Кыргыз гезиттер архиви

  Эскерүү

Баатыр баскан из
О. Тенти: - Калыйнур аба, ошол мектепте канча убакыт иштедиңиз? Андан кийинки өмүр сапарыңыз кандайча болду. Кеп учугун эми ушуга бурсаңыз?
Калыйнур: - Мен келип бир аз иштей баштаганымдан кийин эле окуу бөлүмүн башчысын армияга алып кетти. Менден башка ылайыктуу киши болбогондуктан окуу бөлүмүнүн башчысы болсун деген мага буйрук келип калды. Мектепте географиядан да сабак берген мугалим жок болгондуктан 5-7-класстарга географиядан да берип калдым. Бул сабакты да мени бир топ дурус берчүмүн, анын үстүнө окуу китептери боюнча сабакты өткөзө бересиң да. 1942-жылы январь айында мени Кара-Колго чакырылып кетип ал жакка экинчи кайрылып барбадым. Ал жерде анча-мынча калган кийимимди кийинчирээк атам барып алып кетиптир. Февралда Караколдун пристанынан параходго түшүп Балыкчыга келдик. Андан жөө жүрүп олтуруп үч-төрт күндө Токмокко келип апрель айына чейин эки айга жакын чиркөөдө жаттык. Анда аскерге кетип жатышкандар көп, машина деген жок, араба болсо да абдан аз жетишпеген оокаттар да, тамак-ашты көтөрүп алып 25-30 чакырым басып келип жолго түнөмөй. Март айында ал кезде Чүй өрөөнү эмнегедир жылуу болуп жаз келип калаар эле. Чиркөөдө жатканыбызда ар кимибизге 800 граммдан нан берет. Андан башка эч нерсе жок. Андан кийин поезд Иркутск шаарынын жанындагы бир станцияга жеткизип таштады. Ошо жерден солдаттык кийимдерди кийип, ошо жерден аскердик анты кабыл алып, кан майданга чындап камына баштадык. 1942-жылдын сентябрь айынын башында Европа тарапка алып жөнөдү.
Ошентип октябрда мен согушка кирдим. Дон фронтунда жоокердик сапарымды баштап, Украинадагы Донбассты, Молдавияны Румынияны бошотуп сентябрь айында биздин бешинчи сокку берүүчү армия Минск шаарына жакын келди. Ошондон жөө жүрүп отуруп Варшаванын алдына жеттик.
О. Тенти: - Калыйнур аба, турмуш деген турмуш эмеспи. Сиз 47 жылдан ашык убакыттан бери баатыр деген алтын жылдыз тагынып кыргыз элиңиздин ичинде кызмат өтөп келүүдөсүз. Мен жогоруда турмуш деген турмуш деп кайталап жаткан себебим бул, Сиз эси-көөнүңүздөн кеткис кыйынчылыктарды согуш убагында көргөнүңүздү айтпасак да түшүнүктүү. Сиз жеңишти Берлинде тосуп алгандан бери да 47 жыл агып өтүп кете берди. Мына бүгүн 1991-жылда жашап жатабыз. Ошол жылдардын ичинде таптакыр эсиңерден чыкпай калган окуялардан да бир-экини эскерип өтсөңүз?
Калыйнур: -Ушул сыяктуу суроолор мага көп берилет. Көп эле кишилер айрым сыйлыктарга жетип алышып анын аягына чыкпай жүрүшөт. Ал сен кантип ушул сыяктуу сый-урматты кармап жүрөсүң деген сыяктуу. Ушуга байланыштуу турмуштук окуядан бир, экини айтып берейин. Муну окуучулар деле билип коюшсун. Мага 1945-жылдын 24-июнунда алтын жылдызды тагышты деп жогоруда айтып өтпөдүмбү. Дал ошол күнү Москвада жеңиш парады да өткөрүлгөн. Ошол Берлиндин батыш жагында көпкөк болуп турган бир жакшы жерде жылдыз тапшырылган эле. Оркестр ойноп турду. "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам алгандарды жана башка бир катар аскердик командирлер чыкырылып аянттын дал ортосуна чоң стол орнотуп коюптур. Анын үстүндө арак, тамак-аш бардыгы тегиз жайнап турат. Корпустун командири алгач сөз алып:
- Сиздерди жеңишиңер менен куттуктаймын, - деп сөзүн улап: - анда биринчи тосту жеңиш үчүн ичип коёлу, - деп көтөрүп жиберди. Меним жанымда полктун командири, бардыгыбыз тең ошол сөз боюнча аракты тартып жибердик. Анан корпустун саясий бөлүмүнүн башчысы:
- Партия үчүн, Сталин үчүн! -деп экинчи тосту көтөрттү. Ага чейин мынча көп арак иче элек элем. Тиги экөөнөн соң ичим ысып, башым бир аз тегеренгенсип калды. Андан кийин тизме боюнча чакырып ордендерди, жылдыздарды бере баштады. Кезек боюнча чакырык мага келип жеткенде - жылдыз берип жаткан генералдын жанына басып келип:
