Кыргыз гезиттер архиви

  Парламент тарайбы?

Ар кайсыл басылмаларда бул жылы жайында парламент тарап, кайра шайлоо болот экен деген каңкуулар кылыйа калып жатат. Учурдагы парламент депутаттарынын безине сайып турган мындай каңшаарлар адатта, Акүй тараптын өзүнүн адамдары тарабынан таратылат. Мындай таратуучулардын айткандарына караганда парламент таратылып жаңы партиялык шайлоо болмокчу.
Андай болсо, эмне болору жөнүндө ой болжоп көрөлү.

Парламент тараса, канча партия ат салышат?
Саясий күрөштүн алдыңкы пландарында кайсыл партиялар болору айдан ачык. Бизде сексенден ашык партия болгонуна карабастан сегизге жетпеген партиялар гана ат салышууга жөндөмдүү. Ошондо алдыңкы катарда бийлик партиясын кошпогондо баягы бийликтен тоскоолдуктарга учурабай турган кепилдиги бар "Ар-намыс", "Коммунисттер" партиясы, мурда бийликтин колдоосу менен болсо, азыр бийликтин тоскоолдугу менен КСДП партиясы, анан элдин №1 партиясы - "Атамекен". Буга улай санын 10-15 жеткирип демократиялуу көрүнүш үчүн дагы бир жаштар, аялдар, улутчулдар, интернационалдар өңдүү катмарларды тартымыш эткен партиялар кошулса керек. Бирок, учурда шарт мурунку партиялык шайлоодон бир кыйла татаал болуп калды. Мурунку шайлоодо алдыңкы катарда келген "Атамекен" партиясы бул жолу, шайлоого жетпей да калышы мүмкүн. Андыктан мурунку шайлоодо негизги атаандаш бийликтин "Ак жол" партиясы менен оппозициядан "Атамекен" партиясынын ортосунда жүрүп келген болсо, бул жолу негизги атаандаштык бийликтин өзүнүн ичинде жүрүшү мүмкүн. Андай болсо, буга чейин коомчулукта аттын кашкасындай белгилүү болуп калган эки топ президенттин уулу жана иниси тарабынан эки партия түзүлөт.
"Салым" партиясы кандай салым кошот?
Мунун биринчиси Жаныш Бакиев негиздеп атын "Салым" деп коюп жатышканы бир топ ачыкка чыгып калды. Кээ бир гезиттер муну "Салам" деп жазып да жиберишти. Ал эми бизге жеткен маалымат боюнча партиянын бул аталышы эки негизден келип чыккан. Биринчиси, Саалы атанын арбагы колдосун деген кыязда. Бул коомчулукка алып чыгууга кичине уятырак болгондуктан расмий түрдө бул аталыштын экинчи варианты салым (орусча вклад) сунуш кылынмакчы.
Ботасчандар тобу чыгабы?
Экинчи партиянын аты али билине элек болгону менен ал топтун аракети катуу болууда. А түгүл учурдагы бийликтин чечүүчү постторун ээлеп турган бул топ бийлик бутактарынан "көлөччөндөрдү алып түшөбүз" ураанынын астында, бийликти көлөччөндөрдөн тазалоону реалдуу колго алышууда. Ушуга ылайык аты али белгисиз болгон топту, көлөччөндөргө каршы топ, же "ботасчандар тобу" деп шарттуу атай туралы. Себеби, көлөччөндөрдү тазалагысы келген топ жаңылык алып келебиз, бийликти жашартабыз, батышташтырабыз деп шымаланган спортсмендер. Бул топтун дымагы өтө күчтүү болуп жатканын көлөччөндөрдүн атамандары Үсөн Сыдыков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев дегендердин азыркы акыбалынан эле түшүнсө болот. Атамандардын абалы ушундай болуп жаткан соң майда-чүйдө көлөччөндөр бийликтен бир шыпырым менен жок болсо керек.
Ботасчандар жана көлөччөндөр
