"Чындыгында Максимге Д.Үсөнов эмес, М.Султанов жан тартып жатат"

1. 60 тыйындан ар бир чалууга кошуу үч мобилдик компаниянын (билайн, мегаком, фонекс - автор) сүйлөшүп алып жасаган элге каршы акциясы. Бул үчөөнөн башка мобилдик компаниялар бааны көтөрө элек (Өмүрбек Чиркешович жооп берип жатканда башкалары бааны көтөрө элек болучу - автор) Себеби, бул үч мобилдик компанияны азыр Кыргызстанда болгон нерсени көзөмөлдөп жаткан ханзаада көзөмөлдөйт. Элге каршы мындай иш аракетти эч эскертпейт туруп, негиздебей туруп, турган жерден көтөрө коюш кылмыш, абоненттерин сыйлабагандык.
2. 2006-жылы Бакиев "балам саясатка киришпейт, бизнес менен алектенет" деген. Ошондо биз парламенттик комиссия түзүп Кыргызстандын фискалдык органдарына жана Россиянын тиешелүү органдарына суроо жөнөткөнбүз: "Максимдин кандай бизнеси бар, жана ал канча салык төлөйт?" деп. Ошондо атасы бизнесмен деген Максим Бакиев Россиянын казынасына да, Кыргызстандын казынасына да 1 тыйын салык төкпөгөнү жөнүндө жооп алганбыз. Ушунун өзү булар ачык мамлекетке салык төккөн бизнести бизнес деп түшүнбөй, жашыруун акча табуу, бирөөлөрдүн үстүнө үстөккө отуруу, өзүнө эмес, башкага бизнесин жаздырып коюп акча табууну бизнес деп түшүнүшөт экен деген жыйынтыкка алып келет. Эгер андай кара жол менен акча таппаган болсо, атасы 1 тыйын салык төкпөгөн баласын бизнесмен деп кантип айтмак эле? Демек, буларда кара бизнес болгон. Ал эми кара иш эртеби-кечпи, барып-келип кылмыш ишин ачууга сөзсүз түрткү бермек. Демек, Князевдин айткандарына негиз болууга тийиш.
3. Булар Конституцияны өзгөртпөй туруп, башкарууга реформа жүргүзүп жиберишти. Конституция боюнча Каржы министри Өнүктүрүү фондуна отчет бербейт. Бирок, иш жүзүндө азыр баары Максимге отчет берип жатышат. Аны Данияр Үсөнов эмес, Марат Султанов да жакшы билет. Бирок, булардын Максимге көмүскө отчету көмүскө калып, расмий түрдө министрликти агентикке отчет бер дегени өтө одоно болуп жатат. Данияр Үсөнов Максимге жагайын деп өтө эле ашынып, тескерисинче элдин көзүнчө аны башкаларга жек көргөзүп жатат. Марат Султанов Данияр Үсөновго салыштырмалуу мамлекеттик кызмат этикасын туура сактагандык кылып, премьер-министрди этият болууга чакырууда. Бул жерде Максимге Данияр Үсөнов эмес, Марат Султанов көбүрөөк пайдалуу иш жасап берүүдө.

"Кыргыз Руху"