- Жолдош генерал, ага лейтенант Үсөнбеков келди, -дедим. Орустун армиясында тээ илгертеден келе жаткан бир салт бар экен. Тиги киши менин колумду кармап, төшүмө жылдыз тагуунун алдында анын жанында турган дагы бир адам жылдызды арака малып туруп тагып жатпайбы. Ал стаканга аракты да ичесин деп мага сунганынан аны дагы ичип жибердим. Андан кийин Ленин ордени да ошондой кылып арака малышып аны да тартып жибердим. Ошентип төртөө болуп кетпедиби. Анан бир убакта "Служу Советскому Союзу!" деп эле бурулуп басайын десем генералдын жанында турган киши:
- Жолдош генерал бул кишиге дагы Кызыл Туу ордени бар, -деп калды. Ушул сөздөн улам дагы токтоп калдым. Ошентип тигилерге кошо дагы бирди берди. Ошону менен кадимкидей басып ордума отурсам эле мемиреп кетип баратканымды бир сезип:
- Ой кокуй мен мас болуп калган экем. Эми кетейин деген ойго келгенимди бир билем. Андан кийин эч нерсе эсимде жок. Бир убакта көзүмдү ачсам керебетте жатам. Кийимчен бойдон бирөөнүн үйүнө келип жатып калыптырмын. Мындай жан-жагымды сыйпаласам тапанчам бардыгы өз ордунда. Ошол кезде мен полктун парторгу болуп калгам. Ага чейин офицерлер, солдаттар мас болушуп колго түшүшсө жеке ишин карап эле сөгүш берип, урушуп жатчубуз. Кээ бирөөнү дайынсыз жоготуп да жиберген күндөр да болчу. Немецтер үйүндө өлтүрүп да коюшчу. Ошол дароо эсиме түшүп текшерсем, документтерим баары ордунда. Ордуман тура калып тигил жакты көздөй чуркап кетип бара жатам. Баш меники эмес, ооруганын айтпа! Эптеп жетип барып алып бир чака суу ичиш гана оюмда. Биз эки кабат үйдө турчубуз. Экинчи кабатта полктун командири, экинчиси ал жерде менен бир бөлмөм бар эле. Полктун комиссары улуту чуваш Зубарев деген чоң киши болчу. Көзүнүн каштары да коюу өскөлөң эле. Ачуусу келгенде эки көзүн чылк эле каштары жаап калчу. Тепкич менен экинчи кабатка көтөрүлүп бара жатсам менин ординарецим көрө коюп:
- Ой жолдош ага лейтенант, сиз кайда жүрдүңүз? Сиз үчүн мен дагы энчимди алдым, -деп эле кыйкырып калды. Мен ага деле анча көңүл бурбай эптеп эле жетип, мага суу алып келип бер, деп айтайын деп жатсам эшик ачылып ал жактан комиссарым, полктун командири чыга калышты. Алар жаныма бир аз турушкан соң бир убакта полктун комассары ачуусу келген боюнча жаактан ары берип калды. Жыгылып түштүм. Эптеп ордуман турсам, экинчи жаагыма дагы урду. Дагы жыгылып түштүм. Анан:
- Жаткызып кой, -деп урушуп басып кетти. Ошентип эки көзүмдүн тегереги дуулдап эле шиший баштады. Көздөрүмдүн шишигин тарката албай ошондо эки жума үйдө жаттым. Көрсө, мен жокмун, эч ким, эч жерден издеп табышпайт. Баягы жылдыз тапшырган генерал:
- Издеп тапкыла, -деп буйрук берип:
- Азыр эле Советтер Союзунун Баатырынын алтын жылдызын тагып жатсак. Эмне үчүн ушундай кыласыңар? Кайда жоголуп кетти? Өлтүрүп салдыбы?, -дептир. Ошондон бул бечаралар сары-санаа болушуп таң аткыча укташкан эмес экен. Ал эми мен болсом бир үйгө кирип мастыгым менен жатып калыптырмын. Алар көрбөй калышыптыр. Үйдүн ээлери немецтер мага боору орушканбы, айтор эмне экенин билбейм, же кээ бирөөлөрчүлөп тентектик жасабасам керек. Болбосо баштан ары бир коюп эле өлтүрүп таштаса деле болот болчу. Жанымда салаңдап тапанчам деле турбайбы. Ошону менен атып салса деле болот эле да. Кийин полктун врачы да, кээде комиссар да тамашалашып:
- Оо, мындан кийин арак ичкенди билесиң?, -деп да калышчу. Ошол менин эсимден эч качан кеткен жок. Ошондон кийин да дайыма арак ичкенде:
- О кокуй баягыдай болбоюн, -деген ой жүрөгүмдө турганы турган. Бул күндөргө чейин көп эле жерде тойдо, майрамда, мейманда болом бирок ошол окуя эсимден түк алыстабайт. Менин турмушумдагы бирден бир чоң сабак ушул болду. Мен андан бери канча жана кандай гана кызматтарда иштебедим. Көөп кетсем көбө турган деле учурлар болду. Экинчиден менин адамдык мүнөзүм да ушундай болсо керек.