Албетте, "Апта" гезитинде жазылгандай "Жаныштын командасындасыңбы же Максимдин командасындасыңбы?" деп Оштун мэрине кабарчы суроо узатса "Курманбек Салиевичтин командасындамын" деп жооп бергендей бул эки команда тең "Курманбек Салиевичтин пайдасына иштейбиз" деген менен көлөч деген көлөч, ботас деген ботас. Батыш менен чыгыштын бул бут кийимдеринин кайнаса каны кошулбайт. А түгүл эмитен эле ботасчандар өзүнчө, көлөччөндөр өзүнчө эл түгүл оппозициянын айрым өкүлдөрүн өз тарабына тартууга аракет кылып жаткандай. Бул эми эки бир тууган биригип оппозицияны ыдыратуунун амалы болушу да мүмкүн. Бирок, эки топтун бириге албасын анын оппозиция эмес кыйышпас достордун арасын да ажыратып жиберүү жөндөмдүүлүгүнөн эле түшүнсө болот. Бир топ жылдан бери кыйышпас достор Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөновду дал ушул бут кийимдер ажыратты өңдөнөт. Куранды кырааты менен окуган Адахан Мадумаров мечитке киргенде көлөч ылайыктуу экенин жакшы билгени менен Данияр Үсөнов ботасга көнүп алгандыктан көлөч кийе албай койгон сыяктуу. Эми мындай бөлүнүш ар дайым эле бут кийимдердин табиятына жараша боло бербейт. Илгери Ош коогалаңында кээ бир кыйтырлар калпак менен допуну коюндарына салып алып, өзбектер келатса-допуну, кыргыздар келатса-калпакты кийе коюшчу дешет. Анын сыңарындай кээ бирөөлөр ботасчандардын дымагы ашып баратса, ботас кийе коюп, көлөччөндөргө тагдыр жылмайса, көлөч кийе коюлушу деле толук ыктымал.
Шайлоонун жүрүшүндө эл кимди колдойт?
Эми шайлоо болуп калчу болсо эл кимисин колдойт? Көлөччөндөр партиясынбы же ботасчандар партиясынбы? Эл кимди колдоорун айтуудан мурун шайлоо элдин добушуна көз каранды эмес экенин да кыстара кетели. Бирок, эгер бийлик күч органдарын жана БШКны бир кишиге иштеткен болсо, анда Эл мааниге ээ болмок эмес. Эгер бийлик бул эки бутакты эки кишиге иштетчү болсо анда эки тарабына тең Эл керек болуп калышы мүмкүн. Анда ойлонуп көрөлү. Элде ботасчандар көпбү же көлөччөндөр көпбү? Өткөндө бул жөнүндө бирөөгө айтсам, көлөччөндөр дегенди анжиян көлөчү деп түшүнүптүр. Бирок, анжиян эмес аркада деле Эл ботас кийип жүрүшкөнү жок. Элдин калың катмары чокойго араң жетүүдө. Тарифтер көтөрүлгөнү таптакыр эле чарык кийип калышы мүмкүн. Ошондо чарыкчандардын партиялары оппозиция деп шайлоого илинбей калса, чокойчондор ботасчандарга караганда көлөччөндөр менен тезирек тил табышышы мүмкүн.
"Көчө демократиясынан" "подьезд демократиясына"
Эгер бул эки партиянын ортосунда шайлоо атаандаштыгы күч ала турган болсо, ботасчандар менен чокойчондордун ортосунда от чыгып кетүүсү мүмкүн. Ботасчандар компьютерлерде отуруп: "ботасчандар мынча пайыз менен утуп келатат" деп шакылдаган отчетторду бергени менен көлөччөндөн чокойчондорго айланган калың катмар көчө демократиясын баштабаса да, анын башында тургандар "подьезд демократиясын" баштап жибериши толук мүмкүн. Ошондо "жол тосулду", "эл көчөгө чыкты" деген кабарлар "подьездин алдынан сабап кетиптир", "подьездин алдынан атып кетиптир", "подьездин алдынан граната жарылыптыр" деген кабарларга алмашат.
Айзада Абазова