Мен ар-дайым тууган-туушкандарыма, бала-бакырларыма айта турганым эле ушул:
- Ой биз согушта жүрүп 20 миллион адамдын бирөө болуп өлүп калсак эмне болот эле? Ошондон бери да 45 жыл өтүп балалуу-чакалуу ал гана турсун небере-чөбөрөлүү болдук деп. Кээ бирөө кыйкырып:
- Оо мен Берлинди алгамын. Согушка душмандарга каршы аттанганмын! -дешет. Анда мен:
- Оо, сен жалгыз Берлинди алган жоксуң. Сен жалгыз согушта жеңип чыккан жоксуң. Сен согушка катышкансың. Миллиондогон жоокерлердин арасында сен дагы жүргөнсүң! Бул нукура чындык, -дейм. Чындыгында алардын катышкандыгында талаш жок. Аракеттиги армиядагылардын бардыгы тең согушка катышты деп эсептелет. Бирок ашканада, устачылыкта, араба, машина айдап жүрүп 1314 күн созулган согушта бир жолу да мылтык кармабаган адамдар да болот. Ошонун бирөө сен өзүң болуп жүрбө деп да эскерте сүйлөйм. Армияда душмандан 30-40 метр аралыкта жаткан жоокерлер менен командачыга чейин кызмат өтөшкөндөр болушат. Адамдар да ар түрдүү эмеспи. Жанагынтип кыйкырып чыккандарга мен түз эле айтсам, көпчүлүгү чындыктан тайсалдап унчуга алышпай отуруп да калышат. Мен баатырдыкты уурдап же бирөөнү арага салып жүрүп сурап ала турган буюм эмес. Чын-чынын айткан да жаның кыйналганда:
- Бир колумду же бир бутумду алып кетсе, -деген жаман ой келбей койбойт экен. Бирок биз бардык кыйынчылыкка чыдап туруштук бердик. Чыккынчылык кылып качып кеткенибиз жок. Экинчи кызыктуу окуя армиядан бошоп, кыргыз жергесине келип Ысык-Көлгө бет алып, аны биринчи көргөнүм болду деп айтаар элем. Кара-Колго параходго түшүп, согушка кетип бара жатып:
- Эми качан келээр экенбиз, -деп ойлонгодорумду эстедим. Туулган, өнүп-өскөн, балалык, улан курак кезиңди, өткөргөн жериңе келгенде жата калып топурагынан сугунгуң да, жүгүнгүң да келет экен. Мени көрүп, кучактап, кубангандан көздөрүнө жаш алып ыйлап жаткандар канча?! Муну көрүп өзүң да кошо ыйлайт экенсиң!? Согушка байланышкан эч качан эсимден кетпей дагы бир нерсени айтып берейин. 1944-жылы Днепр дарыясын кечип өткөндө мени менен кошо жүргөндө Стреляев деген бир жоокер бар эле. Аны менен жүргөн уулу да бар болчу. Атасы сержант, бизге баласы кийин келген. Күндөрдүн биринде катуу согушта баласы танкага каршы граната ыргытып, кайра жүгүрүп келе жатканда ок жаңылып каза болуп калды. Бир убакта Стреляевдин жанына жетип барсам ал баласын тизесине алып:
- Бекер жиберген экем, кантем, кулунумдан айрылып калдым,- деп буркурап ыйлап олтурат. Бул окуяны да китебиме жазгамын. Мен аны:
- Михаил Фокич, кайрат кылыңыз, -деп айтуунун ордуна жанына олтуруп алып мен дагы кошулуп ыйладым. Ошол өлгөн баладан мен бир-эки эле жаш улуу болсом керек. Көрсө бала эле кезек экен. Турмуш ушинтип куйрук улаш өтө берет экен да. Андан соң аскер академиясына кирип аны бүттүм. Кийин аскер прокуратурасында, Кыргызстан прокуратурасында, ДОСААФта иштеп генералга чейин аскердик наамга жеттим. Кудая шүгүр көп-көп жерлерде барууга да туура келди. Эң акыры 1990-жылда Швеция өлкөсүнө барып кайттым. Мына ушунун бардыгы тең эстен кеткис, өмүрдөгү чоң окуялардан экени белгилүү эмеспи. Ушунун бардыгы эле менин адамдык маңдайыма жазылган таалай. Болбосо өмүр бою үйүнөн чыкпай өмүр өткөзүп келген кишилер азбы? Чындыгын айтканда ушул бакыт-таалай экен. Чындыктан иш эч качан бузулбайт эмеспи. Бизде согуштун жана эмгектин ардагерлеринин турмушу, жашоо шарты өтө эле начар. Мен болгон Швецияда ардагерлерге жалпы эле эс алууга чыгышкан карыяларга мындай кам көрүү бар экен.
- Ардагер карыялар өзүнүн суроо-өтүнүчтөрүн айтышып өкмөткө барышпайт, мунун тескерисинче өкмөт өзүнүн суроо-өтүнүчтөрү, көргөн камкордуктары менен ардагер-карыяларга барышат экен.