P.S.
Жогоруда келтирилген божомол эгер шайлоо боло турган болсо. Мүмкүн чын эле шайлоо болоттур. Астрологдун мыйзам жаатында чоң өзгөрүү болот дегени мыйзам чыгаруучу орган парламенттин таркашы эмеспи? Бирок, ошол эле учурда шайлоо болбой калышы да толук мүмкүн. Бийликке өтө эле ыңгайлуу азыркы парламентти таркатуу Курманбек Салиевичке да көп жага бербесе керек. Бирок, бийлик кишилери аркылуу парламент көөп кетпесин деген кыязда маал-маалы менен "парламент тарайт" деген профилактикалык иш-чаралар болуп туруусу үчүн ушундай имиштер болуп жатышы да мүмкүн.





  Астролог Нина Криницкая:

"Мамлекеттик масштабдагы күтүүсүз окуялар болот"
- Астрология сиздин жашооңузда?
- 1991-жылдан бери мен астрологияга кызыгып келем. Ошол жылдардын күз айларында борбор калаабызда астрологиялык мектеп ачылган. Жетекчибиз Игорь Дмитриев уюштурган мектеп эле. Аталган мектептен үч жыл билим алып, теория жүзүндө дагы, практика жүзүндө дагы өтүлгөн сабактарга кызыгуум артып баштады. Азыр ошол кызыгуум сүйүктүү кесибиме айланды десем болот.
- Мисалы, бир күндө миңдеген адам төрөлөт. Алардын баарынын мүнөзү, тагдыры бири-бирине жылдыз төлгө боюнча окшош боло бербесе керек.
- Туура, ар бир адамдын алаканындагы сызыктар бири-бирине окшош болбогон сыяктуу, ар бир гороскоп дагы бири-бирине окшош эмес. Бириники бирине окшошкон гороскоптун болушу таптакыр мүмкүн эмес. Ар бир адамдыкы өз алдынча, өзгөчө болот. Кайсыл күнү, кайсы маалда, саат канчада төрөлгөнүнө жараша.
- Үстүбүздөгү жылга прогноз жасап бере аласызбы?
- Албетте. Бул жыл туруктуу жана тынч өтөт деп айтуудан алысмын. Ошол эле учурда жалаң көйгөйлөр менен толукталат деп да айта албайм. Абдан кооптуу жыл болот. Эң негизги, ойлондуруучу окуялар жылдын май, август айларында, айрыкча июль менен августтун ортолору эң татаал убакыт болот. Мамлекеттик масштабдагы чоң-чоң пландарга күтүүсүздөн өзгөрүүлөр кирип, олуттуу окуяларга алып келиши мүмкүн. Бийлик структураларында кандайдыр бир өзгөрүүлөр, орун алмашуулар, балким, мыйзам жаатында чоң өзгөрүүлөр болот. Бардыгы тегиз, текши өтөт деп айта албайм. Мындай окуялар стресс аркылуу ишке ашышы мүмкүн жана өлкөнүн келечеги ушул окуялардан көз каранды болот.
- Жумурай журт үчүн кайсыл жыл жакшы?
- Ар бир жылдын ийгиликтүү жана ийгиликсиз учурлары бар. Бир дагы гороскоп бирдей ийгиликтерге чулганганын көргөн жокмун жана эсимде да жок. Айдын он беши жарык, он беши караңгы деген сыяктуу эле жакшы, жаманы сөзсүз болот. Бир гана артыкчылыгы жаман жагы азыраак, жакшы жагы көбүрөөк болушунда. Эл үчүн кийинки жыл жеңилирээк өтөт.
- 2012-жылы акыр заман болот дешүүдө. Бул боюнча жылдыз төлгө эмне дейт?
- Эч кандай акыр заман болбойт. Бирок жыл өзү татаал жыл. Жылдын жаз айы дагы татаал болот. 2013-жылдан баштап бардыгы калыбына келиши мүмкүн. Анткен менен 2015-17-жылдары кайрадан көйгөйлөр козголот. 2020-жылы өз чегинен ашып турган маселелер болот. Ушундан кийин гана дүйнөлүк масштабдагы бардык пландар алмашат. Жашоо жакшырышы толук мүмкүн.
- Сизге жогору жакта иштеген адамдар, бийликтегилер да келишеби?
- Келишет. Өзүлөрүнүн жеке жашоолорунун, иш-кызматтарынын мындан ары кандай абалда болоору тууралуу кызыгып келген чоңдор бар. Эми алардын ар биринин атын атоо эрежеге жатпайт. Андан тышкары, бизнесмендер көп келишет. Алардын астрологияга ишенгендери бир жагынан туура. Анткени, астрологиялык прогноз адамга, анын жашоосуна кандайдыр бир жардамын тийгизбей койбойт.
- Жумалык астротөлгөгө ишенүүгө болобу?
- Албетте болот. Мен өзүм ошондой астротөлгөнү жазам. Анда айтылган ар бир кеңештердин бардыгы бир адамдын жумалык жашоосунда туура келет деп айта албайм. Анткени, бир адамга бир нече айтылган кеңештин бири же экиси туура келиши мүмкүн. Себеби, башында айтып өтпөдүмбү ар бир адамдын индивидуалдуу гороскобу болот, бириники-бирине окшобойт деп.
Суроо салган
Асель Медетбек кызы